Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 173
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-статьяда:
а) тогузунчу абзацта "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
б) он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кат кабарлар - электрондук жана/же кагаз түрүндөгү катталбаган жана катталуучу каттар, почта карточкалары, бандеролдор, майда пакеттер жана секограммалар (көзү азиздер үчүн атайын басылмалар) түрүндөгү почта жөнөтмөлөрү;";
в) он жетинчи абзацта "каттарды" деген сөз "катталбай турган каттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи - отуз экинчи абзацтар менен толукталсын:
"адресат - почта жөнөтмөсү, акча каражаттарын почта аркылуу которуу, телеграфтык же башка билдирүү даректелген жаран же уюм;
почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын даректик маалыматтары - жарандар жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, почта дареги);
почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар - почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жарандар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар;
бонд (бажы) кампасы - почта байланышынын дайындалган операторунун базасында уюштурулган, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарларды бажылык тариздөөсүз жана салыктарды, бажы алымдарын жана жыйымдарын төлөбөстөн, сатып алуучу сатып алганга чейинки сактоо мөөнөтүнө товарларга лицензияны жана квотаны белгилебестен сактоого жана бөлүштүрүүгө арналган кампа;
почта байланышынын дайындалган оператору - Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө өлкө тарабынан расмий дайындалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун актыларына ылайык почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуучу почта байланышынын ишканасы.";
3) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү - алтынчы бөлүктөр менен толукталсын:
"Почта байланышынын мамлекеттик ишканалары почта жөнөтмөлөрүн өз ара алмашуу үчүн бирдиктүү почта аймагын түзөт, Кыргыз Республикасынын почта байланышы чөйрөсүндөгү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын карамагында болот жана жазуу жүзүндөгү кат-кабарларды, акча которууларды кабыл алуу, иштетүү, жөнөтүү жана жеткирүү, республиканын ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары почтаны ташуу, ошондой эле пенсия менен жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети почта байланышынын дайындалган операторунун базасында бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган тартипте бонд кампасынын иши боюнча эксперименттик долбоорду ишке ашырууга укуктуу.
Мамлекеттик эмес ишканалар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде почта кызматтарын көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта жөнөтмөлөрүнүн жана почта транзитинин эркиндиги кепилденет.";
4) 5-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын"," деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлөт, аны жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.";
5) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагын өнүктүрүү программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдойт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары:
- почта байланышы тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- почта байланышы тармагын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- байланыштын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынан өкүлчүлүк кылуу;
- почта байланышы кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети почта байланышы жаатындагы башкаруу боюнча өз ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана почта байланышынын абалы жана өнүгүшү үчүн өз компетенциясынын чегинде жоопкерчиликти алуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына берет.";
6) II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 61-берене менен толукталсын:
"61-берене. Почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
7) 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Почта байланышы жаатындагы жөнгө салуу
Почта байланышы жаатындагы жөнгө салууну байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат, анын функцияларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менчигинин түрүнө карабастан почта байланышы жаатындагы бардык жөнгө салынуучу субъекттер үчүн милдеттүү болуп саналат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө чыгымдар төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- байланыш тармагын өнүктүрүүгө почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдөн түшкөн 0,9 пайыз өлчөмүндөгү ар жылдык чегерүүлөрдүн, алар толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, анын ичинен бюджеттен 40 пайызы байланыш тармагын өнүктүрүүгө багытталат;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн;
- донордук жана башка уюмдардын гранттарынын, жардамынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын.";
8) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо
Почта байланышы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиялар Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилет.
Почта байланышы жаатында ишке лицензия төмөнкүлөргө негизделген лицензиялык талаптарды камтыйт:
- тармакты өнүктүрүүгө же кеңейтүүгө, же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө карата милдеттенмелерге, эгерде алар каралган болсо;
- басмырлоосуз негизде бардык пайдалануучуларга кызмат көрсөтүүгө лицензиаттын милдеттенмелерине;
- пайдалануучу акы төлөбөгөн же пайдалануучу сервистик келишимдин шарттарын бузган учурда кызматтарды көрсөтүүнү токтото туруу же токтотуу укуктарына;
- маалымдаманы чыгаруу максатында абоненттерге, башка жактарга тиешелүү купуя эмес маалыматтарды берүү милдеттенмелерине;
- пайдалануучунун, ар кандай жабык маалыматтын же ачыкка чыгаруу улуттук коргонууга, коопсуздукка же укук тартибин коргоого коркунуч келтириши мүмкүн болгон башка маалыматтардын купуялыгын камсыз кылууга лицензиаттын милдеттенмелерине;
- улуттук коргоого, коопсуздукка же укук тартибине коркунучтун учурунда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда, анын ичинде почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу боюнча мамлекеттин талаптарын канааттандырууга лицензиаттын милдеттерине;
- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган жыйымдарды жана чегерүүлөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерге;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде ушул Мыйзамды жана почта байланышы жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактоо милдеттенмелерине;
- лицензиаттын укуктарына жана милдеттерине карата лицензияда жалпы же атайын шарттардын болушуна;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн шарттарды жана талаптарды сактоого лицензиаттын милдеттенмелерине.";
9) 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- маалымат алуу жана аны алмашуу каражаттарынын бири катары почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык жарандар жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- почта байланышы жаатындагы эрежелердин, стандарттардын, талаптардын жана ченемдердин бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу.";
10) 14-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "башка ченемдик укуктук актылар менен" деген сөздөр "кат алышуунун сырын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
а) биринчи бөлүктө "башка ченемдик укуктук актылар менен" деген сөздөр "кат алышуунун сырын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Почта байланышы объекттеринен почта жөнөтмөлөрүнө камак салуу жана аларды алып коюу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын изин суутпай издөө иш-чаралары чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, почта кат-кабарларын жана документтик билдирүүлөрдү ачууга жана карап чыгууга, алар жөнүндө зарыл маалымдамаларды алууга тыюу салынат.";
11) 15-статьянын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 18-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 19-статьянын биринчи бөлүгүндө "почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 201-берене менен толукталсын:
"201-берене. Почта байланышы жаатындагы эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрү
Почта байланышы ишканаларында эмгек шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Почта байланышы ишканаларынын кызмат адамдарына атайын жүктөрдү, накталай акчаларды, башка почта жөнөтмөлөрүн коштоо жана байланыш объекттерин кайтаруу боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугу берилет.
Ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын колдонуу Кыргыз Республикасынын курал-жаракты жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Почта байланышы ишканалары өз каражаттарынын эсебинен өз кызматкерлерине кошумча социалдык жеңилдиктерди жана материалдык компенсацияларды белгилөөгө укуктуу.";
15) 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кепилденген сапаттагы почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн алууга керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле бул укуктарды коргоону ишке ашыруу механизми Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.";
16) 24-статьяда:
а) "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
б) "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 27-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- эл аралык почта жөнөтмөлөрү, телеграф билдирүүлөрү жана акча которуулары үчүн - Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун макулдашууларына жана актыларына ылайык.";
б) онунчу бөлүктө "мыйзамдары" деген сөз "бажы мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) он үчүнчү бөлүктө "мыйзамдары" деген сөз "кылмыш-жаза мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 33-статьяда:
а) төртүнчү бөлүктө "өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасы өзүнүн бүткүл аймагында транзиттик эркиндикке кепилдик берет жана жазуу жүзүндөгү кат-кабарларды өз ара алмашуу үчүн бирдиктүү почта аймагына кирет.";
19) 35-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35-берене. Почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана почта байланыш каражаттарын колдонууга жол бербөө
Почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле почта байланышы чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу алар келтирген зыяндын ордун толтуруудан аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошотпойт.
Почта байланышы каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузган жана жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу, баңги каражаттарын, прекурсорлорду, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун таратуу максатында пайдаланууга тыюу салынат.
Айып пул салуу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Айып пул төлөө юридикалык жана жеке жактарды почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөнү аткаруудан бошотпойт.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |