Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 840
"Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413, 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2022-жылдын 20-майындагы № 271 токтомунун редакциясына ылайык)
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын өнүктүрүү, 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги белгиленген тартипте:
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайыйк)
- "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун (мындан ары - Фонд) түзсүн;
- Фонддун уюмдаштыруучусу катары чыксын;
- Фондду иштетүүнүн уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- Макулдашуунун жоболорун так сактоону камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413, 2022-жылдын 20-майындагы № 271 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Фондду Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги дайындаган Байкоочу кеңеш башкарат;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун, 2022-жылдын 20-майындагы № 271 редакциясына ылайыйк)
- Фонд жыл сайын аудитордук текшерүүгө алынат;
- Фонддун каражаттары айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду каржылоого, ошондой эле Фонддун уставында каралган максаттарга гана пайдаланылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун иштеши үчүн коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарттарында Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көч., 142 дареги боюнча жайгашкан имараттын ичинен жай берсин.
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайыйк)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 23-январында № 6 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |