Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 6-июлу № 132
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын экинчи абзацында "тоют кошулмалары," деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Пестициддер жана агрохимикаттар, эгерде алар жүгүртүүдөн алынып салынбаса же жүгүртүлүшү чектелбесе, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эркин ажыратылышы же бир жактан экинчи жакка өткөрүлүшү мүмкүн.";
3) 4-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.";
4) 5-статьянын экинчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-статьянын бешинчи бөлүгүндө "коопсуз колдонуу жагында аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу аркылуу аларды" деген сөздөр алып салынсын;
6) 8-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Адамдардын ден соолугуна жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө тийгизген пестициддердин жана агрохимикаттардын терс таасиринин кооптуулугуна баа берүү боюнча кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурда, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноолорунун жыйынтыктарына карата жүргүзүлгөн экспертизанын корутундуларынын негизинде, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноосун уюштурууну жана мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо эки жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Калган учурларда пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо он жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.";
7) 10-статья "мамлекеттик көзөмөл жана контроль" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 13-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "сатуучу (өткөрүүчү)" деген сөздөр "берүүчү (сатуучу)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 14-статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эгерде пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу, ташуу жана сактоо жөнүндө сунуштамаларды аткарууда же пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу боюнча чектөөлөр сакталбаганда аларды коопсуз колдонуу мүмкүн болбой калса, пестициддерди жана агрохимикаттарды сатууну токтотуу жана аларды утилизациялоону жүзөгө ашыруу.";
10) 15-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "пестициддерди колдонууга" деген сөздөр "пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрдө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 18-статьяда:
а) биринчи бөлүктө ", ошондой эле малдын рационун" деген сөздөр алып салынсын;
б) төртүнчү бөлүк "чектеп колдонуу" деген сөздөрдөн кийин "пестициддер жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 19-статьянын биринчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 20-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын" деген сөздөр "өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 21-статьяда:
а) расмий тилдеги үчүнчү абзацта "для осмотра," деген сөздөр "для осмотра и" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик каттоодон өтпөгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген Пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилбеген пестициддерди жана агрохимикаттарды ташып келбөөгө жана пайдаланууга;";
в) бешинчи абзацта "боюнча мамлекеттик кызматтын" деген сөздөр "жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) алтынчы абзацта "кызматтарына" деген сөз "жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 22-статьяда "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча өзгөчө комиссиялар
Зыянкечтердин жана оорулардын массалык таркалышынын, өсүмдүктөрдүн, кыртыштын жана сугат сууларынын пестициддер жана агрохимикаттар менен булгануу очокторунун алдын алуу жана жоюу боюнча уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын ишин ыкчам жетектөө жана координациялоо үчүн, ошондой эле өзгөчө абалда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жоболорго ылайык иштөөчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, облустук, шаардык жана райондук бийлик органдары тарабынан өзгөчө комиссиялар түзүлөт.";
17) 25-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "ыйгарым укуктуу органдар" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "Өкмөтүнүн", "ыйгарым укуктуу органдарынын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинетинин", "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 26-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "26-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды каржылоо";
б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 25-майында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |