Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 18-октябры № 112
Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 208, 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2023-жылдын 29-мартындагы № 72, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2026-жылдын 20-февралындагы № 19, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-статья. Медициналык камсыздандыруу түшүнүгү
Медициналык камсыздандыруу - бул Кыргыз Республикасында сапаттуу медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөнү камсыз кылуучу социалдык жактан коргоо иш-чараларынын тутуму.
11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруунун укуктук, уюштуруучулук жана каржылоо негиздерин аныктайт.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Медициналык камсыздандыруунун түрлөрү
Медициналык камсыздандыруу төмөнкүдөй түрлөрдө жүзөгө ашырылат:
- (абзац КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- милдеттүү (милдеттүү медициналык камсыздандыруу);
- ыктыярдуу (ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу).
(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) медициналык камсыздандыруунун субъекттери - камсыздоочу, медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган, камсыздандыруучу, камсыздандырылган жак, берүүчү;
2) камсыздоочу - медициналык камсыздандыруу боюнча төлөм берген жеке же юридикалык жак;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу органы - милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу орган;
4) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органы - милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн каражаттарын топтоону жана аларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органына берүүнү жүзөгө ашыруучу орган;
5) милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган, камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу жана аларды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органына өткөрүп берүү боюнча функциялары жана ыйгарым укуктары бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
6) камсыздандыруучу - медициналык камсыздандыруу жагында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
7) камсыздандырылуучу - ал үчүн камсыздандыруучуга медициналык камсыздандыруу төлөмү келип түшкөн жак;
8) берүүчү - менчигинин түрүнө карабастан дарылоочу-алдын алуучу, фармацевтикалык мекеме же уюм, же болбосо жеке медициналык практиканы же фармацевтикалык ишти жүргүзгөн, иштин бул түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар жана медициналык, алдын алуучу, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу, фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу адам;
9) медициналык, алдын алуучу, фармацевтикалык, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөр - медициналык жана алдын алуучу жардам, фармацевтикалык камсыздоо;
10) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы - милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдердин негизинде берүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жана алдын алуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун көлөмү жана шарттары;
11) ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу программасы - түзүлгөн келишимдерге ылайык камсыздандыруу уюму тарабынан көрсөтүлүүчү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынан тышкары көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуучу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана шарттары;
12) медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруучуга төлөнүүчү медициналык милдеттүү же ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү;
13) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифи - камсыздандыруучуга төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү;
14) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
15) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга алардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары.";
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I1 БӨЛҮМ БАЗАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ
(Бөлүм КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
II БӨЛҮМ МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ
4-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу түшүнүгү
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу - бул камсыздандыруу окуясы келип чыкканда, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чектеринде камсыздандырылган адамга медициналык милдеттүү камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен медициналык жардам көрсөтүүнүн кепилдиктерин камсыз кылууга багытталган мамлекет тарабынан түзүлүүчү укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук чаралардын тутуму болгон социалдык коргоонун түрү.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-Глава Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги жоболору
5-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана милдеттери
Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаты Кыргыз Республикасында камсыздандырылган жарандардын медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын чектеринде сапаттуу медициналык жана алдын алуу жардамдарын кепилдикке алуу жана камсыздоо болуп саналат.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун милдеттерине:
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда медициналык жана алдын алуу тейлөөлөрүн дары-дармек менен камсыз кылууну каржылоону башкаруу;
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда берилген медициналык, алдын алуу тейлөөлөрүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун сапатын башкаруу;
- калктын бардык катмарын медициналык милдеттүү камсыздандыруу менен жеткилең камтуу;
- камсыздандырылган жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу программалары боюнча медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөнү алганда алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- (абзац КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- медициналык милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү саламаттыкты сактоо секторундагы реформалар менен айкалыштыруу;
- социалдык чөйрөнү реформалоого үзгүлтүксүз мамиле кылууга негизделген мыйзамдык базаны түзүү кирет.
(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун принциптери
Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптерине:
- бардык камсыздандырылган жарандар камсыздандырылган жактын социалдык статусуна жана төккөн төлөмдөрүнүн өлчөмүнө карабастан, медициналык милдеттүү камсыздандыруу базалык программанын көлөмүндө бирдей медициналык жана алдын алуу боюнча тейлөөсүнө укуктуу;
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы өз ара мамилелер медициналык милдеттүү камсыздандыруу субъектеринин ортосундагы келишимдердин негизинде жөнгө салынат;
- төлөм төлөөчүлөрдүн алдында медициналык милдеттүү камсыздандыруунун бюджетинин аткарылышындагы маалымдуулук;
- камсыздандырылган жарандардын укуктук жактан корголушун камсыз кылуу кирет.
7-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги жана кошумча программасынан турат.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун негизги программасы бирдиктүү төлөөчү тутумунда Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде төккөн төлөмдөрүнүн өлчөмүнө карабастан камсыздандырылган жарандарга акысыз же болбосо жеңилдетилген шарттарда көрсөтүлүүчү медициналык жана алдын алуу тейлөөлөрүнүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун көлөмүн жана шарттарын аныктайт.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун кошумча программасы камсыздандырылган жарандар акы төлөөгө катышкан медициналык, алдын алуу тейлөөлөрүнүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун, ден соолукту калыптандыруу жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларынын көлөмүн жана шарттарын аныктайт.)
(Бөлүк КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2009-жылдын 17-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-Глава Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун субъекттери
8-статья. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш болгон жактар
Төмөнкүлөр милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- башка адамдар: Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан жана иштеп жаткан чет өлкөлүк адамдар; жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар; кайрылмандар.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар медициналык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрүн өз алдынча төлөйт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун эрежелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөөчүлөр
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жактар.
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрү, кызматкерлери жана жарандары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган катышта жана өлчөмдөрдө төлөнөт.
Жарандардын төмөнкүдөй категориялары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген катышта жана өлчөмдөрдө, бирок жылына 1,5 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө төлөнөт:
- калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;
- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучулар;
- он сегиз жаш куракка толгонго чейинки балдар, кесиптик башталгыч, орто, жогорку билим берүү уюмдарында билим алуучулар - алар жыйырма бир жаш куракка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандарды кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдарында кызмат өтөп жаткан адамдар;
- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ынайын күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар үчүн, ошондой эле жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар үчүн төгүмдөрдү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу же чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар өз алдынча төлөйт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин, анын ичинде накталай эмес формада сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөйт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укукту жана камсыздандырылган деген статусту берет.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 72, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууга ыйгарым укугу бар орган
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жана аларды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органына берүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органы милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн каражаттарын топтоону жана аларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органына берүүнү жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдар
Милдеттүү медициналык камсыздандырууну милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы жана анын аймактык башкаруу органдары жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Тейлөөчүлөр
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөр өз ишин медициналык милдеттүү камсыздандыруунун субъекттери менен келишимдердин негизинде жүргүзөт.
3-Глава Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунун субъекттеринин укуктары жана милдеттери
13-статья. Камсыздандырылган жактардын укуктары жана милдеттери
Камсыздандырылган жактар:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдер түзүлгөн саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча медициналык, фармацевтикалык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга, ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, сапаты жана шарттары жөнүндө берүүчүдөн жана камсыздандыруучудан анык маалыматты алууга;
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр жөнүндө камсыздандыруучудан маалымат алууга;
- саламаттык сактоо уюмдарында врачты эркин тандап алууга;
- камсыздандырылган жак көрсөтүлгөн медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөлөрдүн сапатына канааттанбаса, камсыздандыруучуга кайрылууга;
- тейлөөчүнүн күнөөсү боюнча ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтуртууга;
- камсыздоочу тарабынан медициналык милдеттүү камсыздандырууну сот тартибинде талап кылууга;
- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.
Камсыздандырылган жактар:
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында медициналык жардам үчүн кайрылганда медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча медициналык жана алдын алуучу тейлөөнүн укугун ырастоочу документти көрсөтүүгө;
- камсыздандыруу документтеринин сакталышына камкордук көрүүгө жана башка адамдардын медициналык кызматтан пайдаланышы үчүн аны башка адамдарга бербөөгө милдеттүү;
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2026-жылдын 20-февралындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери
Камсыздоочу:
- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө камсыздандыруучудан маалымат алууга;
- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.
Камсыздоочу:
- медициналык милдеттүү камсыздандырууга алынуучу бардык адамдар үчүн медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөөгө;
- кызматкердин ден соолугуна таасир тийгизүүчү жагымсыз факторлорду жоюу, алардын өндүрүштүк ишинин шартын жакшыртуу, өндүрүштүк мертинүү жана кесиптик ооруларды жокко чыгаруу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
15-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмүн чогултууга ыйгарым укугу бар органдын укуктары жана милдеттери
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча бардык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдөн медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмүнүн түшүшүн контролдойт.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган:
- медициналык милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууну жүзөгө ашырууга;
- чогулган төлөмдөрдү медициналык милдеттүү камсыздандырууга өз убагында толук көлөмүндө өткөрүп берүүгө;
- бардык деңгээлдерде медициналык милдеттүү камсыздандырууга келип түшкөн төлөмдөр жөнүндө маалыматтын ачыктыгын жана аныктыгын камсыз кылууга милдеттүү.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга укуксуз.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери
Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык жактан тейлөөчүлөр:
- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алар лицензиялоодон жана аккредитациядан өткөндөн кийин медициналык, алдын алуу жана фармацевтик кызмат көрсөтүүгө;
- жарандык мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандарга медициналык, ден соолукту чыңдоочу, реабилитациялык, алдын алуучу жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөргө медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы менен медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүүгө;
- камсыздандырылган адамдарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматтардын жекелештирилген эсебин жүргүзүүгө;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана шарттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле алардын тизмегин Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык бардык жарандарга көрүнүктүү жерде жайгаштырууга;
- медициналык камсыздандыруу субъекттерине иштөө режими, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү, ошондой эле тизмеги Мамлекеттик кепилдиктер программасында белгиленүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды толук берүүгө милдеттүү.
- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөр:
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасын аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык жактан тейлөөгө;
- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттүү.
(КР 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2026-жылдын 20-февралындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-Глава Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрү
17-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөр
Камсыздандыруу төлөмдөрү милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан чогултулат, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын эсебине өз убагында которуу жана топтоо үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органына берилет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин өлчөмдөрү
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин өлчөмдөрү Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан каралат жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөө
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү медициналык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте төлөнөт.
(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-Глава Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы келишимдер
(Главанын аталышы КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу субъекттеринин өз ара мамилелери
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумундагы өз ара мамилелер келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдердин шарттары
(Статьянын аталышы КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Келишим түзүлүп жаткан шарттар келишимдин өзүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруучу жактырган же бекиткен тиешелүү түрдөгү камсыздандыруунун стандарттык эрежелеринде аныкталышы мүмкүн.
Камсыздандыруунун эрежелеринде камтылган жана камсыздандыруу келишимине киргизилбеген шарттарды камсыздандыруучу, камсыздоочу жана камсыздандырылган жак аткарууга милдеттүү.
(КР2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-Глава Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандырууну каржылоо
(Главанын аталышы КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары
Милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын бюджетинен жүзөгө ашырылат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын бюджетинин курамына кирген каражаттар мамлекеттик менчик болуп саналат, башка бюджеттердин, фонддордун курамына кирбейт жана салык салынбайт жана мамлекеттик бюджетке алынбайт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III БӨЛҮМ МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТУТУМУН БАШКАРУУ
23-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруу органдары
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруунун жогорку органы болуп, бардык кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөчүлөрдүн, берүүчүлөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлчүлүк принциби боюнча түзүүчү Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш саналат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруу органы болуп милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган саналат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш
(Статьянын аталышы КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш):
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу саясатын аныктайт;
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунун катышуучуларын жыл сайын каржылык аудиттен өткөрүүгө сунуштарды берет;
- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифи жана бюджети боюнча сунуштарды карайт жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитүүгө киргизет.
Байкоо жүргүзүүчү кеңештин ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте белгиленет.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2023-жылдын 29-мартындагы № 72, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган
Милдеттүү медициналык камсыздандырууну милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган жүзөгө ашырат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын өзүнүн аймактык башкаруу органдары болот жана алар аркылуу тиешелүү аймакта жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашырат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган жана анын аймактык башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын аймактык башкаруу органдары
Аймактык башкаруу органдары аймактык принцип боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган тарабынан түзүлөт.
Аймактык башкаруу органдары милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык иштейт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын укуктары
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн тейлөөчүнү тандоо;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда иштеген берүүчүлөр тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү;
- милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү маалыматтын аныктыгын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик милдеттенмелерди аткаргандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата оң же терс мүнөздөгү финансылык чараларды көрүү.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV БӨЛҮМ МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТУТУМУНДАГЫ СУБЪЕКТТЕРДИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
28-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн туура эмес эсептөө, өз убагында төлөбөө жана которбоо үчүн камсыздоочулардын жоопкерчилиги
Камсыздоочулар төлөмдөрдүн туура эмес эсептелиши, өз убагында төлөнбөгөндүгү жана которулбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берет.
29-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу субъекттеринин алдындагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органынын жоопкерчилиги
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган милдеттүү медициналык камсыздандырууга чогултулган каражаттардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн каражаттарын топтоону жүзөгө ашыруучу органга өз убагында жана толук которулбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органы милдеттүү медициналык камсыздандырууга чогултулган каражаттардын Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын бюджетине өз убагында жана толук которулбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
301-статья. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилиги
(Статья КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
31-статья. Тейлөөчүлөрдүн жоопкерчилиги
Медициналык, алдын алуу, фармацевтикалык, ден соолукту оңдоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын көлөмүнө жана шарттарына ылайык келбеген тейлөөсү үчүн тейлөөчүнүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана кели-
шимдин шарттары менен аныкталат.
(2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V БӨЛҮМ МЕДИЦИНАЛЫК ЫКТЫЯРДУУ КАМСЫЗДАНДЫРУУ
32-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу түшүнүгү
Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу - бул Кыргыз Республикасында жарандардын ыктыярдуу катышуу принциптерине негизделген жарандарды социалдык жактан коргоонун формасы.
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүү укугу берилет. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу жамааттык же жекече болушу мүмкүн.
33-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандырууну уюштуруу
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык ыктыярдуу камсыздандырууну медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары жүзөгө ашырат. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары көз карандысыз, өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект болуп саналат.
Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу фонддорунун каражаттары медициналык камсыздандыруу келишимдеринин чектеринде медициналык тейлөөлөрдү жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча башка тейлөөлөрдү каржылоого багытталат. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун пайдаланылбаган каражаттарынын кайтарылышы тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму камсыздоочулардын медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн түшүшүнө контролдук кылат, тейлөөчүлөр менен келишимдик мамилелердин чектеринде медициналык жана башка тейлөөлөрдүн сапатына контролдук кылат.
Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму тейлөөчүнү эркин тандоого укуктуу.
34-статья. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу жүргүзүүгө болгон укук
Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу уюму "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген тартипте тиешелүү лицензия алгандан кийин ыктыярдуу медициналык камсыздандырууга жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
35-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу программалары
Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу программалары медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары тарабынан иштелип чыгат жана аларда ден соолукту сактоого жана чыңдоого багытталган медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөлөр каралууга тийиш.
36-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруудагы медициналык жана алдын алуу боюнча тейлөө тарифтери
Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруудагы медициналык жана алдын алуу боюнча тейлөөгө тарифтер камсыздандыруучу менен медициналык тейлөөчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленет.
Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү, ошондой эле төлөмдөрдү төлөө тартиби камсыздоочу менен медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмунун ортосундагы келишимдин шарттары менен аныкталат.
37-статья. Медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары
Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрү катары түшкөн каражаттар медициналык ыктыярдуу камсыздандыруунун камсыздандыруу фондун түзөт. Бул фонддун тескөөчүсү болуп медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму саналат.
38-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруудагы тараптардын жоопкерчилиги
Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу тутумунда тараптардын жоопкерчилиги келишимдердин шарттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
VI БӨЛҮМ КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
39-статья. Медициналык камсыздандыруу тутумундагы талаш-тартыштарды чечүү
Медициналык камсыздандыруу тутумундагы талаш-тартыштар тараптардын тынышуусу менен чечилет.
Эгерде тараптар тыныша албаса, анда талаш -тартыш сот тартибинде чечилет.
40-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорунун бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизиндеги жоопкерчиликке алып келет.
41-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
Ушул Мыйзамдын - 2000-жылдын 9-статьясынын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле турган, биринчи, үчүнчү жана алтынчы бөлүктөрүнөн жана 5-статьясынын 2001-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле турган экинчи бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарынан башкалары жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр:
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" 1992-жылдын 3-июлундагы № 948-XII Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 3-июлундагы № 949-XII токтому;
- "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 26-сентябрындагы № 27-1 Мыйзамынын 1 бөлүмүнүн 5-пункту;
- "Кыргыз Республикасында граждандарды медициналык жактан камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 1, 13-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |
1999-жылы 21-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |