Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 2-апрели № 31
Электр байланышы жөнүндө
(КР 2001-жылдын 7-ноябрындагы № 88, 2002-жылдын 25-июлундагы № 130, 2003-жылдын 11-июнундагы № 103, 2005-жылдын 4-июлундагы № 89, 2007-жылдын 15-августундагы № 152, 2012-жылдын 18-майындагы № 58, 2012-жылдын 23-майындагы № 62, 2013-жылдын 22-майындагы № 75, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2015-жылдын 20-январындагы № 20, 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2017-жылдын 20-февралындагы № 30, 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 68, 2017-жылдын 4-майындагы № 75 , 2019-жылдын 17-майындагы № 64 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 , 2021-жылы 24-августа № 102, 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124 , 2022-жылдын 30-июнундагы № 53, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Электр байланышы Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарын канааттандырууга арналган.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында байланыш тармактарын эксплуатациялоо жана электр байланышынын кызматын көрсөтүү үчүн укуктук негиздерди белгилейт, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу органдарынын компетенциясын, аларды көрсөтүүгө зарыл уруксаттарды алуу режимин, ошондой эле электр байланышы тармактарын эксплуатациялоочу жана электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактардын (Кыргызтелекомду кошкондо) жана бул кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Ушул Мыйзамдын жоболорунун күчү Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышы жаатында иш жүргүзүп жаткан бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-берене. Электр байланышы жаатындагы иштин принциптери
Электр байланышы жаатындагы иш төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
- атаандаштыктын, жеке ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде электр байланышы кызматтарын көрсөтүү;
- электр байланышы жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана электр байланышы кызмат көрсөтүү операторлорунун жана аларды берүүчүлөрдүн ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттин функцияларын тармактарды эксплуатациялоо жана электр байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча функциялардан бөлүү;
- жогорку сапаттагы демейки жана инновациялык электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн ар тараптан колдоо;
- электр байланышы тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- электр байланышы кызматтарын көрсөтүүнүн ишенимдүүлүгүн жана электр байланышы тармактарынын эл аралык электр байланышы тармактары менен шайкештигин камсыз кылуу;
- өзгөчө кырдаалдарда жана мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укуктук тартипти коргоо жаатындагы милдеттерди аткарууда электр байланышы тармактарынын жеткиликтүүлүгү;
- жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармактарынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык юридикалык жана жеке жактарга бирдей жеткиликтүүлүгү;
- электр байланышынын операторлору жана кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр пайдалануучулардын маалыматынын купуялыгын сактоосу.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Аныктамалар
Бул Мыйзамда көрсөтүлгөн терминдер төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:
Абоненттин учугу - жалпы пайдалануучу электр байланышынын тарамынын абонентти түздөн түз ушул тарамга кошуучу бөлүгү;
Электp байланышынын ички таpамы - жалпы пайдалануучу электр байланышынын тарамына эч кандай кошулбай иштетилүүчү жана бир ишкананын же/жана анын аффилиирленген ишканаларынын чегинде ушундай ишкананын же/жана анын аффилиирленген ишканаларынын ички керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн түзүлгөн же пайдаланылуучу электр байланышынын тарамы;
Электр байланышынын жабык тармагы - жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармагына кошпостон, маалыматты коргоонун атайын (уюштуруу, техникалык, анын ичинде криптографиялык) усулдарын колдонуу менен уюштурулган жана пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө берилүүчү электр байланышы тармагы.
Кыргызтелеком - ушул ишкананын укук мураскору болуп эсептелген акционердик коом же юридикалык жак;
Лицензия - гражданга же юридикалык жакка электр байланышы жагындагы ишмердиктин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө же белгиленген аракеттерди жасоого компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат;
Мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификатору - уюлдук байланышка ар бир кайрылууда жана өтүнүч жасоодо түзүлүштө ишенимдүү таанып-билүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзгөн мобилдик түзүлүштү чыгаруучу тарабынан орнотулган мобилдик телефондогу же коммутатордогу 15 орундуу (4 блоктон турган) өзгөчөлүү номер;
(Абзац КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Сырткы жабдуу - абоненттик учуктар аркылуу же зымдык, оптиковолокондук жана электpомагниттик түзүлүштөрдү пайдалануу менен түздөн-түз же түздөн-түз эмес электр байланышынын тарамдарына кошулуучу, пайдалануучуга билдиpүүлөpдү беpүүгө, кайpа түзүүгө же кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү техникалык каpажаттаp жана түзүлүштөр;
мобилдик уюлдук байланыштын оператору - электр байланыштар тармагын эксплуатация кылган жана кошо алып жүрүүчү радиотелефон байланышынын кызматын көрсөткөн ар кандай юридикалык же жеке жак.
Почта байланышынын оператору - почта байланышынын тарамын иштетүүчү ар кандай жеке же юридикалык жак;
Электр байланыш оператору - өзүнүн электр байланыш тарамын иштетүүчү жана электр байланыш жагындагы иштин тийиштүү түрүнө лицензиясы бар жеке же юридикалык жак;
(Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк байланыш тармагы - мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укук тартибин коргоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматты колдонуу менен иш жүргүзүүгө тийиштүү уруксаты бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана уюмдарынын (ишканаларынын) ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалымат алмашууга, ошондой эле чет өлкөлүк компетенттүү мамлекеттик органдар менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалымат алмашууга арналган атайын интеграцияланган жашыруун байланыш тармагы.
Радиожыштык спектри - радиобайланышты, эфирде теле- жана радиоберүүлөрдү уюштурууда жана физикалык туташтыруусуз электр сигналы берилген дагы башка учурларда пайдаланылуучу мейкиндик аркылуу жасалма өткөргүчсүз таралуучу электромагниттик толкундардын (радиотолкундарынын) 3 КГц ( 3000 ГГц чегиндеги жыштыктарынын жыйындысы;
Ылайык сертификаты (мындан ары "Сертификат") - электр байланышынын сертификацияланууга тийиш болгон жабдууларынын жана продукцияларынын (кызмат көpсөтүүлөрүнүн) белгиленген талаптарга туура келгендигин күбөлөндүpүүчү, сертификация тутумунун эрежелери боюнча берилүүчү документ;
(Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Электp байланышынын таpамы - электр байланышынын билдиpүүлөpүн, буга үн, добуш, визуалдык билдиpүүлөp, маалыматтаpды жана сүрөттөрдү жибеpүү, ошондой эле ушундай билдиpүүлөpдүн элементтери да кирет, жөнөтүүчү, коммутациялоочу же жибеpүүчү зым, радио-, оптикалык же дагы башкача электромагниттик тутум;
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамы - электр байланыш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышынын тейлөө кызматтарын кандай болбосун пайдалануучуга электр байланышынын тейлөө кызматтарын акы төлөп көрсөтүү үчүн багытталган байланыш каражаттарын жана линияларын өзүнө камтыган технологиялык тутум;
(Абзац КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Трансчекаралык-транзиттик туташуу (өтүү) - бир мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдары менен башка мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдарынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун тарамдары аркылуу туташуу;
Тейлөө үчүн кошумча нарк - электр байланышынын тейлөөсүнөн пайдаланып жаткан учурда билдирүүлөрдүн формасын, мазмунун, кодун, протоколун же дагы башка ушул сыяктуу мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүчү; маалыматты реструктуралоочу, толуктоочу же берүүчү же маалымат менен пайдалануучунун өз ара аракеттешүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүчү тейлөөлөр;
(Абзац КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Массалык маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү - колдонулуп жаткан технологияларга карабастан электр байланышы тармактары боюнча таратууга арналган теле, радиоканалдардын электр сигналдарын түзүү. Массалык маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрү болуп эсептелбейт;
Жалпы пайдалануудагы телефон кызматынын тейлөөлөрү - калкка коммеpциялык негизде pеалдуу убакытта үн менен берилүүчү билдирүүлөрдү абоненттик точкаларга жана абоненттик точкалардан түз берүү жана коммутациялоо боюнча тейлөө, бул точкалардын жардамы менен пайдалануучу электр байланышынын жалпы пайдалануучу тарамына кошулат, ошондуктан ар бир пайдалануучу сырткы жабдууну башка абонент менен кошулуу үчүн пайдалана алат;
Электр байланышы кызматтарын көрсөтүү - бир же бир нече юридикалык же жеке жактарга сунушталуучу теле, радиоканалдарды жайылтууну кошо алганда, электр байланыш маалыматтарын кабыл алуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүү. Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү массалык маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүн өзүнө камтыбайт.
Электр байланышынын ички колдонуудагы тейлөө кызматы - электр байланышынын ички тарамдарынын пайдалануучуларына берилүүчү же алар үчүн ачык болгон электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү;
Пайдалануучулардын чектелген чөйрөсү үчүн электр байланышынын тейлөө кызматы - жалпы бизнеси же электр байланышынын тейлөө кызматына берүүдөн айырмаланган дагы башка кызыкчылыгы бар пайдалануучулардын тобуна көрсөтүлүүчү электр байланышынын тейлөө кызматы;
Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматы - электр байланышынын жалпы пайдалануудагы тарамына туташтырылган абонент менен пайдалануучуну бириктирүүнү камсыз кылган электр байланышынын жалпы элге сунуш кылынуучу кызматы;
Электр байланышы - зымдын, радио-, оптикалык же башка электромагниттик түзүлүштөрдүн жардамы менен белгилерди, жазма тексттерди, сүрөт-чиймелерди жана үндөрдү же башка түрдөгү маалыматтарды берүү же кабыл алуу
Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасы - байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген идентификациялык уникалдуу код жөнүндө маалыматты камтыган электрондук база;
Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияланып жаткан же ташып келинген байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык идентификаторлорун түшүнүп билүүнү, аларды байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык идентификаторлору боюнча электр байланышынын операторлорунун маалыматтык базалары менен салыштырууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында бул түзүлмөлөрдүн колдонулушуна санкция берүүнү камсыз кылуучу аппараттык-программалык каражаттардын комплекси.
SIM-карта - оператордун тармагына жетүүнү, ошондой эле бөлүнүп берилген абоненттик номерден санкцияланбаган пайдалануудан коргоону камсыз кылган абоненттин жеке идентификациялык модулу.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - электр байланышы операторлоруна, электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүлөргө жана электр байланышы жаатында ишти жүзөгө ашыруучу башка юридикалык жана жеке жактарга карабастан, электр байланышы жаатында жөнгө салуу функцияларын жүзөгө ашыруучу туруктуу иштеген мамлекеттик орган.
(Абзац КР 2021-жылдын 24-августундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо - абонент электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүнү тандап ала алган процесс.
Улуттук тутум жана номерлештирүү планы - номерлештирүү ресурсунун түзүмүн калыптандырууда санариптик, тамгалык, символдук белгилөөлөрдүн түзүмүнө же мындай белгилөөлөрдүн айкалышуусуна карата талаптарды, тарамдарды куруунун негизги принциптерин, номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү, пайдалануу, кайра жол-жоболоштуруу жана алып коюу тартибин, ошондой эле номерлештирүү чөлкөмдөрүнө, электр байланыш тарамдарына жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүсүнө коддорду жана номерлештирүү ресурстарын дайындоочу документ.
Номерлештирүүнүн чектелген ресурсу - эгерде конкреттүү калктуу конуштун же администрациялык райондун кодунда бардык байланыш операторлоруна бөлүнгөн номерлештирүүнүн колдонуудагы тутумуна жана планына ылайык номерлештирүүнүн көлөмү номерлештирүүнүн колдо бар ресурсунун 80 пайыздан ашыгын түзсө, номерлештирүү ресурсу чектелген деп эсептелет.
(Абзац КР 2021-жылдын 24-августундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү - бул өзүнүн тарамы аркылуу же электр байланыш операторунун тарамы аркылуу мобилдик (көчмө) байланыш кызмат көрсөтүүсүн көрсөтүүчү жак.
Электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү (кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү) - өздөрүнүн тарамы же электр байланыш операторунун тарамы аркылуу кызмат көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак.
Номерлештирүү ресурсу - абоненттик номерлердин (номерлердин диапазондорунун), номерлештирүү зоналарынын коддорунун, тарамдардын коддорунун, шаар аралык жана эл аралык коддордун, анын ичинде сигналдаштыруунун улуттук жана эл аралык коддорунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн коддорунун жана тарамдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү коддорунун жыйындысы.
Номерлештирүүнү башкаруунун борборлоштурулган улуттук тутуму - программалык камсыз кылуу, аппараттык камсыз кылуу ресурстарын, шайкеш коммуникацияларды камтыган жана белгилүү бир формада маалыматты жыйноочу жана топтоочу маалыматтар базасынан турган, ошондой эле номерлештирүү ресурстарын бөлүп берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана алып коюуда маалыматтардын үстүнөн операцияларды жүзөгө ашыруучу жана операторлордун жана мобилдик байланыштын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрдү маалымат тутумдары менен кабарлоону камсыз кылуучу бир катар функциялардан турган маалыматтык тутум.
(Абзац КР 2021-жылдын 24-августундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Берүү мультиплекси - электр байланыш тармактары аркылуу берүүнүн бир каналы боюнча берилүүчү санарип пакетке бириктирилген телерадиоканалдардын жыйындысы, ошондой эле бул телерадиоканалдардын курамына кирген кошумча маалымат.
Берүү каналы - бир аналогдук телеберүү каналын же ага эквиваленттүү санарип телерадиоканалдарынын берүү мультиплексин эфирде жер бетине ушул каражаттардын параметрлери менен аныкталуучу аймакта жайылтууга арналган техникалык жана программалык каражаттардын жыйындысы. Берүү каналы зарыл болгон радио жыштык спектри менен камсыз кылынат.
Радиожыштык спектеринин конверсиясы - жарандык арналыштагы радиоэлектрондук каражаттарынын радио жыштык спектрин колдонууну кеңейтүүгө багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын жыйындысы.
Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасы радиокызматтардын ортосунда радио жыштыктардын тилкесин бөлүштүрүү жана аларды пайдалануу шарттарын белгилеген, ошондой эле радио жыштыктардын тилкесинин категориясын аныктаган документ.
Телерадиоберүү оператору - лицензиялык талаптарына теле радиоканалдарды жайылтуу киргизилген маалыматтарды берүү жана/же электрдик байланыш жаатындагы тиешелүү лицензиясы бар электр байланыш оператору.
Радиожыштык тилкеси - төмөнкү жана жогорку чектери менен чектелген радиожыштык жааты.
Колдонуучу - абонент болгонуна же болбогонуна карабастан, ал электр байланыш кызмат көрсөтүүсүн колдонгон жеке же юридикалык жак.
Радиокызмат - электр байланышынын белгилүү бир максаттары үчүн радиотолкундарды чыгарууну, берүүнү жана/же кабыл алууну камсыз кылган радиоэлектрондук жана башка техникалык каражаттардын уюштуруу-техникалык жыйындысы.
Радиоышкыбоздук кызмат - ышкыбоздор, башкача айтканда тийиштүү уруксаты бар жана радиотехника менен жеке кызыкчылыгы үчүн гана жана материалдык пайда алууну көздөбөстөн алектенүүчү адамдар ишке ашыруучу, өзүн-өзү окутуу, сүйлөшүп туруу жана техникалык изилдөөлөр жүргүзүү максаттары үчүн радиобайланыш кызматы.
Радиоышкыбоздук спутниктик кызмат - радиоышкыбоздук кызмат сыяктуу эле максаттар үчүн Жердин спутниктеринде орнотулган космостук станцияларды пайдалануучу радио байланыш кызматы.
Радиожыштык - радиожыштык спектрдин бирдиктүү курамын белгилөө үчүн аныкталган электр магниттик термелүүнүн жыштыгы.
Радиоэлектрондук каражаттар - радиотолкундарды берүү жана/же кабыл алууга арналган, бир же бир нече берүүчү жана/же кабыл алуучу түзүлүштөрдөн же мындай түзүлүштөрдүн комбинациясынан жана кошумча жабдуулардан турган техникалык каражаттар.
Теле-, радиоканалдарды жайылтуу - телерадиоберүү операторлору колдогон технологияларга карабастан, телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын колдонуу менен теле-, радиоканалдардын электрдик сигналын керектөөчүгө жеткирүү.
Теле-, радиоканалдардын электрдик сигналдарын түзүү - колдонулган технологияларга карабастан электр байланыштын тармактары боюнча жайылтууга арналган электрдик сигналга теле, радиоканалдардын программаларын өзгөртүп түзүү.
Жыштык ыйгаруу - электр магниттик шайкештиги камсыз кылынган айрым шарттарда радиожыштык тилкелерин жана/же номиналдарын же радиоканалдарды колдонуу менен радиоэлектрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү колдонуу укугуна байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат.
Байланыш курулмалары - жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) объекттер катары байланыш каражаттарын жана тутумдарын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ылайыкталган электр байланыш операторунун инженердик инфраструктурасынын объекттери (анын ичинде, чектелбестен, базалык станциялар, антенна-мачталык курулмалар, антенна-фидердик түзүлүштөр, байланыштын линиялык-кабелдик курулмалары).
Идентификациялоо оператору - байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо кызматтарын көрсөтүүчү, өзү иштеп чыккан программалык камсыз кылууга ээ болгон, төмөндө саналгандардын: Мобилдик байланыштын терминалынын эл аралык идентификаторунун (IMEI), мобилдик абоненттин эл аралык идентификаторунун (IMSI) же мобилдик байланыштын терминалынын эл аралык ISDN-номеринин (MSISDN) жок дегенде биринин байланыштын түзүлмөлөрүнүн идентификатору катары талаптагыдай аныктоону камсыз кылуучу жана байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүүгө арналган түзүлмөлөрдү борборлоштуруп каттоону камсыз кылуучу юридикалык жак.
Мобилдик түзүлмөлөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо - колдонуудагы жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо жана аутенттөө боюнча электр байланыш тармагынын кызмат көрсөтүүсү.
Эл аралык уникалдуу идентификациялык коддун аутенттүүлүгү - пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн аныктыгын ырастоо.
Радиомониторинг - белгилүү бир жерде (же объекттин чектеринде) радиожыштыктардын бөлүнгөн номиналдарында жана/же тилкелеринде радиожагдайды өлчөө жана талдоо боюнча практикалык иш, байланыштын ар түрдүү каражаттарынын электр магниттик шайкештигин, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү ченемдердин жана мыйзамдык чектөөлөрдү камсыз кылуу максатында ыктымалдуу мүмкүн болгон радиожолтоолорду табуу.
Радиоконтроль - бул тиешелүү жыштык тилкелеринде иштеп жаткан радио нурлардын параметрлерин өлчөө жана мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча техникалык иш-чаралардын комплекси.
(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 103, 2007-жылдын 15-августундагы № 152, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2015-жылдын 20-январындагы № 20, 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2017-жылдын 20-февралындагы № 30, 2017-жылдын 4-майындагы № 75 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2021-жылдын 24-августундагы № 102, 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын электр байланышы жаатындагы мыйзамдары
Электр байланышы жаатындагы мамилелер ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Ушул Мыйзам менен башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда ушул Мыйзамдын жоболору артыкчылыкка ээ болот.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II бөлүм Электр байланышы жагындагы мамлекеттик башкаруу органдары
4-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин электр байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында электр байланышы тармагын өнүктүрүү программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жана электр байланышы жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоону жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин электр байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары:
- электр байланышы тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- инвестицияларды тартуу үчүн керектүү шарттарды түзүү;
- электр байланышы тармагын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- байланыштын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынын өкүлдүгүн камсыз кылуу.
- радиожыштык спектринин конверсиясын жүргүзүү эрежелерин бекитүү;
- радиожыштык спектринин конверсиясын жүргүзүүгө чыгымдарды техникалык-экономикалык негиздөөнүн методикасын бекитүү;
- шаар аралык жана/же эл аралык байланыштын телекоммуникациялык операторунун тармактарына талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү;
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Кыргыз Республикасынын номерлештирүү улуттук тутумун жана планын бекитүү;
- жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялардын тармактарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, коргоо, коопсуздук жана укуктук тартипти коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн телекоммуникациянын бирдиктүү тармагынын ресурстарын даярдоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү;
- телекоммуникациялардын тармактарынын кошулуу жана өз ара аракеттенүү (тармактар аралык кошулуу) эрежелерин, анын ичинде трафикти өткөрүүнү жана өз ара эсептешүүнүн тартибин бекитүү;
- байланыштын, маалыматты берүүнүн кызматын көрсөтүү эрежелерин бекитүү;
Караңыз:
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- универсалдык тейлөө резервинин каражаттарын колдонуу тартибин бекитүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети электр байланышы жаатында башкаруу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана өз компетенциясынын чектеринде электр байланышынын бардык түрлөрүнүн абалы жана өнүгүшү үчүн жоопкерчилик тартуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына өткөрүп берет.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функциялары
Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функциялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын кызматтары жана ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы министрликтердин жана ведомстволордун радиожыштык спектрин пайдалануу жагындагы ишмердиктерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясына төмөндөгүдөй милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын территориясында радиожыштык спектрин пайдалануунун тартибин аныктоо жана сунуштарды,жалпы процедуралык эрежелерди иштеп чыгуу;
- радиожыштыктарды радиокызматтары боюнча бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасын жана радиоэлектрондук каражаттарды жана тутумдарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясын түзүү жана пландаштыруу.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын территориясында радиожыштыктарды аларды пайдалануунун белгиленген тартиби бузулган учурда пайдаланууга тыюу салууга (чектөөгө);
- ушул Мыйзамдын 9-беренесинин төртүнчү жана бешинчи бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын тилкелерди (жыштык номиналдарын) бөлүп берүү тууралу мурда кабыл алган чечимдеринин аракетин токтото турууга (токтотууга),:
- радиотаркатуулардын жана радио кабыл алуулардын ченемдерине же индустриалдык радиотоскоолдуктарынын жол берилген ченемдерине жооп бербеген радиоэлектрондук каражаттарды, электр жабдууларын жана башка техникалык каражаттарды иштеп чыгууну жана жасап чыгарууну токтото турууга жана тыюу салууга.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы өзүнүн ишмердигинде:
- улуттук коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун жана өзгөчө кырдаалдардын натыйжаларын жоюунун максаттары, ошондой эле дагы башка өкмөттүк максаттар үчүн радиожыштык спектрине болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн;
- радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдалануунун зарылдыгын, электр байланышынын операторлорунун, массалык маалымат каражаттарынын жана башка пайдалануучулардын азыркы жана келечектеги керектөөлөрүн, ошондой эле жаңы түрдөгү тейлөө кызматтарын иштеп чыгууну жана колдоону эске алат.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын ишмердиги коомдук негизде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы учун керектүү документтерди даярдоо, уюштуруучулук, усулдук жана дагы башкача көмөк көрсөтүү, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынн редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы N 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтому
III бөлүм Электр байланышы жагындагы жөнгө салуулар
7-берене. Кыргыз Республикасынын байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр байланышы операторлоруна, электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүлөргө жана электр байланышы жаатында ишти жүзөгө ашыруучу башка юридикалык жана жеке жактарга карабастан электр байланышы жаатында жөнгө салуу функцияларын жүзөгө ашыруучу туруктуу иштөөчү мамлекеттик орган болуп саналат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзүнүн ишмердигинде ушул Мыйзамды, Кыpгыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыpгыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулган Электр байланышынын эл аралык бирлигинин эрежелерин жана сунуштарын жетекчиликке алат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары жана ыйгарым укуктары
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менчигинин түрүнө карабастан электр байланышы жаатындагы бардык жөнгө салынуучу субъекттер үчүн милдеттүү болуп саналат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгымдары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүнүн түшкөн акчасынан 0,9 пайыз өлчөмүндө байланыш тармагын өнүктүрүүгө ар жылдагы чегерүүлөрдүн, алар толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, анын ичинен бюджеттен 40 пайызы байланыш тармагын өнүктүрүүгө багытталат;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн;
- гранттардын, донордук жана башка уюмдардын жардамынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
9-берене. Радиожыштык спектрин жана спутник байланышынын орбиталык позицияларын пайдалануу
Радиожыштык спектри мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Радиожыштык спектрин жана спутник байланышынын орбиталдык позицияларын пайдаланууну жөнгө салуу мамлекеттин өзгөчө укугу болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык радиожыштык спектрин конверсиялоо менен байланышкан жана келечектүү технологияларды жана стандарттарды киргизүүнү ылдамдатууга, жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик башкаруунун, улуттук коопсуздуктун, коргоонун, укук тартибин коргоонун муктаждыгы үчүн радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана техникалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу камсыз кылынат.
Радиожыштык спектрин бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык жүргүзүлөт.
Радиожыштык спектрин пайдалануу байланыш боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна уруксаттын жана/же радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын негизинде юридикалык же жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт.
Радиожыштык тилкелерин жана/же номиналдарын бөлүп берүү ведомстволор аралык макулдашууну өткөрүү менен радиожыштыкты тандоонун натыйжаларынын, ошондой эле эгерде Электр байланышынын эл аралык союзунун регламентинде жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген башка эл аралык келишимдерде жол-жобо каралса, радио-жыштыкты ыйгарууну жана/же бөлүп берүүнү пайдаланууну координациялоонун эл аралык жол-жобосунун негизинде жүргүзүлөт.
Радиожыштыктарды тандоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизинде төмөнкү жол-жоболорду жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат:
- электр магниттик шайкештикти талдоону жүргүзүү;
- ведомстволор аралык макулдашуу;
- радиожыштыкты эл аралык координациялоо;
- радиомониторинг.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте бекитилет.
Радиожыштыктарды тандоонун натыйжаларын колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндү түзөт, бул мезгилдин ичинде арыз ээси аларды уруксат берүүчү документтерди (лицензияларды жана/же жыштыкты ыйгарууну) алууга бериши керек.
Радиожыштыктын номиналдары жана/же тилкелери колдонуудагы радиоэлектрондук каражаттар жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөр менен электр магниттик жактан шайкеш келбесе, ведомстволор аралык макулдашуудан жана/же эл аралык координациядан баш тартылса же радиомониторингдин оң корутундусу же бош радио жыштык ресурсу жок болсо юридикалык жана/же жеке жактар тарабынан колдонулбайт.
Радиожыштык спектрин пайдалангандыгы үчүн ар жылдык акы төлөө белгиленет, анда радиоэлетрондук каражатты орнотуунун же билдирилген аймактын географиялык зонасы, калктын жыштыгы, колдонулган радиожыштыктын тилкесинин жана радиожыштыктын номиналынын кеңдиги, коммерциялык бааны жана социалдык факторду камтыган салмактык коэффициенти, эсептик көрсөткүчү, радиожыштык номиналын же тилкесинин натыйжалуулугунун коэффициенти эске алынат.
Акы төлөөнүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Радиожыштыктын номиналдарын жана/же тилкелерин пайдалануу төмөнкү учурларда натыйжасыз деп таанылат:
- лицензия же уруксат берүү колдонулган мөөнөттүн ичинде бөлүнгөн радиожыштыктардын номиналы жана/же тилкеси пайдаланбаса;
- радиожыштык спектрин пайдалангандыгы үчүн тиешелүү лицензия берилген учурдан баштап эки жылдын ичинде бөлүнгөн радиожыштыктардын номиналын жана/же тилкесин пайдаланбаса;
- радиоэлектрондук каражаттарын пайдалануу үчүн жыштык ыйгарууда же радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияда бөлүп берилген радиожыштык ресурсунун 30 пайыздан кемин пайдаланганда.
Радиоышкыбоздук кызматы жана радиоышкыбоздук спутник кызматы үчүн радиожыштыктын тилкелерин тандоо, бөлүү жана пайдалануу акысыз негизде жүргүзүлөт.
Байланыштын техникалык каражаттары, ошондой эле радиожыштык нурлануусунун же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп эсептелген техникалык каражаттар Кыргыз Республикасынын байланыш каражаттарын колдонуу маселелери боюнча техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө сертификатталат.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
91-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо жана абоненттерди жекелештирүү тартиби
(Берененин аталышы КР 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн бардык эл аралык идентификаторлору Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасына киргизилүүгө тийиш. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген колдонуудагы түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун аутенттөө акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
Идентификациялоо оператору Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик түзүлмөлөрүнүн ошондой эле, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоону жана аутенттөөнү Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасында каттоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзөт.
Караңыз:
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтому
Байланыштын операторлору же идентификациялоо операторлору өздөрүнүн жабдууларды идентификациялоону каттоо тутумдарынын жана Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун үзгүлтүксүз, ишенимдүү жана коопсуз өз ара аракетин камсыз кылууга милдеттүү.
Абонентти идентификациялоо жана персонификациялоо жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз башка максаттар үчүн өзгөртүлүүгө, көчүрүлүүгө жана жайылтылууга тийиш эмес.
Каттоо жол-жобосу акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат. Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасына байланыштын түзүлмөлөрүн каттоо жолу менен жүзөгө ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү каттоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы колдонуудагы мыйзамдарга ылайык белгиленет.
Идентификациялоо маалыматтары өзгөртүлгөн түзүлмөлөрдү, SIM-карталарды, жабдууларды жана техникалык каражаттарды алып келүүгө, өндүрүүгө, таркатууга жана иштетүүгө, ошондой эле идентификациялык маалыматтарды өзгөртүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган программалык камсыз кылууга жана жабдууга катуу тыюу салынат.
Идентификациялоо жөнүндө маалыматтары өзгөртүлгөн түзүлмөлөр, SIM-карталар, жабдуулар жана техникалык каражаттар, ошондой эле идентификациялык маалыматтарды өзгөртүү үчүн арналган программалык камсыз кылуу жана жабдуу табылган учурда, конфискациялоого жатат, ал эми идентификациялык маалыматтарды өзгөртүүгө катышы бар адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Операторлор байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын активдештирилишине жана эксплуатацияланышына тыюу салынган түзүлмөлөр менен кызматтарды көрсөтүүгө укуксуз.
Электр байланышынын бардык операторлору абоненттердин бирин койбой баары менен инсандыгын ырастаган анын документине ылайык, абоненттин маалыматтарын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө келишим түзүүгө милдеттүү.
Абонентти каттоо каттоо үчүн суралган идентификация жөнүндө маалыматты алдын ала тастыктоо менен байланыш оператору же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу тартиби, мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо тартиби жана жекелештирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
92-берене. Номерлештирүү ресурсун пайдалануу
Кыргыз Республикасынын электр байланыш тарамдарынын номерлештирүү ресурсу мамлекеттин менчиги болуп саналат жана электр байланыш операторлоруна убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилет. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсу үчүн оператордон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленген өлчөмдө жыл сайын акы алынат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилеген тартипте бөлүнүп берилбеген номерлештирүү ресурсун пайдаланууга же болбосо номерлештирүү ресурсуна жетүүнү ачууга тыюу салынат.
Байланыштын конкреттүү оператору тарабынан номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү жөнүндө, өзгөртүү, кайра жол-жоболоштуруу же алып коюу тууралуу маалымат коммерциялык сыр болуп саналбайт.
Номерлештирүү ресурсу бөлүнүп берилген жана өзгөртүлгөн байланыш операторлору үчүн бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсун пайдаланууну баштоого, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилеген мөөнөттө тарамды номерлештирүүнү өзгөртүүгө милдеттүү.
Абоненттер байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча байланыш тарамын номерлештирүүнү өзгөртүү же байланыш операторунун демилгеси боюнча тарамды модернизациялоо менен байланышкан чыгымдарды тартпайт.
Мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулган шашылыш ыкчам кызматтар үчүн кыска номерлерди бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
Номерлештирүү ресурсун толугу менен алып коюу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат, эгерде:
- оператор ага бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсунан жазуу жүзүндө баш тартса;
- номерлештирүү ресурсун пайдаланууну талап кылган лицензия кайра чакыртылып алынса же анын колдонуу мөөнөтү аяктаса;
- номерлештирүү ресурсу бөлүнүп берилген күндөн тартып бир жылдын ичинде бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсу пайдаланылбаса;
- номерлештирүү ресурсу Кыргыз Республикасынын электр байланыш тарамдарынын Улуттук тутумун жана номерлештирүү планын бузуу менен пайдаланылса;
- номерлештирүү ресурсун пайдалангандыгы үчүн финансылык карыздары бар болсо.
Номерлештирүү ресурсун алып коюу төмөнкү учурларда жарым-жартылай жүзөгө ашырылат, эгерде:
- оператор ага бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсунун бир бөлүгүнөн жазуу жүзүндө баш тартса;
- бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсу номерлештирүү ресурсу бөлүнүп берилген күндөн тартып 2 жылдын ичинде бөлүнгөн ресурстан 20 проценттен кем эмеси пайдаланылса. Мында пайдаланылбаган номерлештирүү ресурсунан 80 проценти алып салынат;
- номерлештирүү ресурсунун бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын электр байланыш тарамдарынын Улуттук тутумун жана номерлештирүү планын бузуу менен пайдаланылса.
Номерлештирүү ресурсу толук же жарым-жартылай алынып коюлган учурда, электр байланыш операторуна компенсация төлөнбөйт.
Байланыш оператору ага бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсун же анын бир бөлүгүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатысыз башка байланыш операторуна берүүгө укуксуз.
Юридикалык жакты биригүү, кошулуу, кайра түзүү формасында кайра уюштурууда ага бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсуна укук белгилөөчү документ укук мураскорунун арызы боюнча кайра жол-жоболоштурулат.
Юридикалык жакты бөлүштүрүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра уюштурууда номерлештирүү ресурсуна карата укук белгилөөчү документтерди кайра жол-жоболоштуруу укук мураскорлорунун арыздары боюнча жүзөгө ашырылат.
Номерлештирүү ресурсун кайра жол-жоболоштуруу акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
Номерлештирүү ресурсун бөлүп чыгаруу, өзгөртүү, кайра жол-жоболоштуруу жана алып коюу, Кыргыз Республикасынын электр байланыш тарамдарын номерлештирүүнү башкаруунун жумушчу процесстерин контролдоо номерлештирүүнү башкаруунун борборлоштурулган улуттук тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат.
Номерлештирүүнү башкаруунун борборлоштурулган улуттук тутумун уюштуруу жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
93-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо абоненттин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жеткирип берүүчүнү алдын ала тандоо же ар бир туташтырууда жеткирип берүүчүнү тандоо кодун киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүнү тандоо коду коңгуроодо кошулушу мүмкүн же болбосо ал кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнүн жабдууларында программалаштырылышы мүмкүн.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
94-берене. Номерлердин сакталуучулугу
(КР 2021-жылдын 24-августундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
IV бөлүм Электр байланышы жагын лицензиялоо жана сертификациялоо
10-берене. Радиожыштык спектрин лицензиялоо
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар жүргүзүлгөн радио-жыштыкты тандоонун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бөлүнөт. Эгерде байланыш кызмат көрсөтүүсү радиожыштык спектрин колдонуу менен көрсөтүлсө, радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар тооруктун (конкурстун, аукциондун) жыйынтыгы боюнча берилет, ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети байланыш кызматын көрсөтүү үчүн жеткиликтүү радиожыштык спектри коммерциялык жактан жагымдуу болуп саналат деп белгилейт. Тооруктарды (аукционду, конкурсту) өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүү радиожыштыкты тандоонун натыйжалары боюнча байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия жана/же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыкты ыйгарууга уруксат берүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим зарыл болгон бардык документтери менен арыз берилген күндөн баштап 30 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия анда радиожыштыктардын номиналдарын жана/же тилкелерин көрсөтүү менен чечимдин негизинде берилет.
Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыкты ыйгарууга уруксат берүү радиожыштык спектрин пайдаланууга тиешелүү лицензиянын мөөнөтүнүн чегинде колдонулат.
Өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыкты ыйгарууга уруксат берүү берилген арызга ылайык 5 жылдан кем эмес жана 15 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет.
Берилген радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар жана радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүлөр жөнүндө маалыматтар лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн реестрлерине киргизилет, алар байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия колдонуу мөөнөтү боюнча - убактылуу, колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча жыштыктарды тандоонун натыйжаларына ылайык - чектелген, ажыратылуусу боюнча - ажыратылуучу, формасы боюнча - кагазга таризделген болот.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксаттын колдонулушунун мөөнөтү лицензиаттын арызы боюнча узартылат, ал колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 60 календардык күндөн эрте эмес жана 20 календардык күндөн кеч эмес берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөттө арыз берилбеген учурда берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлерине аларды колдонуунун мөөнөтү аяктаган күнү токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны жана/же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатты жоготкондо, бузганда лицензиат байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын жана/же уруксаттын дубликатын алат. Лицензия жана/же уруксат бузулган учурда арызга лицензиянын жана/же уруксаттын бузулган бланкы да тиркелет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген документтердин тизмегин толук эмес берген учурда, ошондой эле иштин бул түрү менен иштөөгө арыз ээсине тыюу салган соттун чечими бар болгон учурда радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүдөн баш тартылат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын, ошондой эле радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксаттын колдонулушунун мөөнөтү төмөнкү учурларда узартылбайт:
- радиожыштыктын номиналдары жана/же тилкелери улуттук коргоону, коопсуздукту, укуктук тартибин коргоону камсыз кылуу кызыкчылыгында же өзгөчө кырдаалдарда талап кылынса жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана;
- радиожыштык спектрин пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бул жөнүндө лицензиатка кеминде 3 жылдан мурда милдеттүү кабарлоо менен;
- радиожыштык номиналдарын жана/же тилкелерин натыйжалуу пайдаланбаганда;
- радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүнү колдонуу мөөнөтүн узартуу учурунда спектрди пайдалангандыгы үчүн финансылык карызы болгондо;
- лицензияда көрсөтүлгөн радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн лицензиаттын техникалык мүмкүндүгү аны узартуу жөнүндө арыз берүү учуруна карата жок болгондо;
- лицензия же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүү боюнча иштин процессинде табылган бузуулар болгондо, бирок алар лицензияны же уруксатты берүүнү узартууга арыз берилген учурда жоюлбаса.
Лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттин кызыкчылыгында өзгөчө кырдаалдарда башка жыштыктарга өтүү менен байланышкан электр байланыш операторлору тарткан чыгымдар мамлекет тарабынан компенсацияланат. Компенсациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
Лицензиянын жана/же уруксаттын күчү төмөнкү учурларда токтотула турат:
- лицензиялык талаптардын шарттарынын бузулушун жоюу боюнча чечимдер аткарылбаса;
- Радиобайланыш Регламентинде белгиленген электр магниттик шайкештиктин шарттары бузулса;
- байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында финансылык карызы бар болсо.
Лицензияны жана/же уруксатты кайра тариздөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- юридикалык жакты кайра уюштурганда;
- юридикалык жактын аталышын өзгөрткөндө;
- жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө;
- лицензиядан ажыратканда;
- лицензиянын жана/же уруксаттын колдонулушунун мөөнөтүн узартканда;
- радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатта көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөрдү өзгөрткөндө.
Радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатты жокко чыгаруу лицензияны жана/же уруксатты колдонуу токтотулган себептер жоюлбаган учурда соттук тартипте жүргүзүлөт.
Лицензияны жана/же уруксатты ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн башка жакка берүүгө тыюу салынат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиядан ажыратуу байланыш операторунун активдери сатылган, соттун чечими бар болгон учурларда жүргүзүлөт.
Лицензиянын жана/же уруксаттын күчү төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке ишкер катары жеке жактын иши токтотулуусу;
- юридикалык жактын жоюлушу;
- лицензиянын жана/же уруксаттын күчүнүн мөөнөтүнүн аяктоосу;
- радиожыштык спектрин пайдаланууну өз ыктыяры менен токтоткон учурда лицензиат (лицензиаттын укук мураскери) арыз берүүсү;
- лицензияны жана/же уруксатты жоюу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
- жеке жактын каза болушу;
- лицензия жана/же уруксат берилген учурдан баштап 2 жылдын ичинде радиожыштык спектрин колдонбоо;
- спектрди пайдаланууну натыйжасыз деп таануу.
Лицензиянын жана/же уруксаттын күчүн токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилет. Лицензияны жана/же уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан баштап лицензия жана/же уруксат жараксыз деп эсептелет.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны жана радиоэлектрондук каражатты пайдалануу үчүн жыштык ыйгарууга уруксатты алуу үчүн лицензиялык талаптарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
Электр байланышы жаатындагы ишке лицензия өзүнө лицензиялык талаптарды камтыйт, алар төмөнкүлөргө негизделет:
- эгерде булар каралган болсо, тармакты же кызмат көрсөтүү көлөмүн өнүктүрүү же кеңейтүү боюнча милдеттенмелерге;
- мындай тармактарды куруу жана пайдалануу, электр байланыш кызматтардын көрсөтүү учурунда табигый апааттар же башка өзгөчө кырдаалдар болгондо электр байланышынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу муктаждыгын эске алуу тууралуу лицензиаттын милдеттенмелерине;
- бардык колдонуучуларга кодулабаган негизде кызмат көрсөтүү боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- колдонуучу акы төлөбөгөндө же колдонуучу сервистик келишимдин шарттарын бузганда кызмат көрсөтүүнү убактылуу токтотуу же токтотуу укуктарына;
- оперативдүү тез кызматтарды чакыруу үчүн акысыз кошулууну берүү милдеттенмелерине;
- эгерде булар бар болсо, башка тармак менен тармак аралык кошулуу жагынан лицензиаттын милдеттенмелерине;
- Кыргыз Республикасынын улуттук номерлештирүү тутумуна жана планына ылайык номерлештирүү ресурсун пайдалануу милдеттенмелерине;
- Радиобайланыш регламентине жана Кыргыз Республикасынын радиокызматтарынын радиожыштыктарын бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык радиожыштык ресурстарын пайдалануу милдеттенмелерине;
- эгерде булар бар болсо, абоненттер жөнүндө маалыматты камтыган маалымдаманы жарыялоого лицензиаттын милдеттенмелерине;
- маалымдамаларды басып чыгаруу максаты үчүн абоненттерге, башка жактарга тиешелүү купуя эмес маалыматтарды берүү милдеттенмелерине;
- колдонуучунун билдирүүлөрүнүн, жашырын маалыматтын же ачыкка чыгаруу улуттук коргоо, коопсуздук же укуктук тартипти коргоо үчүн коркунуч келтириши мүмкүн болгон бардык маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- мындай маалымат электр байланыштын операторлоруна жана электр байланыштын кызматтарына акылга сыярлык жана кодулабаган негизде белгилүү болгон учурларды кошпогондо, колдонуучудан алынган же жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагын пайдалануу убагында же башка тармактын иши менен байланышкан жалпы пайдалануудагы электр байланыштын кызматтарын көрсөтүү же башка кызмат көрсөтүүлөр убагында колдонуучуга карата алынган маалыматты колдонбоо милдеттенмелерине;
- техникалык жактан максатка ылайыктуу жана мүмкүн болсо, кабель өткөргүчтөрдү, электр байланыштын кабелдик каналдарын, өткөрүү укугун, түркүктөрдү жана башка курулмаларды электр байланыштын башка операторлоруна, телерадиоберүү операторлоруна жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын башка кызматтарына берүү боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- улуттук коргоого, коопсуздукка же укук тартибине коркунуч келген учурда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда, мамлекеттин талаптарын канааттандырууда жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- ушул Мыйзамда каралган жыйымдарды жана акыларды төлөө боюнча милдеттенмелерге;
- лицензиаттын тармагын зарыл болгон техникалык сыноону өткөрүүгө мүмкүндүк берген тиешелүү чараларды көрүү милдеттенмелерине;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде ушул Мыйзамды жана байланыш жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактоо милдеттенмелерине;
- лицензиаттын укуктары жана милдеттенмелери жагынан жалпы же атайын шарттардын лицензияда бар болушуна;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу орган тарабынан байланыштын тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн шарттарды жана талаптарды сактоого лицензиаттын милдеттенмелерине.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы N 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
11-берене. Байланыш жаатындагы лицензиялоо тартибинин өзгөчөлүктөрү
Ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, электр байланыштын ички же жабык тармактарынын кызматы электрдик байланыш, маалыматтарды берүү жаатындагы ишке лицензия алуудан бошотулат.
Өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн (электр байланышы, маалыматтарды берүү, телерадиоберүү, ошондой эле радиоышкыбоздук жана радиоышкыбоздук спутниги байланышы жаатындагы кызмат көрсөтүү менен байланышпаган) радиожыштык спектрин пайдаланган жеке жана/же юридикалык жактар радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуудан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тизмегин бекиткен маалыматтарды алмашуу же башкаруу максаттарына арналган чакан кубаттуулуктагы радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыктарды ыйгарууну алуу талап кылынбайт.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-берене. Маалыматтарды берүү боюнча ишке лицензиялар
Маалыматтарды берүү жаатында иш жүргүзүү укугуна лицензиялар байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жаатындагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жеке жана юридикалык жактарга берилет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Электр байланышынын жана электр байланышын жалпы пайдалануу кызматынын улуттук оператору
Кыргызтелеком электр байланышынын улуттук оператору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү болуп саналат.
Кыргызтелекомдун лицензиясы ушул Мыйзамдын 11-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бул техникалык же экономикалык жактан мүмкүн болгон жерлерде жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтарын көрсөтүү боюнча милдеттенме, бирок кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу же аны берүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу негиздүү болууга тийиш;
- бардык пайдалануучулардан электр байланышынын тарамдарынан жана электр байланышынын тейлөө кызматынан пайдалангандыгы үчүн алынуучу акыны жыйноо укугу, буга массалык маалымат каражаттары, министрликтер, административдик ведомстволор жана дагы башка мамлекеттик органдар да кирет;
- чет өлкөлүк электр байланышынын уюмдары жана чет өлкөлүк электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана мындай уюмдар жана кызматтар менен эсептешүүлөрдү колдонулуп жаткан эл аралык ченемдик актыларга жана башка талаптарга ылайык жүргүзүү укугу;
- жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарын өнүктүрүүгө карата милдеттенмелер;
- электр байланышынын улуттук, шаар аралык жана эл аралык тейлөө кызматын башкаруу боюнча милдеттенмелер;
- чыгымдардын эсебин алуу тутумдарын киргизүүгө жана пайдаланууга тиешелүү болгон милдеттенмелер;
- электр байланышынын тейлөө кызматынын ар кандай түрлөрү үчүн лицензияда белгиленген мөөнөттүн ичинде алардын баасы менен өздүк наркынын ортосундагы байланыштын тыгыздыгын ачыгыраак көрсөткөн баалардын жаңы балансын түзүүгө тиешелүү болгон милдеттенмелер;
- башка тараптар менен ушул лицензия боюнча тейлөөгө жана дагы башка милдеттенмелерди аткарууга контракттарды түзүү укугу;
- электр байланышынын башка кызматтары менен кирешелерди бөлүштүрүүнү же дагы башка шарттарды караштырган келишимдерди түзүү укугу;
- Кыргызтелекомдун ишмердигинин жалпы таасирдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө тиешелүү милдеттенмелер, буга тейлөөнүн стандартизация боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык келиши да кирет;
- байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан алдын ала уруксат албай туруп жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамынын ишин же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөөсүн же телефон-автоматтардын (таксофондордун) иштешин токтото турбоого же токтотпоого милдеттенме;
- сурап-билүү кызматын түзүүгө байланыштуу милдеттенмелер.
Кыргызтелекомдун лицензиясы, Кыргызтелеком тарабынан эксклюзивдик негизде берилүүчү тарамдардан жана тейлөө кызматынан пайдалангандыгы үчүн алынуучу акынын баасын жөнгө салуунун тартибин, төмөндөгүлөрдү өзүнө камтуу менен белгилейт:
- ушул Мыйзамдын 17-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, белгилүү бир мөөнөткө тейлөөнүн ар башка категориялары үчүн бааларды алгачкы өзгөртүү жана белгилөө;
- бул мөөнөттөн кийин электр байланышынын тейлөө кызматынын ар бир категориясы үчүн айлык акынын мамлекеттик жылдык индексациясына, формулага ылайык жана Кыргызтелекомдун лицензиясында жазылган факторлорду эске алуу менен эсептеленүүчү баанын жыл сайын өсүшүнүн жогорку чеги белгиленет;
- Кыргызтелекомдун лицензиясында тейлөөнүн мындай категорияларынын курамы белгиленет.
Жогоруда белгиленген тартипке ылайык Кыргызтелеком монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен тейлөө кызматынын ар бир категориясы үчүн жыл бою колдонула турган тарифтерди белгилейт жана андан кийин эгерде тарифтерди аныктоодо лицензияда каралган тартип сакталган болсо, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аларды бекитет.
Кыргызтелеком монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ушул Мыйзамдын 17-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, эксклюзивдик эмес негизде берилүүчү электр байланышынын бардык тарамдарынан жана тейлөө кызматтарынан пайдалангандыгы үчүн алынуучу бааларды белгилейт.
Электр байланышынын улуттук оператору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү катары Кыргызтелекомго электp байланышынын жабдууларынын зарыл болгон мобилизациялык резервин түзүүгө жана колдоого каражаттар улуттук коопсуздуктун, коргонуунун, укук тартибин сактоонун максаттары жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер үчүн республикалык бюджеттен бөлүнөт.
(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 103, 2012-жылдын 18-майындагы № 58, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-берене. Байланыштын жабдууларын жана тейлөө кызматтарын сертификациялоо
Электр байланышынын тарамдарында пайдаланылып жаткан бардык техникалык каражаттардын, жабдуулардын жана байланыштын тейлөө кызматтарынын, стандартизация жана сертификация боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилүүчү сертификаты болушу керек.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V бөлүм Электр байланышы жагындагы ишмердик
15-берене. Байланыш тарамдарына, каражаттарына жана курулуштарына болгон менчиктин түрлөрү
Байланыштын тарамдары, ошондой эле айрым каражаттары жана курулуштары Кыргыз Республикасында кабыл алынган менчиктин ар кандай түрүндө болушу мүмкүн.
16-берене. Электр байланышы тармактарын эксплуатациялоого жана электр байланышынын кызматтарын көрсөтүүгө укук
Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарда каралган электр байланышы жаатындагы лицензияларды, ошондой эле жыштык ыйгарууларды алууга укуктуу.
Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызтелекомду же мамлекет ээлик кылган же көзөмөлдөгөн жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамынын дагы башка операторун же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүсүн менчиктештирүүгө катыша алышат.
Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, эгерде башкасы мыйзам актыларында каралбаса, Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары үчүн каралган шарттарда жана ошондой эле тартипте электр байланышы жагындагы ишмердикке лицензия алышат, ошондой эле менчиктештирүүнүн жүрүшүнө катышышат.
(Төртүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 20-январындагы № 20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2001-жылдын 7-ноябрындагы № 88, 2015-жылдын 20-январындагы № 20, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-берене. Электр байланышынын тейлөө кызматынын баалары
Атаандаштык негизинде сунуш кылынган электр байланышы кызматтарын көрсөтүүлөргө баалар электр байланышы операторлору, электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүлөр тарабынан төмөнкү принциптерге негизденүү менен белгиленет:
- баалар өздүк наркка жараша болууга жана кайчылаш субсидиялоо алынып ташталууга тийиш;
- баалар граждандардын байланыш каражаттарына болгон керектөөлөрүн максималдуу канааттандырууну эске алуу менен тиешелүү эл аралык базалык баалар менен салыштырууга мүмкүн болгондой болууга тийиш;
- баалар структураланган болушу керек, ал эми алардын деңгээли электр байланышы секторуна инвестицияларды тартууга максималдуу жардам бергидей белгилениши керек;
- бааларды белгилөөдө Кыpгыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын жоболору жана сунуштары эске алынышы керек.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөндөгүдөй учурларда, буга тарифтерди белгилөөнү, кайра кароону же бекитүүнү же ушул Мыйзамдын 13-беренесинин үчүнчү жана төртүнчү бөлүгүндө каралган бааларды жөнгө салуунун тартибин пайдаланууну кошкондо, бааларды жөнгө салууга укуктуу:
"- электр байланышы тармагына ээлик кылуучу же контролдоону жүзөгө ашыруучу электр байланышынын бир оператору, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуучу электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир берүүчүсү болгондо же электр байланышынын оператору, электр байланышынын кызматы мындай кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгондо;
- эгерде жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалын ээлеп турган оператор, кызмат же ишкана атаандаштыктын негизинде берилүүчү тарамды же тейлөө кызматын, мындай оператор жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалындагы оператору катары тейлөө кызматынан түшкөн кирешелердин эсебинен, кайчылаш субсидиялаган болсо;
- эгерде байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы түзүлгөн баалардын атаандаштыкка каршы багытталгандыгын жана дагы башка ушундай мүнөздөгү аракеттерди тапкан болсо.
(КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-берене. Почта байланышы
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19-берене. Почтаны ташуу үчүн транспорт каражаттарын пайдалануу
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20-берене. Почта маркалары
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21-берене. Байланыш каражаттары аркылуу жиберилүүчү маалыматтын купуялыгын сактоо
Байланыш каражаттары аркылуу жиберилүүчү кат алышуулардын, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык, ошондой эле башка билдирүүлөрдүн купуялыгы Конституция жана ушул Мыйзам тарабынан корголот.
Менчиктин бардык түрүндөгү байланыштын ишканалары маалыматты коргоо боюнча уюштуруучулук-техникалык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын улуттук коргонуу, коопсуздук, укуктук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, байланыштын техникалык каналдарын контролдоону жүзөгө ашырууга, анын ичинде менчиктин бардык түрүндөгү байланыш ишканаларында телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоого тыюу салынат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
211-берене. Атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө байланыш операторлорунун милдеттери жана байланыш кызматын пайдалануучулардын укуктарын чектөө
1. Байланыш операторлору байланыш тармактарында атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүдө тергөөчүгө жана контрчалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга байланыш кызматын пайдалануучулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл башка маалыматты берүүгө, аларга байланыштын бардык тармактарында жана каналдарында атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурларда, маалыматтар базасына жана байланыш операторунун автоматташтырылган тутумуна жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 7-р чечими
2. Байланыш операторлору атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү үчүн байланыш тармактарына жана каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарды ишке ашырууну камсыз кылууга, ошондой эле көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
3. Уюктук байланыш операторлору алардын тармактарында иштеген абоненттик түзүлмөлөрдүн идентификациялык коддорунун реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте абоненттер жөнүндө маалыматтарды 3 жыл ичинде жыйноону жана сактоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.
Тармакта идентификациялык коддору окшош болгон бир нече абоненттик түзүлмөлөр табылган учурда, уюктук байланыш оператору бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тийиштүү органдарга кабарлоого милдеттүү.
4. Байланыштын техникалык каналдары боюнча берилүүчү мыйзамдуу жол менен алынган маалыматтарды контролдоо жана белгилөө үчүн арналган байланыш тармактарына, атайын техникалык каражаттарга, интерфейсти (техникалык регламентти) жакшылап иштеп чыгууну, зарыл программалык камсыз кылууну иштеп чыгууну, биригүү жана каналдарга жетүү жөнүндө маселени, байланыш тармактарындагы атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу менен бул чөйрөдө иштелип чыккан эл аралык сунуштамаларга жана техникалык концепцияларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык байланыш тармактарына атайын тергөө иш-аракеттеринин жана контрчалгындоо иш-чараларынын тутумунун киргизилиши жана анын иштеши менен байланышкан башка маселелерди кошуп алганда, байланыш тармактарына изин суутпай иш-чараларын жүзөгө ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тартибине карата техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан байланыш тармактарында (каналдарында) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө байланыш операторлору бул органдарга Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарына ылайык көмөк көрсөтөт.
5. Байланыштын тармактарынын жана каражаттарынын ишин, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга байланыш кызматын көрсөтүүнү токтото туруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мобилдик уюлдук байланыштын операторлору, эгерде анын эл аралык идентификатору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн Уурдалган мобилдик түзүлмөлөрдүн реестрине киргизилген болсо, мобилдик түзүлмөнүн иштөөсүн токтото турууга милдеттүү.
Байланыш операторлору соттун чечиминин же байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөөлүү чечиминин негизинде байланыш кызматтарын көрсөтүүнү кайра жүргүзүүгө милдеттүү.
6. Байланыш операторлорунун байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо ишин жүргүзүү үчүн зарыл программалык-техникалык жана башка каражаттар менен камсыз кылууга байланышкан чыгымдары байланыш операторлорунун каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.
7. Байланыш операторлорунун атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иштерин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2022-жылдын 30-июнундагы № 53, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-берене. Бажылык көзөмөл
(Биринчи бөлүк КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Экинчи бөлүк КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасына радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштык түзүлүштөрүн алып келүү жана Кыргыз Республикасынан радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү алып чыгуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Евразиялык экономикалык бирликтин укугун түзгөн, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштык түзүлүштөрдү алып келүүгө жана алып чыгууга эксперттик корутундуну берет.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VI бөлүм Электр байланышынын тарамдары, кызматтары жана сырткы жабдуулары
23-берене. Электр байланышынын жалпы пайдалануудагы тарамдары
Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарынын координацияланышын жана өз ара биргелешип иштешин камсыз кылуу үчүн мындай тарамдардын операторлору бул тарамдарды, ушундай тарамдардын биринин пайдалануучусун ушул эле тарамдын же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын башка тарамынын пайдалануучусу менен ишенимдүү байланыштыра алгандай кылып түзүшөт жана иштетишет.
Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарынын операторлору өзүнүн тарамдарына чыгууга электр байланышынын бардык кызматтарына жана ошондой эле дагы башка жеке жана юридикалык жактарга жол берет.
Жеке же юридикалык жак ушул Мыйзамдын 28-беренесинин жоболору сакталган шартта жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарын түзөт жана иштете алат, ошондой эле электр байланышы менен тейлей алат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
231-берене. Теле-, радиоканалдарды жайылтуу
Электр байланыш тармактары боюнча жайылтууга арналган теле, радиоканалдардын электрдик сигналдарын түзүү телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Теле-, радиоканалдарды жайылтуу, анын ичинде теле-, радиоканалдарды берүүчү мультиплекске топтоо электрдик байланыш жаатына кирет жана электр байланыштын кандай технологиялары жана/же тармактары колдонулгандыгына карабастан, ушул мыйзам жана байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Теле-, радиоканалдардын сигналдарын жайылтуучу электр байланыш оператору бул учурда телерадиоберүү оператору да болуп эсептелет жана аларды колдонуучуга чейин жеткирүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Телерадиоберүү оператору өзүнүн электр байланыш тармактарын телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөрдү жайылтуу үчүн колдонушу мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган жана аналогдук берүүгө жана/же берүүнүн санариптик топтомуна жайгаштырууга лицензиялоо жөнүндө жана телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген тиешелүү уруксаты бар теле-, радиоканалдарды;
- жана/же чет өлкөлүк телерадиоканалдарды.
Эгерде телерадиоберүүнүн оператору ретрансляциялануучу теле-радиоканалдардын берүү торчосуна өзгөртүүлөрдү киргизсе, бул оператор телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык телерадио уюм катары катталууга милдеттүү.
Радиоэлектрондук каражаттардын жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн электр магниттик шайкештигин камсыз кылуу максатында телерадиоканалдарды жайылтууда радиожыштык спектрин пайдалануу лицензиялоо жаатындагы мыйзамдар, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, радиожыштык спектрин пайдалануу жаатындагы эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарында байланыш кызматы менен тейлөө
Байланыштын оператору тейлөө кызматын керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тиешелүү лицензиянын шарттарына жана оператор менен керектөөчүнүн ортосундагы келишимге ылайык, ошондой эле керектөөчү тарабынан байланыш тарамдарынан пайдалануунун эрежелери сакталган жана тейлөө акысы төлөнгөн шартта аткарат.
Байланыштын операторлору аткарган тейлөө тейлөө кызматынын төлөнүшү ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча кечиктирилген учурда керектөөчүлөр тейлөө кызматынын төлөнө элек баасынын бир пайызынын өлчөмүндө кечиктирилген ар бир сутка үчүн туума айып төлөшөт. Төлөөлөрдүн ушундай кечиктирилиши бир айдан ашкан учурда байланыштын операторлору керектөөчү жазуу жүзүндөгү эскертүүнү алгандан бир ай өткөндөн кийин, аларды тейлөөнү улантуудан баш тартууга укуктуу. Байланыштын операторлорунун тейлөөдөн баш тартышы керектөөчү тарабынан соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. Тейлөөнүн токтотулушу керектөөчүлөрдү карыздарын төлөөдөн бошотпойт.
Телефон байланышынын жергиликтүү тарамдарынын тейлөө кызматы бардык керектөөчүлөргө жазуу жүзүндөгү арызынан кийин чектелбестен берилет. Мындай тейлөөдөн байланыш операторунун баш тартышы үчүн негиздүү себеп болуп тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн болбогондугу саналат. Баш тартуу арыз ээси тарабынан соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
Электр байланышынын жергиликтүү тарамдары техникалык каражаттар менен жетиштүү деңгээлде камсыз болбогон жерлерде телефонду орнотуу боюнча арыздар төмөндөгүдөй кезекте канааттандарылат:
- мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, прокуратура органдары, соттор, ички иштер органдары, коопсуздук кызматтары жана аскер мекемелери;
- чет мамлекеттердин дипломаттык жана консулдук өкүлчүлүктөрү;
- медицина мекемелери, өрт өчүрүүчү бөлүктөр, табигый кубулуштар (жер титирөө, суу ташкыны, аябаган катуу шамал ж.у.с.) жөнүндө маалымат берүүчү уюмдар, мамлекеттик мектепке чейинки тарбиялоочу мекемелер жана окуу жайлары, мамлекеттик илимий жана маданий мекемелер;
- үйлөрүнө телефон койдурганга мыйзамдарга ылайык жеңилдиктерди алышкан (кезексиз, биринчи кезекте жана артыкчылык менен коюуга укуктар) граждандардын үйдөгү телефондору;
- башка ишканалар, мекемелер жана уюмдар;
- башка граждандардын үй телефондору.
Эгерде телефон тарамдарын курууга юридикалык жана жеке жактардын финансы каражаттары колдонулса, буларга телефондор жогоруда көрсөтүлгөн кезекти сактабастан коюлат.
Байланыштын техникалык каражаттары бузулган учурда байланыш операторлору аларды калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүшөт.
Байланыш операторлору мыйзамдарга ылайык граждандардын айрым категорияларын тейлөөнү жеңилдетилген негизде, буга байланышкан чыгымдарды мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин жана тиешелүү фонддордун жана ишканалардын эсебинен жабуу менен аткарышат.
Мобилдик уюлдук байланыштын оператору байланыш кызматын көрсөтүү иш чарасында мобилдик түзүлүштүн байланыш кызматын пайдалануучу колдонгон, эл аралык идентификаторду чыгаруучу тарабынан белгиленген аныктаманы өз алдынча ишке ашырууга милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестри менен аны тактоо жүргүзөт.
Мобилдик уюлдук байланыштын оператору мобилдик түзүлүштүн байланыш кызматын керектөөчү тарабынан колдонулган эл аралык идентификатору уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестирине туура келген учурда ушул мыйзамдын 211-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацында каралган аракеттерди жүргүзүүгө милдеттүү.
Мобилдик уюлдук телефондордун эл аралык идентификаторлорун аныктоого зарыл болгон программалык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жана аларды уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн Реестри менен салыштырууга байланышкан мобилдик уюлдук кызматтын операторлорунун чыгымдары мобилдик уюлдук байланыштын операторлорунун жеке каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.
(КР 2007-жылдын 15-августундагы N 152, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
241-берене. Абоненттер жөнүндө байланыш операторунун маалыматтар базасы
1. Байланыш оператору абоненттер жана аларга көрсөтүлгөн байланыш кызматтары жөнүндө маалыматтар базасын түзөт.
Байланыш операторунун абоненттер жөнүндө маалыматтар базасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт: абоненттин фамилиясын, атын, атасынын атын, абоненттин - юридикалык жактын толук аталышын, абонент болуп саналган бул юридикалык жактын жетекчисинин жана кызматчыларынын фамилиясын, атын, атасынын атын, абоненттин дарегин же четки абоненттик түзүлмөнү (терминалды) орнотуунун дарегин, абонентти же анын четки түзүлмөнү (терминалды) аныктоого (идентификациялоого) мүмкүнчүлүк берген абоненттик номерлерди жана башка маалыматтарды, байланыштын көрсөтүлгөн кызматтары үчүн эсептөө тутумдарынын маалыматтар базасынын маалыматтарын.
2. Абоненттерди жана байланыш кызматтарын жана каражаттарын пайдалануучуларды милдеттүү каттоодо юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынуучу маалыматтар, ошондой эле аларга көрсөтүлгөн кызматтар жана байланыш каражаттары жөнүндө маалыматтар купуя маалымат болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга жатат.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-берене. Электр байланышынын жабык жана ички тармактары
Юридикалык же жеке жак электр байланышынын ички тармактарын түзүп жана эксплуатациялай алат.
Электр байланышынын жабык тармактары Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору тарабынан алардын ички жоболоруна ылайык коргонуунун, коопсуздуктун, укуктук тартипти сактоонун жана өзгөчө кырдаалдарда калкты коргоонун кызыкчылыктарында түзүлүшү жана эксплуатацияланышы мүмкүн. Жабык жана ички тармактардын операторлорунун ишине ушул Мыйзамдын 7-9-беренелеринин жоболорунун күчү жайылтылбайт.
Электр байланышынын ички же жабык тармагынын оператору ушул Мыйзамдын IV главасына ылайык тиешелүү лицензияны алгандан кийин гана мындай тармакты жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтарын көрсөтүү үчүн пайдалана алат. Ушул учурдан тартып мындай оператор мындай тармакка же кызмат көрсөтүүлөргө карата кырдаалга жараша электр байланышынын ички тармагынын же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тармагынын оператору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү болуп калат. Электр байланышынын мындай ички тармагын жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тармагы менен тармактар аралык бириктирүү тартиби ушул Мыйзамдын 30-беренесинин жоболору менен жөнгө салынат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Электр байланышынын тарамдарын башкаруунун, коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун кызыкчылыктарында жана өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу
Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк байланыш тармагы улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулат жана берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк байланыш тармагы ушул тармак боюнча берилүүчү маалыматтын корголушун камсыздоого тийиш. Мындай тармак электр байланышынын жабык тармагы болуп саналат жана ага ушул Мыйзамдын 25-беренесинин экинчи бөлүгүнүн жоболору жайылтылат.
Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, электр байланышынын жабык жана ички тармактарын иштетүүчү Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармактарынын операторлору башкаруу, анын ичинде коргоо, коопсуздук, укук тартибин сактоо жана өзгөчө кырдаалдар максаттары үчүн электр байланышы тармактарын жана кызматтарын көрсөтүүнү камсыздоого милдеттүү.
Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жалпы пайдалануудагы электр байланышынын зарыл кызматтарын көрсөтүүнү камсыздоо үчүн чараларды көрөт. Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн аймакта электр байланышы тармактарын эксплуатациялоо жана толугу менен же жарым-жартылай электр байланышы кызматтарын көрсөтүү үчүн өзгөчө убактылуу органдарды түзүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети электр байланышынын тарамдарын жана тейлөө кызматын башкаруунун максаттары үчүн, буга улуттук коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун максаттары да кирет, жана өзгөчө кырдаалдардын учурунда (табигый кыйроолор, карантиндер ж.б.) пайдаланышы мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мына ушундай өзгөчө жагдайларда гана электр байланышынын тарамдарын жана тейлөө кызматын иштетүү же иштетүүнү токтото туруу боюнча артыкчылык укуктан пайдаланышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети электр байланышынын операторуна же кызматына, алардын ишмердиктеринин мына ушундайча токтотулуп турушунун натыйжасында тартышкан чыгашаларынын ордун толтуруп берет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-берене. Артыкчылыктуу билдирүүлөр
Электp байланышынын опеpатоpлоpу, электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөpү жана пайдалануучулаp төмөндөгүлөр менен байланышкан бардык билдирүүлөргө:
- суудагы, жеpдеги, абадагы, космос мейкиндигиндеги адам өмүpүнүн коопсуздугуна коркунуч келгенде;
- коpгонуу, улуттук коопсуздук жана укук таpтибин сактоо жагындагы кечиктиpилгис чараларды көрүү учурунда;
- чоң кыйроолор, катастрофалаp, эпидемиялаp, эпизоотиялаp, табигый кыpсыктаp жана дагы башка өзгөчө кырдаалдар болгондо толук артыкчылыктарды берүүгө тийиш.
Адам өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугуна тиешелүү маалыматтарды калкка жеткирүүгө байланышкан коомдук маанилүү кабарларды берүү жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио), уюлдук байланыш операторлору тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
(Үчүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Төртүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2012-жылдын 23-майындагы № 62, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-берене. Электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрү
жеке же юридикалык жак жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматын, буларга жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматын, кошумча баа кошулуучу маалыматтарды жана тейлөө кызматын кайра сатып жиберүү да кирет, электр байланышынын саны жагынан чектелген тараптарды тейлөөнү жана электр байланышынын ички пайдалануудагы тейлөөлөрүн көрсөтүүгө укуктуу.
Электр байланышынын тейлөө кызматын кабелдик телекөрсөтүүнүн каражаттарын же дагы башка тутумдарды пайдалануу менен массалык маалымат каражаттарын тейлөө үчүн берүүчү жеке же юридикалык жак электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүсү деп эсептелинет жана өзүнүн ишмердигин ушул Мыйзамга ылайык жүргүзөт.
(3-бөлүк КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 30 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(4-бөлүк КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 30 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Мындай жак электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү болуп эсептелет. Акы төлөтүүнүн негизинде кызмат көрсөтүлгөн учурда берүүчү ушул Мыйзамга жана лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык лицензия алууга тийиш.
(КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2017-жылдын 20-февралындагы № 30, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-берене. Сырткы жабдуулар
Юридикалык жана жеке жак сырткы жабдууларды чектелүүсүз импорттоого, сунуш кылууга, туташтырууга, иштөөгө жарактуу абалында кармоого жана иштетүүгө укуктуу.
Сырткы жабдуу жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамына, эгеpде ал ушул берененин негизги талаптарына туура келген жана тиешелүү түрдө сертификацияланган учурда гана туташтырылышы мүмкүн.
Сырткы жабдуу төмөндөгү талаптаpга туура келүүгө:
- пайдалануучу үчүн коопсуз болууга жана стандартташтыруу боюнча ченемдик документтерге ылайык келүүгө;
- электpомагниттик сыйымдуулук боюнча талаптарга жооп берүүгө, эгерде алардын сырткы жабдуу үчүн өзүнчөлүгү болсо;
- радиожыштык спектpин таасирдүү пайдаланууга, ошондой эле спутниктик тутумдаp менен жерде жайгашкан тутумдардын оpтосунда жана жердеги тутумдардын ортосунда pадиотехникалык тоскоолдуктаpды түзбөөгө;
- жалпы пайдалануудагы тарамга зыян келтирбөөгө;
- жалпы пайдалануудагы электp байланыш тарамы менен сыйымдуу болууга;
- жалпы пайдалануудагы электp байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдаланылганда жалпы пайдалануудагы электp байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдаланылуучу башка сырткы жабдуу бирдиктери менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы сертификациялоону жүргүзөт жана азыркы беренеде каралган талаптарга туура келген сырткы түзүлүштөрдүн тизмесин басып чыгарат.
Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамына туташтырылган сертификацияланбаган сырткы жабдуу жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамынын оператору тарабынан өчүрүлүшү мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-берене. Тарамдар аралык байланыштыруу (жалгаштыруу)
Үстөмдүк кылуу абалын ээлеген жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамдарынын операторлору өздөрүнүн тарамдары менен тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү электр байланышынын лицензиясы бар башка тарамдардын операторлорунун өтүнүчтөрүн канааттандырууга милдеттүү. Тарамдар аралык байланыштыруу жөндүү жана дискриминацияланбаган сыяктуу шарттардын жана тартиптин негизинде жүргүзүлөт, буларга бааларга тиешелүү шарттар да кирет. Тарамдар аралык байланыштырууну жүзөгө ашырган жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамынын оператору мындай шарттардын жана тартиптин жалпыга маалымдуу болушун камсыз кылат.
Эгерде тарамдар аралык байланыштырууну аткарууга техникалык мүмкүнчүлүктөр болсо, анда аны кошпой коюуга болбойт. Тармактар аралык байланыштыруудан баш тартуу толугу менен негиздүү болууга тийиш.
Электр байланышынын таламдаш эки оператору тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, анын жоболору ушул Мыйзамдын жоболоруна, ченемдик актыларга жана тарамдар аралык байланыштыруу үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгиленген дагы башка шарттарга карама-каршы келбегендей болууга тийиш. Бул келишим бардык техникалык жана финансылык шарттарды аныктайт жана кол коюлган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө бардык өзгөртүүлөр менен бирдикте байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кээ бир негиздүү учурларда тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кыла алат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү бардык келишимдердин жалпыга маалымдуу болушун камсыз кылат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бааларды түзүүнүн талаптары кирген тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимдер туура келүүгө тийиш болгон жалпы шарттарды белгилей алат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талаштарды жөнгө салуу же калыстар сотунда кароо үчүн, эгерде:
- тарамдар аралык байланыштырууну бербей коюшса;
- эки же андан ашык оператор колдонуудагы тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө келишимдердин талаптары боюнча келише алышпаса;
- тарамдар аралык байланыштырууга берилген алгачкы кайрылуудан кийинки үч айдын ичинде электр байланышынын эки оператору тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимге жетише алышпаса, процедураны белгилөөгө же талаштарды дагы башкача чечүүгө, эксклюзивдүү укугу бар,.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул маселе боюнча чечимди 6 айдын ичинде чыгарат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
Административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, талаштарды сотко чейинки кароо тартиби милдеттүү жол-жобо болуп саналат.
Тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө эрежелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
(КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2017-жылдын 20-февралындагы № 30, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VII бөлүм Электр байланышы операторлорунун, электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн аткаруу бийлик органдары жана башка ишканалар жана уюмдар менен өз ара мамилелери
31-берене. Электр байланыш тарамдарынын техникалык каражаттарынын жайгаштырылышы
Шаарларды жана башка калктуу пункттарды долбоорлоодо жана өнүктүрүүдө, буларга турак-жай райондору жана комплекстери, айрым коомдук имараттар жана курулуштар да кирет, архитектура жана шаар куруу органдары долбоорлоо жана курулуш уюмдары менен бирдикте колдонулуп жаткан ченемдерге ылайык электр байланыш операторлорунун техникалык каражаттарын жайгаштыруу боюнча талаптарын эске алууга милдеттүү.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары электр байланыш операторлоруна колдонулуудагы же курулуп жаткан турак-жай же коомдук имараттардан, же коомдук пайдалануудагы жерлерден аларга өздөрүнүн техникалык каражаттарын, байланыш бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн технологиялык ченемдерге ылайык келген орундарды бөлүштүрүп берет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-берене. Коомдук аянттарды жана электр байланыш операторлорунун жана кызматтарынын менчиктерин пайдалануу
Электp байланыш опеpатоpлоpу жана кызматтаpы мамлекет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же мамлекеттик ишканалар тарабынан коомдук муктаждыктар үчүн бөлүнгөн жер участкаларын, буларга коомдук жолдор, тротуарлар же дагы башка коомдук жерлер же курулуштар да кирет, электр байланышынын тарамдарын куруу, орнотуу, иштетүү, техникалык жактан тейлөө жана ремонттоо жана электр байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдаланууга укуктуу (өтүү укугу).
Электр байланыш операторлору жана кызматтары өздөрү ээлик кылган же ага карата ижара, жалдоо же дагы башка жол менен башкача укуктарды алган менчикти пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарамдарды, курулуштарды же имараттарды курууга, же тейлөө кызматын көрсөтүүгө укуктуу.
Байланыш тарамына жана байланыштын тейлөө кызматы үчүн бөлүнгөн жер участкаларынын өлчөмдөрү жана жайланышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына ылайык аныкталат, буларга өтүү укуктары, ажыратылган тилке жана коргоо тилкеси да кирет.
Электр байланыш операторлору жана кызматтары алдын ала билдирүү жиберип жана керек болсо, менчик ээлери же ушул жер участкаларына же курулуштарга укуктары болгон дагы башка жактар менен келишим түзүп, тирөөчтөрдү, линияларды жана башка курулуштарды жерде, имараттарда, мамыларда, көпүрөлөрдө, трубопроводдордо, жолдордо, коллекторлордо, темир жол туннелдеринде жана башка жерлерде курa, орното жана иштете алышат.
Электр байланышынын тарамын куруу, орнотуу жана иштетүү экологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен жана ушул жумуштар жүргүзүлүп жаткан жерлердин эстетикалык көрүнүшүнө зыян келтирбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле жеке менчикке же өтүү укугунун берилгендигине байланыштуу, келтирилиши мүмкүн болгон зыянды азайтуу боюнча чаралар көрүлөт. Жер участкаларындагы, имараттардагы же курулуштардагы электр байланышынын тарамын куруу, орнотуу же ремонттоо боюнча жумуштар аяктагандан кийин электр байланыш оператору өз эсебинен жер участкаларын, имараттарды же курулуштарды алгачкы абалына келтирүүгө милдеттүү.
Электр байланыш оператору электр байланышынын тарамын куруунун, орнотуунун, ремонттоонун, ошондой эле иштетүүнүн натыйжасында имараттарга, жер участкаларына же курулуштарга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, буга бул объектилердин бааларынын азайышы да кирет.
Электр байланыш операторунун менчигинде болбогон жер участкаларында, имараттарда же дагы башка курулуштарда ушул оператор тарабынан электр байланышынын тарамын калыбына келтирүү же электр байланыш курулуштарын монтаждоо боюнча кечиктирилгис же башка шашылыш жумуштар аткарылууга тийиш болгон өзгөчө учурларда электр байланышынын оператору жер участкасынын, имараттын же дагы башка курулуштардын ээсине өз убагында билдирүү үчүн бардык күчүн жумшоого жана ушул жумуштарды жүргүзүүгө анын макулдугун өз убагында алууга милдеттүү. Ээсинин макулдугу алынбаса, ал бул иштерди жүргүзүү үчүн бөгөт болуп эсептелинбейт жана ушул жумуштарды аткаруудан келип чыккан зыяндын ордун толтуруудан электр байланыш операторун бошотпойт. Зыяндын өлчөмү көз карандысыз комиссия тарабынан аныкталат.
Жаңы курулуш, калктуу пункттарды жана айрым имараттарды кеңейтүү, реконструкциялоо, жолдорду жана көпүрөлөрдү кайра куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, мелиорация тутумдарын кайра түзүү, пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышкан электр байланышынын курулуштарын кайра куруу жана которуу курулуштун жалдоочусунун эсебинен электр байланышынын тарамдарынын жана каражаттарынын ээлеринин техникалык шарттары боюнча колдонулуп жаткан стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Ошону менен бирге электр байланышынын каражаттарынын кубаттуулугун көбөйтүү алардын ээсинин эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-берене. Жалпы пайдалануудагы электp байланыш тарамдарынын операторлорунун курулуштарын пайдалануу
Жалпы пайдалануудагы электp байланышынын таpамдаpынын опеpатоpлоpу электp байланышынын башка опеpатоpлоpуна, кабелдик телекөрсөтүү тутумунун операторлоруна жана массалык маалымат каражаттарынын дагы башка кызматтарына техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон жерлерде, кабелдик проводдорго, коллекторлорго, өтүү укугуна, тирөөчтөрдү жана башка курулуштарга чыгууга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.
Мындай кабелдик проводдорду, коллекторлорду, өтүү укугун, тирөөчтөрдү жана башка курулуштарды пайдаланышкан операторлор:
- жалпы пайдалануудагы электp байланыш таpмагынын опеpатоpунун тарамды иштетүүдө, тейлөө кызматын берүүдө жана дагы башка ишмердигин жүргүзүүдө өзүнүн курулуштары жана тейлөө кызматтары техникалык же физикалык бөгөттөрдү же тоскоолдуктарды пайда кылбашы үчүн жооп берүүгө;
- ушундай бөгөттөрдү же тоскоолдуктарды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө;
- жогоруда көрсөтүлгөн бөгөттөрдүн же тоскоолдуктардын келип чыгышынын натыйжасында келтирилген бардык чыгымдарды, зыяндарды же дагы башка экономикалык чыгашаларды жалпы пайдалануудагы электp байланыш таpамынын опеpатоpуна толук өлчөмдө ордун толтурууга милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
34-берене. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарына жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматтарына келтирилген кырсыктардын кесепети
Жалпы пайдалануудагы электр байланыш операторлору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрү кыйроолордун же табигый апааттардын натыйжаларын азайтуу же жоюу жана мындай апааттардан же кыйроолордон кийин өздөрүнүн электp байланыш таpамдарынын ишмердигин кайрадан калыбына келтирүү жана тейлөө кызматын кайрадан улантуу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга милдеттүү.
Электр байланышынын мындай операторлору жана кызматтары тиешелүү мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрыла алышат жана алар керектүү колдоону көрсөтүүгө тийиш, буга жумушчу күчтөрүн, транспорт каражаттарын жана дагы башка ресурстарды берүү да кирет. Электр байланыш операторлору жана кызматтары мамлекеттик органдарга алар тарткан чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, буга мындай органдар чыгымдарды өзүнө алууну чечкен учурлар кирбейт.
Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарына жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматтарына келтирилген зыяндарды жоюу үчүн электр байланыш операторлору жана кызматтары өздөрүнүн курулуштарын реконструкциялоону жана калыбына келтиpүүнү жүргүзүшөт жана жаратылышты коргоо боюнча зарыл чараларды ишке ашырышат.
341-берене. Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында байланыш линияларын куруу жана эксплуатациялоо
Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө байланыш линияларын куруунун, эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн, анын ичинде кабелди төшөөнүн жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруунун, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2015-жылдын 20-январындагы № 20, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VIII бөлүм Корутунду жоболор
35-берене. Байланыш чөйрөсүндөгү эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрү
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
36-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
Байланыш ишканалары юридикалык жана жеке жактардын байланыштын тейлөө кызматтарынын бардык түрлөрүнө болгон муктаждыктарын канааттандыруу жана алардын сапатын жогорулатуу үчүн чараларды көрөт.
Керектөөчүлөрдүн тиешелүү сапаттагы электр байланышынын тейлөө кызматына болгон укуктарын коргоо, ошондой эле бул укуктарды коргоону ишке ашыруунун жол жобосу "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
37-берене. Тилдерди жана алфавиттерди колдонуу
Кыpгыз Республикасынын бүткүл аймагында жалпы пайдалануудагы электр байланышынын таpамдаpы жана электp байланышынын тейлөө кызматтарынын кызматтык иш-кагаздары мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт.
(Экинчи бөлүк КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Үчүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Электp байланышынын тарамдары боюнча жибеpилүүчү эл аpалык билдиpүүлөp Кыpгыз Республикасы менен болгон эл аpалык келишимдеpдин жоболоpу менен аныкталуучу тилдеpде иштетилет.
(КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 130, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
38-берене. Учеттук-отчеттук убакыт
Кыpгыз Республикасынын аймагынын кайсыл жерине жайгашканына каpабастан тейлөө кызматы менен байланышкан ишмердикти жүзөгө ашырууда электp байланыш опеpатоpлоpу жана кызматтары учеттук-отчеттук бирдиктүү убакытты - Бишкек убактысын колдонушат.
Эл аpалык электp байланышынын ишмердигин жүргүзүүдө учеттук-отчеттук убакыт Кыpгыз Республикасы менен болгон эл аpалык келишимдеp менен аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
39-берене. Тейленүүчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилик
Менчиктин бардык түрүндөгү юридикалык жана жеке жактар тейлөө кызматын керектөөчүлөрдүн алдында аткарылбаган же талапка ылайык келбегендей аткарылган тейлөө кызматы үчүн төмөндөгүдөй материалдык жоопкерчилик тартышат:
(абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- байланыштын техникалык каражаттарын, телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну арендалоо келишимдеринде аныкталган милдеттенмелердин талапка ылайык эмес аткарылгандыгы үчүн - келишимдердин шарттары боюнча;
- телефон байланышындагы жана радиоуктуруудагы бузулуулар көзөмөлдүк мөөнөттү кечиктирүү менен четтетилген учурда, абоненттик төлөм иштебей турган бардык убакыт үчүн алынбайт.
Дооматтарды коюунун тартиби жана мөөнөттөрү электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте бекитүүчү тиешелүү жобо менен жөнгө салынат.
Юридикалык жана жеке жактар чама жеткис күчтүн (жер титирөө, суу ташкыны, бороон-чапкын ж.у.с.) таасиринин натыйжасында же керектөөчүлөрдүн күнөөсү боюнча жана Кыpгыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда милдеттенмелерин аткарбагандыктары же талапка ылайык келбегендей аткаpгандыктары үчүн керектөөчүлөрдүн алдында материалдык жоопкерчиликти тартышпайт.
Байланыштын тейлөө кызматынан пайдалануучу ушул беренеде аныкталган ордун толтуруунун өлчөмү менен макул болбогон учурда байланыштын операторлору милдеттерин талапка ылайык келбегендей аткаргандыктарынын натыйжасында ага келтирилген чыныгы чыгашалардын, моралдык зыяндын, алынбай калган пайданын ордун толтуруу маселелери, ошондой эле тейлөө кызматын керектөөчүлөр менен байланыштын операторлорунун ортосундагы башка талаш-тартыштар соттук тартипте каралат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
40-берене. Электр байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана электр байланышы каражаттарын колдонууга жол бербөө
Электр байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле электр байланышы чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу алар келтирген зыяндын ордун толтуруудан аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошотпойт.
Мамлекеттин коопсуздугуна каршы келген, коомдук тартипти бузуу жана жарандардын ар-намысына' жана кадыр-баркына шек келтирүү, ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу, баңги каражаттарын, прекурсорлорду, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун таратуу максатында электр байланышы каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
Айып пулду салуу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Айып пулду төлөө юридикалык жана жеке жактарды электр байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузууну токтотуу тууралуу буйрукту аткаруудан бошотпойт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
41-берене. Эл аралык келишимдер
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде электр байланышы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандагыдан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
Байланыш жагынан эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашуулары менен келишимдерине ылайык түзөт.
Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын катышуусу менен байланыш жагындагы иш-аракеттерге колдонулуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана чет мамлекеттин мыйзамдарынын ченемдери карама-каршы келген учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башка жагдайлар каралбаса, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
Электр байланышы боюнча эл аралык уюмдардын ишмердигине Кыргыз Республикасынын катышкандыгы үчүн төлөнүүчү мүчөлүк акылар, милдеттүү түрдө мамлекет тарабынан каржыланууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
411-берене. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик, кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
42-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Ушул Мыйзам ага кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндөгү сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берүүгө даярдасын жана киргизсин.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1998-жылдын 6-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |