Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 25-январы № 12
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө
(КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 122, 2012-жылдын 16-июлундагы № 116 ,2020-жылдын 20-мартындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I глава. Жалпы жоболор
II глава. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагында мамлекеттик башкаруу пестициддер менен агрохимикаттарды коопсуз колдонууга көзөмөл жана контроль
III глава. Пестициддер менен агрохимикаттарды коопсуз колдонууга жалпы талаптар
IV глава. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузгандык үчүн милдеттер жана жоопкерчилик
V глава. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
VI глава. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери
VII глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам калктын ден-соолугун, жаныбарларды, айлана-чөйрөнү коргоо, жер кыртышынын, өсүмдүктөрдүн жана мал чарба продукциясынын булганыш кесепетинин алдын алуу же аны жоюу таламдарында өсүмдүктөрдү химиялаштыруунун жана коргоонун жалпы укуктук, экономикалык, экологиялык, социалдык жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
I глава Жалпы жоболор
1-статья. Терминдер жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
агрохимикаттар - практикада кыртыштын асылдуулугун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн пайдаланылуучу жер семирткичтер, кыртыштын химиялык мелиоранттары, тоют консерванттары, ошондой эле айыл чарба продукциясын жана жаратылыш сырьесун, пестициддерди, өстүрүүчү заттарды жана жер семирткичтерди кайра иштетүү жана консервалоо процесстерин агрохимиялык анализдөө, өндүрүштүк-химиялык контролдоо жүргүзүү үчүн химиялык реактивдер;
агрохимиялык сервис - айыл чарбасын агрохимиялык тейлөөнү ишке ашыруучу өндүрүштүк ишканалар жана илимий-изилдөө, технологиялык мекемелер тармагы;
айыл чарбасын агрохимиялык тейлөө - өсүмдүк өстүрүүдө жана мал чарбасында химиялаштыруу каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча илимий негизделген сунуштарды айыл чарба өндүрүшүнө колдонуу жана иштеп чыгуу боюнча тутум;
өсүмдүктөрдү коргоо үчүн биологиялык препарат - өсүмдүктөрдүн жашоо аракетинин башатындагы микроорганизми же анын жашоосунун продуктусу болуп саналган препарат;
өсүмдүктөрдүн оорусу - фитопатогендин же айлана-чөйрөнүн жагымсыз шартынын таасири менен клетканын, органдардын жана бүтүндөй өсүмдүктөрдүн кадыресе зат алмашуусунун бузулушу;
булгоочу заттар - адамдын иш-аракет процессинде биосферага түшүүчү, айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн пайда кылуучу, зыяндуу таасирлердин белгиленген ченемдеринен жогору болгон жана адамдын ден-соолугуна, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлар дүйнөсүнүн, кыртыштын, атмосфералык абанын жана суунун абалына коркунуч келтирүүчү заттар;
өсүмдүктөрдүн зыянкечтери - өсүмдүктөргө зыян келтирүүгө жөндөмдүү жаныбарлардын түрү, андан келтирилген зыянды четтетүү экономикалык жактан максатка ылайыктуу;
өсүмдүктөр үчүн зыяндуу организм - өсүмдүктөрдүн түшүмүн же анын сапатын төмөндөтүүчү организм. Организмге зыяндуу микроорганизмдер, өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү курт-кумурскалар, ошондой эле кемирүүчүлөр, отоо чөптөр ж.б.кирет;
пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо, анын негизинде пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо сыноолорун жана мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу аткаруучу бийлик органы пестицид менен агрохимикаттарды чыгарууга, колдонууга, сатууга, ташууга, сактоого, жок кылууга, рекламалоого, Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга уруксат берет;
пестициддин таасир этүүчү заты - пестициддин биологиялык жактан активдүү бөлүгү, аны ар кандай препараттык түрдө колдонуу зыяндуу организмдин тигил же бул түрүнө же өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жана өнүгүшүнө таасир этет;
өсүмдүктөрдүн ооруларын аныктоо - белгилердин топтому боюнча өсүмдүктөрдүн ооруларын табуу;
өсүмдүктөрдү коргоо - зыяндуу организмдерден чыгымдарды болтурбоонун жана аны азайтуунун теориялык негиздерин жана усулдарын иштеп чыгуучу прикладдык биологиянын бөлүмү, ошондой эле бул усулдарды колдонууну ишке ашыруучу айыл чарба өндүрүшүнүн бөлүмү;
даярдоочу - пестициддер менен агрохимикаттарды чыгарууну ишке ашыруучу жеке же юридикалык жак;
өсүмдүктөр карантини - республиканын башка региондорунан жана башка мамлекеттен өсүмдүктөрдүн зыянкечтерин жана оору козгогучтарын, отоо чөптөрдүн киришинен жана жайылып кетишинен өсүмдүктөрдү коргоого багытталган мамлекеттик иш-чаралардын тутумдарын алдын ала көзөмөлгө алуучу өзгөчө тартип;
өсүмдүктөрдүн массалык зыянкечтери - түшүмдүн же айыл чарба продукциясынын сапатынын төмөндөшүнө алып келүүчү туруктуу саны менен же көбөйүп кетиши менен мүнөздөлгөн зыянкечтер;
өзгөчө тартип - жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана аларга жүктөлгөн кошумча милдеттерди ишке ашырууда ушул Мыйзамда алдын-ала каралган чектөөлөрдү убактылуу белгилөөгө жол берүүчү карантиндик объекттердин очокторунун жайылып кетишин токтотууга жана жоюуга багытталган мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана чарбалардын иш-аракетинин өзгөчө тартиби;
пестициддер - өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине же ооруларына, отоо чөптөргө, айыл чарба продукциясынын зыянкечтерине, тиричилик зыянкечтерине жана малдын тери мителерине каршы күрөшүү үчүн колдонулуучу химиялык же биологиялык препараттар, ошондой эле өсүмдүктөрдүн өсүшүн, жыйнап алуунун алдында жалбырактарын ажыратуучу (дефолианттар), жыйнап алуу алдында өсүмдүктөрдү кургатууну (десиканттар) жөнгө салуучу препараттар;
ХЗУ - химиялык заттардын уруксат кылынган чеги - адамга жана жаныбарларга зыяндуу таасири жок, азык-түлүк продукциясы менен түшүмгө химиялык заттарды колдонуунун максималдуу саны; кыртышка, балык чарба көлмөлөрүндөгү сууга колдонулуучу химиялык заттардын жол берилүүчү жогорку концентрациясы, айыл чарба малынын тоютуна кошулуучу пестициддердин калдык саны;
болжолдоо - өсүмдүктөрдүн зыянкечтеринин (ооруларынын) санын, таркалышын жана пайда болуу убактысын болжолдоо;
өстүрүүчү заттар (өсүшүн жөндөө) - минималдуу өлчөмдө өсүмдүктөрдүн өсүшүн күчөтүүчү, ал эми жогорулатылган өлчөмдө тескерисинче өсүшүн начарлатуучу ар кандай химиялык курамдын органикалык кошулмасы;
иштеп чыгуучу - пестициддерди же агрохимикаттарды алууну, алардын активдүүлүгүн, ууландыруучу түзүлүштөрүн жана айлана-чөйрөгө таасирин изилдөөнү ишке ашыруучу жаран же юридикалык жак;
пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуунун регламенти - пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуу шартына жана тартибине милдеттүү талаптар;
санитардык эреже - иш процессинде химиялык заттар жана пестициддер менен иштеген (ташуу, сактоо, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, канаттууларды, жайларды иштетүүдө, иштетилген үрөндөрдү пайдаланууда ж.б.) адамдардын ууланышын болтурбоо максатында айыл чарбасында аларды колдонуу шартын жөнгө салуучу, алар аркылуу тамак-аш азыктарынын, калк жашаган пункттардын, атмосфералык абанын, көлмөлөрдүн жана суунун булганышын болтурбоо эрежелери. Санитардык эрежелерде айтылган бардык талаптар өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине жана ооруларына каршы күрөшүүнүн биологиялык каражаттарына да жайылтылат;
отоо чөптөр - айыл чарба жерлерин каптап кетип, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү чөп;
жер семирткич - өсүмдүктөрдү азыктандыруучу жана кыртыштын асылдуулугун жогорулатуучу заттар;
фитосанитария - зыяндуу организмдердин санын азайтуу же аны жок кылуу боюнча иш чаралар;
фитосанитариялык мониторинг - организмдин зыяндуулугунун жайылышынын, санынын өнүгүү интенсивдүүлүгүнүн мүмкүн болуучу деңгээлин болжолдоо жана белгилөө;
фитосанитариялык абал - өсүмдүктөрдүн зыянкечтеринин санын, ооруларынын таркалышын жана өсүмдүк отоо чөптөрүнүн бар экендигин аныктоочу абал, жердин, токойдун, өсүмдүктөрдүн абалы;
өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо - кыртыштын асылдуулугун жогорулатууга, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн көтөрүүгө, зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн тартуучу зыянды болтурбоого жана аны азайтууга багытталган, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо каражаттарын пайдалануу боюнча мамлекеттик, коомдук, чарбалык жана атайын иш-чаралардын комплекси;
талаачылыкты жана өсүмдүк өстүрүүнү химиялаштыруу - бул өсүмдүк өстүрүүнүн продуктуулугун жогорулатуу жана айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртуу үчүн химиялык каражаттарды колдонуу;
эпифитотия - өсүмдүктөрдүн массалык оорушу.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу жагында мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырууда, ошондой эле пестициддерди жана агрохимикаттарды иштеп чыгууда, өндүрүүдө, сатып өткөрүүдө, сактоодо, ташууда, колдонууда, зыянсыздандырууда, керектен чыгарууда, жок кылууда, көмүүдө, рекламалоодо Кыргыз Республикасына ташып келүүдө жана Кыргыз Республикасынан ташып кетүүдө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
3-статья. Пестициддер менен агрохимикаттардын жүгүртүлүш жөндөмдүүлүгү
Пестициддер жана агрохимикаттар, эгерде алар жүгүртүүдөн алынып салынбаса же жүгүртүлүшү чектелбесе, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эркин ажыратылышы же бир жактан экинчи жакка өткөрүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттин каталогуна киргизилбеген пестициддер менен агрохимикаттарды жүгүртүүгө жол берилбейт.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II глава Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагында мамлекеттик башкаруу пестициддер менен агрохимикаттарды коопсуз колдонууга көзөмөл жана контроль
4-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагында мамлекеттик башкаруу
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагында мамлекеттик башкарууну түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же атайын ыйгарым укук берилген аткаруучу бийлик органдары ишке ашырат.
Аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо
Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо аларды колдонуу регламенттерин иштеп чыгуу жана негиздөө үчүн жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн регламенттер пестициддерди жана агрохимикаттарды натыйжалуу колдонууну жана алардын адамдын ден соолугу, айлана-чөйрө үчүн коопсуздугун камсыз кылат.
Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген юридикалык жактар жүргүзүшөт.
Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо төмөнкүлөрдү камтыйт:
пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуунун натыйжалуулугун аныктоо жана аларды колдонуу регламентин иштеп чыгуу;
адамдардын ден соолугуна пестициддер менен агрохимикаттардын терс таасиринин коркунучун баалоо жана гигиеналык ченемдерди, санитардык ченемдер менен эрежелерди иштеп чыгуу;
пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуу регламенттерин экологиялык жактан баалоо;
пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүү;
Пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө арыз берген жеке же юридикалык жак төмөнкүлөргө милдеттүү:
пестициддер менен (же) агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүү үчүн пестициддер менен агрохимикаттардын үлгүлөрүн акысыз берүүгө;
аталган пестициддер жана (же) агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноого акы төлөөгө.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 116, 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүү
Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
пестициддер менен агрохимикаттарды курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо жагында аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүүнү;
мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жагында аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан ишке ашырылуучу токсикологиялык-гигиеналык экспертизаны;
пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурган, аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлүүчү химиялык каражаттарды колдонуу регламентин экспертизадан өткөрүүнү.
7-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүүнүн принциптери
Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүү төмөндөгүдөй принциптерге негизденет:
аны өткөрүүнүн милдеттүүлүгүнө;
анын жыйынтыгын илимий негиздөөгө;
эксперттер өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда көз карандысыздыгына;
аны өткөрүүгө акы төлөөгө.
Экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү алты айдан ашпоого тийиш.
Пестициддер менен (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө арыз берген жеке же юридикалык жак, ошондой эле иштеп чыгуучулар аларды каттоо боюнча сыноолордун натыйжаларын экспертизадан өткөрүүгө катышууга укуксуз.
Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүүнүн корутундусуна сот аркылуу даттанылышы мүмкүн.
Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарына экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жана аны уюштуруу пестициддер жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну жүзөгө ашыруучу аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо
Адамдардын ден соолугуна жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө тийгизген пестициддердин жана агрохимикаттардын терс таасиринин кооптуулугуна баа берүү боюнча кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурда, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноолорунун жыйынтыктарына карата жүргүзүлгөн экспертизанын корутундуларынын негизинде, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноосун уюштурууну жана мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо эки жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Калган учурларда пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо он жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.
Пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоонун тартиби аларды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет.
Пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоону жана каттоо боюнча сыноолорду уюштурууну ишке ашыруучу аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органдарынын чечими боюнча жеке же юридикалык жакка пестициддерди жана (же)агрохимикатты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө каттоо күбөлүгү берилет. Бул каттоо күбөлүгүнүн таризи пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет.
Пестицид же агрохимикат Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестицид менен агрохимикаттардын Мамлекеттик каталогун пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын шайкештигин өндүрүүчүнүн же берүүчүнүн ырастоосу тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген форма боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 116, 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды стандартташтыруу жана сертификациялоо
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 116 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-статья. Пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдары
Пестициддерди, агрохимикаттарды коопсуз колдонуу, фитосанитардык жана агрохимиялык абал боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ишке ашырылат.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Пестициддерди, агрохимикаттарды коопсуз колдонуу, фитосанитардык жана агрохимиялык абалы боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүүчү кызмат адамы
(КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
III глава Пестициддер менен агрохимикаттарды коопсуз колдонууга жалпы талаптар
12-статья. Жаңы пестициддер менен агрохимикаттарды иштеп чыгуу
Жаңы пестициддер менен агрохимикаттарды иштеп чыгууда пестициддердин жана агрохимикаттардын адамдардын ден соолугу менен курчап турган чөйрөгө терс таасир этишинин коркунучун толук жоюу же дээрлик азайтуу жагындагы эмгек шарттары, адамдардын ден соолугун, курчап турган чөйрөнү коргоонун ыкмалары жана контролдоо усулдары колдонулууга тийиш.
Иштеп чыгуучу алынган пестициддерди же агрохимикаттарды коопсуз колдонуу боюнча чараларды камсыз кылуу үчүн алардагы ууландыруучу түзүлүштөрдү, алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүүгө милдеттүү.
13-статья. Пестициддер жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жөнүндө маалымат
Пестициддер жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жөнүндө керектөөчүлөрдү маалымат менен камсыз кылуу максатында пестицидди жана (же) агрохимикатты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө арыз берген жаран же юридикалык жак аларды мамлекеттик каттоо учурунда ташуу, колдонуу жана сактоо, эскертүү белгиси менен идиштеги этикетка жөнүндө сунуштарды берүүнү камсыз кылат.
Пестициддер менен агрохимикаттарды ташуу, колдонуу жана сактоо, ал салынган этикетка жөнүндө сунуштарды бекитүүнүн түрүнө жана тартибине талап пестициддер жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Пестициддер менен агрохимикаттарды сатуу учурунда берүүчү (сатуучу) алар салынган ар бир идишти пестициддер менен агрохимикаттарды ташуу, колдонуу жана сактоо рекомендациялары, этикетка менен камсыз кылууга милдеттүү.
Мамлекеттик каттоодон өтпөгөн пестициддер менен агрохимикаттарды рекламалоого тыюу салынат.
Пестициддер менен химикаттарды рекламалоодо төмөнкүлөргө жол берилбейт:
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттик каталогунда белгиленген талаптарга дал келбеген химиялык каражаттарды колдонуунун регламенттерин көрсөтүүгө;
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилген пестициддер менен агрохимикаттарга салыштырууга болбой турган химия каражаттарын рекламалоого;
"коопсуз", "зыянсыз", "залалы жок", "ууландырбаган", "экологиялык жактан коопсуз" деген жана башка ушул сыяктуу түшүнүктөрдү колдонууга;
пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуу практикасында коркунучтуу экендиги тууралу тексттик, көрүү жана үн колдонуу маалыматтарына.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды өндүрүп чыгаруу
Даярдоочу төмөндөкүлөргө милдеттүү:
пестициддер менен агрохимикаттарды өндүрүүнү ченемдик документацияларга ылайык камсыз кылуу;
пестициддер менен агрохимикаттарды керектөөчүлөр, анын ичинде чекене соода үчүн ыңгайлуу өлчөп ороп чыгарууну камсыз кылуу;
айыл чарба продукциясында, дары сырьелорунда жана тамак-аш продуктуларында, курчап турган чөйрөдө пестициддер менен агрохимикаттардын санынын аз болушун контролдоо максатында аналитикалык стандарттарды (тесттерди) чыгарууну камсыз кылуу;
эгерде пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу, ташуу жана сактоо жөнүндө сунуштамаларды аткарууда же пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу боюнча чектөөлөр сакталбаганда аларды коопсуз колдонуу мүмкүн болбой калса, пестициддерди жана агрохимикаттарды сатууну токтотуу жана аларды утилизациялоону жүзөгө ашыруу.
Мамлекеттик каттоодон өтпөгөн пестициддер менен агрохимикаттарды өндүрүп чыгарууга тыюу салынат.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып кетүү
Пестициддер менен агрохимикаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып кетүү аларды каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, пестицидди жана (же) агрохимикатты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө күбөлүгү болгондо гана өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Пестициддер менен агрохимикаттарды сатып алуу-сатуу жана ташуу келишимдеринде каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, пестицидди жана (же) агрохимикатты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө көбөлүгү же Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонууга уруксат берилген шарттарда аны колдонууну контролдоочу мекеменин маалымдамасы бар экендиги жөнүндө шарт каралууга тийиш.
Пестициддер менен агрохимикаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун тартиби бажы иши жагындагы аткаруучу бийлик органы жана пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Пестициддер менен агрохимикаттарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды ташуу жана сактоо
Пестициддер менен агрохимикаттар атайын жабдылган транспорт каражаттары менен гана ташылат.
Пестициддер менен агрохимикаттар аларды сактоо үчүн атайын жасалган жайларда сактоого гана уруксат кылынат.
Пестициддерди идиши жок сактоого тыюу салынат.
Пестициддер менен агрохимикаттарды сактоодо адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбегендей талаптарды колдонуу зарыл.
Пестициддер менен агрохимикаттарды ташуудагы жана сактоодогу талаптар пестициддер менен агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жагындагы аткаруучу бийлик органдары тарабынан белгиленет.
17-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды сатуу
Дүң жана чекене соода жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген, пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилген пестициддер менен агрохимикаттарды сатып алууга жана сатууга укуктуу. Колдонууга чектелген пестициддер атайын кесиптик даярдыгы бар жеке жарандар тарабынан гана сатылат.
Пестициддер менен агрохимикаттардан бошогон идиштерди сатууга (кайра сатууга) тыюу салынат.
(КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуу
Пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуунун тартиби фитосанитардык, санитардык жана экологиялык абалды, өсүмдүктөрдүн агрохимикаттарды керектөөнүн, жердин (кыртыштын) асылдуулугун эске алуу менен пестициддер менен агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жагындагы аткаруучу бийлик органы тарабынан аныкталат.
Пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуунун коопсуздугу аларды колдонуунун адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин болтурбоочу белгиленген регламенттерди жана эрежелерди сактоо менен камсыз кылынат.
Пестициддер жана агрохимикаттар атайын техникаларды жана жабдууларды колдонуу менен гана пайдаланылат.
Пестициддерди чектеп колдонуу пестициддер жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жаатындагы аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органынын атайын уруксатынын негизинде атайын кесиптик даярдыгы бар жарандар тарабынан ишке ашырылат.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Пайдаланууга жараксыз жана (же) колдонууга тыюу салынган пестициддер менен агрохимикаттарды, алар салынган идиштерди зыянсыздандыруу, эсептен чыгаруу, жок кылуу жана көмүү
Пайдаланууга жараксыз жана (же) колдонууга тыюу салынган пестициддер менен агрохимикаттарды, алар салынган идиштерди зыянсыздандыруу, эсептен чыгаруу, жок кылуу жана көмүү өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
Пайдаланууга жараксыз жана (же) колдонууга тыюу салынган пестициддер менен агрохимикаттарды, ошондой эле алардын идиштерин жок кылуу усулдарын айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө жагындагы аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча аларды даярдоочулар иштеп чыгат.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV глава
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузгандык үчүн милдеттер жана жоопкерчилик
20-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагында мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү кызмат адамынын милдеттери жана жоопкерчилиги
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагында мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагында мамлекеттик көзөмөлдүн кызмат адамынын укукка жат аракетине административдик иш жана административдик жол-жоболор жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга болот.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Өсүмдүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн милдеттери
Өсүмдүк продукцияларын өндүрүүчүлөр (менчигинин түрүнө карабастан) төмөнкүлөргө милдеттүү:
отоо чөптөр, зыянкечтер жана оорулар менен күрөшүү чараларын көрүүгө;
өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча адистердин талабына ылайык жер кыртышын кароого, диагностикалык изилдөөгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн профилактикалык иштетүүдөн өткөрүү үчүн берүүгө, атайын иш чараларды жүргүзүү үчүн шарт түзүүгө;
мамлекеттик каттоодон өтпөгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген Пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилбеген пестициддерди жана агрохимикаттарды ташып келбөөгө жана пайдаланууга;
өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөсүн жана пестициддер менен агрохимикаттарды пайдаланууда фитосанитардык жана агрохимиялык эрежелер менен регламенттерди аткарууга;
кокустан өсүмдүктөр ооруга массалык түрдө чалдыккан жана өсүмдүк зыянкечтери менен отоо чөптөр массалык түрдө пайда болгон учурда бул тууралу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V глава Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
22-статья. Ушул Мыйзамды бузганы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28, 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик инспектор тарабынан колдонулуучу административдик жоопкерчилик чаралары
(КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
24-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча өзгөчө комиссиялар
Зыянкечтердин жана оорулардын массалык таркалышынын, өсүмдүктөрдүн, кыртыштын жана сугат сууларынын пестициддер жана агрохимикаттар менен булгануу очокторунун алдын алуу жана жоюу боюнча уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын ишин ыкчам жетектөө жана координациялоо үчүн, ошондой эле өзгөчө абалда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жоболорго ылайык иштөөчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, облустук, шаардык жана райондук бийлик органдары тарабынан өзгөчө комиссиялар түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-статья. Карантин
Эпифитотиялык жана агрохимиялык карантин айрым короолорго, фермаларга, чарбаларга, калктуу пункттардын, райондордун, шаарлардын, областтардын аймактарына коюлат. Карантин коюу жана өзгөчө укуктук режим киргизүү өсүмдүктөрдүн зыянкечтеринин жана ооруларынын, өзгөчө кырдаалдардын жана экологиялык кырсыктардын тизмеси боюнча өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Карантин коюу жана өзгөчө укуктук режим жүргүзүү тиешелүү райондук, шаардык, областтык бийлик органдарынын чечими же өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык органдарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен ишке ашырылат.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды каржылоо
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдарын жана ага караштуу мамлекеттик инспекциялоо функцияларын ишке ашыруучу уюмдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Калкка жана ишканаларга агрохимсервис кызматтарын көрсөткөн мекемелерди каржылоо мамлекеттик бюджеттин, ошондой эле аткарылган иш үчүн түшкөн каражаттардын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өсүмдүктөрдүн ооруларына, зыянкечтери менен отоо чөптөрдүн пайда болушуна, жайылып кетишине каршы күрөшүү жагынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизме боюнча иш-чаралар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VI глава Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери
27-статья. Эл аралык келишимдер
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында камтылгандардан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежеси колдонулат.
VII глава Корутунду жоболор
28-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |