Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-майы № 11
Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Экологиялык коопсуздукту камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети төмөнкү функцияларды өткөрүп берүү менен:
- экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык, анын ичинде радиациялык жана химиялык контролдоо чөйрөсүндөгү – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен;
- Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча ишти координациялоо – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен;
- Жашыл климаттык фонддогу Улуттук ыйгарым укуктуу органдын – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен;
- жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү булгоо үчүн акы алуу, ошондой эле жаратылышты коргоо максаттарына каражаттарды жумшоону контролдоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жөнгө салуу; CITES административдик органынын жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучу алдында турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенцияны (CITES) ишке ашыруу; биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу, аңчылык жана аңчылык чарбасы жаатындагы координация; жер жана суу ресурстарынын булганышын мамлекеттик контролдоо – Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинен;
2) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти;
3) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу борбору;
4) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти.
2. Мамлекеттик жаратылыш парктары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин карамагынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин карамагына өткөрүп берилсин.
3. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
- Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин карамагына тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен Климаттык каржылоо боюнча борборго;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик (Кыргызгидромет) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин карамагына тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен Гидрометеорология боюнча агенттикке (Кыргызгидромет);
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин карамагына өрт коопсуздугун камсыздоону мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын кошпогондо, тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен Экологиялык контролдоо мамлекеттик инспекциясына.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлиги:
1) штаттык бирдиктерди, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды белгиленген тартипте кабыл алууну-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
2) штатты өткөрүп бергенде ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер өткөрүп берилген функцияларды аткаруу үчүн которулууга тийиш экендигин көңүлгө алсын;
3) бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
5) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетте мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык күчүн жоготту деп табылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин башкаруу
схемасы
| |
|
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү
(КР Министрлер Кабинетинин , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пунктундагы «жана мергенчилик», «жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарын» деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктундагы «биологиялык түрдүүлүктү сактоо, кайра өндүрүү жана туура пайдалануу, Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаратылыш парктарын туруктуу иштешин жана өнүгүүсүн камсыздоо,» деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- токой чарбасын башкаруу, токойлорду сактоо, кайра өстүрүү жана пайдалануу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу, ошондой эле токой ресурстарын, анын ичинде токой-аңчылыгын жайгаштырууну эсепке алуу, алардын абалын баалоо;»;
- 9-пунктунда:
1-пунктчасында:
үчүнчү абзацындагы «, мергенчилик», «, мамлекеттик жаратылыш парктарын» жана «биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана жаратылышты туура пайдалануу» деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы «, мергенчилик» жана «мамлекеттик жаратылыш парктарынын» деген сөздөр алып салынсын;
он тогузунчу абзацындагы «биологиялык түрдүүлүктү сактоо» деген сөздөр алып салынсын;
жыйырманчы абзацындагы «, мергенчилик» жана «мамлекеттик жаратылыш парктарын» деген сөздөр алып салынсын;
жыйырма бешинчи абзацындагы «, жапайы жаныбарлардын жана жапайы өсүмдүктөрдүн, козу карындардын» деген сөздөр алып салынсын;
жыйырма жетинчи абзацындагы «биологиялык турдүүлүктөрдүн,» деген сөздөр алып салынсын;
жыйырма тогузунчу абзацындагы «, мергенчилик» деген сөз алып салынсын;
элүүнчү абзацындагы «, мергенчилик чарбасын жана мамлекеттик жаратылыш парктарын» деген сөздөр «чарбасын» деген сөз менен алмаштырылсын;
элүү биринчи абзацындагы «жана мамлекеттик жаратылыш парктарын» деген сөздөр алып салынсын;
элүү экинчи жана элүү үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- токой чарбасынын субъекттеринин ишин уюштурат, токой экосистемасынын тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
- кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен бирдикте токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун жана коргоонун экономикалык механизмдерин иштеп чыгат;»;
элүү төртүнчү абзацындагы «, мергенчилик» деген сөздөр алып салынсын;
2-пунктчасында:
он тогузунчу абзацындагы «жана мергенчилик чарбаларын жана мамлекеттик жаратылыш парктар тармактарын» деген сөздөр «чарбасын» деген сөз менен алмаштырылсын;
жыйырманчы, жыйырма экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- токой чарбаларынын аймагына кирүүчү жерлерде посттордун ишин белгиленген тартипте жөнгө салат;»;
жыйырма төртүнчү абзацындагы «, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн» деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктчасында:
кырк тогузунчу, элүүнчү, элүү экинчи, элүү төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
элүү бешинчи абзацындагы «, аңчылык жана башка жаратылыш» деген сөздөр алып салынсын;
элүү алтынчы абзацындагы «айлана-чөйрөнүн булганышына, биологиялык түрлөргө, анын ичинде» деген сөздөр алып салынсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
68-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 109-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондун түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 жана 2-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы «Чүй проспекти, 106» деген сөздөр «Горький көч., 142» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 «Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
- «Эксперт-уюмдун аталышы» деген графада:
1 жана 3-пункттарындагы «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5 жана 6-пункттарындагы «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготту деп таанууга тийиш болгон чечимдери
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө” токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө” токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 410 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин “Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 32 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 308 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдардын функцияларын бөлүштүрүүгө карата айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 457 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-cентябрындагы № 520 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 37 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн өзгөртүү жөнүндө” токтому.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 456 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 “Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 15 жана 29-пункттары.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-декабрындагы № 644 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин оптималдаштыруу жөнүндө” токтому.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 13 жана 31-пункттары.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө” токтому.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 572 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдарминистрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 680 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы № 86 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 205 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 379 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-декабрындагы № 676 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсебин жабуу жөнүндө” токтому.
28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” токтомунун 3-пункту.
29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 211 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 334 “Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.