Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 3-июлу № 130
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзам жарнаманы чыгаруу, жайгаштыруу, таратуу жаатындагы мамилелердин жана аларды контролдоонун укуктук негиздерин жөнгө салат.
Ушул Мыйзамдын максаттары социалдык жана мамлекеттик жарнаманы чыгаруу, жайгаштыруу жана таратуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, керектөөчүлөрдүн ак ниет жана так жарнама алууга укуктарын жүзөгө ашыруу, жарнама жөнүндө мыйзамдарды бузуунун алдын алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында талаптагыдай эмес жарнама фактыларына бөгөт коюу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзам эгерде жарнаманы таратуу Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жатса, ал чыгарылган жерге карабастан жарнама чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерге карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары тарабынан анын чегинен тышкары жасалган жарнама чөйрөсүндөгү аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагында атаандаштыкты чектөөгө, жеке жана юридикалык жактарды адаштырууга алып келген, же болбосо Кыргыз Республикасынын товарларынын рынокторунда терс кесепеттерге алып келген учурларда да пайдаланылат.";
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарнама - жарнаманы керектөөчүнүн жарнамалоо объектисине карата кызыкчылыгын калыптандырууга жана колдоого багытталган, ошондой эле аны рынокто сатууга жана/же илгерилетүүгө шарт түзүүчү, ар кандай каражаттардын жардамы менен кандай болбосун формада таратылуучу, жарнамалоо объектиси тууралуу маалымат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"жарнамалоо объектиси - жеке жана/же юридикалык жак, товар, кызмат көрсөтүү, интеллектуалдык иштин жыйынтыктары, укуктар, менчик ээсинин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары, конкурстар, лотереялар, оюндар, тобокелчиликке негизделген оюндар, мелдештер, коммерциялык/спорттук иш-чаралар;";
в) төртүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) сегизинчи абзацта "же башка ыкмалар менен" деген сөздөр "же маалыматтык технологиялар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) тогузунчу абзацта ", анын натыйжасында аларга жарнама тийиштүү таасир этет же таасир этиши мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын;
е) жыйырма тогузунчу абзац "ободогу убакыт" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигиндеги сайт" деген сөздөр менен толукталсын;
ж) отуз үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- адамдын жана жарандын укуктарын сактоодо, басмырлоонун жана зомбулуктун бардык формаларын түп тамырынан бери жоготууда, аларды четке кагууну коомдук аң-сезимде калыптандырууда;";
з) төмөнкүдөй мазмундагы отуз төртүнчү жана отуз бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- калкты ден соолукка пайдалуу тамак-аш продуктуларын пайдаланууга түрткү берүүдө;
- коомду гендердик теңчиликти бузууга багытталган маалыматтардан, пропагандадан жана үгүттөөдөн коргоодо;";
и) отуз алтынчы абзацта "баңгиликтин" деген сөз "баңги заттардын жана баңги каражаттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
к) кырк экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- энеликти, аталыкты жана балалыкты колдоодо, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү үчүн баланын ата-энесинин бирдей жоопкерчилигин түшүнүүгө көндүрүүдө, өлкөдөгү демографиялык кырдаалды жакшыртууда;";
л) кырк төртүнчү абзацта "жана телекөрсөтүүдө" деген сөздөр ", телекөрсөтүүдө жана Интернет тармагында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Жарнамага автордук укук жана чектеш укуктар
Жарнама автордук укуктун жана чектеш укуктардын толук же жарым-жартылай объектиси болушу мүмкүн. Автордук укуктар жана чектеш укуктар автордук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.";
4) 5-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарнама жарнаманы керектөөчүлөрдүн көңүлүн жарнамалоо объектисине ушул Мыйзамда тыюу салынбаган каражаттар жана ыкмалар менен бурууга, маалымат берүү жана ал тууралуу оң пикирди калыптандыруу жолу менен суроо-талапты түзүүгө тийиш.
Жарнама таратуунун түрүнө, каражаттарына жана ыкмаларына карабастан аны жарнама катары түздөн-түз берген учурда таратуунун түрүнө, ыкмасына же колдонулган каражаттарына карабастан атайын билимдерсиз, даярдыксыз жана техникалык каражаттарды пайдаланбастан түшүнүлүүгө тийиш.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга ылайык таризделиши керек.";
г) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "лицензиянын номери" деген сөздөр "лицензиянын номери жана берилген датасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Шайкештигин сертификациялоо же декларациялоо формасында шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон товарлардын жарнамасы шайкештикти милдеттүү ырастоо жол-жобосунан өтүү жөнүндө белги менен коштолууга тийиш.";
е) 6-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 8-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын" деген сөздөр "жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
з) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Маалыматтык технологияларды, мобилдик телефондорду, факстарды жана электрондук почтаны пайдалануу менен жарнаманы санкцияланбаган жөнөтүүгө тыюу салынат.";
к) берене төмөнкүдөй редакциядагы 9-1 жана 9-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"9-1. Үнүнүн бийиктиги учурдагы теле жана радио программанын, теле жана радио берүүнүн үнүнүн бийиктигинен 1,5 децибелге жогору болгон жарнаманы жайгаштырууга тыюу салынат.
9-2. Кыргыз Республикасынын Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген жарнамалык материалдарды жайгаштырууга (таратууга) жол берилбейт.";
5) 7-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- товарды пайдалануунун жана сыноонун натыйжасы жөнүндө;";
б) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жарнаманы таратуу учуруна карата товардын наркы (баасы), аны төлөөнүн тартиби, арзандатуулардын өлчөмү, тарифтер жана товарларды сатып алуунун башка шарттары жөнүндө;";
6) 8-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Адеп-ахлактын, гумандуулуктун, этиканын жана адептүүлүктүн жалпы кабыл алынган ченемдерин бузуучу, адамдын укугуна жана эркиндигине шек келтирүүчү жүрүм-турумду көрсөтүүгө багытталган, расага, улутка, этностук таандыктыгына, кесибине, социалдык категориясына майыптуулугуна, жаш курагына, жынысына, тилине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, дин тутуусуна, философиялык, саясий көз карашына карата мазактоочу сөздөрдү, салыштылууларды, образдарды пайдалануу менен гендердик стереотиптерди туюнткан гендердик басмырлоо элементтерин камтуучу жана ошондой эле шек келтирген тексттик, көрмө же үндүү маалыматты камтыган жарнама этикага туура келбеген жарнама болуп саналат:";
б) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 9-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 11-берененин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 15-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 16-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрүндө түрдүү жөндөмө формаларындагы "алкоголдук продукция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмө формаларындагы "алкоголдук продукция жана энергетикалык суусундуктар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензиялар боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик багыттагы продукциялардын тизмегине киргизилген аскердик жана кызматтык куралдарды, ошондой эле курал-жаракты жана аскердик техниканы жарнамалоого Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлүүчү адистештирилген көргөзмөлөрдө же жарманке-сатууларда гана жол берилет.";
г) 5 жана 6-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- азыктарды жана балдар үчүн азыктарды керектөөнү идеалдаштыруу боюнча кандай болбосун маалыматтык жана билим берүү материалдарын белекке берүүгө жана таратууга;
- эгерде мында азыктарды жана балдар үчүн азыктарды өндүрүүчүлөрдүн аталышы, сүрөтү же товардык белгиси пайдаланылса, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар, саламаттык сактоо кызматкерлери жана балдардын, айрыкча ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын тамак-аш азыктарына катышы бар башка адамдарга багытталган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;
- балдардын тамактануу процессине тиешеси жок (футболкалар, баш кийимдер, оюнчуктар, кол чатырлар, сумкалар жана д.у.с.), сырткы бетине азыктардын жана балдар үчүн тамак-аш азыктарынын аталыштары же сүрөттөрү түшүрүлгөн товарларды адамдардын кеңири чөйрөсүнө таратууга, анын ичинде сатууга;
- азыктарды жана балдар үчүн азыктарды сатып алууну же пайдаланууну кубаттоого түздөн-түз же кыйыр багытталган иштин башка түрлөрүнө;
- оюндун тобокелдигине жана алардын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана ортомчуларынын, анын ичинде букмекердик конторалар жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайларынын өз ара мелдештерине негизделген жарнаманы (оюн-зоок бизнесинин жарнамасын) таратууга.
6. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тамекини, тамеки продукцияларын сатууну жана (же) тамекини, тамеки жана никотин камтыган буюмдарды, ысытылуучу тамекиси бар буюмдарды, тамекини ысытуучу системаларды, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын (электрондук сигареттерди кошкондо) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка чегүүчү буюмдарды пайдаланууну ар кандай жарнамалоого жана дем берүүгө тыюу салынат.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымат берүү компаниясын жүргүзүүдө тамекини, никотинди пайдалануунун зыяны жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун же никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларынын (электрондук сигареттерди кошкондо) жана ысытылуучу тамеки буюмдарынын зыяндуу таасири жөнүндө калкка маалымат берүүдө тамеки буюмдарын, анын ичинде ысытылуучу тамекиси бар буюмдарды жана тамекини ысытуучу системаларды, никотин камтылган буюмдарды, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын (электрондук сигареттерди кошкондо), суу түтүктөрүн жана тамекини колдонуу процессин жана никотинди көрсөтүүгө жол берилет.";
11) 20-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- экинчи абзацта "ата-энелердин" деген сөздөр "ата-энелердин (же алардын биринин)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жашы жетпегендерди кооптуу жайларда жана кырдаалдарда көрсөтүүчү, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, анын ичинде өзүнүн ден соолугуна залал келтирүүгө түрткү берүүчү тексттик, көрсөтмө же үндүү маалыматты жарнамага жайгаштырууга;";
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жашы жетпегендерге товардын баасы жөнүндө аны бардыгы үчүн жеткиликтүү катары туура эмес түшүнүк жаратууга;";
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- жашы жетпегендердин физиологиялык өзгөчөлүктөрү менен байланышкан кемсинүү комплексин калыптандырууга;
- жарнамаланып жаткан товарга ээ эмес жашы жетпегендерде кемсинүү комплексин калыптандырууга.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Балдардын тамак-аш азыктарынын жарнамасы аны эне сүтүн толугу менен алмаштыруучу катары көрсөтпөөгө тийиш жана ымыркайларды жасалма тамактандыруунун артыкчылыктары жөнүндө ырастоону камтыбашы керек.
4. Эне сүтүн алмаштыргыч катары колдонууга багытталган азыктардын жана жыйырма төрт айга чейинки курактагы ымыркайдын рационуна киргизилген азыктардын жарнамасында мындай азыктарды колдонуунун курактык чектөөлөрү жөнүндө маалыматтар жана адистерден консультацияларды алуу зарылдыгы тууралуу эскертүү камтылышы керек.";
12) 20-5-беренеде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "меценаттык жана кайрымдуулук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 25-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 26-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- жарнаманы талаптагыдай эмес деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат;";
б) 2-бөлүктө "коюуга укуктуу" деген сөздөр "коёт" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштыкка бөгөт коюу боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар менен алардын кайрылуулары боюнча жарнама тажрыйбасынын эрежелерин жана адаттарын сактоо жөнүндө макулдашууларды түзүшөт.";
15) 27-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "мыйзам тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Жеке жана юридикалык жактар (жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама таратуучулар) жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.
Талаптагыдай эмес жарнаманын натыйжасында укуктары жана кызыкчылыктары бузулган адамдар сотко доо арызы менен, анын ичинде алынбай калган пайданы кошо чыгымдардын ордун толтуруп берүү, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү, моралдык зыянды компенсациялоо, ошондой эле талаптагыдай эмес жарнаманы ачык төгүндөө жөнүндө белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу.
2. Пайда (киреше) алуу максатында жасалган жана мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга же болбосо жарандардын мыйзам менен корголуучу укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу залал келтирген көз көрүнөө жалган жарнама Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
3. Жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу же жарнама таратуучу монополияга каршы мамлекеттик органдын аракетине (аракетсиздигине) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу, административдик даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу же жарнама таратуучу сотко кайрылууга укуктуу, ал эми жазаларды колдонуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык каралышат.
Эгерде дайындалган актыларды аткарууну токтото туруу жөнүндө сот тарабынан аныктама чыгарылбаса, арызды берүү монополияга каршы мамлекеттик органдын эскертүүсүн же чечимин аткарууну токтотуп турбайт.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликти тартышат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 24-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |