Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 13-майы № 103
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьяда "соттордун аппаратынын, Сот департаментинин" деген сөздөр "сот системасынын органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 11-статьянын аталышында жана текстинде "соттордун аппаратынын, Сот департаментинин" жана "сотторунун аппараттарынын жана Сот департаментинин" деген сөздөр "сот системасынын органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) тиркемеде "Юстиция органдарынын, соттун аппараттарынын, Сот департаментинин, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын класстык чендери" деген сөздөр "Юстиция органдарынын, сот системасынын органдарынын, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын класстык чендери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 19-майындагы № 40 (3489) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 6-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |