Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры № 741
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 341 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башка сактагычтарды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин,
2. Мамлекеттик органдар, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер, нотариустар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) өздөрүнүн ишин жүргүзүүдө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипти жетекчиликке алышсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башка сактагычтарды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 341 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин (мындан ары - Мамлекеттик герб) сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибин регламенттейт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан бериле турган Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин аныктоочу документтерин жана башка жалпы мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартиби, мамлекеттик маанидеги документтердин чөйрөсүн регламенттөөчү ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
бланк - Мамлекеттик гербдин сүрөтү жана документтин авторун идентификациялоочу реквизиттери бар стандарттуу барак түрүндөгү расмий документ;
"Д" - Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар мөөрлөрдүн жана штамптардын дубликаты;
Мамлекеттик гербдин сүрөтүн башка сактагычтар - штамп, Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин тастыктоочу документтер жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилүүчү жалпы мамлекеттик үлгүдөгү башка документтер сыяктуу Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар полиграфиялык жана башка продукциялар;
мөөр - сүрөттөлүштүн изин түшүрүүгө арналган, ошондой эле анын жардамы аркылуу документтин аныктыгын ырастоочу документке изин түшүрүүнүн жардамы менен алынган атайын каражат;
тиешелүү орган - мамлекеттик органдар, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана нотариус;
штамп - сүрөттөлүштүн изин түшүрүүгө арналган, ошондой эле, эреже катары, эч кандай юридикалык күчкө ээ болбогон документтер менен иштөөнү жеңилдетүү үчүн колдонулуучу документке изин түшүрүүнүн жардамы менен алынуучу атайын каражат.
2. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды жасап чыгаруунун тартиби
4. Мамлекеттик гербдин сүрөтүн түшүрүү менен бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды жасап чыгаруу продукциянын аталган түрлөрүн жасоо үчүн техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү бар полиграфиялык жана штемпелдик-граверлик ишканалар тарабынан ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды жасап чыгаруу эскиздерди, уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн жана алуучу болгон адамга ишеним каттын түп нускасын берүү менен тиешелүү органдын заказы боюнча ишке ашырылат.
6. Тиешелүү органдын аталышын, почта жана телеграф дарегин, телефон номерлерин, телефаксын, банктагы эсептик номерин жана башка керектүү маалыматтарды камтыган документтердин бланктары реквизиттерди бурчуна же узатасынан жайгаштыруу менен даярдалат.
7. Мамлекеттик гербдин сүрөтү документтин жогор жагынын ортосуна жайгаштырылат, сүрөттөлүштүн диаметри 20 ммден ашык болбоого тийиш.
8. Гербдүү штамптар жана реквизиттери узатасынан жайгаштарылган бланктар, тиешелүү органдын аталышы, ошондой эле башка зарыл маалыматтары көп сандагы басма белгилерди камтыса жана жогорку бурчунун сол четине жайгаштырылууга болбогон (бурчтук жайгаштыруу) учурларда даярдалат.
9. Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн бланктар сүрөттүн тиешелүү сапатын камсыз кылган компьютердик, көчүрмө-көбөйтүү техникасында, басып чыгаруучу түзүлүштөрдө даярдалат.
10. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамада каралган эрежелерге ылайык басып чыгарылат.
11. Мамлекеттик гербдин түшүрүлүүчү сүрөтү анын өлчөмдөрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган Мамлекеттик гербдин эталонунун түстүү жана кара-ак сүрөттөлүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 токтому менен бекитилген Мамлекеттик гербдин техникалык өзгөчөлүгүнө так дал келиши керек.
12. Гербдүү мөөрлөрдү жана штамптарды даярдоо төмөнкүлөргө байланыштуу ишке ашырылат:
- гербдүү мөөрлөрдү колдонуу укугу берилген тиешелүү органдын түзүлгөнүнө (түзүлүшүнө), кайра уюштурулушуна байланыштуу;
- алардын эскиришине, жоголушуна (жоголуп кетүүсүнө), уурдалышына байланыштуу.
13. Эскиргендигине байланыштуу гербдүү мөөрлөрдү жана штамптарды даярдоодо жаңы сүрөттөлүштүн изин даярдоого заказга жараксыз мөөрлөрдүн жана штамптардын сүрөттөлүштөрүнүн издери тиркелет.
14. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар мөөрлөрдү жана штамптарды жасоого техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүгү бар полиграфиялык жана штемпелдик-гравердик ишканалар даярдалган гербдүү мөөрлөрдү жана штамптарды, алардын сүрөттөлүштөрүнүн издери менен боо тагылып байланган, мөөр басылган жана даярдоочу ишкананын жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлгөн атайын эсепке алуу журналында так эсебин жүргүзөт.
15. Гербдүү мөөрлөр тегерек формада даярдалат. Мөөрдүн ортосуна Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлөт, айланасы боюнча тиешелүү органдын аталышы жана реквизиттери мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат. Аталышындагы санариптик белгилер сөз менен жазылат.
Нотариустун өздүк мөөрү болуп, ага Мамлекеттик гербдин сүрөтү, лицензиясынын номери, аты-жөнү жана нотариалдык округдун аталышы жазылат. Нотариустун мөөрү да жекеге коргонуу каражаттарын камтышы мүмкүн.
16. Уурдалган же жоголгон мөөрлөрдүн жана штамптардын ордуна жаңы жасалган нускаларынын тиешелүү текстинин аягына "Д" тамгасы коюлат.
17. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар гербдүү мөөрлөр жана штамптар төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө даярдалат:
тегерек формадагы мөөр - 40-45 мм;
тегерек формадагы кичине мөөр - 30-35 мм;
гербдин сүрөтү түшүрүлгөн бурчук штамп - 55 х 90 мм.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 341 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Мөөрлөрдү жана штамптарды даярдоодо пайдаланылуучу шрифттердин өлчөмдөрү бири-биринен айырмаланбашы керек. Шрифти тандоо аларга түшүрүлө турган белгинин санына жараша болот. Тиешелүү органдын аталышын чоңураак шрифт менен бөлүп жазууга жол берилет.
19. Мамлекеттик гербдин сүрөтү түстүү же ак-кара түстөгү эталондук сүрөтүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 токтому менен бекитилген Мамлекеттик гербдин техникалык өзгөчөлүгүнө так шайкеш келүүгө тийиш. Гербдүү мөөрлөрдүн жана штамптардын түшүрүлүүчү издери кара, кызыл же көк түстө даярдалат. Мамлекеттик гербди бир өңдөгү түстүү боёк менен чагылдырууга тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 341 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар мөөрлөрдү жана штамптарды колдонуунун тартиби
20. Гербдүү мөөрлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлүүчү расмий документтерди ырастоо үчүн колдонулат.
21. Тиешелүү орган тиешелүү гербдүү мөөрдүн бирден нускасын гана пайдалана алат:
өзүнүн аталышы менен каучук (мастика) чоң мөөрүн;
өзүнүн аталышы жана кошумча тексти менен каучук (мастика) чоң мөөрүн;
өздүк күбөлүктөрдү, кызматтык күбөлүктөрдү жана өткөрмөлөрдү ырастоо үчүн каучук (мастика) же металл кичине мөөрүн.
22. Тиешелүү гербдүү мөөрдүн кошумча нускасын даярдоо зарылдыгы тиешелүү органдын жетекчиси тарабынан негизделип, ички иштер органдары жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
23. Тиешелүү орган өзүндө гербдүү мөөрлөрдүн болушуна карабастан өзүнүн аталышы менен гербдүү эмес (жөнөкөй) мөөрлөрдү өз ишинде пайдалануу үчүн керектүү санда жасата алат.
24. Басмаканалык ыкма менен даярдалган тиешелүү органдын штампынын реквизиттерин камтыган гербдүү бланктары, уюштуруучулук-тескөөчүлүк документтери жок болгон учурда кат-кабар алышууда мастикалык бланктык штапмты колдонсо болот.
4. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды сактоонун тартиби
25. Гербдүү мөөрлөр жана штамптар тиешелүү органдын катчылыгы (канцелярия, жалпы бөлүм) тарабынан гербдүү мөөрлөрдү жана штамптарды эсепке алуучу журналда, гербдүү бланктар - өзүнчө журналда эсепке алынат.
Эсепке алуучу журналдар, номерленип, боо тагылып тигилген, мөөр басылган жана аларды эсепке алууга жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу керек.
26. Гербдүү мөөрлөр, штамптар жана бланктар аларды сактоого жана колдонууга жооптуу кызматкерлерге эсепке алуучу журналга кол койдуруу менен берилет. Мөөрдүн жана штамптын ар бир нускасынан берердин алдында журналдын графасына бирден мөөрдүн изи түшүрүлөт.
27. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктар, мөөрлөр жана штамптар жашыруун документтердей эле жакшы жабылуучу сейфтерде, металл шкафтарда жана суурмаларда сакталат.
28. Гербдүү мөөрлөрдү, штамптарды жана бланктарды башка жерлерде сактоого, аларды сактоого укугу жок кызматкерлерге өткөрүп берүүгө, ошондой эле аларды сактоо үчүн бөлүнгөн жайдан тышкары алып чыгууга тыюу салынат.
29. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды сактоого, ага тете эле аларды туура колдонууга жоопкерчилик түздөн-түз тиешелүү органдын жетекчисине жүктөлөт.
Жетекчилер Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды жооптуу кызматчыга өткөрүп берет, ал жөнүндө буйрук чыгарылат. Буйрукта ушул кызматкердин аларды пайдаланууга укуктары жана аларды сактоо тартиби аныкталат. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды сактаган кызматкер өргүүгө чыкканда, ооруп калганда, командировкага кеткенде, кызматынан которулганда, ага тете эле кызматынан бошотулганда алар жетекчиге кайра өткөрүлөт жана анын буйругу боюнча башка кызматчыга өткөрүп берилиши мүмкүн. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү эсепке алуу журналына белги коюлат.
30. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү, штамптарды даярдоонун тууралыгы жыл сайын экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерилип турат.
31. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар сактагычтарды сактоо жана жол кылуу тартиби ички иштер органдары тарабынан текшерилет.
32. Текшерүүнүн жыйынтыгы тиешелүү актта белгиленет. Акт тиешелүү органдын жетекчиси жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тиешелүү түрдө ички иштер органынын текшерүү жүргүзгөн кызматкерлери тарабынан бекитилет.
33. Эгерде Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктар, мөөрлөр жана штамптар жоголсо же уурдалса, ушул факт аныкталган күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө жогору турган жетекчиге жана ички иштер органдарына билдирилет.
34. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктар, мөөрлөр жана штамптар жана жоголгон же уурдалган фактылары боюнча он күндүк мөөнөттө кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.
35. Тиешелүү органдын жетекчиси алмашкан учурда кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларында Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктардын, мөөрлөрдүн жана штамптардын болушу жана өткөрүп берилиши жөнүндө белгиленет.
5. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды жок кылуунун тартиби
36. Юридикалык жак жоюлган (кайра уюштурулган) учурда, ошондой эле жак нотариалдык ишин токтоткондо Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктар, мөөрлөр жана штамптар ички иштер органдарына өткөрүп берилүүгө тийиш. Алар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ичинен Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды жок кылуу боюнча комиссия түзүшөт.
37. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды жок кылууга өткөрүп берүү актыга түшүрүлөт.
38. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктар, мөөрлөр жана штамптар атайын түзүлгөн комиссиянын катышуусунда күн мурун аныкталган жерде өрттөө жолу менен жок кылынат.
39. Жараксыз абалга келген же маанилүүлүгүн жоготкон Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктар мекеменин кызматкерлеринен атайын түзүлгөн комиссия тарабынан өрттөө жолу менен жок кылынат, ал жөнүндө жок кылуу тууралуу тиешелүү акт түзүлөт.
6. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана штамптарды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
40. Мамлекеттик гербдин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана сактагычтарды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибин бузган жактар Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.