Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 19-апрели № 91
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) экинчи жана үчүнчү бөлүктөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "калкты каттоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанылууну каалагандыгы жөнүндө билдирген, качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүчү белгиленген тартипте катталган адам.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
"Жол жүрүү документи - качкын статусун алган адамга Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болуусу үчүн берилген документ.";
2) 4-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча адамдар массалык түрдө келген учурда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) жетинчи жана тогузунчу бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) онунчу бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-статьяда:
а) экинчи бөлүктүн биринчи сүйлөмү "бирок ал мөөнөт" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечимдер кабыл алынган учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төртүнчү бөлүктө "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "калкты каттоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 9-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
5) 10-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "тышкы миграция чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 11-статьяда:
а) статьянын аталышында "администрациялык жол менен чыгарып салуу" деген сөздөр "чыгарып салуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"Качкын статусун жоготкон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды качкын деп таануудан баш тартылган, ушул Мыйзамдын 9 жана 10-статьяларында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпеген адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып салуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
в) үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып салууга байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
7) 12-статьянын үчүнчү бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "качкындар чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 13-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөрдөн кийин "туруктуу жашаган" деген сөздөр менен толукталсын;
б) үчүнчү бөлүктө:
- жетинчи абзацынын мамлекеттик тилдеги текстинде "жолкире" деген сөз "жол жүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей медициналык жардам алууга;";
9) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 151-статья менен толукталсын:
"151-статья. Жол жүрүү документи
Качкын деп таанылган адамга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана качкын деп таанылган адамдын камкордугунда турган адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жол жүрүү документи берилет.
Жол жүрүү документтерин аныктоо жана берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.";
10) 16-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары качкын деп таанылган адамдарга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча иште коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет, качкындар көйгөйлөрү менен иш жүргүзгөн коомдук бирикмелердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылат, зарыл болгон учурда, өзүнчө бир аймакта же Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн тиешелүү режимин киргизет.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-апрелиндеги № 32-33 (3481-3482) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 15-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |