Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 4-августу № 163
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 38-беренеде:
а) 4-бөлүктө "жана транспорт чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр ", транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк "токтотуучу жерге жеткирет" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7 жана 9-пункттарында каралган учурларда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы (Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы) аркылуу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө андан ары тыюу салуу боюнча чараларды көрөт" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 185-берененин аталышында жана биринчи абзацында "жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр ", транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 357-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "357-берене. Бажы чек арасынан өткөндүгү тууралуу кабарлабоо жана (же) маалымдамаларды (маалыматтарды) бербөө";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын бажы органына берилиши милдеттүү түрдө каралган, анын ичинде электрондук түрдөгү маалыматтарды алдын ала бербөө же өз убагында бербөө, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы органына анык эмес маалыматтарды алдын ала берүү -
жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
4) 473-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"473-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 181, 185, 195-беренелеринде, 200-берененин 5-бөлүгүндө, 262, 357-380-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын салат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 181, 185, 195-беренелеринде, 200-берененин 5-бөлүгүндө, 262-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштер жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында контролду жүзөгө ашырууда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат жана жаза чаралары салынат.".
2-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж. № 7, 940-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Автомобиль транспорту жана автомобиль жолдору жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында автотранспорт каражаттарынын өтүшүнө мамлекеттик контроль бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырылат.";
2) 44-берененин 4-бөлүгү "транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөрдөн кийин "жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 46-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чет өлкөлүк авто ташуучу тарабынан автомобилдик катнаштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери бузулганда, транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы, ал эми Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонот.
4. Чет өлкөлүк ташуучунун Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана аймагынан чыгуусуна качан гана ал автомобилдик катнаштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелерин бузууну жойгондон кийин, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык автомобиль ташууларды жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаттарды жана салынган айып пулду төлөгөндүгүн ырастоочу документти көрсөткөндөн кийин гана жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын, ал эми Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын уруксатынан кийин гана жол берилет.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалыматтык тутум аркылуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык автомобилдик катнаштар жөнүндө эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоону камсыз кылуу максатында чет өлкөлүк ташуучулардын кирүүсү, чыгуусу жана транзиттик жүрүүсү жөнүндө маалыматты транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга онлайн режиминде берүүнү камсыз кылат.".
4-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 997-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин он сегизинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-берененин 1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-берененин аталышында жана биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-беренеде ар кандай жөндөмө формасындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 12-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 13-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ветеринардык-санитардык коргоону жүргүзүү тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча ветеринардык-санитардык коргоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүргүзүүдө электрондук формадагы маалыматтык өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
7) 14-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 19-берененин 1-бөлүгүндө жана 4-бөлүгүнүн 11-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 23-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 24-берененин 1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 25-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 32-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 2-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль жүргүзүү тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүдө электрондук формадагы маалыматтык өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.".
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контроль - Мамлекеттик чек арадан өтүүчү адамдарга жана транспорт каражаттарына, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата чек аралык, бажылык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык контроль, баңги каражаттарын жүгүртүүгө контроль жана контролдун башка түрлөрү;";
2) 11-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү үчүн негиз болуп адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же алардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна жарактуу документтеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата документтеринин бар болушу саналат.";
3) 12-берененин 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 25-беренеде:
а) 3-бөлүктө "Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген технологиялык схемалар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктүн биринчи абзацы "которуу үчүн кыймылын" деген сөздөрдөн кийин "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 11-августундагы № 64 (3513) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 22-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |