Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 26-июлу № 148
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 17-сентябры, № 97) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) аскер кызматчылары жана жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүү;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде тизмеги аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата кылмыш иштерин козгоо жана аларды териштирүү үчүн тиешелүү тергөө органдарына өткөрүп берүү;";
в) 8-пунктта "жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында" деген сөздөр алып салынсын;
2) 4-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда "атайын" деген сөз алып салынсын;
3) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "прокуратура" деген сөз "аскер прокуратурасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи сүйлөмдө "прокуратура" деген сөз "аскер прокуратурасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмдө "же тергөөчүнүн" деген сөздөр алып салынсын;
4) 6-беренеде:
а) берененин аталышында "прокуратура" деген сөз "аскер прокуратурасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктө "тергөөчүнүн" деген сөз "аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө "прокурорлор ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин орун-жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө, алардын жетекчилеринин текшерүү маселелери боюнча токтоосуз кабыл алуусунда болууга," деген сөздөр "прокурорлор даттануулар болгон учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин орун-жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө, алардын жетекчилеринин текшерүү маселелери боюнча кабыл алуусунда болууга," деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктө "прокуратура" деген сөз "аскер прокуратурасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6-бөлүктө "тергөөчүнүн" деген сөз "аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-берененин 1-бөлүгүндө "чечилет" деген сөз "каралат" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 9-берененин 2-бөлүгүндө "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) 11-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Башкы прокуратуранын түзүмү Башкы прокурор тарабынан аныкталат. Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин чектүү саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.";
8) 12-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "прокуратура" деген сөз "аскер прокуратурасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 18-берененин 7-бөлүгүндө "башка укуктук" деген сөздөр алып салынсын;
10) 3-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3-глава. Прокурордук чара көрүү актылары";
11) 20-берененин 5-бөлүгүндө "прокуратура" деген сөз "аскер прокуратурасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 21-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каршылык билдирүүнү кароо мезгилинде каршылык билдирилген актынын аракети токтотулат. Каршылык билдирүү ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин токтото туруу, жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп таануу үчүн негиз боло алат.".
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган (макул болбогон) учурда прокурор сотко кайрылууга укуктуу.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен берене толукталсын:
"4. Каршылык билдирүү негизсиз киргизилген учурда аны киргизген прокурор же болбосо жогору турган прокурор тарабынан ал каралганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.";
13) 32-берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) өз компетенциясынын чегинде кызматтык ырастамасын көрсөтүү менен белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, мекемелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана бирикмелердин аймагына жана жайларына кирүүгө жана чыгарылган укуктук актыларды, ошондой эле аларды кабыл алууга негиз болгон документтерди жана материалдарды карап чыгууга;
2) колдонуу чектелген документтерге жеткиликтүүлүк деңгээлине ылайык жетекчилерден жана башка кызмат адамдарынан зарыл болгон документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү; келип чыккан маселелерди териштирүү үчүн адистерди бөлүп берүүнү; прокуратурага келип түшкөн материалдарга, маалыматтарга, кайрылууларга текшерүү жүргүзүүнү талап кылууга жана алардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирүүгө;";
14) 36-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 9-пунктта "жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр алып салынсын;
15) 37-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Башкы прокуратура Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жана Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт жана анын кармоочусу болуп саналат, ошондой эле жалпы статистикалык маалыматтарды түзөт жана башка ведомстволорго жана инстанцияларга маалыматтарды берет.";
16) 38-беренеде:
а) 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) өз компетенциясынын чегинде укуктук статистика субъекттеринен баштапкы эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин толуктугун жана аныктыгын, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актыларында аныкталуучу мөөнөттөрдө берүүнү талап кылууга;
3) өз компетенциясынын чегинде укуктук статистика субъекттеринен жана башка мамлекеттик органдардан укуктук статистика жана эсепке алуу маселелери боюнча статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды; укуктук мамлекеттик статистикалык отчетторду, статистикалык маалыматтарды жыйноо жана эсепке алууну жүргүзүү үчүн баштапкы эсепке алуу документтерин жана формаларын акы төлөбөстөн алууга;";
б) 5-пунктта ", алардын орун-жайларын жана аларда жайгашкан объекттерди карап чыгууга" деген сөздөр алып салынсын;
17) 53-берененин 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) прокурор - Башкы прокурор, анын биринчи орун басары жана орун басарлары, Башкы прокурордун орун басары - аскер прокурору, анын орун басарлары, Башкы прокурордун өзгөчө тапшырмалар боюнча улук жардамчысы жана Башкы прокурордун жардамчысы, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, түзүмдүк бөлүктөрдүн улук прокурорлору, прокурорлору, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, адистештирилген прокуратуралардын, райондордун (шаарлардын) прокурорлору, гарнизондордун аскер прокурорлору жана алардын орун басарлары, аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү, аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү, гарнизондордун аскер прокуратураларынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү, прокурор-криминалисттер, прокурорлордун тийиштүү ыйгарым укуктар берилген улук жардамчылары жана жардамчылары;
2) прокуратура органдарынын кызматкерлери - прокурорлор, ошондой эле аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү;";
18) 55-берененин 1-бөлүгүндө "прокуратура органдарындагы тергөөчүлөргө" деген сөздөр "аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүлөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 68-берененин 2-бөлүгүндө:
а) "Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү;", "Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрү;", "областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү;", "областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү;" деген сөздөр алып салынсын;
б) "адистештирилген прокуратуралардын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү, шаарлардын, райондордун прокурорлорунун улук жардамчылары, шаарлардын, райондордун прокуратураларынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү" деген сөздөр "шаарлардын, райондордун прокурорлорунун улук жардамчылары;" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 83-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
21) 84-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кылмыш үстүндө, түздөн-түз кылмыш жасагандан же соттун чечиминен кийин кармалган учурларды кошпогондо, прокурор же тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда аны айдап келүүгө, кармоого, жекече тинтип текшерүүгө жана анын буюмдарын тинтип текшерүүгө, ошондой эле анын жеке жана пайдаланган транспортун тинтип текшерүүгө жол берилбейт.";
22) 93-берененин 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "о" жана "п" пунктчалары менен толукталсын:
"о) уюшкан кылмыштуу топтор, террористтик, экстремисттик, же сепаратисттик уюмдар менен байланышы же аларга тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтардын болушу;
п) тиешелүү текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча ырасталган жашыруундуулук режимин бузуулар.";
23) 98-берененин 4-бөлүгүндө:
а) 6-пунктта "кызматтык ырастаманы" деген сөздөр "даттануу болгон учурда кызматтык ырастаманы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) аскер кызматчылары жана жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөөнү жүзөгө ашыруу.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 25-июлундагы № 59 (3508) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 29-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |