Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 7-августу № 165
Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
378-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартибин өз алдынча аныктоого укуктуу.".
2-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 101-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын мамлекеттик мүлкүнүн ижарасынан түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилбейт.";
2) 153-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ижара кирешелерин кошпогондо, мамлекеттик мүлктүн ижарасынан кирешелер;".
3-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары мамлекеттик билим берүү стандарттарына теңештирилген билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.";
2) 40-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары лицензия албастан туруп, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.";
3) 44-берене төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары финансылык ишти Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунан тышкары жүзөгө ашырат.
Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларына жалпы билим берүү гранттары сакталат, аларды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими аркылуу аныкталат.";
4) 46-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен сатылып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө) укуктуу.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 56-пункту "муниципалдык билим берүү уюмдарынан" деген сөздөрдөн кийин "жана өзгөчө статуска ээ мамлекеттик билим берүү уюмдарынан" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 715-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө;
- өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларына.
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине кызмат көрсөтүүлөр жарандык мыйзамдарга ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.".
6-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары тарабынан жүзөгө ашырылуучу;".
7-берене.
2024-жылдын 31-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 6-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 11-августундагы № 64 (3513) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 22-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 7-августу № 165
Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)