Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 716
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Региондор аралык кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө өзбек тарапка кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Исаков |
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 716 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Региондор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жетекчиликке алып,
эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө толук масштабдуу өнүктүрүү зарылчылыгын таануу менен,
региондор аралык кызматташуунун жергиликтүү деңгээлде өз ара аракеттенүү жана тарыхый байланыштарын чыңдоо боюнча актуалдуу маселелерди ыкчам жөнгө салууда практикалык маанилүүлүгүн жана потенциалын белгилеп,
эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы ар кандай тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн жана чарба субъекттеринин өнүгүп келе жаткан байланыштарын активдештирүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү болгон региондор аралык кызматташуунун укуктук негизин бекемдөө, жагымдуу шарттарын түзүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерге ылайык соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, калкты иш менен камсыз кылуу, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда өз ара пайдалуу региондор аралык кызматташууну кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшөт.
Тараптар жергиликтүү деңгээлдеги кызматташтыктын актуалдуу маселелерин өз убагында чечүү үчүн укук коргоо органдарынын, чек ара аймактарынын жетекчилеринин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды квартал сайын жана кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Өзбекстан Республикасында өткөрүүнү макулдашты.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн пайдаланылган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
"региондор" - Кыргыз тараптан: Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери; Өзбек тараптан: Өзбекстан Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери.
"компетенттүү органдар" - Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди чечүү боюнча региондук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү компетенттүү жана ыйгарым укуктуу бийлик органдары.
3-берене.
Компетенттүү органдар региондор аралык кызматташтыкты ишке ашыруу жана координациялоо үчүн:
- ушул Макулдашууну практикалык ишке ашырууга багытталган биргелешкен иш-чаралардын пландарын, иш-аракеттеринин программаларын жана "жол карталарын" иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.
- зарыл болгон учурда биргелешкен жумушчу топторду түзүшөт жана учурдагы абалды жана региондор аралык кызматташтыкты өркүндөтүүнүн келечегин талкуулоо үчүн үзгүлтүксүз консультациялык механизмди жөнгө салышат.
4-берене.
Компетенттүү органдар ишканалардын жана аймактын уюмдарынын ортосунда өз ара пайдалуу соода жана өндүрүш байланыштарын курууга өбөлгө түзөт. Бул үчүн алар:
- биргелешкен ишканалардын, ишканалардын жана уюмдардын ортосундагы түздөн-түз байланыштарды түзүүнү, биргелешкен ишканаларды түзүүнү, товар ташуу жана кызмат көрсөтүү боюнча ишкердик түзүмдөрдүн ортосунда өз ара алгылыктуу келишимдерди түзүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү демилгелешет;
- ишкердик жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушууларды, бизнес-семинарларды, конференцияларды, симпозиумдарды, көргөзмөлөрдү жана жармаңкелерди уюштурушат;
- өздөрүнүн региондорунун экономикасын өнүктүрүү үчүн приоритеттүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, анын ичинде алардын чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттерин координациялоодо бири-бирине колдоо көрсөтүшөт;
- өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарындагы ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө жана жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар боюнча бири-бирине дайыма кабарлашат;
- өз ара соода жүргүзүүдө келип чыккан кыйынчылыктарды биргелешип анализдешет жана өз компетенцияларына ылайык тиешелүү сунуштарды бирге иштеп чыгышат.
- Тараптардын мамлекеттеринин ишканаларынын соода үйлөрүн түзүүгө көмөктөшөт.
5-берене.
Компетенттүү органдар региондор ортосунда түздөн-түз туристтик алмашууну уюштурууга көмөк көрсөтүшөт жана региондордун жагымдуулугун жогорулатууга багытталган туризм тармагындагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашырат.
Компетенттүү органдар ишкердик активдүүлүктү жогорулатуу жана регионго туристтик агымдарды көбөйтүү максатында транспорттук байланышты жакшыртууну жана инфраструктураларды өнүктүрүүнү ишке ашырышат.
6-берене.
Компетенттүү органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда кесиптик байланыштарды өнүктүрүүгө жана алардын алдында турган милдеттерди чечүү үчүн региондордо алардын тажрыйбасын жайылтууга жана алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
Компетенттүү органдар шаар куруу, ири шаарлардын долбоорлорун пландаштыруу жана каржылоо практикасы боюнча маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
7-берене.
Компетенттүү органдар айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча өз ара аракеттенишет жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча башкаруу чөйрөсүндө прогрессивдүү тажрыйбаны жайылтууга көмөктөшөт.
Компетенттүү органдар суу жана энергия менен камсыз кылуу жана агын сууну тазалоо, тиричилик жана өнөр жай калдыктарын утилизациялоо чөйрөсүндө кызматташтыкты жүзөгө ашырышат.
8-берене.
Компетенттүү органдар өз ара түшүнүшүүгө жетишүү, кызматташтыкты жана достукту күчөтүү үчүн тарых жана маданият багытында өз ара таанышуу максатында ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштарды колдошот.
Компетенттүү органдар региондордогу коомдук-маданий жана чарбалык-экономикалык жашоосун массалык маалымдоо каражаттары аркылуу объективдүү чагылдыруусуна көмөк көрсөтүшөт.
Компетенттүү органдар улуттар аралык катташуунун маданиятын, дин жана маданият аралык диалогду, ошондой эле этникалык-маданий өнүгүүнү бекемдөө чөйрөсүндөгү аймактардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду жана башка иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
9-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан ар кандай талаш-тартыштарды жана келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечишет.
10-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу менен ушул Макулдашууга, Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар ушул Макулдашуунун 11-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
11-берене.
Ушул Макулдашуу, Тараптардын анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу түрүндөгү акыркы кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуунун колдонулушун токтотуу боюнча бир Тараптан тийиштүү жазуу жүзүндөгү дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлама башка Тарапка келип түшкөн күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
Ушул Макулдашуунун колдонулушунун токтотулушу Тараптардын ал күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде башталып жана колдонулушу токтотулган учурга карата бүтпөгөн долбоорлорду ишке ашыруу милдеттенмелерин козгобойт.
2017-жылы 5-сентябрында Бишкек шаарында эки түп нускада ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |