Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 4-августу № 157
Жаштар жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо менен байланышкан коомдук мамилелерди жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жөнгө салат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаты жаштар саясатын түзүү, ошондой эле жаштарды мамлекеттин ишинин бардык чөйрөлөрүнө тартуу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын максатын ишке ашыруу төмөнкү милдеттерди аткаруу менен камсыз кылынат:
1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аярлуу топторун (турмуштук оор кырдаалга кабылган жаштарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды) мамлекеттин ишинин бардык чөйрөсүнө тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү;
2) ушул Мыйзамда каралган жаштар маселелерине багытталган уюмдарды түзүү жана алардын ишинде катышуу жолу менен жаштардын өз алдынча уюмдашуусуна көмөк көрсөтүү;
3) жаштардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү орнотуу;
4) жаштардын демилгелерин ишке ашыруу аркылуу чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга жаштардын кызыгуусунун деңгээлин жогорулатуу;
5) жаштардын кесиптик өзүн-өзү аныктоосуна жана иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү;
6) жаштар чөйрөсүндө улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө;
7) экстремизмдин, улутчулдуктун идеологиясына, коррупциянын көрүнүштөрүнө, социалдык, диний, расалык, улуттук таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоого жана башка терс социалдык көрүнүштөргө каршы турууга мүмкүндүк берүүчү адеп-ахлактык принциптердин тутумун түзүү;
8) үй-бүлөлүк мамилелердин маданиятын калыптандыруу жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо;
9) сергек жашоо образын пропагандалоо.
3-берене. Жаштар саясатын түзүүнүн, ишке ашыруунун жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун принциптери
Жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо төмөнкү принциптерге негизделет:
1) жаштардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыздоо;
2) жаштарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дин тутуусу, курагы, саясий же башка көз караштары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
3) ачыктык;
4) айкындык;
5) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын чечим кабыл алууга тең укуктуу катышуусун камсыздоо;
6) мамлекеттик жака муниципалдык программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда жаштардын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу;
7) жаштар саясатын комплекстүү жана системалуу калыптандыруу жана ишке ашыруу;
8) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү;
9) жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн, жаштардын коомдук бирикмелеринин милдеттүү катышуусу.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) жаштардын демилгелери - коомдук жана/же мамлекеттик мааниси бар демилгелер;
2) жаш үй бүлө - жубайлардын ар биринин курагы 35 жаштан ашпаган үй-бүлө, же болбосо бир жана көп баласы бар, жашы 35 жаштан ашпаган бир жаш атадан же энеден турган толук эмес үй-бүлө;
3) жаштар саясаты - жаштардын өз жөндөмдөрүн ишке ашыруу, анын потенциалын өнүктүрүү үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук жана башка шарттарды түзүүгө арналган мамлекеттин ишинин багыттарынын системасы;
4) жаштардын ыктыярдык иши - жаштардын коомдук жана/же мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган, ыктыярдуу негизде ар кандай формада акчалай сый акы албастан, коомдук пайдалуу эмгекти ишке ашыруусу, анын жүрүшүндө билимге, тажрыйбага, көндүмгө ээ болууга жана өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алууга болот;
5) жаштар уюму - максаттары, милдеттери жана иши көпчүлүк даражада жаштарды өнүктүрүүгө, өз жөндөмдөрүн ишке ашырууга, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган коммерциялык эмес уюм;
6) жаштар ишкердиги - жаштардын ишкердик ой жүгүртүүсүн, ишкердик ишке жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, жаштардын потенциалын ишке ашырууга, жаш ишкерлердин рыноктук мамилелерге кирүүсүнүн баштапкы шарттарын жеңилдетүүгө багытталган комплекстүү чаралардын тутуму;
7) жаштар - курагы 14 жаштан 35 жашты кошуп алгандагы жаш адамдар;
8) жаш ишкер - ишкердик иш менен алектенген 35 жаштан жогору эмес курактагы адам;
9) формалдуу эмес билим берүү - билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык билим берүү жана кошумча билим берүү уюмдарынын ишине туура келбеген, тиешелүү чөйрөлөрдө жаштарга көндүмдөрдү, билимдерди жана тажрыйба алуу мүмкүнчүлүктөрүн берүүгө багытталган окутуп-үйрөтүүчү иш-чаралар;
10) жаштар менен иштөө - бул жаштарга багытталган жаштар саясатын ишке ашырууну, жаштарда адеп-ахлак нарктарын калыптандырууну жана жалпы адамзаттык принциптерди чыңдоону камсыздоочу пландаштырылган иш-чаралардын жыйындысы.
5-берене. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары
Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандуулукка, атуулдукка, салттарын улантуучулукка, тарыхый, улуттук жана башка салттарды урматтоого тарбиялоо;
2) жаштар чөйрөсүндө улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыз кылуу, жаштар бирикмелеринин ишинде экстремизмдин көрүнүштөрүнүн алдын алуу жана болтурбоо;
3) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаштарды жана жаштардын аярлуу топторун (турмуштук оор кырдаалга кабылган жаштарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды) колдоо;
4) жаштардын демилгелерин колдоо жана жаштарды колдоого багытталган коомдук иштерге көмөктөшүү;
5) жаштардын бош убактысын, эс алуусун, ден соолук чыңдоосун уюштуруу, дене тарбия, спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү, жаштардын сергек жашоо образына көмөк көрсөтүү;
6) жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү;
7) жаштардын волонтердук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү;
8) жаштардын ишкердик ишмердүүлүгүн колдоо жана көмөк көрсөтүү;
9) жаштар саясаты чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүү;
10) жаштардын руханий - адеп-ахлак баалуулуктарын чыңдоого багытталган билим берүү ишиндеги, спорттогу, маданияттагы жетишкендиктерди түзүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтуу боюнча иштерди колдоо.
6-берене. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жаштар саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү негизги багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
3) жаштар саясатын ишке ашырууну уюштуруу жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;
4) Кыргыз Республикасындагы жаштардын абалы жөнүндө ар жылдык баяндаманы даярдоо;
5) Ушул Мыйзамга ылайык киргизилген жаштар саясаты чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктар.
7-берене. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү
1. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасындагы жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн жана жаштардын коомдук бирикмелеринин абалы, жаштар арасында улуттар аралык ынтымакты камсыз кылуу, жаштардын экстремисттик бирикмелеринин түзүлүшүн жана экстремизм идеологиясынын башка көрүнүштөрүн болтурбоо жөнүндө маалыматты чогултуу, жалпылоо, талдоо жана баа берүү боюнча системалуу, комплекстүү жана пландуу ишти билдирет.
2. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан.
3. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберилет (мындан ары - Министрлер Кабинети).
8-берене. Жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүлөрү
1. Жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат, алардын өз ара аракеттенүүсүнүн типтүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Жаштар саясатын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүргүзгөн саясатынын алкагында бирдиктүү системалык мамилени караштырган тармактар аралык өз ара аракеттенүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
9-берене. Жаштарды иш менен камсыз кылууга жана жаштар ишкердигин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү
1. Министрлер Кабинети эмгек рыногунун керектөөлөрүнө талдоо жана болжолдоо жүргүзөт, ошондой эле эмгекке жөндөмсүз жаштардын адистиги жана жынысы боюнча санын көзөмөлдөп турат. Талдоо жана болжолдоо жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Министрлер Кабинети эмгек рыногунун керектөөлөрүн талдоонун жана болжолдоонун негизинде жаштарды ишке орноштурууну жана алардын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алуусун төмөнкүдөй жолдор менен камсыз кылат:
1) жаш адистерди колдоо боюнча программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) ишкердикти колдоонун мамлекеттик кепилдиктерин ишке ашырууга жаш адистерди жана жаш ишкерлерди паритеттик негизде тартуу;
3) мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтарга кирүүгө кызыгууну жогорулатуу;
4) чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү;
5) экономиканын секторлорун каржылоонун альтернативдүү булактарын түзүү;
6) аймактарды өнүктүрүүнүн бирдиктүү адистештирилген пландарынын негизинде региондорду системалуу өнүктүрүү;
7) социалдык тапшырыктын алкагында жаштардын стартап-долбоорлорун жана демилгелерин колдоо;
8) калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган кепилдиктерди камсыз кылуу.
3. Жаш ишкерлерди социалдык-экономикалык, уюштуруучулук жана укуктук колдоо боюнча чаралардын системасын Министрлер Кабинети орнотот.
4. Жаштар ишкердигин жүзөгө ашырган жана жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик колдоодон пайдаланган адамдарга төмөнкүлөр кирет:
1) юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенген жаштар;
2) жаштар тарабынан уюштурулган дыйкан (фермердик) чарбалары;
3) жаштар тарабынан демилгеленген стартаптар;
4) жаштар тарабынан уюштурулган ишкердик демилгелер.
5. Жаштар ишкердигин мамлекеттик колдоо төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) социалдык жактан корголбогон жаштардын катмарын ишкердикке тартуу;
2) жаштарды ишкердик иштин негиздерине үйрөтүү, келишимдик негизде окуу жайлары менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү;
3) жаштар ишкердигин колдоо боюнча региондук программаларды иштеп чыгуу.
10-берене. Жаштардын көндүмдөрүн жана потенциалын өнүктүрүү
Жаштардын көндүмдөрүн жана потенциалын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар, кызмат адамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын компетенцияларынын алкагында төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу багыттарына ылайык Улуттук илим фондун конкурстук каржылоонун негизинде ири илимий долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
2) жаш окумуштууларды жана ойлоп табуучуларды паритеттик негизде колдоо;
3) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте сыйлыктарды, стипендияларды белгилөө, жаштар үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү;
4) жалпы билим берүү уюмдарында спорттук секциялардын жана чыгармачылык ийримдердин ишин уюштуруу;
5) жаштардын чыгармачылык жетишкендиктерин аныктоо жана жайылтуу максатында чыгармачылык, маданий жана билим берүү иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү, жаштардын эл аралык алмашуусун уюштуруу;
6) жаштардын (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаштардын жана аярлуу топтордун) чет мамлекеттердин билим берүү жана илимий-изилдөө уюмдарындагы окуу, кайра даярдоо программаларына жана такшалмаларына конкурстук негизде жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
7) жаш окумуштууларга, маданият, искусство жана билим берүү ишмерлерине иштөө үчүн шарттарды түзүү, алардын ойлоп табууларын практикага киргизүүгө көмөктөшүү, ошондой эле жаштардын арасынан интеллектуалдык кадрдык ресурстарды сактоо жана өнүктүрүү;
8) жаш спортчуларды колдоо, жаштар арасында спорттук иш-чараларды өткөрүү;
9) жаштардын волонтердук ишин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жаштардын аярлуу топторун волонтердук ишке тартуу;
10) жаштарга колдоо көрсөтүүчү жаштар уюмдарына, жеке жана юридикалык жактарга дем берүү;
11) жаштардын такшалмалары аркылуу эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
11-берене. Жаштардын эл аралык кызматташтыгына көмөк көрсөтүү
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктерди ишке ашыруунун алкагында жаштарды колдоо боюнча эл аралык деңгээлде макулдашууларга жетишүү боюнча чараларды көрөт.
2. Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жаштар саясаты маселелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө жана эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарынын ченемдерине ылайык улуттук мыйзамдарга имплементацияланууга тийиш.
3. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында жаштар маселелери боюнча эл аралык платформаларда Кыргыз Республикасынан өкүлдөрдүн катышуусунун уюштуруу маселелерин координациялайт жана эсеп жүргүзөт. Координациялоо жана эсеп жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
12-берене. Жаштардын демилгелерин колдоо
1. Жаштардын, жаштар уюмдарынын жана жаштарга колдоо көрсөтүүчү башка жеке жана юридикалык жактардын демилгелерине колдоо көрсөтүү мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү жолу менен ишке ашырылат.
2. Жаштардын, жаштар уюмдарынын жана жаштарга колдоо көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактардын демилгелерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык конкурстук негизде ишке ашырылат. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаштар уюмдары менен өз ара тыгыз аракеттенет жана Министрлер Кабинетинин программалык документтерин ишке ашыруунун алкагында жаштар уюмдарынын потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.
4. Жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык программаларды иштеп чыгууга жаштар уюмдары, жаштар, ошондой эле иши жаштар саясатын ишке ашыруу менен байланышкан жеке жана юридикалык жактар тартылат.
13-берене. Жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга жаштардын катышуусу
1. Жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга жаштар төмөнкүлөр аркылуу катышат:
1) жаштар саясатын түзүү боюнча сунуштарды берүү жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
2) мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу долбоорлорду коомдук талкуулоого, угууга катышуу, программалардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна гендердик экспертиза жүргүзүү;
3) жаштар демилгелерин ишке ашыруу;
4) жаштардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштамаларды берүү;
5) жаштар маселелери менен алектенген консультативдик-кеңешүүчү органдар, эл аралык, мамлекеттер аралык жана башка уюмдардын ишине катышуу;
6) жаштар жана эл аралык жаштар форумдарын, ошондой эле жаштар саясаты жаатындагы башка иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү жана аларга катышуу.
2. Жаштарды жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга тартуу максатында Кыргыз Республикасынын жаштарынын республикалык конгресси өткөрүлөт, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жаштар уюмдарынын жана саясий партиялардын жаштар канаттарынын ортосундагы конструктивдүү жана координацияланган ишти камсыз кылуу үчүн Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлүүчү Жаштар иштери боюнча кеңештер (мындан ары - Кеңештер) иштейт.
Кеңештер бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен борбордук, облустук жана райондук деңгээлде түзүлөт.
4. Кеңештер жаштар саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле жаштардын чечимдерди кабыл алуусуна жана мамлекеттин коомдук турмушуна катышуусуна дем берүү максатын көздөгөн консультативдик-кеңешүүчү органдар болуп саналат. Кеңештердин иш тартиби Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.
14-берене. Жаштар маселелерине багытталган уюмдар
1. Жаштар маселелерине багытталган уюмдарга төмөнкүлөр кирет:
1) жаштарды өнүктүрүү уюмдары (жаштар үйлөрү жана борборлору, дене тарбия жана спорт бирикмелери, студенттик жана мектептик өз алдынча башкаруу органдары, жаштардын ден соолукту чыңдоо борборлору жана лагерлери, жаштардын өз алдынча уюмдашуусунун башка түрлөрү);
2) жаштар үчүн социалдык кызматтар, анын ичинде иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтар (ошондой эле жаштарды тейлөө борборлору);
3) кошумча билим берүү уюмдары;
1) жаштар уюмдары;
2) жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруучу уюмдар.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган уюмдар өз ишин мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жүргүзөт.
3. Жаштар үйлөрү жана борборлору юридикалык жакты түзүү менен, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн туруп төмөнкүдөй маселелерди чечүү үчүн административдик-аймактык бирдиктин деңгээлинде жаштардын өз алдынча уюмдашуусунун бир түрү болуп саналат:
1) жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү;
2) жаштарды колдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү;
3) мамлекеттин ишинин бардык чөйрөсүндө жаштардын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык жана башка кампанияларды өткөрүү;
4) гендердик стереотиптердин калыптанышына жол бербөөчү кесиптик багыт берүү;
5) жаштарды колдоонун колдонуудагы укуктук механизмдери жөнүндө маалымат алуу;
6) тиешелүү административдик-аймактык бирдикте жаштардын керектөөлөрүн жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандыруу менен байланышкан башка иш-чаралар.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаштар үйлөрүн жана борборлорун уюштуруучулук жактан камсыздоону жүзөгө ашырат.
15-берене. Жаштардын маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жаштарды илимге тартуу
1. Жаштардын проблемалары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
1) жынысы жана жаш курагы боюнча Кыргыз Республикасындагы жаштардын абалы жөнүндө мониторинг, социологиялык изилдөө жана статистикалык эсепти жүргүзүү;
2) жаштарга тиешелүү маселелер боюнча социологиялык жана башка илимий изилдөөлөрдүн маалымат базасын түзүү;
3) жаштардын кызыкчылыктарын козгогон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун демографиялык жана башка социалдык кесепеттерин болжолдоо;
4) жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча илимий-методикалык сунуштарды иштеп чыгуу;
5) жаш окумуштуулар институтун түзүү жана өнүктүрүү;
6) жаш окумуштуулардын илимий долбоорлорго катышуусун камсыз кылуу;
7) жаштарды илимий ишке тартуу үчүн дем берүүчү механизмдерди уюштуруу.
2. Жаштардын проблемалары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү Министрлер Кабинети тарабынан эки жылда бир жолудан кем эмес мамлекеттик илимий жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү башка мекемелерди (уюмдарды) жана адистерди бул ишке тартуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
16-берене. Жаштардын ыктыярчылык иши
Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби, ошондой эле жаштардын ыктыярчылык ишин өнүктүрүү боюнча программалык жана стратегиялык документтер Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
17-берене. Жаштарды сыйлоо
1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы - жаштарды атуулдукка жана жаратмандыкка, салттуу руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарда гуманизм принциптерин жана рухий-дене тарбия принциптерин бекемдөөгө тарбиялоочу чыгармаларды жараткандыгы үчүн ыйгарылат.
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштерди жана материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана кароо тартиби жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. "Жаштар саясатынын отличниги" төш белгиси менен жаштар саясатын ишке ашырууга, жаштардын кызыкчылыктарын колдоого жана коргоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жаш жарандары жана чет өлкөлүк жарандар сыйланышат.
"Жаштар саясатынын отличниги" төш белгиси менен сыйлоонун тартиби жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3. Жылдын жыйынтыгы боюнча жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ведомстволук сыйлыктар менен мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга олуттуу салым кошкон жарандар жана уюмдар сыйланат.
18-берене. Жаштардын дүйнө таанымын калыптандыруу
1. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө тарбиялоо, билим берүү, маданияттын адамга тийгизген таасири маселелерин чагылдыруу аркылуу, жаштардын көз карашын кеңейтүү, жаштарда маданий тажрыйбаны жана дүйнө таанымды калыптандырууга оң таасир көрсөтүү үчүн иш-чараларды уюштуруу аркылуу жаштардын дүйнө таанымын калыптандыруу боюнча иш жүргүзөт.
19-берене. Жаш үй-бүлөлөрдү колдоо
1. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка аткаруу органдары жана коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүдөй иштерди алып барат:
- жаш үй-бүлөлөр үчүн семинарларды жана конференцияларды өткөрүү боюнча;
- ата-энелик жана үй-бүлөлүк жашоонун ар кандай аспектилерин чагылдырган жаш ата-энелер үчүн маалыматтык материалдарды жана брошюраларды иштеп чыгуу боюнча.
3. Ата-энелик жана үй-бүлөлүк жашоонун ар кандай аспектилерин чагылдырган жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын жана курстарды иштеп чыгуу жана өткөрүү жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
20-берене. Таланттуу жаштарды колдоо
1. Коомдун интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин сактоо жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын илимий жана маданий салттарынын жолун жолдоочулугун камсыз кылуу максатында таланттуу жаштарды колдоо боюнча чаралардын тутуму жүзөгө ашырылат.
2. Таланттуу жаштарды мамлекеттик колдоо төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик, муниципалдык, энчилүү стипендияларды, сыйлыктарды белгилөө, билим берүү гранттарын берүү;
2) илимдин, маданияттын, искусствонун жана спорттун көрүнүктүү ишмерлеринин билиминин, тажрыйбасынын улантуучулугун камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү; чыгармачылык устаканаларды, мектептерди жана башка мекемелерди уюштуруу;
3) борборлорду, билим берүү уюмдарын, спорттук мектептерди жана клубдарды түзүү жана өнүктүрүү;
4) олимпиадаларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, кароолорду, симпозиумдарды, конференцияларды жана башка коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
5) окутуунун, кайра даярдоонун жана такшалманын улуттук жана эл аралык программаларына конкурстук негизде жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
21-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын финансылык камсыздоо
1. Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга катышуу үчүн каралган жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан;
2) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.
2. Мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунун алкагында жаштар демилгелерин каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик социалдык тапшырык аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
22-берене. Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы
1. Коомдун өнүгүшүнө жана бакубаттуулугуна өз салымын кошо ала турган жигердүү жана жоопкерчиликтүү жаштарды бириктирүү максатында Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы иштейт.
2. Министрлер Кабинети жаштар кыймылынын ишинин укуктук абалын, максаттарын, уюштуруу негиздерин аныктайт.
3. Жаштар кыймылы төмөнкү максаттарды көздөгөн ыктыярдуу кыймыл болуп саналат:
1) жаштардын кызыкчылыгында мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө көмөктөшүү;
2) жаштарды тарбиялоого, кесиптик багыттоого, жаштардын эс алуусун уюштурууга көмөктөшүү;
3) жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү жана өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
4) салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде алардын дүйнө таанымын калыптандырууну кошкондо, жаштарды коомдо толук кандуу жашоого даярдоо.
23-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 256 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 766-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 21-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |