Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 8-августу № 167
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 507-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Министрлер Кабинети өзгөчө кырдаалды жоюуда жана баштапкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жана башка чукул жардамдарды көрсөтүү мезгили аяктагандан кийин алты айдын ичинде Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын дарегине келип түшкөн эл аралык жана башка чукул жардамдарды пайдалануу тууралуу отчетту Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыялоого милдеттүү.";
2) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобу
1. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү координациялоону жакшыртуу жана көмөк көрсөтүү, ошондой эле келүүчү эл аралык персоналды, товарларды, камсыз кылуу жана жабдуу предметтерин чек ара аркылуу өткөрүү процессин тездетүү максатында Министрлер Кабинетинин чечими менен "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобу (БТПЭЧЖКК) уюштурулат.
2. БТПЭЧЖКК тобунун курамы, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
3) 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келген эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамдарды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
4) 34-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Көмөктөшүүчү субъекттер мониторинг жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөчө кырдаалды жоюуда жана алгачкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнө чейин берүүгө милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |