Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 14-июлу № 137
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 26-берененин 2-бөлүгүндө "беш жылга" деген сөздөр "он жылга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 29-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөөгө байланышкан белгилүү бир милдеттерди аткаруу максатында коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнмөсү боюнча мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген мөөнөттөн ашык, бирок эки айдан ашык эмес аскер кызматында калтырууга укук берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 7-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |