Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 15-августу № 180
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 2-бөлүк "өз ишин" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Конституциясына," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 3-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мүчөлүк төгүмдөр, ыктыярдуу кайрымдуулуктар, өз ишинен түшкөн кирешелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттуу жана башка түшүүлөр Адвокатуранын мүлк булагы болуп саналат.";
3) 6-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Адвокаттардын съезди Адвокаттардын кеңешинин чечими боюнча бир жылда бир жолу чакырылат, ал съезддин өткөрүлө турган датасын, убактысын жана орун-жайын белгилейт. Адвокаттардын кезексиз съезди Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин чечими боюнча же Адвокатуранын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча чакырылат.
Адвокаттардын съезди, эгерде анын ишинде шайланган делегаттардын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Съездде делегаттардын өкүлчүлүгү ар бир аймактык адвокатурадан катталган адвокаттардын санынын 10 пайыздык, бирок 10 адамдан кем эмес ченеми менен аныкталат.
3. Съезддин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Адвокатуранын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Адвокатуранын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу же уставдын жаңы редакциясын кабыл алуу;
3) Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүн, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) Адвокатура мүчөлөрүн, Адвокатуранын кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервдик тизмесине шайлоо;
5) Адвокаттардын Кесиптик этикасынын кодексин бекитүү;
6) Адвокаттар кеңеши, этика боюнча комиссия, текшерүү комиссиясы жөнүндө жоболорду бекитүү, Адвокаттар кеңешинин, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө - адвокаттарга сый акынын өлчөмүн аныктоо;
7) Адвокаттар кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын отчетторун бекитүү;
8) Адвокаттар кеңешинин төрагасынын сый акысынын өлчөмүн аныктоо;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөдөн келип түшкөн каражаттардан Адвокатуранын жалпы муктаждыктарына аймактык адвокатуралардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо;
10) мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоо жана бекитүү, аларды төлөө тартибин бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.";
4) 7-беренеде:
а) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Адвокаттар кеңеши Адвокатуранын коллегиялуу аткаруу органы болуп саналат жана ал Адвокаттардын съездинде беш жылдан кем эмес адвокаттык иш стажы бар Адвокатуранын мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө 9 адамдан турган санда жашыруун добуш менен шайланат. Адвокат Адвокаттар кеңешинин мүчөлүгүнө катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Адвокаттар кеңеши өзүнүн курамынын ичинен төраганы жана анын орун басарын жашыруун добуш берүү менен Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.
Адвокаттар кеңешинин төрагасы өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде адвокаттык иш жүргүзүүгө укуксуз.";
б) 3-бөлүктө:
- 2-4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Этика боюнча комиссияны жана текшерүү комиссиясын кошпогондо, Адвокатуранын комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү;
3) аймактык адвокатура жөнүндө типтүү жобону бекитүү;
4) жалпы чогулуштун сунушу боюнча аймактык адвокатура башкармасынын төрагаларын кызматка дайындоо жана бошотуу;";
- 7 жана 9-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"4. Адвокаттар кеңешинин жыйналышы Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү деп эсептелет.
Адвокаттар кеңешинин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана 7 күндөн кечиктирбестен Адвокатуранын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
5. Адвокаттар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган кийинки кезектеги талапкер ээлейт.
Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси Адвокаттар кеңешин шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.";
5) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
8-берене. Этика боюнча комиссия
1. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелерди кароо боюнча Адвокаттар кеңешине көз карандысыз Адвокатура органы болуп саналат.
Этика боюнча комиссиянын саны 7 мүчөдөн турат, ал үч жылдык мөөнөткө шайланат. Мында адвокат - комиссиянын мүчөсүнүн адвокаттык стажы беш жылдан кем болбошу керек.
Этика боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Адвокатуранын беш өкүлү;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эки өкүлү.
Этика боюнча комиссия өз курамынын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен төраганы жана анын орун басарын шайлайт. Бир эле адам этика боюнча комиссиянын мүчөлүгүнө катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
2. Адвокаттар - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү этика комиссиясындагы ишин адвокаттык иш менен айкалыштыра алат. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү бир эле убакта Адвокаттар кеңешинин мүчөсү боло алышпайт.
3. Этика боюнча комиссиянын жыйналышы Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышканда, укук ченемдүү деп эсептелет.
4. Этика боюнча комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) адвокаттын аракеттерине (аракетсиздигине) карата даттанууларды жана кайрылууларды кароо;
2) Адвокаттардын Кесиптик этика кодексин колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
3) тартиптик практиканы жалпылоо;
4) ушул Мыйзамга ылайык башка маселелер.
5. Этика боюнча комиссия арызды, даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгарат.
6. Этика боюнча комиссиянын чечими анын жыйналышына катышуучу мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу аркылуу добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Этика боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколуна Комиссиянын отурумуна катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
7. Этика боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде кезекте турган кийинки талапкер ээлейт.
Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси этика боюнча комиссияны шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.";
6) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 81-берене менен толукталсын:
"81-берене. Адвокатка карата даттанууларды этика боюнча комиссиясы тарабынан кароонун тартиби
1. Адвокатка карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу этика боюнча комиссиянын өзгөчө компетенциясынын предмети болуп саналат.
2. Тартиптик өндүрүш адвокатка карата кайрылууларды, сунуштамаларды, даттанууларды өз убагында, объективдүү жана адилет кароону, алардын адвокаттык иш жана адвокатура жөнүндө мыйзамдарга ылайык чечилишин, ошондой эле кабыл алынган чечимдин аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
3. Этика боюнча комиссиянын кароосунун предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке адамдардын жана уюмдардын даттануулары жана кайрылуулары;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрү;
3) адвокат өкүлү (коргоочу) болгон ишти карап жаткан соттун (судьянын) Комиссияга кайрылуусу.
4. Кайрылууларды текшерүүнү уюштуруу, кайрылууларды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү, дисциплинардык өндүрүштү козгоо же андан баш тартуу, тартиптик өндүрүштүн жол-жобосу, аны жүргүзүү мөөнөттөрү, тартиптик жоопкерчилик чаралары, даттануунун тартиби жана башка маселелер ушул Мыйзамга ылайык бекитилүүчү этика боюнча комиссия жөнүндө жободо аныкталат.
5. Этика боюнча комиссия бардык мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, соттордон, укук коргоо органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан тартиптик ишти объективдүү кароо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди суратып алууга жана алууга укуктуу.
6. Этика боюнча комиссияга келип түшкөн даттануулар, кайрылуулар, сунуштар алар келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен каралууга тийиш.
7. Этика боюнча комиссия төмөнкүдөй тартиптик чараларды көрүүгө укуктуу:
1) эскертүү;
2) сөгүш.
Этика боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны токтото туруу же лицензиядан ажыратуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
8. Этика боюнча комиссиянын чечими акыркы болуп саналат. Этика боюнча комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылууга тийиш.";
7) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Текшерүү комиссиясы
1. Текшерүү комиссиясы Адвокатуранын финансылык-чарбалык ишине контроль жүргүзөт жана Адвокаттардын съездине отчет берет.
2. Адвокаттардын съездинде текшерүү комиссиясы 5 адамдан турган курамда үч жылдык мөөнөткө шайланат. Текшерүү комиссиясынын курамына Адвокаттар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, этика боюнча комиссиянын жана аймактык адвокатуралардын төрагалары кирүүгө укугу жок. Текшерүү комиссиясынын жыйналышына анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү деп эсептелет.
3. Адвокаттар - текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү текшерүү комиссиясындагы ишти адвокаттык иш менен айкалыштыра алышат.
4. Текшерүү комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун Адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде кезекте турган кийинки талапкер ээлейт.
Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси текшерүү комиссиясын шайлоо мезгилине түзүлөт.";
8) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 91-берене менен толукталсын:
"91-берене. Текшерүү комиссиясынын укуктары жана милдеттери
1. Текшерүү комиссиясы өзүнүн функцияларын талаптагыдай аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Адвокаттар кеңешинен, Адвокатуранын аппаратынын кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен аймактык адвокатуралардан текшерүү комиссиясынын иш-милдеттерине жана ыйгарым укуктарына ылайык келген иликтөө үчүн зарыл болгон бардык талап кылынган документтерди, материалдарды алууга. Көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар текшерүү комиссиясына тиешелүү суроо-талапты алгандан кийин беш күндүн ичинде берилүүгө тийиш;
2) бухгалтерлерди, аудиторлорду жана башка адистерди тартууга.
2. Текшерүү комиссиясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жылына бир жолудан кем эмес Адвокатуранын ишинин жана анын органдарынын финансылык-чарбалык ишин жүргүзүүгө анын жыйынтыктарын расмий сайтка жарыялоого;
2) жүргүзүлгөн ревизиялардын жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын баяндама кат же билдирүү түрүндө Съездге, Адвокаттар кеңешине өз убагында маалымат берүүгө;
3) Адвокаттардын съездине чейин он күндөн кечиктирбестен Адвокатуранын өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту берүүгө, анда ал Адвокатуранын отчетторун жана башка финансылык документтерде камтылган маалыматтардын тууралыгын тастыктоо камтылууга тийиш болгон. Адвокатуранын документтери, ошондой эле бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн, финансылык отчеттуулукту жана финансылык-чарбалык ишти жүзөгө ашыруунун мыйзамда белгиленген тартибин бузуу фактылары жөнүндө маалыматтарды берүү.
Адвокаттардын кезексиз съезди чакырылган учурда текшерүү комиссиясы Адвокатуранын финансылык-чарбалык ишине текшерүү жүргүзүүгө жана тиешелүү отчетту даярдоого тийиш.";
9) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензияны (мындан ары - лицензия) биринчи жолу алган адвокат бир жыл ичинде Адвокаттар Съезди бекиткен жобого ылайык алдын ала кесиптик билим алуудан өтүүгө тийиш.";
10) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Аймактык адвокатура
1. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында уюштуруу-укуктук формадагы бирден кем эмес аймактык адвокатуранын филиалы түзүлсүн.
70тен кем эмес адвокаттарды бириктиргенде Адвокатура облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында кошумча аймактык адвокатура түзүүгө укуктуу.
2. Аймактык адвокатура адвокатуранын уставында аныкталган тартипте түзүлөт.
3. Аймактык адвокатура өз ишинде адвокатуранын уставын жетекчиликке алат.
4. Адвокат бир гана аймактык адвокатурада катталышы мүмкүн.";
11) 13-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жогорку органы" деген сөздөр "органы" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) аймактык адвокатуранын башкармалыгынын төрагасын дайындоого Адвокаттар кеңешине сунуштама;";
- 2-пунктта "уставы" деген сөз "жобосу" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө "жарымынан" деген сөз "үчтөн биринен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктө "уставы" деген сөз "жобосу" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) 14-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык кеңештин мүчөсү болуп шайлана албайт.";
б) 3-бөлүктө "уставында" деген сөз "жобосунда" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) 19-беренеде:
а) 1-бөлүктө "(мындан ары - лицензия)" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) атайылап жасалган кылмышы үчүн соттолгондугу жоюлганына же жоюлбаганына карабастан;";
14) 20-беренеде:
а) 2-бөлүктө "зарыл болгондо талапкер тарабынан тапшырылган документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө укуктуу" деген сөздөр "талапкер тарабынан тапшырылган документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "ал кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде сотко" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын";
15) 21-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Квалификациялык экзамен жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.";
б) 3-бөлүктө "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ал кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде сотко" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 211-берене менен толукталсын:
"211-берене. Лицензиянын дубликаты
Лицензия жоголгон (бузулган) учурда, адвокат лицензиянын дубликатын алуу үчүн арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги арызды алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде лицензиянын жоголгондугу (бузулганы) жөнүндө маалыматтарды Адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизет жана аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
Лицензиянын дубликаты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аны берүүгө арыз келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде "дубликат" деген белгини коюу менен берилет;
17) 22-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-абзац менен толукталсын:
"7) эгерде адвокат ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген учурларда бир айдын ичинде лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз бербеген учурда.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, адвокат лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине арыз берет, ага лицензия (лицензиянын дубликаты) тиркелет, ал эми лицензия (лицензиянын дубликаты) жоголгон учурда бул тууралуу арызда көрсөтөт.
Этика боюнча комиссия ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет.
Адвокаттар кеңеши ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
Адвокаттар кеңеши ушул берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Адвокаттар кеңеши ушул берененин 5-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтотуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө сунуш киргизет.";
д) 6-бөлүгүндө "ал кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө сотко" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 23-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- "анын дарегин," деген сөздөр алып салынсын;
- "юридикалык дарегин" деген сөздөрдөн кийин "жардамчылары жөнүндө маалыматтарды" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
19) 24-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Реестрди жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.";
- экинчи абзацтагы "мамлекеттик жашыруун сыр" деген сөздөр "мамлекеттик сырлар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 25-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 2-пунктта "14 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр "ушул берененин 11-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 3-пунктта "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Адвокат коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө мыйзам актыларында белгиленген тартипте жабырлануучунун кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды төмөнкү жолдор менен алууга укуктуу:
1) аудио жана көрмө жазууну жүргүзүү;
2) юридикалык жактардан күбөлүктөрдү, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди талап кылуу.
Юридикалык жактар жактоочуга ал суратып жаткан документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн 10 күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууну кароодо талап кылынган маалымкаттар, мүнөздөмөлөр жана башка документтер жактоочуга дароо, бирок 2 суткадан кечиктирбестен берилет;
3) келишимдик негизде соттук экспертиза жүргүзүүнү демилгелөө;
4) келишимдик негизде тиешелүү экспертиза жүргүзүү үчүн эксперттик мекемеге суроо-талап жөнөтүү;
5) келишимдик негизде адисти тартуу;
6) кылмыш ишине тиешелүү маалыматтары бар деп болжолдонгон адамдарды, анын ичинде илимий-техникалык каражаттарды колдонуу менен алардын макулдугу менен суракка алуу.";
21) 26-берененин 1-бөлүгүндө:
а) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды төлөөгө;"
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) өзүнүн адвокаттык ишин жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө ишенип берилген же белгилүү болгон мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтар менен иштөөнүн белгиленген тартибин сактоого;";
в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген учурларда лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз менен кайрылууга.";
22) 28-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Адвокат мындай келишимди түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Адвокаттын жардамчысынын анкеталык жеке маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш болгон келишим түзүлгөн учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү кабарлоо жөнөтүүгө милдеттүү.";
23) 29-беренеде:
а) 5-бөлүктө "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүк "Адвокат" деген сөздөн кийин ", адвокаттын жардамчысы" деген сөздөр менен толукталсын;
24) 30-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Адвокат тарабынан табылган же өзүнүн ишеним артуучусуна юридикалык жардам көрсөтүүдө ага белгилүү болгон маалыматтар адвокаттык сыр болуп саналат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим адвокаттык сыр болуп саналбайт.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, аймактык адвокатура үч айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- юстиция органдарында кайра каттоо жол-жобосун жүргүзсүн.
4. Адвокаттар кеңеши, этика боюнча комиссия, текшерүү комиссиясы жаңы курамдар шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |