Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 23-майы № 105
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 9-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 11-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 12-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 14-статьянын биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 16-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 18-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 20-статьяда:
а) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде рекреация объектисине, туризм инфратүзүмүнө болгон менчик укугу универсалдуу укук улантуучулук тартибинде чет өлкөлүк жакка өткөн учурда, ал менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, эки жылдын ичинде аны чет өлкөлүк катышуусу жок Кыргыз Республикасынын юридикалык жагына же Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Эгерде рекреация объектисине, туризм инфратүзүмүнө болгон менчик укугу, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган капиталында чет өлкөлүк катышуусу бар болгон банктарга, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде түзүлгөн фонддорго өткөндө, күрөө предметин өндүрүүдө көрсөтүлгөн субъекттер менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, эки жылдын ичинде чет өлкөлүк катышуусу жок Кыргыз Республикасынын юридикалык жагына же Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү.";
в) төртүнчү, жетинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 26-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 27-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 32-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 35-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 36-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 37-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 40-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги текстте "44-статья" деген сөздөр "40-статья" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи жана үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
76-статьянын 4-пунктунун биринчи абзацында "(Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү мыйзамдарында каралган айыл чарба багытындагы күрөөгө коюлган жер участкаларын өндүрүп алуунун өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен)" деген сөздөр "(Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчик укугу күрөө кармоочуга таандык боло албаган күрөөгө коюлган объекттерди өндүрүп алуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 12-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |