Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 836
"Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 26, 27 жана 28-пункттар менен толукталсын:
"26) "Жараксыз эсеп-фактура" - салык төлөөчү тарабынан отчет бериле турган айдан кийинки айдын 10уна чейин КНС боюнча отчетту бербеген жана/же эсеп-фактураларды колдонуунун, тариздөөнүн жана жүгүртүүнүн белгиленген тартиптерин бузуу менен таризделген эсеп-фактура.
27) "Товарды маркалоо" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык идентификациялоо каражаттарын товарга же анын таңгагына түшүрүү/ товарларга же алардын таңгактарына чаптоо.
Штрих түрүндөгү же башка коддордо берилген же радиожыштыктуу белгиде жазылган же автоматтык идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын колдонуу менен берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугу товарларды маркалоо максатында идентификациялоо каражаттары катары таанылат.
Салык салуу максатында маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеси, идентификациялоо каражаттары, идентификациялоо каражаттарында камтылуучу маалыматтардын форматы жана курамы, товарларды маркалоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
28) "Товарларды жүгүртүү":
а) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүү, аларды ташуу, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маркалоого тийиш болгон товарларды өндүрүү, аларды ташуу, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо.";
2) 28-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи
Электрондук башкаруу жана санариптик кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык түзүлгөн документ салык төлөөчүнүн электрондук документи болуп саналат.";
3) 44-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакциядагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) товарларды маркалоого, маркалануучу товарлар жөнүндө маалыматтарды берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында каралган товарларды маркалоого карата башка милдеттенмелерди ишке ашырууга.";
4) 83-беренесинин 5-бөлүгүнүн 21 жана 22-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 85-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "жазуу жүзүндөгү жана/же" деген сөздөр "кагаз түрүндө түзүлгөн документи же" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 86-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндөгү "кагаз түрүндө жана/же электрондук булактарда" деген сөздөр "кагаз түрүндөгү документ же электрондук документ түрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Электрондук документ түрүндө салык отчету Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук санариптик кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.";
в) 7-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же башка мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу электрондук документ түрүндө.";
г) 9-бөлүгүндөгү "Салык отчетун" деген сөздөр "Кагаз түрүндө түзүлгөн документ же электрондук документ түрүндөгү салык отчетун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
е) 11-бөлүгүндөгү "электрондук түрдө" деген сөздөр "электрондук документ түрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 89-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "электрондук почта боюнча отчетту жибергендиги жөнүндө кабарлаган дата" деген сөздөр "ушул Кодекстин 86-беренесинин 7-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтык система электрондук документти кабыл алгандыгы жөнүндө кабарлаган дата" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "эгерде документ" деген сөздөрдөн кийин "почта боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 109-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"109-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода операцияларында же накталай акча, банктык төлөм карточкалары, чектер аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдө эл менен акчалай эсептешүүлөр контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары бул главада - ККМ) милдеттүү колдонуу жана контролдук чек берүү менен жүргүзүлөт. Ушул абзацтын жоболору өз ишинин спецификасынан же болбосо турган жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө турган уюмдарга же жеке адамдарга колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уюмдун же жеке жактын ишинин спецификасынан акчалай эсептешүүлөрдө виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары ушул главада - виртуалдык ККМ) колдонууга милдеттүү болгон учурлардын тизмегин, ошондой эле аталган тизмекте каралган ар бир учурларда виртуалдык ККМди колдонуу тартибин белгилейт.
2. ККМ:
1) маалыматтарды сактоо жана реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүү функцияларына ээ;
2) товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө акчалай эсептешүүлөрдү каттоо үчүн колдонулуучу;
3) оңдолбой турган ар бир сменалык каттоону жана маалыматты узак убакытка сактоону камсыздоочу техникалык (аппараттык програмдык) каражат болуп саналат.
Фискалдык эске тутуу - ККМ колдонуу менен ишке ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон оңдолбой турган ар бир суткалык (ар бир сменалык) каттоону жана жыйынтык маалыматты узак убакытка сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.";
3. Виртуалдык ККМ - соода операцияларын ишке ашырууда жана/же субъекттердин ортосунда жумуштарды, кызматтарды көрсөтүүдө жана ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүүдө фискалдык маалыматтарды алмаштыруу, көчүрүү жана сактоо боюнча функцияларды аткарган программалык камсыздоо.";
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү бекитет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген ККМдин, анын ичинде виртуалдык ККМдин мамлекеттик реестрин (мындан ары ушул беренеде - мамлекеттик реестр);
2) мамлекеттик реестрди түзүүнүн эрежелерин;
3) ККМге карата техникалык талаптарды жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарды;
4) ККМди колдонуу, каттоо, санкцияланбаган кирүү коопсуздугун камсыздоо тартибин жана ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерин;
5) виртуалдык ККМди колдонуу, каттоо, санкцияланбаган кирүү коопсуздугун камсыздоо тартибин, виртуалдык ККМге техникалык талаптарды жана мыйзамдарга ылайык виртуалдык ККМди колдонуу менен иштөөгө милдеттүү болгон субъектке коюлуучу талаптарды.
5. ККМ, анын ичинде виртуалдык ККМ байланыш жана маалымат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген корутундунун негизинде мамлекеттик реестрге киргизилет жана мамлекеттик реестрден чыгарылат.
Корутунду - ККМдин, анын ичинде виртуалдык ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин ырастоочу документ болуп саналат. Корутунду берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
9) 110-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"110-берене. Аппараттык-программалык каражат болуп саналган ККМди колдонуу боюнча талаптар
1. Ушул Кодекске ылайык өзүнүн ишин ККМди колдонуу менен жүзөгө ашырууга милдеттүү болгон салык төлөөчүгө ККМди колдонуу боюнча төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) ККМди сатып алуу жана техникалык тейлөөгө коюу;
2) ишти аткарып баштаганга чейин ККМди каттоо;
3) ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эске тутуусуна санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруу жана ККМдин каттоо карточкасын алуу;
4) ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерине ылайык ККМди пайдалануу;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте ККМди сатып алууга, каттоого жана колдонууга байланыштуу документтерди жүргүзүү жана сактоо;
6) салык органдарынын кызмат адамдары ККМди колдонуунун тартибин контролдоодо ККМге тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо;
7) ККМди оң абалда кармоо жана фискалдык эске тутуусундагы операцияларды белгилөө менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын талаптагыдай эсепке алынышын камсыздоо;
8) ККМди ордунда жана сатып алуучу/кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда колдонуу;
9) сатып алуучулар/кардарлар үчүн сатылып жаткан товарлардын баасын/көрсөтүүлүүчү кызматтардын, аткарылуучу жумуштардын прейскуранттарын жеткиликтүү жерге илүү, алар жазылган бааларын жана/же тарифтерин тастыктаган документтерге шайкеш болушу керек;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлери үчүн ККМдин ички механизмдерин жана фискалдык эске тутуусун ачып кароо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо;
11) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматты сатып алуучу/кардар үчүн көрүнүктүү жерге илүү.".
10) 111-беренесинде:
а) берененин аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "фискалдык эске тутуусу бар контролдук-кассалык машиналарды" деген сөздөр "аппараттык-программалык каражат болуп эсептелген ККМ" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "Рейддик салык" деген сөздөр "Салык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-пункту "алуучуларга" деген сөздөн кийин "контролдук-кассалык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктундагы "фискалдык блокторунда" деген сөздөр "фискалдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштүн болушу жана оң абалда турушу;
7) сатып алуучуга берилген контролдук-кассалык чектердин төлөөгө жазылган, анын ичинде автоматташтырылган бухгалтердик эсептин программалык каражаттарын колдонуу менен жазылган эсептерге шайкештиги.";
в) 3-бөлүгү "берилишин" деген сөздөн кийин "жана сатып алуучуга төлөө үчүн берилген эсепке шайкештигин" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 4-бөлүгүндө:
- "фискалдык блокторунда" деген сөздөр "фискалдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "текшерүү" деген сөздөн кийин "же алып салынган жетүү аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 122-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "КНСтин жасалма эсеп-фактураларын" деген сөздөр "жараксыз эсеп-фактураларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 125-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "жазуу же электрондук түрүндө" деген сөздөр "кагаздагы документ же электрондук документ түрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 21-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 156-1-берене менен толукталсын:
"156-1-берене. Эсеп-фактура
1. Эсеп-фактура салыктык документ болуп саналат, ал салык төлөөчү тарабынан товарларды сатууда, кызматтарды көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда таризделет.
2. Ушул беренеде каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык эсеп-фактура электрондук документ түрүндө таризделүүгө тийиш.
3. Салык төлөөчүнүн эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө тариздөөгө мүмкүнчүлүгү болбогон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген учурларда, мындай салык төлөөчү аталган себептер четтетилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен электрондук эсеп-фактураны тариздөө менен эсеп-фактураны кагаз түрүндө үч нускада тариздөөгө укуктуу.
Эсеп-фактурасын кагаз түрүндө тариздеген салык төлөөчү эсеп-фактуранын бир нускасын салыктык катталган жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү:
1) КНС салыгын төлөөчү - салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчёту менен кошо;
2) КНС төлөбөгөн салык төлөөчү - эсеп-фактура кагаз түрүндө таризделген айдан кийинки айдын 25инен кийинки күндөн кечиктирбеген мөөнөттө.
4. Ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөөгө милдеттүү салык төлөөчүгө төмөнкүдөй учурларда эсеп-фактураны тариздебей коюуга жана аны сатып алуучунун талабы боюнча берүүгө жол берилет:
1) салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык эсептешүүлөрдү ККМ аркылуу жүргүзгөн шартта калкка товарларды сатууда, кызматтарды көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген учурларда жана Тизме боюнча так отчёттуулук бланктарынын негизинде накталай эсептешүү менен жумуштарды аткарууда жана калкка кызмат көрсөтүүдө.
5. Салык төлөөчү тарабынан ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган товарларды берүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө эсеп-фактура айдын аягында бир жолу таризделет.
6. Эсеп-фактуранын формасын, аны тариздөөнүн жана колдонуунун тартибин, ошондой эле эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
7. Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө милдети төмөнкүдөй мөөнөттөрдө белгиленет:
1) КНС салыгын төлөөчү жана импорт жана/же экспорт операцияларын ишке ашыруучу салык төлөөчү үчүн - 2018-жылдын 1-июлунан тартып;
2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө болбогон мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчү үчүн - Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын да белгиленген мөөнөттө жана талаптарга ылайык;
3) ушул бөлүктүн 1-пунктунда аталбаган салык төлөөчү эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө ыктыярдуу түрдө - 2018-жылдын 1-июлунан тартып, милдеттүү түрдө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө тариздейт.";
14) 228-беренесинде:
а) аталышы "КНС" деген сөздөн кийин "салыгын төлөөчү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндө:
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) жараксыз деп таанылган эсеп-фактуранын реквизиттери.";
15) 230-беренесинде:
а) 6-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 8-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 234-беренесинде:
а) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, эсеп-фактура салык салынуучу беримдердин датасына чейин жазып берилген же акы төлөө алынган болсо, салыктык милдеттенменин датасы болуп кайсынысы мурдараак болгондугуна жараша эсеп-фактура жазып берилген же акы төлөө алынган дата эсептелет.";
б) 5-бөлүгүндөгү "КНСтин эсеп-фактурасы" деген сөздөр "эсеп-фактура" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 266-беренесинин 9-бөлүгүндөгү "КНСтин эсептик-фактуралары" деген сөздөр "эсеп-фактуралар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
18) 270-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б)" пунктчасындагы "КНСтин эсептик-фактурасы" деген сөздөр "эсеп-фактура" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19) 271-беренесинде:
а) 5-бөлүгүндөгү "КНСтин эсептик-фактуралары" деген сөздөр "эсеп-фактуралар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүндөгү "КНСтин эсеп-фактурасында" деген сөздөр "Эсеп-фактурада" деген сөздөр менен, "КНСтин эсеп-фактуралары" деген сөздөр "эсеп-фактуралар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 275-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "КНС эсеп-фактураларына" деген сөздөр "эсеп-фактураларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "КНСтин эсептик-фактурасы" деген сөздөр "эсеп-фактура" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 282-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"282-берене. КНС салыгын төлөөчү тарабынан таризделүүчү эсеп-фактура
1. КНС салыгын төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) эсеп-фактураларды ушул Кодекстин талаптарына ылайык тариздөөгө;
2) беримдер жана сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсеп-фактураларды эсепке алууга.
2. Салык салынуучу беримдердин өлчөмүн оңдоодо кошумча эсеп-фактура таризделет, анда төмөнкүлөр милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш:
1) кошумча эсеп-фактура таризделип жаткан эсеп-фактуранын номери жана түзүлгөн датасы;
2) беримдердин өлчөмү оңдолуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары;
3) сандык жана баа көрсөткүчтөрүн оңдоо өлчөмү.
3. Жараксыздарынан башка эсеп-фактуралар, КНС боюнча салык төлөөчү тарабынан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммаларын ушул бөлүмдө каралган тартипте эсепке кабыл алуу үчүн негиз болот.";
23) 282-16-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "КНСтин эсеп-фактурасы" деген сөздөр "Эсеп фактура" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндө:
- "КНСтин эсеп-фактураларын" деген сөздөр "Эсеп фактураны" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "282" деген цифралар "156-1" деген цифралар менен алмаштырылсын;
24) 345-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"345-берене. Жалпы жоболор
1. Айрым салыктар милдеттүү патентти же ыктыярдуу патентти сатып алуу жолу менен төлөнүшү мүмкүн.
Патент салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча кагаз түрүндөгү документ (кагаз жүзүндөгү патент) же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы уникалдуу жазуу (электрондук патент) түрүндө таризделет. Кагаз жүзүндөгү патент жана электрондук патент бирдей юридикалык мааниге ээ болушат.
Кагаз жүзүндөгү патенттин бланктары так отчёттуулук документи болуп саналат жана ушул Кодексте белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү аяктаганга чейин сакталууга тийиш.
2. Милдеттүү жана ыктыярдуу патенттер төмөнкүлөрдү күбөлөндүрөт:
1) салык төлөөчүнүн патентте көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууга укугун;
2) патентте көрсөтүлгөн иштин түрү боюнча салыктарды төлөөнү;
3) патент жарактуу болгон салык мезгилинде киреше алууну.
3. Милдеттүү патент салык төлөөчүнүн салыктык каттоого жана эсепке алуу каттоосуна туруу менен, жеке ишкердигин жүргүзгөн жери боюнча салык органында ушул Кодекстин 53-главасында каралган иштин түрлөрү боюнча уюм же жеке ишкер тарабынан сатып алынат.
4. Ыктыярдуу патент жеке жакта салыктык каттоого жана эсепке алуу каттоосуна туруу менен, жеке ишкердигин жүргүзгөн жери боюнча салык органында жеке жак тарабынан сатып алынышы мүмкүн.
5. Патенттин негизиндеги салыктын суммасы салык төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй төлөнүшү мүмкүн:
1) банк мекемесинде, анын ичинде интернетти же мобилдүү банкингди, электрондук акчаны кошо алганда, обочолонгон/аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу;
2) төлөм терминалы же POS-терминалы аркылуу.
Банк мекемелери болбогон алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте патенттин негизинде салыктын суммасын салык органына төлөөгө жол берилет.
6. Банктын, төлөм терминалынын, POS-терминалынын квитанциясы же ыйгарым укуктуу салык органына патенттин негизинде салыктын суммасы төлөнгөндүгү жөнүндө перифериялык түзүлүштөр аркылуу жиберилген маалымат салык төлөөчүгө патентти берүү үчүн же мурда берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп саналат.
7. Ишти патентсиз жүргүзүү каттоосуз иш жүргүзүү жана/же салык төлөөдөн качуу болуп таанылат.
8. Патент берилген аймагында (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарактуу. Ишкердикти жүргүзүү максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга берүүгө тыюу салынат.
9. Кагаз жүзүндө берилген патент жоголгондо, салык органы тарабынан анын дубликаты берилет. Мындай учурларда калган салыктык мезгилге салык төлөөчүгө "жоголгондун ордуна" деген жазуусу менен жаңы патент берилет.
Электрондук патентти салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасын пайдалануу менен ырастоо максатында электрондук патенттин бардык маалым даректерин камтыган жана электрондук башкаруу менен электрондук кол тамга жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ түзүлүшү мүмкүн (патенттин бар экендигин ырастоочу документ).
10. Иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу патенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык аларды жүргүзүү укугуна карата башка атайын уруксат берүүчү документтерди жана лицензияларды алмаштыра албайт.
11. Патенттин формасы жана аны берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-статьясынын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
8-статьясында:
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жана мөөнөттө берилет.";
- алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-статья менен толукталсын:
"21-1-статья. Инвестициялык конкурстук тандоо
1. Инвестициялык конкурстук тандоо - инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча жеңүүчүнү аныктаган процесс.
2. Инвестициялык конкурстук тандоону жүргүзүү методикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
5-берене
Ушул Мыйзамдын 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацынан жана 4, 11, 13 - 23-пункттарынан тышкары, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти