Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 703
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда кошумча баяндамачы катары аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
504-5-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн, кызмат адамдарына - эки жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн, юридикалык жактарга - эки миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
204-беренесинде:
- 2-бөлүгү "башка түрлөрүн," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, ошондой эле алардын дериваттарын" деген сөздөр менен толукталсын;
- Эскертүүсүнүн биринчи абзацындагы "бир миң эселенген" деген сөздөр "беш миң эселенген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Эскертүүсүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгер анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажылык декларациялоо менен тийиштүү бажылык төлөмдөрдүн суммасынын эки эселенген өлчөмүн ыктыярдуу төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|