Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-сентябры № 114
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 21-июлундагы № 145, 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 , 2025-жылдын 11-июнундагы № 117, 2025-жылдын 9-августундагы № 194 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишин уюштуруу тартибин, прокуратура органдарынын укуктук актыларын, ыйгарым укуктарың, аскер прокуратурасынын, адистештирилген прокуратура органдарынын ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн, прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык коргоонун негизги чараларын, ошондой эле прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 1-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
2-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы
1. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы (мындан ары - прокуратура) мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана чыңдалышын, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылуучу мамлекеттик орган.
2. Прокуратура бирдиктүү системаны түзөт, ага төмөндөгүлөр жүктөлөт:
1) мамлекеттик бийлик органдары (шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишмердигин, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын контролдоо боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ишин кошпогондо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана иши мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер жана уюмдар, толук чарбалык эсептин жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү бар башка юридикалык жактар (мындан ары - субъекттер) тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө;
2) тергөөнү жана изин суутпай издөө иштерин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакташын көзөмөлдөө;
3) мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту көзөмөлдөө;
4) кылмыш иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын көзөмөлдөө;
5) мыйзамда аныкталган учурларда жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;
6) сотто мамлекеттик айыптоону жүзөгө ашыруу;
7) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жана учурларда кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашыруу;
71) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде тизмеги аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата кылмыш иштерин козгоо жана аларды териштирүү үчүн тиешелүү тергөө органдарына өткөрүп берүү;
8) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин укуктук негизи
1. Прокуратура органдарынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул конституциялык Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун (мындан ары - Башкы прокурор) укуктук актылары түзөт.
2. Прокуратурага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган функцияларды аткаруу жүктөлбөшү керек.
4-берене. Прокуратуранын ишинин принциптери
1. Прокуратуранын иши төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо;
3) ачыктык жана айкындуулук;
4) прокурордун көз карандысыздыгы жана анын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик;
5) прокурордун талаптарын аткаруунун милдеттүүлүгү;
6) бир башчылык жана төмөн турган прокурорлордун жогору тургандарга баш ийүүсү.
2. Прокуратура органдары:
1) мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана чыңдалышын камсыз кылат;
2) Конституциянын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын сакталышына прокурордук көзөмөл аркылуу адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылат;
3) мыйзамдардын, ошондой эле мамлекеттик сырларды жана мыйзам менен корголуучу купуя сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына каршы келбегендей өлчөмдө айкын аракеттерди жүргүзөт;
4) ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга көз карандысыз түрдө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге бекем ылайыктуулукта жүзөгө ашырат;
5) мыйзам бузууларга бөгөт коюу, бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана бул укук бузууларга жол берген адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт;
6) прокуратура төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурорго жана Башкы прокурорго баш ийүүсү менен, прокуратура органдарынын жана мекемелеринин бирдиктүү борборлоштурулган системасын түзөт.
3. Прокурорлордун баш ийүүсүнө төмөнкүлөр камтылат:
1) жогору турган прокурорлордун уюштуруу маселелери жана ишмердик боюнча көрсөтмөлөрүнүн төмөн турган прокурорлор үчүн милдеттүүлүгү;
2) төмөн турган прокурорлордун өз кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн жогору турган прокурорлордун алдындагы жоопкерчилиги;
3) жогору турган прокурорлордун төмөн турган прокурорлордун аракеттерине (аракетсиздигине) жана актыларына карата даттанууларды чечүүсү;
4) жогору турган прокурорлордун төмөн турган прокурорлордун актыларынын колдонулушун токтотуусу, аларды кайра чакыртып алуусу же өзгөртүүсү.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Прокуратура органдарынын көз карандысыздыгынын кепилдиктери
1. Прокуратура органдарынын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат.
Прокурорго же аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсүнө өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу же мыйзамсыз чечим кабыл алдыруу максатында кайсы формада болбосун таасир этүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
2. Прокурор, аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсү, мыйзамда каралган учурлардан жана тартиптен тышкары учурларда, өзүнүн өндүрүшүндөгү иштердин жана материалдардын маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле аларды таанышып чыгуу үчүн кимдир-бирөөлөргө берүүгө милдеттүү эмес. Прокурордун жана тергөөчүнүн өндүрүшүндө турган текшерүүлөрдүн жана иштердин материалдарын алар аяктаганга чейин ушул прокурордун уруксатысыз жарыя кылууга эч ким укуктуу эмес.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Прокурордун жана аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсүнүн талаптарынын жана прокурордук чара көрүү актыларынын милдеттүүлүгүнүн кепилдиктери
1. Прокурордун жана аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсүнүн мыйзамда белгиленген негизде жана тартипте койгон талаптары (суроо-талаптар, тапшырмалар, көрсөтмөлөр) ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан аткарылуусу милдеттүү.
2. Талап кылынган маалыматтар прокуратура органдарына мыйзамда белгиленген формада жана тартипте берилет.
3. Прокуратура органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүктөлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында прокурорлор ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин орун-жайларына белгиленген тартипте тоскоолдуксуз кирүүгө, алардын жетекчилеринин текшерүү маселелери боюнча кабыл алуусунда болууга,, документтерди жана материалдарды карап чыгууга, иштин материалдары түздөн-түз сот өндүрүшүндө турган учурларды кошпогондо, сот иштери менен таанышууга жана алардын берилишин соттон талап кылууга укуктуу.
4. Кызмат адамдары жана жарандар прокурордун жана аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча түшүндүрмө жана көрсөтмө берүү үчүн алар белгилеген убакытта келүүгө милдеттүү. Жазуу жүзүндөгү талапта кызмат адамынын же жарандын чакырылуусуна себеп болгон маселелер көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Кызмат адамдары, жарандар түшүндүрмө берүү үчүн прокуратура органдарына жүйөлүү себептерсиз келбеген же келүүдөн баш тарткан учурда, прокурор бул адамды прокуратура органына мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу жана ал укук коргоо органдары тарабынан 24 сааттын ичинде аткарылат.
6. Прокурордун же аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсүнүн прокурордук чара көрүү актыларын, мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, талаптагыдай аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Прокуратура органдарында кайрылууларды кароо жана чечүү
1. Прокуратура органдарында, алардын ыйгарым укуктарына ылайык, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган кайрылуулар каралат. Прокурор кабыл алган чечим жогору турган прокурорго даттанылышы мүмкүн жана өз укуктарын коргоо үчүн адамдын сотко кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.
2. Прокуратура органдарына келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө каралат.
3. Кайрылууну чечимдери же болбосо аракеттери (аракетсиздиги) даттанылган органга же кызмат адамына кайра жөнөтүүгө тыюу салынат.
4. Анонимдик кайрылуулар прокуратура органдарында каралбайт.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Прокурордун аракеттерине жана прокурордук чара көрүү актыларына даттануу
1. Прокурордун аракеттери жана прокурордук чара көрүү актылары жогору турган прокурорго же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн. Прокурордук чара көрүү актыларына жана талаптарына даттануу алардын аткарылышын токтотпойт.
2. Сот же болбосо жогору турган прокурор аракетти же прокурордук чара көрүү актыларын даттануу боюнча чечим чыгарылганга чейин аларды аткарууну токтотуп турушу мүмкүн.
3. Жогору турган прокурор жарандардын жана (же) юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча же болбосо өз демилгеси менен, төмөн турган прокурордун прокурордук чара көрүү актысын кайра чакыртып алышы мүмкүн.
9-берене. Прокурорлордун мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышуусу
1. Башкы прокурор жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин жана комиссияларынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналыштарына катышууга укуктуу.
2. Областтардын прокурорлору, адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору, шаарлардын, райондордун прокурорлору, алардын орун басарлары жана алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор Кыргыз Республикасынын Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегияларынын жыйналыштарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кеңешмелерине жана жыйналыштарына катышууга укуктуу.
3. Прокурорлор алар киргизген прокурордук чара көрүү актылары соттор жана ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан каралганда катышууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын системасы жана уюштурулушу
10-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын системасы
1. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын системасын төмөндөгүлөр түзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура);
2) Кыргыз Республикасынын аскер прокуратурасы (мындан ары - аскер прокуратурасы);
3) областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары, ошондой эле адистештирилген прокуратуралар;
4) райондук (шаардык) жана гарнизондордун аскер прокуратуралары.
2. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын алдында прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кире турган мекемелер түзүлүшү мүмкүн.
3. Башкы прокуратура өзүнүн оперативдүү башкаруусунда социалдык-тиричиликтик жана чарбалык багыттагы объекттерге ээ болот.
4. Республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча чечилүүчү учурларды кошпогондо, прокуратура органдарын жана мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу, жоюу, алардын статусун жана компетенциясын аныктоо мыйзамдарда белгиленген тартипте, Башкы прокурордун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
5. Прокуратура органдары өзүнүн символдоруна - желегине жана эмблемасына ээ. Алардын сыпатталышы жана расмий пайдалануу тартиби Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
11-берене. Башкы прокуратура
1. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жогорку органы болуп саналат, ага Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу Башкы прокурор башчылык кылат.
Башкы прокуратура юридикалык жактын статусуна ээ.
2. Башкы прокурордун биринчи орун басары, орун басарлары болот, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти Башкы прокурордун сунушу боюнча кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Башкы прокурордун орун басарлары бир эле убакта прокуратура органдарынын системасына кирген тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчиси болуп дайындалышы мүмкүн.
3. Башкы прокуратуранын түзүмү Башкы прокурор тарабынан аныкталат. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин чектүү саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Башкы прокуратура:
1) прокуратура органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча алардын аракеттеринин макулдашылышын жана координацияланышын камсыз кылат;
2) мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө практикасын, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалын, анын ичинде укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтарды алмашуу системасына интеграцияланган маалыматтык системаларда камтылган маалыматтарды пайдалануу менен талдайт;
3) прокурордук көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
4) мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишин контролдойт;
5) тергөөнү, изин суутпай издөө иштерин жүзөгө ашыруучу укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенет;
6) кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо маселелерине артыкчылык берүү менен, отчеттуулук жана ишти баалоо системасын өркүндөтөт, ошондой эле жарандык коомдун институттары менен кызматташуунун ар кандай формаларын белгилейт;
7) кадрлардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат жана жүргүзөт;
8) эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө прокуратура органдарынын атынан чыгат.
5. Илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында, ведомстволук илимий мекемелер жана билим берүү мекемелери белгиленген тартипте түзүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-берене. Башкы прокурордун ыйгарым укуктары
1. Башкы прокурор прокуратуранын бүткүл ыйгарым укуктарына толук түрдө ээ болуу менен:
1) прокуратура системасын жетектейт жана анын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
2) прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча ишти уюштурат;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын укуктук жардам жана кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери жөнүндө эл аралык келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана аларга кол коёт;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши айып койгон учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин аракеттеринде кылмыштын белгилери бар же жок экени жөнүндө корутунду берет;
5) прокуратура системасынын ишин уюштуруу маселелерин жөнгө салуучу жана прокурорлорду, аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүлөрүн жана башка кызматкерлерин социалдык жана материалдык камсыз кылуу чараларын ишке ашыруунун тартибин кароочу, прокуратура органдарынын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, тескемелерди чыгарат;
6) прокуратура органдарынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын бөлүштүрөт;
7) прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызмат убактысынын жана эс алуусунун режимин аныктайт;
8) укуктук статистиканын бардык субъекттери үчүн милдеттүү укуктук статистика жана эсепке алуу маселелери боюнча укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл алат.
Айрым ыйгарым укуктар Башкы прокурордун орун басарларына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
2. Башкы прокурор кызматкерлерди жумушка кабыл алат, кызматка дайындайт, кызматтан бошотот, кызматкерлерди жана башка жумушчуларды прокуратура органдарынан бошотот.
Башкы прокурор областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна прокуратура органдарынын кызматкерлерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу, аларга карата сыйлыктарды жана тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Башкы прокурор:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте прокуратура органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды, аскердик наамдарды жана класстык чендерди ыйгарат;
2) ведомстволук сыйлыктарды түзөт жана алар менен сыйлайт;
3) жогорку атайын наамдарды жана аскердик наамдарды ыйгарууга талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштайт;
4) прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ветерандарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга көрсөтөт.
4. Башкы прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылууга;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдардын долбоорлорун киргизүүгө;
3) жарандык, экономикалык, кылмыш жана административдик иштердеги сот практикасынын маселелери боюнча сотторго түшүндүрмөлөрдү берүү жөнүндө сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун кароосуна киргизүүгө жана аларды талкуулоого катышууга.
5. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Башкы прокурордун отчету
Башкы прокурор жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.
14-берене. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары, ошондой эле адистештирилген прокуратуралар
1. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларын, ошондой эле адистештирилген прокуратураларды тийиштүү прокурорлор башкарат, алардын орун басарлары болот.
2. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын, ошондой эле адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана прокурордук кызматкерлеринин ыйгарым укуктары Башкы прокурор тарабынан аныкталат. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары юридикалык жактын статусуна ээ. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары, ошондой эле адистештирилген прокуратуралар жөнүндө жоболор Башкы прокурор тарабынан бекитилет.
15-берене. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондон эле адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун ыйгарым укуктары
Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору:
1) прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
2) тийиштүү прокуратуранын ишин жетектейт; Башкы прокурор белгилеген тартипте кызматкерлерди кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот (адистештирилген прокуратурадан башкасы);
3) өзүнө баш ийген кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат;
4) өздөрүнүн аппараттарынын жана баш ийген прокуратуралардын штаттык тизимине Башкы прокурор менен макулдашуу боюнча алардын санынын жана эмгек акы фондунун чектеринде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
16-берене. Райондордун (шаарлардын) прокуратуралары жана гарнизондордун аскер прокуратуралары
1. Райондордун (шаарлардын) прокуратураларын жана гарнизондордун аскер прокуратураларын тийиштүү прокурорлор жетектейт.
2. Райондордун (шаарлардын) прокуратураларынын жана гарнизондордун аскер прокуратураларынын түзүмү Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
17-берене. Райондордун (шаарлардын) прокурорлорунун жана гарнизондордун аскер прокурорлорунун ыйгарым укуктары
Райондордун (шаарлардын) прокурорлору жана гарнизондордун аскер прокурорлору:
1) тийиштүү прокуратуралардын ишин жетектейт;
2) жогору турган прокурорлорго өздөрүнүн аппараттарынын штаттык санын өзгөртүү жөнүндө, кадрдык өзгөртүүлөр жөнүндө сунуштарды киргизет;
3) уюштуруу-тескөөчү актыларды чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
18-берене. Прокуратура органдарындагы коллегиялар
1. Прокуратура органдарындагы коллегия - Башкы прокуратурада, аскер прокуратурасында, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларында түзүлүүчү кеңеш берүүчү орган.
2. Коллегиянын курамына тийиштүү прокуратуранын прокурору (төрага), анын орун басарлары (кызмат орду боюнча) жана башка прокурорлор кирет.
3. Башкы прокуратуранын коллегиясынын курамын Башкы прокурор бекитет.
4. Баш ийген прокуратуралардын коллегияларынын курамын тийиштүү прокурорлордун сунуштары боюнча Башкы прокурор бекитет.
5. Коллегия мыйзамдуулуктун абалы, Башкы прокурордун буйруктары менен тескемелеринин аткарылышы, кадрларды тандоо, жайгаштыруу, прокуратура органдарынын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди карайт, прокурорлордун, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин отчетторун жана прокуратура органдарынын башка уюштуруу жана иштөө маселелерин угат.
6. Коллегиянын чечимдери анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
7. Коллегиялардын чечимдери тийиштүү прокурордун буйруктары жана актылары менен ишке ашырылат.
8. Коллегиялардын иштөө тартиби Башкы прокурор, тийиштүү прокурорлор бекиткен регламент менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-берене. Прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
1. Башкы прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 7 жыл, областтардын, адистештирилген прокуратуралардын, шаарлардын, райондордун прокурорлорунун жана гарнизондордун аскер прокурорлорунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
2. Областтардын, адистештирилген прокуратуралардын, шаарлардын, райондордун прокурорлору жана гарнизондордун аскер прокурорлору бир административдик-аймактык региондо өзүнүн кызмат ордун эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.
3. Прокурорлор ээлеп турган кызмат ордунан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин ушул конституциялык Мыйзамдын 91-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн.
3-глава. Прокурордук чара көрүү актылары
(Главанын аталышы КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Прокуратуранын укуктук актыларынын системасы
1. Прокуратура органдарынын укуктук актыларынын системасын ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесине ылайык прокуратурага жүктөлгөн көзөмөлдүк жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча прокурордун актыларынын жыйындысы түзөт.
2. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда прокурор төмөнкүдөй прокурордук чара көрүү актыларын колдонот: каршылык билдирүү, сунуштама, талап кылуу, эскертүү, токтом, көрсөтмө, сотко арыз, соттук актыга даттануу жөнүндө сунуштама.
3. Прокурордук чара көрүү актылары ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттерге киргизилет.
4. Прокурордук чара көрүү актысы прокуратура органдарында катталууга тийиш жана ал каралганга чейин, аны киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан өзгөртүлүшү, толукталышы, кайра чакыртып алынышы мүмкүн.
5. Прокурордук чара көрүү актылары, прокурордун жана аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсүнүн мыйзамдуу талаптары бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү.
6. Эл аралык-укуктук кызматташтык процессинде прокуратура Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, процессуалдык аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талапты, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн же өкүмдү аткаруу үчүн адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты, адам жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөөсү тууралуу өтүнүчтү жана башка актыларды колдонот.
7. Прокуратура органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк актылар болуп буйруктар, көрсөтмөлөр, тескемелер, регламент, жоболор, нускамалар, эрежелер саналат.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Прокурордун каршылык билдирүүсү
1. Прокурор жогору юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыга каршы келген ченемдик укуктук актыга же укуктук актыга карата каршылыгын аны жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү же болбосо жокко чыгаруу үчүн бул актыны чыгарган органга же кызмат адамына же болбосо жогору турган органга же жогору турган кызмат адамына билдирет.
2. Каршылык билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Кароонун жыйынтыктары жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Мыйзамды бузууну дароо четтетүүнү, жарандардын жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылган жагдайларда прокурор каршылык билдирүүнү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу.
Каршылык билдирүүнү кароо мезгилинде каршылык билдирилген актынын аракети токтотулат. Каршылык билдирүү ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин токтото туруу, жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп таануу үчүн негиз боло алат.
Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган (макул болбогон) учурда прокурор сотко кайрылууга укуктуу.
3. Каршылык билдирүү коллегиялык органда каралганда, аны кароодо катышууга укуктуу, каршылык билдирген прокурорго жыйналыш боло турган күн жөнүндө билдирилет. Прокурор сотко кайрылган учурда анын катышуусу милдеттүү.
4. Каршылык билдирүү негизсиз киргизилген учурда аны киргизген прокурор же болбосо жогору турган прокурор тарабынан ал каралганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Прокурордун сунуштамасы
1. Ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама жол берилген бузууну четтетүүгө ыйгарым укуктуу органга жана (же) кызмат адамына киргизилет.
2. Сунуштама келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралышы керек жана күнөөлүү адамдарды тартиптик жазага тартуу менен, ченемдик укуктук актыларда жол берилген укук бузууларды, алардын бузулушуна түрткү берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
Кароонун жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилиши керек.
3. Сунуштама коллегиялык органда каралганда прокурорго ал катышууга укуктуу жыйналыш боло турган күн жөнүндө билдирилет.
23-берене. Прокурордун талап кылуусу
1. Прокурор ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө талап кылууну укук бузуулар шексиз мүнөзгө ээ болгон жана, эгерде алар дароо четтетилбесе, жарандардын, мамлекеттин, ишкананын, мекеменин, уюмдун укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда киргизет.
2. Талап кылуу ченемдик укуктук актыны бузууга жол берген органга же кызмат адамына же болбосо баш ийүүчүлүк тартибинде жогору турган, ченемдик укуктук актыны укук бузууну четтетүүгө ыйгарым укуктуу органга же кызмат адамына жөнөтүлөт.
3. Талап кылууда бузулган ченемдик укуктук акт, укук бузуунун мүнөзү жана аны четтетүү боюнча чаралар тууралуу конкреттүү сунуштар көрсөтүлөт.
4. Талап кылуу 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө аткарылууга жатат. Анын аткарылышы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет.
24-берене. Прокурордун токтому
Прокурор ченемдик укуктук актынын айкындалган бузууларынын мүнөзүнө жараша, кылмыш ишин козгоо (же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө), тартиптик укук бузуу тууралуу жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоо жөнүндө токтом чыгарат.
Тартиптик укук бузуу тууралуу жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоо жөнүндө токтомдор кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө каралууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 24-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
25-берене. Ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүү
1. Укук бузуулардын алдын алуу максатында жана даярдалып жаткан укукка каршы аракеттер жөнүндө маалыматтар бар болгондо прокурор кызмат адамдарына ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү жөнөтөт.
2. Ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүүдө көрсөтүлгөн талаптар ал алынган учурдан тартып токтоосуз аткарылууга жатат.
26-берене. Сот органдарына арыз
1. Прокурор жактардын же жактардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арыз менен сотко кайрылууга, ошондой. эле, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды сактоо муну талап кылса, сотто каралып жаткан ишке киришүүгө укуктуу.
2. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арызды прокурор, эгерде жак өзү сотко жүйөлүү себептер боюнча (ден соолугунун абалы, жаш курагы жана башка себептер боюнча) кайрыла албаса, кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча гана бериши мүмкүн. Аракетке жөндөмсүз жарандардын, жашы жете электердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн арызды прокурор кызыкдар адамдын өтүнүчүнө карабастан бериши мүмкүн.
3. Прокурордук чара көрүү актылары четке кагылган же болбосо алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралбаган учурларда, прокурор органдардын жана кызмат адамдарынын актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө, ошондой эле мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
4. Жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарында, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн берилген доолор боюнча прокурордун арызына мамлекеттик алым салынбайт.
27-берене. Прокурордун көрсөтмөсү
Прокурор өзүнүн көзөмөлдүк ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жазуу жүзүндө көрсөтмөлөрдү төмөндөгүлөргө берүүгө укуктуу:
1) тергөөнү жана изин суутпай издөө иштерин жүзөгө ашыруучу органдарга;
2) жазаны жана сот дайындаган мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрацияларына, ошондой эле кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармоо жайларынын администрацияларына аларда турган адамдарды кармап туруунун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
28-берене. Соттук актыларга карата сунуштамалар
Прокурор өзүнүн компетенциясынын чегинде, процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте, мыйзамсыз жана негизсиз соттук актыга карата сунуштаманы сотко киргизет.
29-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын мажбурлап аткартуу чаралары
1. Прокурордук чара көрүү актыларын ыктыярдуу түрдө аткарбаган учурда, прокурор мүлкүнөн мажбурлап ажыратууну караган учурду кошпогондо, прокурордун талаптарын мажбурлап аткаруу жөнүндө токтомду чыгарууга жана аны аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө укуктуу.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар прокурордун тийиштүү токтомун алган учурдан тартып, аны кечиктирбей аткаруу чараларын көрүүгө милдеттүү.
30-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын жарыялоо
Өз ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн прокуратура органдары жалпыга маалымдоо каражаттарына органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине жана чечимдерине карата прокурордук чара көрүү актыларын жарыялай алат.
4-глава. Прокурордук көзөмөл
§ 1. Ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусуна көзөмөл
31-берене. Көзөмөл предмети
1. Көзөмөлдүн предмети болуп саналат:
1) ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясын сакталуусу, мыйзамдардын так жана бирдей аткарылуусу;
2) мыйзамдарга ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан чыгарылган укуктук актылардын мыйзамга ылайык келүүсү;
3) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөө.
2. Мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө прокуратура органдары башка мамлекеттик органдарды, мамлекеттик жана ведомстволук көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдарды алмаштырбайт.
32-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары
1. Прокурор мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү менен, төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде кызматтык ырастамасын көрсөтүү менен белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, мекемелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана бирикмелердин аймагына жана жайларына кирүүгө жана чыгарылган укуктук актыларды, ошондой эле аларды кабыл алууга негиз болгон документтерди жана материалдарды карап чыгууга;
2) колдонуу чектелген документтерге жеткиликтүүлүк деңгээлине ылайык жетекчилерден жана башка кызмат адамдарынан зарыл болгон документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү; келип чыккан маселелерди териштирүү үчүн адистерди бөлүп берүүнү; прокуратурага келип түшкөн материалдарга, маалыматтарга, кайрылууларга текшерүү жүргүзүүнү талап кылууга жана алардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирүүгө;
3) мыйзамдарды бузуулар боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн кызмат адамдарын жана башка адамдарды чакырууга.
2. Мыйзам бузуу фактысы аныкталган учурда прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга каршы келген укуктук актыларга, ченемдик укуктук актыларга каршылык билдирүүгө, ошондой эле, аларды жараксыз же конституциялык эмес деп таануу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга;
2) ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин мыйзамсыз иш-аракеттерине (аракетсиздигине) каршылык билдирүүгө;
3) мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузууларды четтетүү тууралуу сунуштамаларды жана талап кылууларды киргизүүгө; аларга жол бербөө тууралуу эскертүүгө;
4) жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арыз менен сотко кайрылууга;
5) Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүүгө;
6) кылмыш ишин козгоого жана тергөөгө;
7) тартиптик укук бузуу тууралуу жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоого; мыйзам бузган жактарды жоопкерчиликке тартууну талап кылууга.
3. Мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдары прокурордук чара көрүү актысында каралган көрсөтмөлөрдү, талаптарды жана талап кылууларды аткарууга токтоосуз киришүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 32-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
§ 2. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сактоосуна көзөмөл
33-берене. Көзөмөлдүн предмети
Көзөмөлдүн предмети болуп изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мыйзамдардын так жана бирдей аткарылуусу, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга укук берилген органдардын жана кызмат адамдарынын актыларынын жана аракеттеринин (аракетсиздигинин) мыйзамдуулугу саналат.
34-берене. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу органдарынын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча прокурордун ыйгарым укуктары
1. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды аткаруусун көзөмөлдөө боюнча прокурордун ыйгарым укуктары кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар, ушул конституциялык Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен аныкталат.
2. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ишиндеги мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү менен, прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) сутканын кайсы убагында болбосун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга барууга, алардын орун-жайларын, аларда турган объекттерди карап чыгууга, алардын өндүрүшүндө турган иштердин материалдары менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;
2) кыскартылган жана өндүрүштө турган изин суутпай издөө иштерин, материалдарды, эсепке алуу-каттоо документтерин, ведомстволук ченемдик актыларды жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар, тергөө менен жашыруун негизде кызматташып жаткан же кызматташкан купуя жардамчылардын жана штаттык жашыруун кызматкерлердин өздүгү жөнүндө маалыматтардан тышкары, изин суутпай издөө ишинин жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу башка зарыл маалыматтарды алардын мыйзамдуулугу жагында иликтөөгө;
3) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине даттанууларды жана арыздарды кароого, мыйзам бузуулар айкындалган учурда прокурордук чара көрүү актыларын киргизүүгө;
4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарына кылмыш иштерин жана ыкчам-кызматтык документтер боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө аткарууга милдеттүү жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
5) кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармап туруу жайларынын администрацияларына бул жайларда жайгашкан адамдарды кармап туруунун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
§ 3. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл
35-берене. Көзөмөл предмети
Прокурор тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын актыларынын жана ишмердигинин мыйзамдуулугуна, жасалган кылмыштар, жана териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү чечүүнүн мыйзамдарда белгиленген тартибинин сакталуусуна көзөмөл жүргүзөт.
36-берене. Тергөөчүнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча прокурордун ыйгарым укуктары
1. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү менен, прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) сутканын кайсы убагында болбосун тергөө жана алгачкы текшерүү органдарына барууга, алардын орун-жайларын, аларда турган объекттерди карап чыгууга, алардын өндүрүшүндө турган иштердин материалдары менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;
2) тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынан кылмыш иштерин, документтерди, материалдарды жана жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө, изин суутпай издөө иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтарды текшерүү үчүн алууга;
3) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алууда, каттоодо, чечүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын текшерүүгө;
4) эгерде тергөөнүн жүрүшүндө процесстин катышуучуларынын жана башка жарандардын укуктарын бузууларга, тергөөнүн мыйзамсыз ыкмаларына жол берилсе, күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги тууралуу маселени коюуга;
5) зарыл болгондо тергөө бөлүмдөрүнүн жана алгачкы текшерүү органдарынын жетекчилеринен аларга баш ийген органдарда мыйзам бузууларды четтетүү максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, кылмыштардын толук ачылуусун камсыз кылууну талап кылууга;
6) бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган адамдарды камакта кармоонун мыйзамдарда белгиленген тартибинин жана шарттарынын сакталуусун текшерүүгө;
61) кандай гана кылмыш болбосун аны тергөөнү тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна тапшырууга;
7) (КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды ошондой эле коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" жана "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алууга;
9) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктарды аткарууга укуктуу.
2. Прокурордун өз компетенциясынын чегиндеги көрсөтмөлөрү тергөөнү жана алгачкы текшерүүнү жүзөгө ашыруучу жак үчүн милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
§ 4. Мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукка көзөмөл
37-берене. Көзөмөл предмети жана укуктук статистиканы жана эсепке алууну жүргүзүү
1. Прокуратура укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндө, ошондой эле кылмыш жөнүндө арыз (билдирүү) катталган учурдан тартып соттун чечими (өкүмү) аткарылганга чейинки кылмыш-жаза процессинин бардык стадияларында мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
2. Прокуратура мамлекеттик укуктук статистиканы түзөт жана укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын отчет түзүүсүнүн жана тапшыруусунун бирдиктүү тартибин аныктайт, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүнүн тактикасын жана методикасын иштеп чыгуу менен кылмыштуулуктун абалын талдайт жана божомолдойт.
3. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жүргүзөт жана анын кармоочусу болуп саналат, ошондой эле кылмыштар жөнүндө жалпы статистикалык маалыматтарды түзөт жана белгиленген тартипте башка ведомстволорго жана инстанцияларга маалыматтарды берет.
4. Прокуратура жеке жана юридикалык жактарды маалыматтык-сурап билүү жагынан тейлөөнү жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215, 2025-жылдын 11-июнундагы № 117 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
38-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары
Укуктук статистика чөйрөсүндө көзөмөл жүргүзүүдө прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) укуктук статистика субъекттери берүүчү укуктук статистикалык маалыматтардын бүтүндүгүнө, объективдүүлүгүнө, аныктыгына жана жетиштүүлүгүнө контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;
2) өз компетенциясынын чегинде укуктук статистика субъекттеринен баштапкы эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин толуктугун жана аныктыгын, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актыларында аныкталуучу мөөнөттөрдө берүүнү талап кылууга;
3) өз компетенциясынын чегинде укуктук статистика субъекттеринен жана башка мамлекеттик органдардан укуктук статистика жана эсепке алуу маселелери боюнча статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды; укуктук мамлекеттик статистикалык отчетторду, статистикалык маалыматтарды жыйноо жана эсепке алууну жүргүзүү үчүн баштапкы эсепке алуу документтерин жана формаларын акы төлөбөстөн алууга;
4) көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууда укуктук статистиканын субъекттеринин жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды, кылмыш иштерин, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү талап кылууга, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде жерине баруу менен жүргүзүүгө;
5) укуктук статистика субъекттерине сутканын кайсы убагында болбосун барууга, баштапкы эсепке алуунун документтери жана формалары менен таанышууга, аларда болгон тийиштүү электрондук маалыматтык системаларга тоскоолдуксуз кирүүгө;
6) зарыл учурларда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, алардын жыйынтыктары боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоо же тартиптик өндүрүштү козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга, ошондой эле кызмат адамдарына карата прокурордук чара көрүүнүн башка актыларын киргизүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
§ 5. Кылмыш иштери боюнча соттук чечимдерди аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын
сакталышына көзөмөл
39-берене. Көзөмөл предмети
Көзөмөл предмети болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) кармалгандарды, камакка алынгандарды кармап туруучу жерлерде алардын, жаза аткаруу системасынын, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарында жана мекемелеринде соттолгондордун кармалып туруусунун, ошондой эле мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулган адамдарды кармап туруунун мыйзамдуулугу;
2) жаза аткаруу системасынын, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарында жана мекемелеринде соттолгондордун, камакка алынган адамдардын кармалып туруусунун, ошондой эле жарандын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулган адамдарды кармап туруунун тартибине жана шарттарына карата мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталуусу;
3) эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууда жана пробация колдонууда мыйзамдардын сакталуусу;
4) аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзамдардын сакталуусу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
40-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары
1. Мыйзамдардын аткарылуусун көзөмөлдөөдө прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, кайсы болбосун убакта жаза аткаруу системасынын органдарына жана мекемелерине, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарына, жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу органдарга жана мекемелерге, аткаруу өндүрүшүнүн органдарына, коомдон обочолотуу менен байланышпаган кылмыш жазаларын жана жазык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууга, түзөтүү мекемелеринен шарпуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарды көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга барууга;
2) кармалган, соттолгон жана камакка алынган адамдарга же жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулган адамдарга суроо берүүгө;
3) ушул адамдардын кармалышына, камакка алынышына, соттолушуна же мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулушуна негиз болгон документтер менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;
4) соттук чечимдерди аткаруу менен байланышкан документтер жана материалдар менен таанышууга;
5) жаза аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер, улуттук коопсуздук, саламаттык сактоо органдарынын администрацияларына, аларда жайгашкан адамдарды кармап туруунун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө; кармалгандардын, камакка алынгандардын, соттолгондордун жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулган адамдардын укуктарын камсыз кылган шарттарды түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө; жаза аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер, улуттук коопсуздук, аткаруу өндүрүшүнүн, саламаттык сактоонун органдарынын жана коомдон обочолотуу менен байланышпаган кылмыш жазаларды жана жазык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын администрацияларынын буйруктарынын, тескемелеринин, токтомдорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүгө;
6) камакка алынган, соттолгон адамдарга мыйзам бузуу менен салынган тартиптик жазаларды жокко чыгарууга; аларды өзүнүн токтому менен айыптык изолятордон, камера тибиндеги орук-жайдан, карцерден, тартиптик изолятордон дароо бошотууга;
7) тартиптик өндүрүштү козгоого, ошондой эле прокурордук чара көрүүнүн башка актыларын киргизүүгө;
8) Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүүгө.
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктарга ээ.
2. Прокурор жазаларды жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу мекемелерде мыйзамсыз негизде кармалып турган же болбосо мыйзамды бузуу менен кармалган, камакка алынган же соттук-психиатриялык мекемелерге жайгаштырылган ар бир адамды өз токтому менен дароо бошотууга милдеттүү.
5-глава. Сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарын билдирүү жана мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу
41-берене. Сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарын билдирүү жана мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу
1. Прокурор Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарында жана башка мыйзамдарында каралган учурларда соттордун иштерди кароосуна катышат.
2. Кылмыш куугунтуктоосун сотто жүзөгө ашыруу менен, прокурор мамлекеттик айыптоочу катары чыгат. Соттолуучунун күнөөсүн сотто далилдөө милдеттүүлүгү мамлекеттик айыптоочуга жүктөлөт.
3. Эгерде жарандардын укуктарын жана коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо талап кылса, прокурор Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарына ылайык арыз мекен сотко кайрылууга же процесстин кайсы болбосун стадиясында ишке катышууга укуктуу.
4. Соттук кароодогу иштерге катышуучу прокурордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдары менен аныкталат.
42-берене. Прокурордун соттук актыларга карата сунуштамаларды киргизүүсү
1. Соттук актыларды негизсиз же мыйзам талаптарына ылайыксыз деп табуу менен, прокурор процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте сотко сунуштама киргизет же жогору турган прокурорго сунуштама менен кайрылат.
2. Соттук актыларга карата сунуштама ал сотто каралганга чейин сунуштаманы киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
3. Прокурор соттук териштирүүгө катышпаганына карабастан, өз компетенциясынын чегинде соттон соттук актылар мыйзамдуу күчүнө кирген кайсы болбосун ишти же иштердин категориясын талап кылууга укуктуу.
4. Прокурор сураган иштер сот суроо-талап кылган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-глава. Кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашыруу
43-берене. Кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашыруу
1. Прокурор Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат.
2. Кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте төмөнкүлөргө карата кабыл алынат:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган тартипте кызмат ордунан четтетилген Кыргыз Республикасынын Президентине;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана мүчөлөрүнө;
4) судьяга;
5) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;
7) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасына;
8) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) жана анын орун басарына.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарларынын бири тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча кабыл алынат.
4. Кесиптик ишине байланыштуу адвокатка карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же болбосо анын орун басары тарабынан кабыл алынат.
44-берене. Аскер кызматчысынын статусу бар адамдарга, ошондой эле аскердик жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүү адамдарга карата кылмыш куугунтуктоосу
1. Прокурор аскер кызматчысынын статусу бар адамдарга жана аскердик жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөргө карата кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат.
2. Аскер кызматчысынын статусу бар адам жасаган укук бузуу фактысы жөнүндө билдирүүнү текшерүү прокуратура органдарынын компетенциясы болуп саналат.
Кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырууда прокурор жана аскер прокуратурасынын тергөөчүсү жасалган укук бузуу жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизет жана аскер кызматчысынын статусу бар адамга карата сотко чейинки өндүрүштү баштайт, ал эми прокурор Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте сотто мамлекеттик айыптоону жүзөгө ашырат.
3. Конкреттүү күнөөлүү адамдар аскер кызматчысынын статусу бар адамдар экендиги айыпталгандан кийин укук коргоо органдары сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын жана текшерүү материалдарын Аскер прокуратурасынын тийиштүү органына жөнөтүшөт.
7-глава. Прокуратурамын башка ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби
§ 1. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү
45-берене. Эл аралык укуктук кызматташууну жүзөгө ашырууда мыйзамдарды колдонууга көзөмөл
1. Прокуратура органдары укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин колдонулушуна көзөмөл жүргүзөт.
2. Башкы прокурор же анын орун басарлары ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө;
2) кылмыш иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу;
3) кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашыруу тууралуу;
4) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү тууралуу;
5) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча адамдарды транзиттик алып өтүү тууралуу.
46-берене. Прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу боюнча ыйгарым укуктары
Башкы прокуратура өз компетенциясынын чегинде эл аралык укуктук кызматташуу чөйрөсүндө:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун, ошондой эле колдонуудагы келишимдерди өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
2) эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, чет мамлекеттердин прокуратура органдары жана башка компетенттүү органдары менен укуктук жардам жана кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзөт жана кол коёт;
3) прокуратура органдарынын компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат, ошондой эле эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын органдарынын ишине катышат;
4) кызматташып жаткан чет мамлекеттердин аймактарында кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга катышат;
5) чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо органдарынын катышуусу менен, адамдарды өткөрүп берүү, кылмыштык куугунтуктоо, процессуалдык аракеттер өндүрүшү, соттолгондорду өткөрүп берүү, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, айкындоого жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтөт;
6) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын соттолгондорду берүү, кылмыштык куугунтуктоо, процессуалдык аракеттер өндүрүшү, өткөрүп берүү, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, айкындоого жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарын, өтүнүчтөрүн чет .мамлекеттердин компетенттүү органдарына жөнөтөт;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыңда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
47-берене. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү маалыматтык-талдоо иштери
1. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү маалыматтык-талдоо иштери төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) укук бузуулардын алдын алууга багытталган чараларды, анын ичинде мыйзамдык чараларды иштеп чыгуу максатында терс көрүнүштөрдү айкындоо;
2) укук мамилелеринин ар кайсы чөйрөлөрүндө мыйзамдуулукту бузуу фактылары жөнүндө сандык жана сапаттык маалыматтарды аныктоо;
3) терс укуктук көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин абалын мүнөздөөчү маалыматтарды, анын ичинде региондор боюнча маалыматтарды иликтөө жана кайра иштеп чыгуу.
Ар бир негиз боюнча маалыматтык-талдоочулук иштерди жүзөгө ашыруунун зарылчылыгы жана алардын тизмеги Башкы прокурор тарабынан, көзөмөлдөө ишинин алкагында аныкталат.
2. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук иштер Башкы прокурор бекиткен талдоочулук иштин пландарына ылайык прокуратура органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук иштерди пландан тышкары жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) Башкы прокурордун же анын орун басарларынын тапшырмалары;
2) мамлекеттик органдардын негиздүү суроо-талаптары, Башкы прокурордун же анын орун басарларынын макулдугу менен;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин, парламенттик иликтөө жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши түзгөн комиссиялардын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талаптары;
4) Башкы прокурордун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын койгон суроо-талабы.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтык-талдоочулук иш укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасынан, ээси көрсөтүлбөстөн, жеке жактардын конкреттүү жекече маалыматтары ачыкталбастан алынган маалыматтарды пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жеке жактардын жекече маалыматтарын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук иш Башкы прокурордун ар бир учур үчүн өзүнчө кабыл алынуучу буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Маалыматтык-талдоочулук иштерди жүргүзүүдө укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасындагы электрондук маалыматтык ресурстарга жетүү жана аларды иштеп чыгуу корголуучу камтымаларда сакталуучу электрондук санариптик кол коюуларды пайдалануу менен, өзүнчө орун-жайларда, сертификатталган компьютерлерде прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук иштерди жүргүзүүнүн тартиби, негиздери жана мындай ишмердикти жүзөгө ашырууга укуктуу прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын тизмеги (категориялары) Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
7. Маалыматтык-талдоочулук иштер, анын ичинде укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү иштер жекече мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына бекем ылайыктуулукта жүзөгө ашырылат.
§ 3. Прокуратуранын башка ыйгарым укуктары
48-берене. Текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда, прокуратура мамлекеттик органдар жүргүзүүчү текшерүүлөрдү каттоону жүзөгө ашырат.
Мыйзамдуу жана негиздүү текшерүүлөр катталууга жатат.
49-берене. Ченем жаратууда прокуратуранын катышуусу
1. Башкы прокурор өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча мыйзам чыгаруу демилге укугуна ээ.
Мыйзам чыгаруу демилге укугу Башкы прокурор тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралган учурда аны Башкы прокурор же анын орун басары сунуш кылат.
2. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизгенге чейин кызыкдар мамлекеттик органдар менен алардын иш чөйрөлөрүнө тиешелүү маселелер боюнча милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу тартиби Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
3. Башкы прокуратура кылмыш-жаза сот өндүрүшү, укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү тармагындагы мыйзам долбоорлоруна корутунду берет.
4. Башкы прокуратура колдонуудагы мыйзамдарды ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте укуктук жана коррупцияга каршы экспертизалоону жүргүзөт.
50-берене. Координациялык иш
1. Башкы прокурор жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор өз ыйгарым укуктарынын чегинде укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча иштерин координациялайт.
2. Прокурорлордун координациялык ишин уюштуруунун жана Координациялык Кеңештин курамын түзүүнүн тартиби жана формасы Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
3. Координациялык кеңештин чечими коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн милдеттүү.
51-берене. Прокуратуранын басылмалары
Башкы прокуратура мезгилдүү жана атайын басылмаларды басып чыгара алат.
8-глава. Прокуратура органдарында кызмат өтөө. Прокуратура органдарынын кадрлары
§ 1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө
52-берене. Прокуратура органдарына кызмат өтөөгө кирүү
1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө мамлекеттик кызматтын түрү болуп саналат. Прокуратура органдарынын кызматкерлери ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик кызмат ордунда милдеттерди аткаруучу мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
2. Прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө кирүү конкурстан өтүү аркылуу жана конкурстан тышкары жүргүзүлөт.
3. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана шарттары Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
Өткөрүлүүчү конкурстун ачыктыгы иштин багыттары боюнча орун алган кадрдык муктаждык, конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, конкурстун жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо аркылуу камсыз кылынат.
4. Ушул конституциялык Мыйзамдын 54- жана 55-беренелеринде каралган талаптарга ылайык келгенде, прокуратура органдарына конкурстан тышкары кызматка кирүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
1) кадыр-баркын кетирген негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, мурда прокуратура органдарынын кызматкерлери болгон адамдар;
2) укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка мамлекеттик органдардын жогорку юридикалык билими бар жана юриспруденция адистиги боюнча мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар кызматкерлери;
3) кынтыксыздык талаптарын бузгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган адамдарды кошпогондо, ыйгарым укуктарын токтоткон судьялар.
5. Башкы прокурор Башкы прокуратуранын коллегиясы же жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан сунушталган адамдарды прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө (жумушка) алууга укуктуу.
6. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн жаш курактык чеги төмөнкүдөй:
1) Башкы прокурор үчүн - 70 жаш, Башкы прокурордун орун басарлары үчүн, Башкы прокурордун орун басары - аскер прокурорун кошпогондо - 65 жаш;
2) аскер прокуратурасынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн кошпогондо, прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн - 63 жаш.
7. Прокуратура органдарынын башка кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби, кызмат өтөөгө байланышкан чектөөлөр жана тыюулар, класстык чен ыйгаруу тартиби, ошондой эле социалдык кепилдиктер мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
53-берене. Прокурорлор жана прокуратура органдарынын кызматкерлери
Ушул конституциялык Мыйзамдагы төмөнкүдөй терминдер аркылуу төмөнкүлөр түшүндүрүлөт:
1) прокурор - Башкы прокурор, анын биринчи орун басары жана орун басарлары, Башкы прокурордун орун басары - аскер прокурору, анын орун басарлары, Башкы прокурордун өзгөчө тапшырмалар боюнча улук жардамчысы жана Башкы прокурордун жардамчысы, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, түзүмдүк бөлүктөрдүн улук прокурорлору, прокурорлору, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, адистештирилген прокуратуралардын, райондордун (шаарлардын) прокурорлору, гарнизондордун аскер прокурорлору жана алардын орун басарлары, аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү, аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү, гарнизондордун аскер прокуратураларынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү, прокурор-криминалисттер, прокурорлордун тийиштүү ыйгарым укуктар берилген улук жардамчылары жана жардамчылары;
2) прокуратура органдарынын кызматкерлери - прокурорлор, ошондой эле аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү;
3) прокуратура органдарынын башка кызматкерлери - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлеп турган прокуратура органдарынын кызматкерлери.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
54-берене. Прокурор жана тергөөчү болуп дайындалуучу адамдарга коюлуучу талаптар
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, мамлекеттик аккредитациясы бар билим берүү программалары боюнча "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билимге ээ же "бакалавр" квалификациясында "Юриспруденция" даярдоо багыты боюнча жогорку билим, же "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча бакалавр диплому бар болгондо "магистр" квалификациясында "Юриспруденция" даярдоо багыты боюнча жогорку билим алган, мамлекеттик тилди билген, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөгө жарактуу жана квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары прокурор жана тергөөчү боло алат.
2. Прокуратура органдарынын укуктук статистиканы жана эсепке алууну түзүүчү бөлүктөрүнүн кызматкерлери болуп ошондой эле маалыматтык технологиялар менен байланышкан техникалык жогорку билими бар, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөгө жарактуу жана квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары иштей алышат.
3. Башкы прокурордун кызмат ордуна 40 жаштан кем эмес курактагы, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесип боюнча 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
4. Башкы прокурордун орун басарынын, аскер прокурорунун кызмат орундарына 35 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
5. Башкы прокурордун өзгөчө тапшырмалар боюнча жардамчысынын, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун, Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 35 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
6. Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, райондун, шаардын прокурорунун жана гарнизондун аскер прокурорунун кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
7. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун, аскер прокурорунун жана гарнизондун аскер прокурорунун орун басарынын, ошондой эле областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 30 жаштан жаш эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 2025-жылдын 9-августундагы № 194 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
55-берене. Прокуратура органдарында кызмат өтөөгө байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар
1. Прокурорлорго жана аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүлөрүнө төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
1) билим берүү, илимий, эксперттик жана башка чыгармачылык ишмердикти кошпогондо, башка акы төлөнүүчү иштер менен алектенүүгө;
2) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында турууга;
3) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан түзүмдүк бөлүктөрүнүн башкаруу органдарынын, камкорчулук же байкоочулук кеңештеринин, башка органдарынын курамына кирүүгө;
4) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүүчү комиссиялардын жана башка шайлануучу органдардын, ошондой эле кеңеш берүүчү органдардын мүчөсү болууга;
5) саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин, диний уюмдардын мүчөсү болууга, аларга кандайдыр бир колдоо көрсөтүүгө же алардын ишине катышууга;
6) өзүнө жакын тууган адамдардын тикелей карамагында же контролунда болууга байланышкан кызматта турууга;
7) кызматына байланышкан, аларга ыйгарым укуктар берилбеген милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убадаларды берүүгө;
8) кызматчынын өзүнүн жана анын жакын туугандарынын жеке кызыкчылыгын тикелей козгогон маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
9) баалуу кагаздарды, акцияларды жана чет өлкөлүк компаниялардын жана шериктештиктердин уставдык капиталдарындагы үлүштөрдү сатып алууга;
30) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталбаган банктарда банктык эсептерди ачууга;
11) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине тоскоолдук кылган иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды жана башка иш-чараларды уюштурууга же аларга катышууга;
12) мыйзамга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизилген, кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматтарды кызматтык милдеттерин аткарууга байланышпаган максаттарда жайылтууга же пайдаланууга;
13) референдум жана шайлоо өнөктүгү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштери менен алектенүүгө;
14) мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш сапарларга чыгууга;
15) өзүнүн жеке максаттары үчүн жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу пайдаланууга; алардан сый акыларды (акчалай жана башка сый акыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөмдөрдү) жана белектерди алууга;
16) өзүнүн кызматтык милдеттеринде каралбаган кайсы болбосун көмөктү өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүгө;
17) өкүлчүлүктүү органдардын депутаты болууга;
18) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл болууга;
19) кызматтык иштин материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, мамлекеттик башка мүлктү жана кызматтык маалыматты кызматтык эмес максатта пайдаланууга;
20) алкоголдук, баңгилик, психотроптук, токсикоманиялык мас абалга алып келүүчү заттарды (алардын аналогдорун) колдонгондугу боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартууга же качууга.
2. Прокуратура органдарынын кызматкери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө кирген учурдан тартып бир айдын ичинде өзүнүн жеке менчигиндеги баалуу кагаздарды (акцияларды, уставдык капиталда катышкан үлүшүн, облигацияларын, пайларды) жана пайдалануудан киреше алып келе турган башка мүлктөрүн, ошондой эле мүлктүк жалдоого берилген мүлкүн кызмат өтөө мезгилинде ишенимдик башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3. Ушул беренеде каралган чектөөлөр сакталбаган фактынын аныкталышы прокурорлорго жана тергөөчүлөргө карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
4. Адамдын прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка алынышы жана бул кызматта болушу мүмкүн эмес, эгерде ал:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо же башка мамлекеттин жарандыгын алса;
2) анын чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоо укугун тастыктаган жашап туруу укугун же башка документ алса;
3) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турса же мурда турган болсо, соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанышса;
4) белгилүү бир мөөнөттүн ичинде мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө укугунан соттун чечими менен ажыратылса:
5) кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо, ошондой эле соттуулугу жоюлгандыгына же алынгандыгына карабастан соттуулугу бар болсо же мурда болсо, же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыш куугунтуктоосун кыскартуу жөнүндө тергөө органынын же соттун жокко чыгарылбаган токтому бар болгон учурда;
6) кынтыксыздык талаптарын бузгандыгына байланыштуу мурда судьянын кызмат ордунан бошотулса;
7) жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү деп мыйзамдарда белгиленген тартипте таанылса же болбосо өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолсо;
8) медициналык корутундуга ылайык кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кыла турган оорусу бар болсо;
9) эгерде адам талапкер болуп жаткан кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды пайдаланууга байланыштуу болсо, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн тариздөө жол-жобосунан өтүүдөн баш тартса;
10) мурда прокуратура органдарынан жана мамлекеттик кызматтан кадыр-баркын кетирүүчү негиздер боюнча бошотулса;
11) тартиби Башкы прокурор тарабынан аныкталуучу атайын текшерүүдөн өтпөй калса.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөбөгөн же болбосо запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өтпөгөн же үй-бүлөлүк абалынан жана ден соолугунун абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкаркы) кызмат өтөбөгөн эркек жынысындагы жарандарга прокуратура органдарында кызмат өтөөгө жол берилбейт.
6. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөөсүн токтоткондон кийин (адвокаттык ишти жүзөгө ашырган учурларын кошпогондо) бир жыл ичинде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өзүнүн мурда иштеген жерине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча үчүнчү жактардын кызыкчылыгында кайрылууга;
2) өзү кызмат өтөгөн мезгилде анын карамагына кирген иштер боюнча жеке жана юридикалык жактардын атынан аракеттенүүгө, анткени бул ушул жеке же юридикалык жакка кошумча артыкчылыктарды бериши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
56-берене. Прокуратура органдарындагы кызматка биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдарга жекече окутуу уюштуруу
Прокуратура органдарына кызматка биринчи жолу кабыл алынган адамдарды жекече окутууну, анын жеке жана иштиктүү сапаттарын иликтөөнү уюштуруу жана аны жекече окутуунун натыйжаларын баалоонун тартиби Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
§ 2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин укуктук абалы
57-берене. Прокуратура органдарынын кызматкеринин статусу. Негизги укуктары жана милдеттери
1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин укуктук абалы (статусу) ушул конституциялык Мыйзам менен аныкталат.
2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин статусу ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген, мамлекет кепилдеген укуктардын жана милдеттердин жыйындысын билдирет.
3. Кызматкердин статусу анын керт башына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна жогорку талаптарды белгилөөнү талап кылат.
4. Прокуратура органдарынын кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кызматтык милдеттерин аткаруу жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарга;
2) ээлей турган кызмат орду боюнча анын укуктарын жана милдеттерин аныктоочу кызмат орундук милдеттер (кызмат орундук нускама) жана башка документтер менен, кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугун баалоонун критерийлери, кызматтык ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жана кызматтан жогорулоо шарттары менен таанышууга;
3) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык эс алууга;
4) акчалай каражатка (эмгек акыга);
5) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга, ошондой эле прокуратура органдарынын ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
6) эгерде кызматтык милдеттерин аткаруу мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка купуялыктарды түзүүчү маалыматтарды пайдаланууга байланышса, мындай маалыматтарды белгиленген тартипте алууга;
7) өзүнүн жекече маалыматтарынын корголушуна;
8) кызматтык ишинин натыйжаларын, кызмат өтөө стажысын, квалификациясынын жана кесиптик билиминин деңгээлин эске алуу менен кызмат боюнча жогорулоого;
9) кесиптик деңгээлин жана иштиктүүлүк квалификациясын жогорулатууга, кошумча кесиптик билим алууга;
10) анын рапорту боюнча кызматтык текшерүү (териштирүү) жүргүзүүгө;
11) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамга ылайык прокуратура органдарында кызмат өтөөгө байланышкан талаштарды чечүү үчүн баш ийүүчүлүк тартипте жогору турган кызмат адамдарына же жогору турган органдарга кайрылууга;
12) анын өмүрүн жана ден соолугун, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ошондой эле ага жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлктү мамлекеттик коргоого;
13) прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен талаптагыдай уюштуруу-техникалык жана санитардык-гигиеналык шарттарга;
14) курал жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык куралды жана (же) атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого;
15) прокуратура органынын жетекчисинин кызмат өтөө маселелери боюнча чечимине жогору турган жетекчиге же болбосо сот тартибинде даттанууга.
16) медициналык камсыздандырууга;
17) аны жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай менен камсыз кылууга.
5. Прокуратура органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ.
6. Прокуратура органдарынын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;
2) өз кызматтык (функциялык) милдеттерин жана өзүнүн укуктарын, кызматтык милдеттерин аныктоочу башка документтердин жоболорун аткарууга, тикелей жетекчилеринин (башчыларынын) буйруктарын жана тескемелерин аткарууга, ошондой эле түз же тикелей жетекчинин (башчынын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ачык каршы келген буйругун же болбосо тескемесин алганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга;
3) кызматтык маселелер боюнча өзүнүн түздөн-түз жетекчисине, ал эми зарыл болгондо, муну түздөн-түз жетекчисине билдирүү менен тикелей жетекчисине кайрылууга;
4) кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
5) ички кызматтык тартипти сактоого, болгон окуялар, убактылуу эмгекке жарамсыздыктын орун алгандыгы жөнүндө жана кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүндүгүн болтурбаган башка жагдайлар тууралуу түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө;
6) кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон квалификация деңгээлин кармоого;
7) мамлекеттик сырды жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна жана ден соолугуна тиешеси бар же алардын ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон маалыматтарды жайылтпоого;
8) мамлекеттик мүлктү, анын ичинде кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн ага берилген мүлктү сактоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн кирешелери, чыгашалары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешелери, чыгашалары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды берүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу (жашай туруу укугун алуу) жөнүндө арыз бергендиги тууралуу арыз берген күнү түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө же чет мамлекеттин жарандыгын (жашай туруу укугун) алгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан күнү же чет мамлекеттин жарандыгын алган күнү түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө;
12) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоого, ошондой эле этикалык нормаларды сактоого;
13) кызматтык милдеттерин аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканы тууралуу түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө жана мындай кагылышууну четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;
14) коррупциялык же башка укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайсы бир адамдардын ага кайрылган ар бир учуру тууралуу түздөн-түз жетекчисине кабарлоого.
7. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ушул конституциялык Мыйзамда каралган башка милдеттер да жүктөлүшү мүмкүн.
8. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттери Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
58-берене. Кызматтык ырастама жана мөөр
1. Башкы прокурорго, анын орун басарларына белгиленген үлгүдөгү ырастама Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине белгиленген үлгүдөгү кызматтык ырастама Башкы прокурор, Аскер прокурору, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору тарабынан, ошондой эле адистештирилген прокуратуралардын кызматкерлерине кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык берилет.
3. Кызматтык ырастама прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүгүн (инсандыгын), анын атайын наамын же аскердик наамын, кызмат ордун ырастоочу документ болуп эсептелет.
Прокуратура органдарынын кызматкеринин кызматтык ырастамасы анын кызматтык куралды алып жүрүүгө жана сактоого укугун ырастайт.
4. Башкы прокуратуранын, ага баш ийген прокуратура органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган, мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, казыналык органдарында тийиштүү эсептери болот.
59-берене. Формалык кийим
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлери акысыз формалык кийим менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана ченемдер боюнча камсыз кылынат.
Формалык кийимдин сыпатталышы, айырмалоо белгилери, жеңге тагылуучу шеврондор жана кийип жүрүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин ар-намысына шек келтирген кылмыш жасагандыгы үчүн бошотулган же соттун өкүмү боюнча атайын наамынан же аскердик наамынан (класстык ченинен) ажыратылган адамдарды кошпогондо, пенсияга чыгуусуна байланыштуу прокуратура органдарынан бошотулган адамдар формалык кийимди кийип жүрүүгө укуктуу.
§ 3. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартиби
60-берене. Прокурордун анты
1. Прокуратура органдарына кызмат ордуна биринчи жолу дайындалып жаткан адамдар Башкы прокурор белгилеген тартипте прокурордун (тергөөчүнүн) антын берет.
Прокурордун (тергөөчүнүн) анты
"Мен,
______________________________________________________________,
(фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы)
өзүмө прокурордун (тергөөчүнүн) милдеттерин алуу менен, өзүмдү мыйзамга кызмат кылууга арнап жатып:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларын сактоого, алардан бир азга да четтөөгө жол бербөөгө;
- ким жасагандыгына карабастан бардык мыйзам бузууларга каршы аёосуз күрөшүүгө, прокурордук көзөмөлдүн жана тергөөнүн жогорку натыйжалуулугуна жетишүүгө;
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын активдүү коргоого;
- жарандардын сунуштарына, арыздарына жана даттанууларына принциптүү жана кылдат мамиле кылууга, адамдардын тагдырын чечүүдө объективдүүлүктү жана адилеттүүлүктү сактоого;
- мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка купуя сырды бекем сактоого;
- өз чеберчилигимди туруктуу өркүндөтүүгө, кесиптик ар-намысымды жогору кармоого, сатылбастыктын, моралдык тазалыктын, жөнөкөйлүктүн үлгүсү болууга, кыргыз прокуратурасынын мыкты салттарын ыйык сактоого жана арттырууга салтанаттуу ант берем.
Антты бузуу прокуратура органдарында андан ары иштөө менен айкалышпай тургандыгын түшүнөм.".
2. Прокуратура органынын ант берген кызматкери тексттин алдына кол коёт жана ант берген күндүн датасын жазат. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат.
61-берене. Прокуратура органдарынын системасында кызматкерди жылыштыруу
1. Прокуратура органдарынын системасында кызматкерди жылыштыруу прокуратура органдарындагы жогору турган, теңдеш же төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу менен жүзөгө ашырылат.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерин жогору турган кызмат ордуна дайындоо жогору турган жетектөөчү кызмат ордуна жылдыруу үчүн кадрлардын резервинен, ошондой эле Башкы прокуратуранын жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясынын же коллегиясынын сунуш кылуусу боюнча жүргүзүлөт.
Прокуратура органдарынын кызматкерлерин жогору турган жетектөөчү эмес кызмат орундарына жылдыруу тиешелүү прокурордун сунуш кылуусу боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Эгерде кызмат орду үчүн жогорураак атайын наам каралса, ал эми каралган атайын наамдар тең болгондо - жогорураак кызматтык маяна каралса, прокуратура органдарындагы кызмат жогору турган кызмат болуп саналат.
4. Прокуратура органдарынын кызматкерин теңдеш маанидеги кызматка жылыштыруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) ротация тартибинде;
2) врачтык комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
3) жеке же үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча;
4) кызматкер ээлеп турган кызмат ордунун кыскарышына байланыштуу;
5) кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүүгө байланыштуу;
6) окуу өргүүсүндө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкердин жумушка чыгуусуна байланыштуу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жакын туугандык же кайын-журттук мамиледе турган кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүчүлүгүнө же контролдонуусуна байланышкан жагдайларды жоюу максатында.
5. Эгерде кызмат орду үчүн бирдей атайын наам жана кызматтык маяна каралса, прокуратура органдарындагы кызмат орду теңдеш маанидеги болуп саналат.
6. Кызматкерди төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) врачтык комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
2) берген арызынын негизинде, жеке өтүнүчү боюнча;
3) кызматкер ээлеп турган кызмат ордунун кыскарышына байланыштуу;
4) тартиптик жаза колдонуу тартибинде;
5) теңдеш маанидеги кызмат орду болбогондо, кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүүгө байланыштуу;
6) теңдеш кызмат орду болбогондо, окуу өргүүсүндө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкердин жумушка чыгуусуна байланыштуу;
7) кызматкер өзү ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбегендигине байланыштуу (жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиянын сунуштамасынын негизинде);
8) мыйзамдарга ылайык, жакын туугандык же кайын-журттук мамиледе турган кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүчүлүгүнө же контролдонуусуна байланышкан жагдайларды жоюу максатында;
9) мамлекеттик сырларга уруксат токтотулганда, эгерде аткаруучу кызматтык милдеттери жашыруун документацияга уруксат берүүнү талап кылса, бирок аны теңдеш маанидеги орунга которууга мүмкүнчүлүк болбосо.
7. Эгерде кызмат орду үчүн төмөнүрөөк атайын наам каралса, ал эми каралган атайын наамдар бирдей болгондо - төмөнүрөөк кызматтык маяна каралса, прокуратура органдарындагы кызмат орду төмөн турган болуп саналат.
8. Ушул берененин 6-бөлүгүнүн 1, 3, 5-пункттарында каралган негиздер боюнча кызматкерди төмөн турган кызмат ордуна жылыштыруу аны теңдеш кызмат ордуна которууга мүмкүн болбогон учурда жана анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
62-берене. Кызматкерди ротациялоо
1. Прокуратура органдарында кадрлык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, кызматтык жана кесиптик өнүгүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматтык өсүш үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү камсыз кылуу, кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү жана коррупциянын тобокелдигин азайтуу максатында кызматкерлерди ротациялоо жүргүзүлөт.
2. Багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары же болбосо майыптыгы бар башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле кызматкер жалгыз баласы болгон, аны менен дайыма бирге жашаган, эмгекке жараксыз, карыган ата-энеси болгон кызматкерлер башка жерге көчүүгө байланышкан ротациялоого жатпайт.
3. Кызматкерди анын ден соолугунун абалына каршы келген кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.
4. Милдеттүү түрдө ротациялоого жатуучу кызмат орундарынын тизмеги, ротациялоону жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
63-берене. Кызматкерди которуу
1. Прокуратура органдарынын кызматкерин башка мамлекеттик органга жана мамлекеттик органдан прокуратура органдарына которуу мамлекеттик кызматтын тиешелүү түрлөрүнө кирүү жана кызмат өтөө тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайыктуулугун эске алып, мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча, кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
2. Кызматкерди башка мамлекеттик органга которуу жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып ошол органга аны жумушка орноштуруу, кызматкерлерге каралган социалдык кепилдиктерди сактоо жоопкерчилиги жүктөлөт.
64-берене. Убактылуу ордун ээлөө
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине, алардын макулдугу менен. аны өзү ээлеп турган кызмат орду боюнча милдеттерди аткаруудан бир убакта бошотуу менен же ансыз эле, бош эмес кызмат орду боюнча милдеттер убактылуу жүктөлүшү мүмкүн.
2. Бош эмес кызмат орду боюнча убактылуу ордун ээлөөгө бул кызмат ордун ээлеп турган кызматкер убактылуу болбогон мезгилде жол берилет.
3. Убактылуу ордун ээлөө мезгилинде милдеттерди аткаруучу прокуратура органдарынын кызматкерлерине айкалыштырган жумуш боюнча кызматтык маянанын 30 пайызынан кем эмес кошумча акы төлөнөт.
65-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо алардын ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келүүсүн аныктоо, кызматтык тартипти чыңдоо жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык өсүш келечектерин аныктоо үчүн өткөрүлөт.
2. Баштапкы аттестациялоо прокуратура органдарына жумушка кабыл алынгандан бир жылдан кийин жүргүзүлөт.
Баштапкы аттестация кызматкердин демилгеси жана тийиштүү прокурордун өтүнүчү боюнча, Башкы прокурордун макулдугу менен, алты ай кызмат өтөгөндөн кийин, мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн.
3. Прокуратура органдарынын. кызматкерлерин кезектеги аттестациялоо беш жылда бир жолу жүргүзүлөт.
Төмөнкүлөр кезектеги аттестациядан өтүшпөйт:
1) иштеген жылдары 20 жыл жана андан жогору болгон кызматкер;
2) кош бойлуу аял - кызматкер;
3) кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкер. Аталган адамдар өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте эмес мөөнөттө аттестациядан өтөт.
4. Өргүүдө, иш сапарында жана дарыланууда жүргөн кызматкер жумушка чыккандан тартып бир айдан кийин аттестациядан өтүүгө тийиш.
5. Кезексиз аттестацияларды өткөрүүгө жол берилбейт.
6. Кызматкерлерди аттестациялоону Башкы прокуратуранын жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясы жана аскер прокуратурасынын, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын аттестациялык комиссиялары (мындан ары - комиссия) жүргүзөт.
Башкы прокуратуранын жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясынын курамын Башкы прокурор бекитет, ал эми аскер прокуратурасынын, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын аттестациялык комиссияларынын курамын тийиштүү прокурорлор бекитет.
7. Комиссиянын жыйналышы анын курамынын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси бар болгондо өткөрүлөт.
8. Комиссиянын чечимдери жана сунуштамалары ачык добуш берүү аркылуу, комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны тең чыкканда, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
9. Кызматкерди аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча комиссия төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет;
2) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет, жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн кадрлардын резервине киргизүү сунушталат;
3) кайталап аттестациялоого жатат;
4) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана төмөн турган кызмат ордуна жылдырылууга жатат;
5) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана прокуратура органдарынан бошотулууга жатат.
10. Кайталап аттестациялоо баштапкы аттестация өткөрүлгөн күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өткөрүлөт, Комиссия кайталап аттестациялоодон өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет;
2) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана прокуратура органдарынан бошотулууга жатат.
11. Аттестацияны өткөрүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
66-берене. Прокуратура органдарынын кадрлар резерви
1. Кадрдык ишти өркүндөтүү, кызматкерлерди тандоо, жайгаштыруу жана кызматтан жогорулатуу максатында прокуратура органдарынын төмөнкүдөй кадрлар резервдери түзүлөт:
1) жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн кадрлар резерви;
2) прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви.
2. Жогору турган кызмат орунга көрсөтүү үчүн кадрлар резерви прокуратура органдарынын жогорку башкаруучулук жана инсандык дараметке, жетиштүү кесиптик жана турмуштук тажрыйбага ээ болгон, стратегиялык, чыгармачыл ой жүгүртө алган жана коюлган милдеттерди натыйжалуу аткара билген абдан квалификациялуу, компетенттүү, демилгелүү кызматкерлерден түзүлөт.
3. Прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви белгиленген тартипте конкурстук тандоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн адамдардан түзүлөт.
4. Прокуратура органдарынын кадрлар резервдерин түзүүнүн жана алардын иштөөсүнүн тартибин Башкы прокурор аныктайт.
67-берене. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк иши
1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк иши кызматкер жөнүндө маалыматтарды, анын прокуратура органдарында кызмат өтөөсү, квалификациясын жогорулатуусу, ошондой эле ал жөнүндө башка маалыматтарды камтыган негизги документ болуп эсептелет.
Кызматкердин өздүк ишин прокуратура органдарынын кадрлар башкармалыгы тариздейт жана жүргүзөт.
2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
3. Кызматкер өздүк ишиндеги бардык материалдар менен таанышууга, өздүк ишине өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн кошууга укуктуу.
4. Кызматкер прокуратура органдарынан башка мамлекеттик органга которулганда, анын өздүк иши жаны кызмат жайына өткөрүлүп берилет.
5. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өздүк иштерин жүргүзүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
68-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары жана аскердик наамдары
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине, ушул конституциялык Мыйзамга, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ээлеп турган кызматын, атайын наамда, аскердик наамда, атайын класстык ченде жана класстык ченде турган мөөнөтүн эске алуу менен, атайын наамдар жана аскердик наамдар ыйгарылат.
Прокуратура органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды же аскердик наамдарды ыйгарууну сунуштоо тартиби Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ээлеп турган кызмат орду боюнча төмөнкүдөй чектеги атайын наамдар жана аскердик наамдар ыйгарылат:
Атайын наам/аскердик наам | Кызмат орду |
Юстициянын генерал-полковниги | Башкы прокурор |
Юстициянын генерал-лейтенанты | Башкы прокурордун биринчи орун басары |
Юстициянын генерал-майору | Башкы прокурордун орун басарлары, Башкы прокурордун орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору; Баткен жана Жалал-Абад, Ош жана Чүй областтарынын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору |
Юстициянын полковниги | областтардын прокурорлору, Ош шаарынын прокурору; областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун орун басарлары; адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору; Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары, Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бөлүмдөрүнүн жетекчилери; Башкы прокурордун өзгөчө тапшырмалары боюнча улук жардамчысы; шаарлардын жана райондордун прокурорлору; Аскер прокурорунун орун басарлары; гарнизондордун аскер прокурорлору |
Юстициянын подполковниги | Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери; областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун улук жардамчылары; адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун орун басарлары; шаарлардын жана райондордун прокурорлорунун орун басарлары; Башкы прокурордун жардамчысы; Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору; Аскер прокурорунун улук жардамчысы, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү, аскер прокуратурасынын прокурор-криминалисти, гарнизондордун аскер прокурорлорунун орун басарлары |
Юстициянын майору | областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин орун басарлары, улук прокурорлору жана прокурорлору; адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун улук жардамчылары, жардамчылары; аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору; аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү; гарнизондордун аскер прокуратураларынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү, гарнизондордун аскер прокурорлорунун улук жардамчылары |
Юстициянын капитаны, юстициянын улук лейтенанты, юстициянын лейтенанты, юстициянын кенже лейтенанты | гарнизондордун аскер прокурорлорунун жардамчылары |
3. Атайын наамда болуунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
1) юстициянын кенже лейтенанты - 1 жыл;
2) юстициянын лейтенанты - 2 жыл;
3) юстициянын улук лейтенанты - 2 жыл;
4) юстициянын капитаны - 3 жыл;
5) юстициянын майору - 4 жыл;
6) юстициянын подполковниги - 5 жыл.
Юстициянын полковниги атайын наамында болуунун мөөнөттөрү белгиленбейт.
4. Штаттык категорияларын атайын наам менен ээлөө каралган прокуратура органдарындагы кызмат орундарына атайын класстык чени, класстык чени, аскердик наамы жана атайын наамы бар адамдар дайындалган учурда, дайындоо менен бир эле убакта аларга атайын класстык ченге, класстык ченге, аскердик наамга же атайын наамга туура келүүчү атайын наам ыйгарылат.
Атайын класстык чени, класстык чени, аскердик наамы жана атайын наамы бар адамдарга кезектеги атайын наамды ыйгарууда атайын класстык ченде, класстык ченде, аскердик наамда жана атайын наамды алып жүрүү мөөнөтү атайын класстык чен же класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет.
5. Кезектеги атайын наам же аскердик наам тартиптик жаза колдонулган мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле кадрлар тескемесинде турган кызматкерлерге ыйгарылбайт.
6. Юстициянын генерал-майору, генерал-лейтенанты жана генерал-полковниги атайын наамдары жана юстициянын генерал-майору аскердик наамын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
Прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине юстициянын кенже лейтенанты, лейтенанты, улук лейтенанты, капитаны, майору, подполковниги, полковниги атайын наамдарын жана аскердик наамдарын ыйгаруу Башкы прокурор тарабынан жүргүзүлөт.
7. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрдүн аскердик наамдары прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдарына теңдеш келет.
Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөрү (полковникти кошо алганда) аскердик кызматтан бошогондо жана прокуратуранын аймактык, адистештирилген органдарына же Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнө кызмат өтөөгө киргенде, аларга аскердик наамына туура келген атайын наамдар ыйгарылат.
Атайын наамдары бар прокурорлорду (юстициянын полковнигине чейин) аскер прокуратурасынын органдарына аскердик кызматка аныктаганда, алардын атайын наамдарына тийиштүү аскердик наамдар ыйгарылат.
8. Прокуратура органдарынын кызматкерине ушул конституциялык Мыйзамдын 81-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык сыйлоо иретинде, кезектеги атайын наам же аскердик наам прокуратура органдарында иштеген убагында эки жолкудан көп эмес ыйгарылышы мүмкүн:
1) мөөнөтүнөн мурда, эгерде акыркы атайын наамда же аскердик наамда болуу мөөнөтү кезектеги атайын наамды же аскердик наамды ыйгаруу үчүн зарыл мөөнөттүн жарымынан кем эмесин түзсө;
2) жогорку атайын наамдарды жана жогорку аскердик наамдарды кошпогондо, ээлеп турган кызмат орду боюнча тийиштүү наамдан жогору, бирок бир атайын наамдан же аскердик наамдан жогору эмес болгон атайын наам же аскердик наам.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
§ 4. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызмат убактысы жана эс алуу убактысы
69-берене. Кызмат убактысы жана эс алуу убактысы
1. Кызмат убактысы - прокуратура органдарынын ички кызматтык тартип эрежелерине, кызмат орундук регламентке (кызмат орундук нускамага) ылайык прокуратура органдарынын кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин аткарууга тийиш болгон убакыт.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн кызмат убактысынын нормалык узактыгы жумасына 40 сааттан, ал эми бийик тоо шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда кызмат өтөөчү аял кызматкерлер үчүн жумасына 36 сааттан ашпоосу керек. Кызматкерлер үчүн беш күндүк иш жумасы белгиленет.
3. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн Башкы прокурордун укуктук актылары менен же ал ыйгарым укук берген адамдар тарабынан нормаланбаган жумушчу күн белгилениши мүмкүн.
4. Жумуш эмес майрам күндөрдүн алдындагы жумуш күнүнүн узактыгы бир саатка кыскартылат.
Дем алыш күн жана жумуш эмес майрам күн дал келгенде, дем алыш күн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте которулат.
5. Эс алуу убактысы - прокуратура органдарынын кызматкери кызматтык милдеттерин аткаруудан бош болгон убакыт.
Кызматкерлер үчүн эс алуу убактысынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет: кызматтык күндүн ичиндеги тыныгуу, дем алыш жака майрам күндөрү, ошондой эле өргүүлөр.
6. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызмат убактысынын жана эс алуу убактысынын режими Башкы прокурор бекиткен прокуратура органдарынын ички тартип эрежелери менен белгиленет.
7. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөө тараптардын макулдашуусу боюнча, башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнө кошуу менен же акчалай формада - эки эселенген өлчөмдөн кем эмес компенсацияланат.
70-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өргүүлөрү
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине өргүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү берилет:
1) кезектеги эмгек өргүүсү;
2) кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү;
3) бала багуу боюнча өргүү;
4) акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган өргүү;
5) оорусу боюнча өргүү;
6) окуу өргүүсү.
2. Өргүүлөрдүн узактыгы календардык күндөр менен эсептелет. Кезектеги эмгектик өргүүнү эсептөөдө өргүү убактысына туура келген жумуш эмес майрам күндөр өргүүнүн календардык күндөрүнө киргизилбейт жана төлөнбөйт.
71-берене. Ар жылдык кезектеги эмгек өргүүсү
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө акча каражатын төлөп берүү менен, узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык кезектеги эмгек өргүүсү берилет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте эсептеле турган мамлекеттик кызматта иштеген жылдары 5, 10, 15 жана 20 жыл болгондо, прокурорлорго жана тергөөчүлөргө ар жылдык төлөнүүчү өргүү тийиштүү түрдө 2, 5, 10 жана 15 календардык күнгө көбөйтүлөт.
3. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана кызмат өтөп жаткан прокуратура органдарынын кызматкерлерине ар жылдык төлөнүүчү өргүү мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча берилет.
4. Кезектеги эмгектик өргүүсү берилүүчү жумуш жылы болуп узактыгы боюнча календардык жылга тең болгон, бирок ар бир кызматкерге ал жумушка кабыл алынган күндөн тартып эсептелүүчү убакыттын аралыгы эсептелет.
5. Ар жылдык төлөнүүчү өргүүгө укук берген жумуш жылына төмөндөгүлөр киргизилет:
1) факт жүзүндөгү жумуш убактысы;
2) кызматкер факт жүзүндө иштебеген, бирок мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ага иштеген жери (кызмат орду), анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы сакталган убакыт;
3) жумушка кайра калыбына келтиргенде аргасыз иштебей жүргөн убакыт.
6. Кезектеги эмгек өргүүсүнө укук берген жумуш жылына төмөндөгүлөр киргизилбейт:
1) бала багуу боюнча, анын ичинде бала асырап алуу боюнча өргүү убактысы;
2) акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган, узактыгы 14 күндөн ашык окуу өргүүсүнүн убактысы;
3) оорусу боюнча өргүү убактысы;
4) акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган, узактыгы 14 күндөн ашык өргүү убактысы;
5) кадрлардын тескөөсүндө жүрүү убактысы;
6) ушул конституциялык Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кызматкерди жумуштан четтетүү убактысы.
7. Кезектеги эмгек өргүүсү ар жылы берилиши керек. Биринчи жыл үчүн өргүүнү пайдаланууга кызматкердин укугу үзгүлтүксүз 11 ай кызмат өтөгөндөн кийин келип чыгат.
Кызмат өтөгөнүнө 11 ай болгонго чейинки өргүү аялдарга - кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин, ошондой эле үч айга чейинки курактагы баланы (балдарды) асырап алгандарга берилиши керек.
Экинчи жана андан кийинки жумуш жылдары үчүн кезектеги эмгек өргүүсү ар жылдык төлөнүүчү өргүүнү берүүнүн кезектүүлүгүнө ылайык, жумуш жылынын кайсы болбосун убактысында берилиши мүмкүн.
8. Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги эмгектик өргүү эки бөлүккө бөлүнүшү мүмкүн, мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбошу керек. Өргүүнү эки бөлүккө бөлүүдө өргүүлүк төлөм катары берилүүчү акча каражаты өргүүнүн биринчи бөлүгүн тариздөөдө толук көлөмдө берилет. Өргүүнүн экинчи бөлүгү прокуратура органынын жетекчисинин буйругунун негизинде пайдаланылат.
9. Ар жылдык эмгек өргүүсүндө жүргөн кызматкер мөөнөтүнөн мурда чакыртылып алынышы мүмкүн. Кызматкерди өргүүдөн чакыртып алууга анын макулдугу менен гана уруксат берилет жана эмгек өргүүсүн берүүгө укугу бар жетекчинин буйругу менен таризделет. Өргүүнүн пайдаланылбай калган бөлүгү кызматкердин каалоосу боюнча ушул жумуш жылынын ичинде, анын тандоосу боюнча ага ыңгайлуу убакта берилиши керек же кийинки жылдын кезектеги өргүүсүнө кошулушу мүмкүн.
10. Кызматкерди кызмат боюнча жылыштырганда же которгондо бул жылыштырууга чейин кезектеги эмгек өргүүсүн ал пайдаланбаган болсо, ага өргүү ушул жылда, жаңы жумуш орду боюнча берилет.
11. Кызматкер жумуштан бошогондо, ал пайдаланбаган бардык өргүүлөр үчүн акчалай компенсация төлөнөт.
12. Пайдаланылбаган өргүүлөр кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча андан кийин жумуштан бошотуу менен берилиши мүмкүн (күнөөлүү аракеттери үчүн бошотулгандан башка учурларда). Мында жумуштан бошогон күн деп өргүүнүн акыркы күнү эсептелет.
72-берене. Кезектеги эмгек өргүүсүнүн узактыгын иштеген убакытка пропорциялуу эсептөө тартиби
1. Кезектеги эмгек өргүүсүнүн жумуш жылындагы иштеген убакытка пропорциялуу узактыгы бир айга туура келүүчү өргүүнүн чоңдугун жумуш жылындагы иштеген айлардын санына көбөйтүү жолу менен эсептелет.
Өргүү күндөрүнүн иштеген убакыттын үлүшүнө пропорциялуу жалпы узактыгында 0,5ке барабар жана андан көп ондук үлүштөр 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен аздары эсептөөдөн чыгарылат.
2. Жумуш жылында иштеген толук айларды эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) жумуш жылына киргизилүүчү күндөр эсептеп чыгылат;
2) алынган сумма бир жылдагы жумушчу күндөрдүн орточо айлык санына бөлүнөт;
3) 13 жана андан ашык жумушчу күндү түзүүчү калдык күндөр толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумушчу күндөн аз калдык күндөр эсептөөдөн чыгарылат.
73-берене. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүү
1. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө медициналык корутундунун негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет. Өргүүдө жүргөн убакыт үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана өлчөмдө жөлөкпул төлөнөт.
2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү суммалык түрдө эсептелет жана төрөгөнгө чейин факт жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан толук берилет.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн күндөрүнүн саны төрөгөнгө чейинки 70 календардык күндү жана төрөгөндөн кийинки 56 күндү (татаалдашкан төрөт же 2 жана андан көп бала төрөлгөн учурларда - 70 күндү) түзөт.
3. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө алардын өтүнүчү боюнча акчалай камсыздоосу (эмгек акысы) сакталбастан, баланы үч жашка толгонго чейин багуу боюнча өргүү берилет. Алардын каалоосу менен бала багуу боюнча өргүү кыскартылышы мүмкүн.
4. Бала багуу боюнча өргүү прокуратура органдарында иштеген жылдарга эсептелет.
5. Кош бойлуулук жана төрөт жана бала багуу боюнча өргүүлөрдө жүргөн кызматкерлерге жумуш орду сакталат.
6. Бала багуу боюнча өргүү аяктагандан кийин 6 ай өткөндө, ушул жылда кызмат кылган убактысына пропорциялуу түрдө, узактыгы 14 календардык күндөн кем эмес кезектеги ар жылдык өргүү берилиши мүмкүн.
74-берене. Акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган өргүү
1. Үй-бүлөлүк жагдайлар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкердин жана прокуратура органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.
Жетекчи кызматкердин арызынын негизинде төмөнкүдөй учурларда эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү:
1) бала төрөлгөндө, никени каттоодо, кызматкердин жакын туугандарынын же кызматкерди багып чоңойткон адамдын саламаттыгынын оор абалы же өлүмү, кызматкердин үй-бүлөсү же жакын туугандары учураган табигый кырсык учурларында - 5 календардык күнгө чейин;
2) ушул конституциялык Мыйзамда же жамааттык келишимде каралган башка учурларда.
Кызматкер акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган өргүүдө болгон мезгилде ага жумуш орду (кызмат орду) сакталат.
Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган өргүүгө жиберүүгө жол берилбейт.
2. Эмгек акысы сакталбаган өргүүнүн узактыгы 14 күндөн жогору болгон убактысы кезектеги эмгек өргүүсүнө укук берген жумуш жылына киргизилбейт.
75-берене. Оорусу боюнча өргүү
1. Кызматкерге акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган, оорусу боюнча өргүү дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде берилет.
2. Оорусу боюнча өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат. Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүрүү убактысы, дарыланууда жүрүүнүн узагыраак мөөнөттөрүн талап кылган учурлардан тышкары, 4 айдан ашпоосу керек.
Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарыланууда жүрүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кызматкер анын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн дарыгердик комиссия тарабынан күбөлөндүрүлүүгө жатат.
3. Кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган жараатына байланыштуу дарыланууда жүрүүсүнүн убактысы чектелбейт. Мындай учурда кызматкер медициналык күбөлөндүрүүгө дарылануу аяктагандан кийин же оорунун натыйжасы аныкталганда жөнөтүлөт.
76-берене. Кызматкерлер үчүн окуу өргүүсү
1. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, мамлекеттик аккредитациясы бар жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарына прокуратура органдары тарабынан окууга жиберилген, бул уюмдарда ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге прокуратура органдары орточо эмгек акысын сактоо менен кошумча өргүүнү төмөндөгүлөргө берет:
1) биринчи жана экинчи курстарда зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн - 40 календардык күнгө, кийинки курстарда тийиштүү түрдө 50 календардык күнгө;
2) дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана жактоо, жыйынтыктоочу мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 4 ай;
3) жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн - 1 ай.
2. Прокуратура органдары эмгек акысы сакталбаган өргүүнү төмөндөгүлөргө берет:
1) жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кирүү сыноолоруна катыштырылган кызматкерлерге - 15 календардык күн;
2) жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын алдындагы даярдоо бөлүмүнүн угуучулары болуп калган кызматкерлерге бүтүрүүчү сынактарды тапшыруу үчүн - 15 календардык күн;
3) жогорку кесиптик билим берүүчү, окутуунун күндүзгү формасындагы билим берүү уюмдарында окууну жумуш менен айкалыштырып окуган студенти болуп калган кызматкерлерге зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн - окуу жылында - 15 календардык күн;
4) дипломдук долбоорду (ишти) даярдоого, жактоого жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 4 ай;
5) мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай.
3. Окууну жумуш менен айкалыштырган кызматкер бир эле убакта эки билим берүү уюмунда окуганда кепилдиктер жана компенсациялар билим берүү уюмдарынын бири боюнча гана берилет (кызматкердин тандоосу боюнча).
77-берене. Эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу прокуратура органдарынын кызматкерин кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу
1. Кызматкердин эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу аны кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотуу кызматкердин кызмат өтөгөн жери, жашаган жери же ал жайгашкан башка жер боюнча саламаттык сактоо уюмдары берген эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Кызматкер ооруп калган учурда, медициналык уюмга кайрылгандан кийин 24 сааттын ичинде өзүнүн түздөн-түз жетекчисине эмгекке жарамсыздык баракчасы таризделген датаны билдирүү менен, ооруп калгандыгы тууралуу кабарлоого милдеттүү.
3. Эгерде кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу 12 айдын ичинде үзгүлтүксүз 4 айдан ашык же 12 айдын ичинде жалпысынан 5 айдан ашык кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулса, ал прокуратура органдарында андан ары кызмат өтөөгө анын жарактуулугу жөнүндө же болбосо дарылоону улантуу тууралуу маселени чечүү үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө) жөнөтүлөт.
4. Кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган мертинүүгө же ден соолугунун башкача бузулушуна (ооруп калгандыгына) байланыштуу дарыланууда жүрүүсүнүн убактысы чектелбейт. Мертинүү алган же ден соолугу бузулган (ооруп калган) кызматкер медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө) дарылануу аяктагандан кийин же мертинүүнүн же ден соолугуна келтирилген башка залалдын (оорунун) натыйжасы аныкталгандыгына жараша жөнөтүлөт.
§ 5. Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу жана кызматтык териштирүүнү жүргүзүү
78-берене. Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусу
Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
79-берене. Кызматтык териштирүү
1. Кызматтык териштирүү тийиштүү прокуратура органынын жетекчиси тарабынан, кызматкер өз кызматтык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган, прокуратура органдарынын кызматкеринин кесиптик этикасын бузган учурда дайындалат. Кызматтык териштирүү кызматкердин талабы боюнча да дайындалат.
2. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнүн тартиби, кызматтык териштирүүнүн натыйжалары менен таанышуунун жана аларды даттануунун тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
80-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин ээлеп турган кызматынан убактылуу четтетүү
1. Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарга ылайык, ээлеп турган кызматынан четтетүү тууралуу чечимди тергөө судьясы же сот чыгарган учурда прокуратура органдарынын кызматкери ээлеп турган кызмат ордунан убактылуу четтетилет.
2. Прокуратура органынын тийиштүү жетекчисинин же Башкы прокурордун буйругунун негизинде кызматкер ээлеп турган кызматынан төмөнкүдөй учурларда убактылуу четтетилиши мүмкүн:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чараны колдонбостон кызматкерге кылмыш жасагандыгы тууралуу күнөө коюлганда - кылмыш куугунтуктоосу реабилитациялоочу негиздер боюнча кыскартылганга же актоо өкүмү чыгарылганга чейин;
2) кызматтык териштирүү жүргүзүлгөндө (кызматкердин өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) - кызматтык териштирүү аяктаганга чейин;
3) кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда - ал жөнгө салынганга чейин.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кызматкерди ээлеп турган кызматынан убактылуу четтеткен учурларда, анын акчалай камсыздоосу (эмгек акысы) сакталат.
4. Кызматкерди кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
§ 6. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин сыйлоо, тартиптик таасирдеги чаралар, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу
81-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин сыйлоо
1. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү жана ак ниет аткаргандыгы, узак жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн прокуратура органдарынын кызматкерлерин сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:
1) алкыш жарыялоо;
2) акчалай сыйлык берүү;
3) баалуу белек менен сыйлоо;
4) Ардак грамота менен сыйлоо;
5) атайын наамды же аскердик наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу;
6) ээлеп турган кызмат орду боюнча тийиштүү наамдан жогору турган атайын наамды же аскердик наамды ыйгаруу;
7) төш белгилер жана медалдар менен сыйлоо.
2. Прокуратура органдарынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлери "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамын ыйгарууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Башкы прокурор ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобону, алардын сыпаттамасын бекитет жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана жогорку кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн прокуратура органдарынын кызматкерлерине сый көрсөтүү үчүн ведомстволук сыйлыктарды колдонот.
Башкы прокурор ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган сый көрсөтүү түрлөрүн белгилеши жана колдонушу мүмкүн.
Башкы прокурор прокуратура органдарынын кызматкери болуп саналбаган, мыйзамдуулукту чыңдоого жана прокуратура органдарынын системасын өнүктүрүүгө олуттуу жардам көрсөткөн адамдарга карата сый көрсөтүүнү колдоно алат.
4. Сый көрсөтүүнү колдонуу тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
82-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өз кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы жана прокуратура органдарынын кызматкеринин кадыр-баркын кетирүүчү жосундарды жасагандыгы, кесиптик этиканы бузгандыгы, буга тете эле ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген, прокуратура органдарында кызматкердин кызматта туруусуна байланышкан чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн прокуратура органдарынын жетекчилери аларга төмөнкүдөй тартиптик жазаларды берүүгө укуктуу:
1) эскертүү;
2) сөгүш;
3) катуу сөгүш;
4) кызматына толук эмес ылайык келүүсү тууралуу эскертүү;
5) атайын наамын же аскердик наамын бир баскычка төмөндөтүү;
6) кызматынан төмөндөтүү;
7) прокуратура органдарынан бошотуу.
2. Тартиптик жазалар жосун аныкталгандан кийин түздөн-түз, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматкер ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган ар бир учур үчүн бир гана тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн.
3. Тартиптик жаза чарасы жасалган жосундун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жосун жасалган жагдайларды эске алуу менен салынат. Кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе прокуратура органдарынын коллегиясы тарабынан каралып жаткан учурду кошпогондо, жасалган жосундун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар тартиптик комиссия тарабынан аныкталат. Тартиптик комиссия өз ишинин натыйжасында жаза чарасынын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө прокуратура органынын жетекчисине сунуш киргизет. Тартиптик комиссияны түзүү жана анын иштөө тартиби Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
Прокуратура органдарынын коллегиясы кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароодо ал жасаган жосундун оордугун, мүнөзүн жана аны менен байланышкан башка жагдайларды өз алдынча аныктайт жана тартиптик жаза чарасынын конкреттүү түрүн колдонот.
4. Тартиптик жазаны колдонгонго чейин кызматкерден жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылынышы керек. Мындай түшүндүрмөнү берүүдөн баш тартуу же качуу акт менен таризделет, ал катталууга тийиш жана жазаны колдонуу үчүн тоскоол боло албайт.
5. Жогору турган прокурор прокуратура органынын төмөн турган жетекчиси колдонгон тартиптик жазаны жокко чыгарууга же анын түрүн өзгөртүүгө укуктуу.
6. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө буйрук ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде, кол койдуруп алуу менен кызматкерге жарыяланат, кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жүргөн учурда көрсөтүлгөн мөөнөт токтотулуп турат жана анын жумушка чыгышына жараша калыбына келтирилет.
Кызматкер буйруктун көчүрмөсүн алууда кол коюудан же буйрук менен таанышуу үчүн келүүдөн баш тарткан учурда тийиштүү акт түзүлөт жана кызматкер акт түзүлгөн күндөн тартып кабарланды деп эсептелет.
7. Тартиптик жаза прокуратура органынын кызматкери ооруган убакта же өргүүдө жүргөн мезгилде колдонулушу мүмкүн эмес.
Кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздыкта болгон мезгилде жана өргүүдө жүргөн мезгилде, эгерде жосун ал ооруган же өргүүдө жүргөн мезгилде жасалбаса гана, тартиптик жаза ал жумушка чыккандан кийин колдонулат.
8. Тартиптик жаза колдонулган күндөн тартып бир жыл ичинде кызматкер жаны тартиптик жазага тартылбаса, тартиптик жаза алып салынган болуп эсептелет.
Эгерде кызматкер өз кызматтык милдеттерин аткарууда тартиптүүлүктү жана ак ниеттүүлүктү көрсөтсө, жаза бир жыл аяктаганга чейин Башкы прокурор же аны колдонгон прокурор же жогору турган прокурор тарабынан, ошондой эле сыйлоо түрүндө алып салынышы мүмкүн.
Тартиптик жазаны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кызматкерлерге карата сый көрсөтүү чаралары (квартал сайын сыйлоо түрүндөгү төлөмдөрдү кошпогондо) жана аларга атайын наамдарды жана аскердик наамдарды ыйгаруу колдонулбайт.
9. Тартиптик жазаны колдонуу маселелери боюнча прокуратура органынын жетекчисинин чечимине макул болбогон учурда, кызматкер аны жогору турган прокурорго жана (же) сотко даттанууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
83-берене. Прокуратура органдарынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу тартиби
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
84-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык коргоо чаралары
1. Кылмыш үстүндө, түздөн-түз кылмыш жасагандан кийин кармалган учурларды кошпогондо, прокурор же тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда аны айдап келүүгө, кармоого, жекече тинтип текшерүүгө жана анын буюмдарын тинтип текшерүүгө, ошондой эле анын жеке жана пайдаланган транспортун тинтип текшерүүгө жол берилбейт.
2. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана саламаттыгы мамлекеттин коргоосунда турат жана кызмат өтөө башталган күндөн тартып аяктаганга чейин мамлекеттик бюджеттин эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга алынат.
3. Ушул берененин 10-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, прокуратура органдарынын кызматкери өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген учурда, ал ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана шарттарда зыяндын ордун толтуртууга укуктуу.
4. Эгерде прокуратура органдарынын кызматкери кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алган мертинүүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын), оорунун кесепетинен өлүмгө же майыптыкка учураса, ал кызматтан бошогондон кийин бир жылдын ичинде камсыздандырылган болуп эсептелет.
5. Мамлекеттик камсыздандыруу органдары прокуратура органдарынын сунуштамасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу суммасын төмөнкүдөй учурларда төлөп берет:
1) прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Курман болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер курман болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;
2) прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мындан ары кесиптик иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинүү же майыптык алганда, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:
а) I топтогу майыпка - акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;
б) II топтогу майыпка - акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;
в) III топтогу майыпка - акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.
Өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мертинүүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) кесепетинен майыптык алган кызматкерге милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча алган төлөмдөрү эсепке алынбастан, анын эмгек акысынын жана майыптыгы боюнча дайындалган пенсиясынын ортосундагы айырма түрүндө ай сайын компенсация төлөнөт.
6. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошогондон кийин бир жыл өткөнгө чейин кызматкерди медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) мекемесинде кайра күбөлөндүрүүдө анын майыптык тобу жогорулатылса, камсыздандыруу суммасынын өлчөмү жаңыдан белгиленген майыптык тобу боюнча алгачкы камсыздандыруу учуру болгон күндөгү акчалай камсыздоонун санынын жана мурунку майыптык тобу боюнча бериле турган акчалай камсыздоонун санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйтүлөт.
7. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошогондон бир жыл өткөнгө чейин кызматкерге майыптык белгиленсе, андан кийин кызматкер каза болсо, ушул эле мезгилге камсыздандыруу суммасынын көлөмү өлүм учуру боюнча алгачкы камсыздандыруу учуру болгон күндөгү бериле турган акчалай камсыздоонун санынын жана майыптыгы боюнча бериле турган акчалай камсыздоонун санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйтүлөт.
8. Камсыздандыруу суммаларын төлөө үчүн негиз болуп белгиленген тартипте берилген төмөндөгүлөр саналат:
1) майыптык алган учурда - кесиптик эмгекке жарамсыздыгын жоготуу даражасы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдык корутундусу жана камсыздандыруу учуру боюнча майыптык тобунун белгилениши;
2) жарадар болуу, контузия, травма, мертинүү алуунун жагдайлары жөнүндө акт;
3) оорусу тууралуу күбөлүк;
4) курман болгон (өлгөн) учурда - өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; мураска укук тууралуу күбөлүк;
5) камсыздандыруу суммасын алууга укугу бар жактын камсыздандыруу суммасын төлөп берүүгө арызы;
6) кызматкер мертинүү алган же өлгөн факт боюнча жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн корутундусу;
7) камсыздандыруу учуру келген күндөгү кызматкердин акчалай камсыздоосу тууралуу маалымкат.
9. Кызматкер кызматтык милдеттерин аткарып жаткан убакта травма, мертинүү алган, бирок анын мындан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаган учурда камсыздандыруу суммалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:
1) оор мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 7 эселенген өлчөмү;
2) анча оор эмес мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 5 эселенген өлчөмү;
3) жеңил мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 3 эселенген өлчөмү.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммалары прокуратура органдарынын сметасынын эсебинен төлөнөт.
10. Камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт, эгерде камсыздандыруу учуру:
1) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкердин коомдук кооптуу жана жазалануучу деп таанылган жосун жасоосунун натыйжасында келип чыкса;
2) кызматкердин укукка каршы жосун жасоосунун же атайылап зыян келтирүүсүнүн натыйжасында келип чыкса жана бул кызматтык текшерүүнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталса;
3) эгерде кызматтык милдеттерди аткарууда башкача каралбаса, кызматында түздөн-түз болуусуна байланышпаган учурларда келип чыкса жана бул кызматтык текшерүүнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталса;
4) кызматкердин алкоголду, баңги же ууландыруучу заттарды колдонгондугуна түздөн-түз себептик байланышта турса жана бул Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте тастыкталса;
5) кызматкердин өз ден соолугуна атайылап зыян келтирүүсүнүн же өзүн-өзү өлтүрүүсүнүн натыйжасы болуп саналса жана бул Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тартипте тастыкталса.
11. Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу учурун ырастаган документтердин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн кароо боюнча ведомстволук комиссиянын чечиминин негизинде төлөнөт.
12. Мертинүүнүн (жарадар болуу, травма, контузия) же оорунун оордук даражасын аныктоону тиешелүү медициналык мекемелер жүзөгө ашырат.
13. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга байланышкан талаштар жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
14. Прокурорго жана тергөөчүгө таандык болгон мүлктү алардын кызматтык ишине байланыштуу талкалоо же бузуу аркылуу келтирилген зыяндын орду ага же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук көлөмдө толтурулууга жатат. Мында зыяндын ордун толтуруу үчүн берилген төлөмдүн суммасын мамлекет кызматкерге зыян келтирүүгө күнөөлүү адамдардан өндүрүп алышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 21-июлундагы № 145, 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларна ылайык)
85-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин материалдык жана социалдык камсыз кылуу
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасында акчалай камсыз кылуу (акчалай каражат) каралат. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине иштөөгө дем берүүнү, демилге көрсөтүүнү, эмгектик натыйжасына кызыкдарлыкты камсыз кылган жекече үстөк төлөмдөр, ошондой эле атайын наамы же аскердик наамы жана мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызматта иштеген жылдары үчүн үстөк төлөмдөр белгиленет.
Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы - акчалай камсыз кылуу төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Башкы прокуратура үчүн бекитилген бюджеттин чегинде белгиленет.
2. Балдарын атасыз (энесиз) тарбиялап жаткан прокуратура органдарынын кызматкери үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо тууралуу мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык социалдык кепилдиктер жана компенсациялар менен пайдаланат.
3. Прокуратура органдарынын өлгөн (курман болгон) кызматкеринин үй-бүлөсүнө сөөк коюу үчүн жөлөкпул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөнөт.
4. Прокуратура органдарынын турак жайы жок кызматкерлери прокуратура органдарынын балансында турган турак жайлар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациялар убактылуу пайдаланууга берүүчү башка турак жай менен камсыз кылынат.
5. Прокуратура органдарынын өлгөн (курман болгон) прокурорунун, тергөөчүсүнүн үй-бүлө мүчөлөрү, кызмат өтөө жана жашап туруу мөөнөтүнө карабастан, өлгөн (курман болгон) кызматкердин кичүү баласы 18 жашка же жогорку окуу жайларында окутуунун күндүзгү формасында окуган баласы 23 жашка чыкканга чейин, ошондой эле пенсияга чыккандыгына байланыштуу бошотулган, прокуратура органдарында үзгүлтүксүз 25 жылдан кем эмес иштеген, республиканын бардык аймагында өзүнүн турак жайы жок кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири турак жай алганга же сатып алганга чейин прокуратура органдарынын балансында турган турак жайдан чыгарылбайт.
6. Турак жайы жок жана жаранга жеке менчик укугунда таандык болгон турак жайды кошумча жалдоо же жалдоо келишими боюнча пайдаланган прокуратура органдарынын кызматкерине прокуратура органдарынын тиешелүү сметасынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген өлчөмдөрдө компенсация төлөнөт.
7. Прокуратура органдарынын кызматкеринин балдарына анын үй-бүлөсү жашаган жер боюнча, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде орундар кезексиз тартипте берилет.
8. Прокуратура органдарынын кызматкери кызматы боюнча башка регионго которулганда, жергиликтүү бийлик органдары жубайына (жолдошуна), алардын кайрылуусу боюнча жумушка орношууга жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Кызматкер башка кызмат ордуна которулгандыгына байланыштуу көчкөндө, анын жубайынын (жолдошунун) ишинин эмгек стажы мурдагы иштеген жеринен бошотулгандан баштап 6 ай бою үзгүлтүккө учурабайт.
9. Пенсияга чыгуусуна байланыштуу кызматтан бошогон прокуратура органдарынын кызматкерлерине бир айлык акчалай камсыздоонун 20 маяна өлчөмүндөгү бир жолку иштен кетүү жөлөкпулу төлөнөт.
Бир жолку иштен кетүү жөлөкпулу, башка мамлекеттик органдардан кызматтан бошогондо ушундай эле иштен кетүү жөлөкпулун алган адамдарга төлөнбөйт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
86-берене. Медициналык жана санаториялык-курорттук тейлөө кепилдиктери
1. Прокуратура органдарынын кызматкерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде, бөлүмдөрдө жана бөлүктөрдө санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоочу-профилактикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ден соолугунун абалын үзгүлтүксүз контролдоо, медициналык жардамдын бардык түрүн көрсөтүү менен ишке ашырылуучу акысыз медициналык тейлөө кепилденет.
2. Прокуратура органдарынын кызматкери милдеттүү түрдө жыл сайын амбулаториялык же стационардык медициналык текшерүүдөн өтүп турат жана жеңилдетилген медициналык-социалдык, дары-дармектик жана протездик-ортопедиялык камсыздоо укугунан пайдаланат.
3. Кызматтан бошогон жана 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн прокуратура органдарынын кызматкери (терс жүйөлөр боюнча бошонгондорду кошпогондо), ошондой эле кызмат өтөө учурунда жарадар болуунун (контузиянын), жаракаттын, кызматта болууга байланышкан оорунун кесепетинен майып болуп кызматтан бошонгон кызматкер иштеген жылдарына карабастан, бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде, бөлүмдөрдө жана бөлүктөрдө акысыз медициналык жардам алууга укуктуу.
4. Прокуратура органдарынын кызматкери жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ведомстволук санаторияларда жеңилдетилген шарттарда санаториялык-курорттук тейленүүгө укуктуу. Жеңилдетилген санаториялык-курорттук жолдомолор кызматкерге ведомстволук санаторийдин жыл сайын каралуучу каражаттарынын чегинде жолдомонун наркынын 50 пайыз, үй-бүлө мүчөлөрүнө - 30 пайыз өлчөмүндө берилет.
5. Санаториялык-курорттук тейлөө укугу календардык эсепте 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөп, кызматтан бошонгон прокуратура органдарынын кызматкерлери (терс жүйөлөр боюнча бошонгондорду кошпогондо) үчүн да сакталат. Ведомстволук медициналык мекеменин корутундусу боюнча санаториялык-курорттук жана ден соолук чыңдоо мекемелерине дарыланууга жиберилгендерге ведомстволук санаторийлердин жыл сайын каралуучу каражаттарынын чегинде наркынын 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдетилген жолдомолор берилет.
6. Донор болуп саналган прокуратура органдарынын кызматкерине да донорлук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка кепилдиктер жана артыкчылыктар берилет.
87-берене. Прокуратура органдарынын кызматкеринин сөөгүн коюу
1. Кызматтык ишин өтөп жаткан убакта курман болгон (өлгөн) же кызмат өтөп бүткөндөн кийин кызмат өтөө мезгилинде алган залалдын, жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен өлгөн прокуратура органдарынын кызматкеринин сөөгүн коюу прокуратура органдарын каржылоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат жана тийиштүү прокуратура органдарынын жетекчилери тарабынан уюштурулат.
88-берене. Иштеген жылдары
1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин иштеген жылдары пенсияны, иштеген жылдары үчүн ай сайын үстөк төлөмдү дайындоо, компенсациянын ар кандай түрлөрүн төлөө, ар жылдык өргүүнүн узактыгын аныктоо, башка социалдык кепилдиктерди, сыйлыктарды берүү жана сый көрсөтүү максатында эсептеп чыгарылат.
2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин бийик тоолуу райондордо, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда кызмат өтөгөн убактысы эмгек стажына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленүүчү тартипте жеңилдетилген шарттарда эсептелет.
3. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин иштеген жылдарын эсептеп чыгуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
89-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин пенсиялык камсыз кылуу
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыз кылуу "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарга, ченемдерге жана тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылууну уюштуруу Башкы прокуратурага жүктөлөт.
§ 7. Прокуратура органдарындагы кадрдык иш
90-берене. Кадрдык иш. Прокуратура органдарынын кадрдык курамын түзүүнүн негизги багыттары
1. Прокуратура органдарынын кадрдык курамын түзүүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) прокуратура органдарында кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрларды пландуу негизде даярдоо;
2) кызматкерлердин кесиптик жана кызматтык өсүшү үчүн шарттарды түзүү;
3) аттестация өткөрүү жолу менен кызматкерлердин кызматтык ишинин натыйжаларын баалоо;
4) кадрлар резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу;
5) прокуратура органдарына кызматка кабыл алууда жана аны өтөөдө заманбап кадрдык технологияларды колдонуу.
Прокуратура органдарында кадрдык ишти уюштуруу Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Прокуратура органдары үчүн кадрларды даярдоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) прокуратура органдарына биринчи жолу кабыл алынган адамдарды өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон негизги кесиптик билимдерге, жөндөмдөргө, көндүмдөргө жана компетенцияга ээ кылуу максатында кесиптик даярдоо программалары боюнча даярдоо;
2) кызматтык иштин жаңы түрүн жүзөгө ашыруу жана жаңы квалификацияны алуу үчүн зарыл болгон компетенцияга ээ кылуу максатында кайра даярдоо программалары боюнча кызматкерлерди кайра даярдоо;
3) кызматтык ишин жүзөгө ашыруу жана (же) ээлеген кызмат орду боюнча ээ болгон квалификациясынын алкагында кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн зарыл болгон, өзүндө бар компетенцияны өркүндөтүү жана (же) жаңы компетенцияны алуу максатында квалификацияны жогорулатуу.
3. Кесиптик деңгээлин жакшыртуу максатында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өз квалификациясын жогорулатуусу, алардын кошумча билим алуусу аларды жогору турган кызмат орунга көрсөтүү үчүн кадрлардын резервине киргизүүгө артыкчылыктуу негиз болуп саналат.
4. Прокуратура органдарынын кызматкери, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары кошумча кесиптик билим алышы мүмкүн.
5. Прокуратура органдарында кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрларды даярдоону уюштуруунун, алардын квалификациясын жогорулатуунун тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
§ 8. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуу
91-берене. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуунун негиздери
1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө кызматкерди прокуратура органдарынан бошоткон учурда токтотулат.
2. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кызматкерди өз каалоосу боюнча бошотуу;
2) кызматкерди прокуратура органынын (анын жетекчисинин) демилгеси боюнча бошотуу;
3) кызматкерди тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча бошотуу;
4) прокуратура органдарынын кызматкеринин кызматтан кетүүсү.
92-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин өз каалоосу боюнча бошотуу
1. Кызмат өтөөнү токтотуу кызматкердин өз каалоосу боюнча анын жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде, анын ичинде ал аскер кызматкерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеген жылдары үчүн пенсияга чыгууда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Эгерде прокуратура органы бошотуу жөнүндө буйрук чыгара элек болсо, кызматкер арызында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен бошотуу жөнүндө арызын кайра чакыртып алууга укуктуу.
3. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда прокуратура органдарынын кызматкери жумушту токтотууга укуктуу, ал эми прокуратура органы бошотулган кызматкерге кызмат өтөөнүн акыркы күнүндө эмгек китепчесин берүүгө жана ага тийиштүү сумманы төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүү.
93-берене. Кызматкерди прокуратура органынын жетекчисинин демилгеси боюнча бошотуу
Кызматкер прокуратура органынын демилгеси боюнча прокуратура органынын жетекчиси тарабынан төмөнкүдөй учурларда прокуратура органдарынан бошотулушу мүмкүн:
1) ушул конституциялык Мыйзамдын 55-беренесинде каралган, кызматка байланыштуу чектөөлөрдү сактабаганда;
2) прокуратура органдарынын түзүмү кайра уюшулганда;
3) прокуратура органдарынын штаттык саны кыскарганда;
4) ишенимди жоготконго байланыштуу төмөнкүдөй негиздердин бири болгондо:
а) кызмат абалын жеке керт башынын кызыкчылыктарында пайдалануу;
б) тараптардын бири өзү болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү жана (же) жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди жасабоо;
в) этика комиссиясынын сунушу боюнча, прокуратура органдарынын кызматкеринин кесиптик этика талаптарын бир нече жолу жана (же) одоно бузуу, анын ичинде жумуш убактысынан тышкары бузуу;
г) кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияны бир нече жолу бербөө же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтарды берүү;
д) башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашыруу;
е) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экени жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү;
ж) ишкерлик иштин же коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарындагы иштин кайсы болбосун түрү менен алектенүү;
з) динге карата бул же тигил мамилени үгүттөө үчүн, ошондой эле террордук, экстремисттик иштин жана мыйзамсыз диний иштин кызыкчылыктарын козгоочу маселелерди чечүүдө өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу;
и) саясий партияларды, коммерциялык эмес жана диний уюмдарды түзүү, аларга мүчө болуу, катышуу же саясий партияларга, коммерциялык эмес уюмдарга, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын саясий максаттарды көздөгөн кызмат адамдарына кайсы болбосун формада көмөк көрсөтүү;
к) иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды, ошондой эле мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине тоскоолдук кылуучу башка аракеттерди уюштуруу же аларга катышуу;
л) илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук ишке байланышкан жумуштарды кошпогондо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жумуштарды айкалыштырып иштөө;
м) кызматтык пайдалануу үчүн жеткиликтүүлүктү чектөө грифи бар документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кайсы болбосун юридикалык жана жеке жактарга берүү;
н) прокуратура органдарынын кызматкерине ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна байланыштуу белгилүү болгон, мыйзам менен корголуучу сырды (мамлекеттик, аскердик, кызматтык же башка) ачыкка чыгаруу;
о) уюшкан кылмыштуу топтор, террористтик, экстремисттик, же сепаратисттик уюмдар менен байланышы же аларга тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтардын болушу;
п) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) аттестациянын натыйжалары менен ырасталган, квалификациясынын жетишсиздигинен улам кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегенде;
6) ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда ротация тартибинде которуудан баш тартканда;
7) кадрдын тескөөсүндө турган кызматкер эки ирет сунушталган бош кызмат орундарынан (анын ичинде төмөн турган кызмат орундарынан) баш тартканда;
8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
9) прокуратура органдарында кызматта болуунун жаш курактык чегине жеткенде;
10) жумушка келбей койгондо (жумуш күнүнүн ичинде жүйөлүү себептерсиз 3 сааттан ашык убакыт бою жумуш ордунда жок болгондо);
11) жумушка алкоголдук, баңгизаттык же башка мас абалда келгенде;
12) эгерде документтер же маалыматтар кызматка кабыл алуудан баш тартууга негиз болушу мүмкүн болсо, прокуратура органдарына кызматка кабыл алууда кызматкер жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды бергенде.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
94-берене. Тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуу
1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө тараптардын эркине көз каранды эмес төмөнкүдөй жагдайлар боюнча токтотулушу мүмкүн:
1) прокуратура органынын жоюлушу;
2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык, прокуратура органдарынын кызматкерине кызмат өтөөсүн улантууну жокко чыгаруучу жазанын дайындалышы;
3) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы;
4) прокуратура органдарынын кызматкеринин каза болуусу, ошондой эле сот тарабынан аны өлдү же дайынсыз жоголду деп таануу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча кызматынан бошотулган прокуратура органдарынын кызматкерине, бош орун бар болгондо башка теңдеш же төмөн турган кызмат орду сунушталат. Бош орун болбогондо же прокуратура органдарынын кызматкери кызмат ордунан баш тартканда, кызматкер анын макулдугу боюнча кадрлардын тескөөсүнө киргизилет.
95-берене. Прокурордун кызматтан кетүүсү
1 Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу прокурордун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде анын кызмат боюнча милдеттерди аткаруусун токтотуу кызматтан кетүү болуп саналат.
2. Кызматтан кетүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) пенсияга чыгуусу;
2) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечимине принциптүү макул болбоосу, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта болуусу үчүн этикалык тоскоолдуктар;
3) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоол болуучу ден соолугунун абалы (медициналык корутундусу болгон учурда).
96-берене. Кызматкерди прокуратура органдарынын кадрларынын тескөөсүнө киргизүү
1. Прокуратура органдарынын кызматкерин кадрлардын тескөөсүнө киргизүү төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат;
1) прокуратура органынын түзүмүн кайра уюштурууга, бөлүктү жоюуга, штаттык санды же кызмат ордун кыскартууга байланыштуу, бош кызмат орду болбогондо кызматкер ээлеп турган кызмат ордунан бошотулганда;
2) эгерде бошотуу мурда бул кызматты ээлеген кызматкерди калыбына келтирүүгө байланыштуу болсо, аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогондо;
3) эгерде бошотуу окуу өргүүдө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн прокуратура органдарынын кызматкери жумушка чыккандыгына байланыштуу болсо, аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогондо;
4) кызматкерди андан ары кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жиберүүгө байланыштуу кызмат ордунан бошоткондо;
5) аскер прокуратурасынын органдарында аскердик кызмат өтөөнү кошпогондо, кызматкер аскердик кызмат өтөгөндө;
6) кызматкерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери болуп саналган жубайы менен бирдикте болуучу өлкөгө көчүп кеткендигине жана жашагандыгына байланыштуу ал Кыргыз Республикасына кайра кайтып келгенден кийин мурунку иштеген жеринде ээлеген кызмат ордуна калыбына келтирүүгө чейин ээлеген кызмат ордунан бошотууда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-6-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, кызматкерлер кадрлардын тескөөсүнө төрт айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет.
3. Кадрлардын тескөөсүнө киргизүү жөнүндө буйрук кызматкерге кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматкер кол коюудан баш тарткан же качкан учурда тийиштүү акт түзүлөт жана кызматкердин катталган жери же факт жүзүндө жашаган жери боюнча кабарлама жөнөтүлөт.
Кызматкерди кадрлардын тескөөсүнө 4 айдан ашпаган мөөнөткө киргизүү жөнүндө буйрук менен милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө тааныштыруу, бир эле убакта бош кызмат орундары болбогон учурда аны прокуратура органдарынан алдыда бошотуу мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү болуп саналат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда, адамдын кадрлардын тескөөсүндө жүргөн мезгилине кызматкерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдө акчалай камсыздоо төлөнөт.
Кадрлардын тескөөсүндө жүргөн прокуратура органдарынын кызматкери Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталуучу тартипте жана шарттарда прокуратура органдарына жумушка тартылышы мүмкүн.
5. Жумуш берүүчү кадрлардын тескөөсүндө жүргөн кызматкерге 4 айдан ашпаган мөөнөттө 2ден кем эмес бош кызмат орундарын (анын ичинде төмөн турган кызмат орундарын) сунуш кылууга милдеттүү.
Кызматкер сунушталган бош кызмат орундарынан баш тарткан учурда, ал прокуратура органдарынан бошотулууга жатат.
6. Адамдын кадрлардын тескөөсүндө жүргөн мезгили анын иштеген жылдарына (кызмат өтөө стажына) эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-глава. Кыргыз Республикасынын аскер прокуратурасынын органдарынын ишин уюштуруунун жана камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана
уюштурулушу
97-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын түзүмү жана уюштурулушу
1. Аскер прокуратурасы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет жана ага Башкы прокурордун орун басары - аскер прокурору башчылык кылат. Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна гана баш иет.
2. Аскер прокуратурасы борбордук аппараттан жана гарнизондордун аскер прокуратураларынан турат.
3. Аскер прокуратурасынын статусун, компетенциясын, түзүмүн жана штаттарын аныктоо Башкы прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратында аскер прокурорунун (төрага), анын орун басарларынын (кызмат орду боюнча), башка прокурорлордун курамындагы коллегия түзүлөт. Коллегиянын жеке курамы аскер прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор тарабынан бекитилет.
98-берене. Аскер прокурорунун жапа аскер прокурорлорунун ыйгарым укуктары
1. Аскер прокурорунун орун басарлары болот.
2. Аскер прокурору:
1) аскер прокуратурасынын органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
2) аскер прокуратурасынын жана гарнизондордун аскер прокуратураларынын ишин жетектейт; Башкы прокурор аныктаган тартипте кызматкерлерди кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
3) ага баш ийген кызматкерлердин аткаруусуна милдеттүү буйруктарды, тескемелерди чыгарат;
4) Башкы прокурор менен макулдашуу боюнча санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынын жана гарнизондордун аскер прокуратураларынын штаттык ырааттамасына өзгөртүү киргизет;
5) мыйзамдарда жана алардын негизинде кабыл алынган Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Аскер прокурору жана ага баш ийген прокурорлор ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктарга ээ болот жана аларды командачылыкка жана аскердик башкаруу органдарына көз карандысыз жүзөгө ашырат.
4. Аскер прокурорлору төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) аскердик мекемелер жана алардын кызмат адамдары, аскер кызматчылары, жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
2) аскердик башкаруу органдарынан, командирлерден (башчылардан) жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү; аларга баш ийдирилген аскердик мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын, кызматтардын жана кызмат адамдарынын ишине мыйзам бузуулар жөнүндө болгон маалыматтарга байланыштуу текшерүүлөрдү жана ревизияларды жүргүзүүнү, көзөмөл жүргүзүүдө келип чыккан маселелерди айкындоо үчүн адистерди бөлүүнү талап кылуу;
3) аскердик башкаруу органдарынын коллегияларынын жыйналыштарына, кызматтык кеңешмелерине катышуу;
4) аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана башка жарандарды жеке кабыл алуу;
5) ведомстводон тышкаркы ревизияларды жана текшерүүлөрдү дайындоо;
6) белгиленген тартипте кызматтык ырастаманы көрсөтүү менен, мамлекеттик органдардын, аскердик бөлүктөрдүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана штабдардын аймактарына жана орун-жайларына аларда белгиленген режимге карабастан тоскоолдуксуз кирүү, алардын документтерине жана материалдарына жеткиликтүү болуу;
7) соттолгон, камакка алынган жана кармалган аскер кызматчыларын гауптвахталарда, тартиптик бөлүктөрдө жана аларды кармап туруунун башка жайларында кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүү, аларда мыйзамсыз кармалып турган адамдарды дароо бошотуу;
8) аскердик жана гарнизондук гауптвахталарда, кармалгандар жана камакка алынган адамдар кармалып туруучу башка жайларда турган адамдарды кайтарууну, кармап турууну жана күзөттөөнү камсыз кылууну тийиштүү түрдө аскердик бөлүктөрдөн, аскер коменданттарынан, күзөттөө боюнча кароолдордон, Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынан жана мекемелеринен талап кылуу;
9) аскер кызматчылары жана жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөөнү жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 148, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 215 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
99-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын кадрлары
1. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөрү болуп ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу, аскер кызматына кирген, аскердик наамы же атайын наамы бар жана ушул конституциялык Мыйзамдын 54 жана 55-беренелеринин талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат. Аскер прокуратурасынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн штаттык санына кирет.
2. Аскер прокуратурасынын органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматчыларынын статусуна ээ болот, ушул конституциялык Мыйзамга жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызмат өтөйт жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген укуктарга жана жеңилдиктерге ээ болот.
3. Аскер прокуратурасынын органдарындагы аскердик кызматка прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү аныктоону Башкы прокурор жүргүзөт.
4. Аскер прокуратурасынын жогорку офицердик курамындагы адамдарды запаска бошотууну (отставкага чыгарууну) Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.
Башка аскер прокурорлорун жана тергөөчүлөрдү запаска бошотууну аскер прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор жүргүзөт.
5. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрдүн кызмат орундары жана аларга тийиштүү аскердик наамдар аскердик кызмат орундарынын тизмесине киргизилет.
6. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөр ушул конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына ылайык сыйланат жана тартиптик жоопкерчиликке тартылат. Сыйлоо жана тартиптик жаза берүү укугуна жогору турган аскер прокурорлору жана Башкы прокурор тана ээ.
100-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматчыларын материалдык жана социалдык камсыз кылуу
1. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматчыларына карата аскер кызматчыларына укуктук жана социалдык кепилдиктерди, пенсиялык, медициналык жана камсыз кылуунун башка түрлөрүн аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жайылтылат.
2. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык акчалай каражат менен камсыз кылынат.
3. Аскер прокуратурасынын органдарынын өз турак жайы жок аскер кызматчылары ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте турак жайлар менен, ошондой эле аскер кызматчылары үчүн аныкталган шарттарга карата ченемдер боюнча берилүүчү башка турак жайлар менен камсыз кылынат.
101-берене. Аскер прокуратурасынын органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
1. Аскер прокуратурасынын органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу, аларга кызматтык жайларды, транспортту, байланыш каражаттарын жана камсыз кылуунун жана камсыздоонун башка түрлөрүн бөлүп берүү республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Аскер прокуратурасынын органдарынын кызматтык жайларын кайтаруу баш ийүүсүндө ушул аскердик бөлүктөр турган ведомстволордун жетекчилиги менен макулдашуу боюнча аскердик бөлүктөр тарабынан жүзөгө ашырылат.
102-берене. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана уюштурулушу
1. Адистештирилген прокуратуралар прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет, аларды адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору жетектейт. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору Башкы прокурорго баш иет.
2. Адистештирилген прокуратуралар эксаймактык принцип боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында иш алып барат.
3. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү, ишинин багыттары жана адистештирилген прокуратуралардын прокурордук кызматкерлеринин ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
4. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорун кызмат ордуна Башкы прокурор дайындайт жана ал кызмат ордунан бошотот.
5. Адистештирилген прокуратуранын прокурорунун орун басарлары бар.
6. Адистештирилген прокуратуранын прокурору:
1) адистештирилген прокуратурага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
2) адистештирилген прокуратуранын ишин жетектейт; адистештирилген прокуратура органынын кызматкерлерин Башкы прокурор аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
3) ага баш ийген кызматкерлердин аткаруусу милдеттүү буйруктарды, тескемелерди чыгарат;
4) Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде адистештирилген прокуратуранын штаттык ырааттамасына өзгөртүү киргизет;
5) мыйзамдарда жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
10-глава. Прокуратура органдарын уюштуруунун жана ишинин башка маселелери жана ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
103-берене. Прокуратура органдарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
1. Прокуратура органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен борборлоштурулган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Башкы прокурор же болбосо анын орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоого түздөн-түз катышат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар прокуратура органдарын тийиштүү кызматтык жайлар менен камсыз кылат.
104-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүүсү жана өткөөл жоболор
1. Ушул конституциялык Мыйзам, ушул берененин 2-бөлүгүндө күчүнө кирүүсүнүн башка мөөнөттөрү белгиленген жоболорду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул конституциялык Мыйзамдын 84-беренесинин 9-бөлүгүнүн, 85-беренесинин 6 жана 9-бөлүктөрүнүн, 88-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 96-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболору 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Ошол эле учурда, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин бийик тоолуу райондордо, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейинки кызмат өтөгөн убактысы эмгек стажына жеңилдетилген шарттарда саналат.
3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 96-беренесинин колдонулушу "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кадрлардын тескөөсүндө турган жана прокуратура органдарынын кызматтарынан бошотулган прокуратура органдарынын кызматкерлерине жайылтылбайт.
Ээлеген кызматынан бошотулган, бирок кадрлардын тескөөсүндө турбаган кызматкерлерге кызматка дайындалганга же прокуратура органдарынан бошотулганга чейинки мезгил иштеген жылдарына (эмгек стажына) эсептелбейт.
4. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2017-жылдын 13-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарлыгы, 2017-ж., № 7-8, 726-ст.);
2) 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2020-жылдын 4-сентябры, № 70).
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ага каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
1) мыйзам актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Републикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |