Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 14-июлу № 139
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 10, 794-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтөт;";
2) 15-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Этникалык кыргыздар жана кайрылмандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен бажы чек арасы аркылуу өтүүгө укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 7-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |