Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 5-октябры № 185
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
740-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"740-статья. Финансы агенти
Финансы агенти катары акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишимдерин банктар (анын ичинде мыйзамга ылайык банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу талап кылынбаган банктар) жана кредиттик башка уюмдар, ошондой эле ушундай түрдөгү иш-аракетти жүргүзүүгө уруксаты (лицензиясы) бар коммерциялык башка уюмдар түзө алышат.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) үчүнчү бөлүктө "Менчиктештирилүүчү объект мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен сатылганда," деген сөздөр "Менчиктештирилүүчү объект төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен сатылган мындай учурда," деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Эгерде уставдык капиталда мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшүнө ээ болгон чарбалык коом мамлекеттик мүлктү сатып алуучу болуп саналса, объекттин наркын төлөөнү бир жылга чейинки мөөнөткө кийинкиге калтыруу менен жүргүзүүгө жол берилет, мында алгачкы төгүмдүн өлчөмү жана мөөнөтүн кийинкиге калтырып бергени үчүн пайыздарды төлөө боюнча ушул Мыйзамдын талаптары сатып алуучуга жайылтылбайт.".
3-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Банктын акционери болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өз ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүгө укуктуу.";
2) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу
1. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Банкка "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын колдонуу күчү жайылтылбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Банк үчүн экономикалык ченемдерди жана талаптарды, анын ичинде отчеттуулукту түзүү жана берүү бөлүгүндө белгилейт.
4. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Банк акционердик коомдордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Банктын ички актыларын жетекчиликке алат.
5. Ушул Мыйзамдын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдеринин ортосунда коллизиялар болгон учурларда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.";
3) 3-беренеде "коммерциялык аң-сезимдүү шарттарда ири улуттук долбоорлорго инвестицияларды кошуп алганда инвестициялык иштер аркылуу" деген сөздөр алып салынсын;
4) 5-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кепилдик фонддор арыз берүүчүлөрдүн Банктын алдындагы чакан жана орто ишкердиктин кредиттери боюнча милдеттенмелеринин бөлүгүнө, өзгөчө учурда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунуштамасы боюнча кепилдиктерди берүүгө укуктуу.";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-пункттар менен толукталсын:
"6) коммерциялык банктарда жана башка финансылык уюмдарда эсептерди ачуу;
7) Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Банктын ички актыларына ылайык юридикалык жактардын уставдык капиталына катышуу;
8) инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу.";
5) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өз ара мамилелери
1. Банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын сактоо талап кылынбайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Банктын ишин көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну жүзөгө ашырбайт.
2. Банктын каражаттары Банктын кредиттер боюнча милдеттенмелерин сактоо жана тындыруу үчүн чет өлкөлүк валютада, ошондой эле Банктын уставдык капиталын толуктоо үчүн улуттук валютада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында атайын эсепке жайгаштырылышы мүмкүн.";
6) 9-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "банктык" деген сөз алып салынсын;
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында корреспонденттик эсепти ачууну;";
в) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Банктын долбоорлорун ишке ашырууга катышуучу юридикалык жактарга банктык кепилдиктерди акы төлөө негизинде берүүнү же үчүнчү жактардын акчалай түрдө аткарууну караган башка милдеттенмелерин кабыл алууну;";
г) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-11-пункттар менен толукталсын:
"7) долбоордук иштердин алкагында, ошондой эле ликвиддүүлүктү башкаруу максатында баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну жүргүзүүнү;
8) лизингдик операцияларды жүзөгө ашырууну;
9) үчүнчү жактардын милдеттенмелерди акчалай түрдө аткарууну караштырган талап укуктарын сатып алууну (факторинг);
10) максаттарга жетүү жана Банктын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн операцияларды чет өлкөлүк валютада жүргүзүүнү;
11) акционердик коомдордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Банктын ички актыларына ылайык максаттарга жетүү жана Банктын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн башка ишти жүзөгө ашырууну жана бүтүмдөрдү жасоону.";
7) 12-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "Директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга жана макулдашууларга" деген сөздөр "ички актыларына жана макулдашууларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) банктык кепилдиктерди берүү, тышкы зайымдарды жана Банктын ички актыларында каралган башка финансылык инструменттерди тартуу.";
8) 15-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банктын уставдык капиталы республикалык бюджет аркылуу бөлүштүрүлгөн каражаттардын эсебинен улуттук валютада түзүлөт.";
9) 18-беренеде:
а) 3-бөлүктө "Директорлор кеңеши тарабынан" деген сөздөр "Акционер тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө:
- 1-пунктта "квартал сайын" деген сөздөр "жарым жылдык негизде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Банктын Акционери тарабынан бекитилгенден кийин аудитордук текшерүүдөн өткөн, ошондой эле Банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталуучу Банктын иши жөнүндө башка отчеттор кийинки отчеттук жылдан кийинки жылдын 31 -майына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине.";
в) 6-бөлүктө "Директорлор кеңеши" деген сөздөр "Акционери" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 19-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Банк тарабынан жүргүзүлгөн сатып алуулардын жол-жоболорунун жыйынтыктары боюнча Банктын Акционери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Банктын финансылык жылы аяктаганга чейин 6 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө таанылган эл аралык репутацияга ээ болгон аудитордук уюмду карайт жана бекитет.";
б) экинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан" деген сөздөр "Банктын Акционери тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Банктын башкаруу органдары
1. Жогорку башкаруу органы - Акционер.
2. Акционерлердин жалпы жыйындарынын ортосундагы мезгилде Банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу Банктын башкаруу органы - Директорлор кеңеши.
3. Аткаруучу орган - Банктын башкармасы. Банктын учурдагы ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат.
4. Контролдоочу органдар - ички аудитор жана тобокелдик-менеджери.";
12) 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-берене менен толукталсын:
"20-1-берене. Акционердин компетенциясы
1. Акционер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган Банк ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу укугу бар Банктын жогорку башкаруу органы болуп саналат. Акционерге "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөр чарбакер субъекттердин капиталында мамлекеттин катышуусу менен байланышкан кызыкчылык бар болгон, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу маселелери боюнча бүтүмдөрдү түзүүнүн тартибине карата коюлган талаптар бөлүгүндө жайылтылбайт.
2. Акционердин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Банктын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же Банктын Уставын жаңы редакциясында бекитүү;
2) Банкты кайра уюштуруу маселеси боюнча чечим кабыл алуу жана тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелөө үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш жиберүү;
3) Банкты жоюу жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алуу жана тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелөө үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш жиберүү;
4) Банктын жүгүртүлүүчү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу), ошондой эле акцияларга конвертациялануучу баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) Банк тарабынан кошумча чыгарылуучу акцияларды же акцияларга конвертациялануучу баалуу кагаздарды жабык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) Банктын Директорлор кеңешинин сунуштамасынын негизинде Банктын акциялары боюнча дивиденддердин өлчөмү жана аны төлөө тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын дайындоосу үчүн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана сунуштама берүү;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечиминин негизинде Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
10) Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрүн бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жылдык отчетторду, анын ичинде жылдык балансты жана кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчетту, ошондой эле финансылык отчетту бекитүү;
12) Банктын кирешесин жана чыгашаларын бөлүштүрүү;
13) Банктын Директорлор кеңешинин сунушу боюнча тышкы аудиторду, ошондой эле анын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттарын жана өлчөмүн бекитүү;
14) Банктын жылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
15) мындай бүтүмдү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата Банк активдеринин баланстык наркынын 50 жана андан жогору пайыз наркындагы ири бүтүмдү жасагандыгы жөнүндө чечимди кабыл алуу.
Акционер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген башка маселелер боюнча чечим кабыл алуусу мүмкүн.
3. Акционердин өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелер Директорлор кеңешине, Банктын башкармасына чечим кабыл алуу үчүн берилиши мүмкүн эмес.
Акционердин өзгөчө компетенциясына кирбеген маселелер Директорлор кеңешинин же Банктын башкармасынын кароосуна берилиши мүмкүн.";
13) 21-беренеде:
а) 3-бөлүк "кеңешинин мүчөлөрү" деген сөздөрдөн кийин "Акционердин сунушу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бардык талаптарга ылайык келиши керек.";
в) 7-бөлүктө "Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн" деген сөздөр "Акционердин" деген сөзгө алмаштырылсын;
14) 22-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банктын Директорлор кеңеши тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Банктын башкармасынын төрагасы жана Банктын башкармасынын мүчөлөрү 5 жылдан ашпаган мөөнөткө дайындалат жана кайрадан кийинки мөөнөттөргө дайындалышы мүмкүн.
3. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банкта туруктуу негизде иштейт жана башкарманын мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бардык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Башкарманын бир дагы мүчөсү бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөсү же министрликтин же башка мамлекеттик органдын кызмат адамы боло албайт.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 4-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |