Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 токтому менен бекитилген |
Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 85-беренесине ылайык иштелип чыккан жана республикалык бюджеттин бюджеттик каражаттарын башкы тескөөчүлөргө (мындан ары - башкы тескөөчүлөр) жайылтылат.
2. Ушул Нускама төмөнкүлөрдү:
1) башкы тескөөчүлөр тарабынан программалык негизде (мындан ары - программалык бюджеттер) бюджеттин долбоорлорун түзүү жана кароо тартибин;
2) башкы тескөөчүлөр тарабынан программалык бюджеттерди аткаруу тартибин белгилейт.
3. Ушул Нускамада пайдаланылган негизги түшүнүктөр жана терминдер:
бюджеттик чара - бюджеттик программаны ишке ашырууга түздөн-түз көмөк берген иштин түрлөрүн (иш-чаралар, долбоорлор, дайыма аткарылуучу функциялар, туруктуу сатып алуулар) билдирген бюджеттик программанын курамдык бөлүгү;
бюджеттик программа - тармактык/сектордук өнүгүү программаларын жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашырууга багытталган чаралар комплекси. Бюджеттик программага сектордун стратегиялык милдеттеринин бирин аткаруу үчүн бюджеттин каражаттары кирет;
натыйжалуулук индикаторлору - пландалган натыйжаларга жетишүү даражасын же сектордун/тармактын конкреттүү абалын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр. Натыйжалуулук индикаторлору сектордун/тармактын максаттарына жетишүү багыттары же башкы тескөөчүнүн ишин баалоо критерийлери катары пайдаланылат.
контролдук цифралар - бюджеттик каражаттардын чектүү көрсөткүчү, алардын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгымдары түзүлөт;
программалык түзүм - бюджеттик программалардын жана аларды түзүүчү бюджеттик чаралардын тизмеси;
стратегиялык максат - коомдук көз караштан алганда сектордун/тармактын жетүүнү көздөгөн конкреттүү абалы.
2. Уюштуруу маселелери жана мөөнөттөрү
4. Башкы тескөөчүлөр профилдик, стратегиялык, экономикалык жана финансылык бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын өкүлдөрүнөн жумушчу топту (мындан ары - жумушчу топ) түзөт. Жумушчу топту статс-катчы башкарат. Статс-катчынын кызматы уюштурулбаган мамлекеттик органдарда жумушчу топту бул органдардын аппарат жетекчилери башкарат.
5. Сот системасынын программалык бюджетинин долбоору Соттор кеңешинин бюджеттик комиссиясы тарабынан түзүлөт.
6. Соттор кеңешинен тышкары, башкы тескөөчү 25-июнга чейинки мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жумушчу топту түзүү жөнүндө ведомстволук актынын көчүрмөсүн, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара иште аракеттенген жооптуу кызматкердин байланыш маалыматтарын жиберет.
7. Жумушчу топ иштин төмөнкү графигине ылайык иштейт:
Этап | Иш-чаралар | Мөөнөттөр |
1. Программалык бюджеттер долбоорлорун даярдоо процессинин башталышы | (1.1) Жумушчу топтун жеке курамын түзүү жана бекитүү. Программалык бюджетти иштеп чыгуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүгө жооптуу кызматкерди дайындоо | 20-июнга чейин |
| (1.2) Тармактык саясаттын негизги багыттарын талкуулоо, бюджеттин программалык түзүмүн түзүү жана бекитүү боюнча жумушчу топтун бир же бир нече жолугушууларын өткөрүү | 25-июнга чейин |
2. Программалык бюджеттер долбоорлорун даярдоо процесси | (2.1) Бюджеттик программалар жана чаралар үчүн натыйжалуулук индикаторлору боюнча сунуштарды даярдоо | 1 -июлга чейин |
| (2.2) Бюджеттик чаралар боюнча иш багыттарын жана финансылык эсептөөлөрдү даярдоо боюнча сыпаттоо бөлүгүн түзүү | 10-июлга чейин |
| (2.3) Башкы тескөөчүлөрдүн коомдук кеңештери (болсо) менен бюджеттин программалык түзүмдөрүн талкуулоо | 14-июлга чейин |
| (2.4) Программалык бюджеттин долбоору жана жыйынды таблицалар боюнча жыйынды түшүндүрмө катты түзүү | 16-июлга чейин |
| (2.5) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен программалык бюджеттин долбоорун макулдашуу | 16-июлга чейин |
| (2.6) Коомдук угууларды өткөрүү | 25-июлга чейин |
| (2.7) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ! программалык бюджеттин долбоорун берүү | 1-августка чейин |
8. Соттор кеңешинин бюджеттик комиссиясынын сот системасынын программалык бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча иш графиги өз алдынча түзүлөт.
9. Башкы тескөөчүлөр программалык бюджеттердин долбоорлорун ушул Нускаманын 1-4-1 жана 4-2 жана 5-тиркемелерине ылайык формалар түзөт.
10. Программалык бюджеттердин долбоорлору кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.
11. Программалык бюджеттин долбоору боюнча документтер пакети түзүлөт жана бул Нускаманын 6-тиркемесинде келтирилген тизме боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Башкы тескөөчүлөр боюнча контролдук цифралар
12. Башкы тескөөчүнүн бюджеттик программалары боюнча чыгымдардын жалпы суммасы башкы тескөөчү боюнча контролдук цифралардан ашпоого тийиш.
13. Сот системасынын бюджеттик программалар боюнча чыгымдарынын жалпы суммасы Фискалдык саясаттын негизги багыттарында аныкталган сот системасы боюнча мурдагы бюджеттик циклдин контролдук цифраларынан ашпоого тийиш.
14. Контролдук цифралардын чегинен ашкан, каржылоону талап кылган бюджеттик программалар/чаралар программалык бюджет долбоорунун өзүнчө тиркемеси менен бюджеттик чараларды сыпаттоо формасында берилет. Ошол эле учурда талап кылынган кошумча каржылоонун суммалык көлөмү башкы тескөөчү боюнча контролдук цифралардын 5 пайызынан ашпоого тийиш.
15. Кошумча ассигнованиелерди алууда ишке ашыруу пландалган артыкчылыктарды чагылдыруу үчүн улуттук стратегиялык/программалык документтин жана/же сектордук стратегиялык жана программалык документтердин артыкчылыктарын ишке ашырууга байланышкан бюджеттик программалар/чаралар эгерде алар боюнча бюджеттик каржылоо каралбаса каржылоонун нөлдүк көлөмү менен программалык бюджеттин долбоорунда чагылдырылат.
4. Программалык негизде бюджетти түзүү
§ 1-кадам. Башкы тескөөчүнүн стратегиялык максаттарын жана милдеттерин аныктоо
16. Башкы тескөөчүгө тиешелүү сектордун/тармактын стратегиялык максатын аныктоо бюджетти программалык негизде түзүүнүн биринчи кадамы болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү конкреттүү секторго тиешелүү болбогон учурларда уюмдун стратегиялык максаты түзүлөт. Максаттарды түзүүгө карата төмөнкү талаптар коюлат:
1) улуттук стратегиялык/программалык документтин жана/же сектордук стратегиялык/программалык документтердин артыкчылыктарына ылайыктуулугу;
2) туруктуу өнүгүү артыкчылыктарын эске алуу менен түзүү (жакырчылыкты кыскартуу, жер жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, энергия үнөмдөөчү технологиялар, калктын турмушунун сапаты, айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээли, айлана-чөйрөнү коргоодо жарандардын маданиятынын жана жоопкерчилигинин деңгээли ж.б.);
3) чечмелөөнүн тактыгы, конкреттүүлүгү жана кыскалыгы;
4) жеткиликтүүлүк жана өлчөнүүчүлүк;
5) башкы тескөөчүнүн ишинде коомдук маанилүүлүктү чагылдыруу;
6) процесске эмес, конкреттүү натыйжага жетишүүгө багыттоо.
17. Стратегиялык милдеттер туруктуу өнүктүрүү артыкчылыктарына жооп берүүгө, кыска жана так түзүлүүгө тийиш. Милдеттер стратегиялык максаттарга жетүүгө багытталууга жана иштин негизги артыкчылыктуу багыттарын чагылдырууга тийиш. Милдеттер бюджеттик программаларды аныктоонун негизи болуп саналат.
18. Максаттарды жана милдеттерди түзүү, учурдагы абалды баяндоо жана кыска талдоо ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык форма боюнча Программалык негиздеги бюджет долбооруна карата түшүндүрмө катка киргизилет.
§ 2-кадам. Бюджеттик программаларды аныктоо
19. Башкы тескөөчүнүн ишинин өз ара байланышкан багыттары аларды бириктирген башкы тескөөчүнүн милдеттерине ылайык бюджеттик программаларда топтолот.
20. Бюджеттик программаларды түзүүгө карата төмөнкү талаптар коюлат:
1) сектордогу/тармактагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарга ылайыктуулугу жана улуттук стратегиялык/программалык документтин жана/же сектордук стратегиялык/программалык документтер менен өз ара так байланышы;
2) бюджеттик программанын сектордун/башкы тескөөчүнүн бир же андан ашуун программалар менен ишке ашырылуучу милдеттеринин бирин чечүүгө багытталышы;
3) милдеттерди аткаруунун алкагында башкы тескөөчүнүн ишинин негизги багыттарын чагылдыруу менен бюджеттик программалардын аталышынын кыскалыгы;
4) бюджеттик программалардын санынын негиздүүлүгү;
5) убакыт боюнча программалык түзүмдүк туруктуулугу. Жаңы бюджеттик программалар/чаралар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча киргизилет;
6) реформаларды жана инвестициялык долбоорлорду жүргүзүү боюнча иштер бюджеттик программанын алкагында бюджеттик чара түрүндө чагылдырылат;
7) каржылоо же болбосо каржылоо көлөмдөрүн көбөйтүү программа болуп саналбайт.
21. Башкы тескөөчүнүн бардык түзүмдүк бөлүктөрү жана ведомстволук уюмдары тигил же бул бюджеттик программаны ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүү менен иштин багыттары боюнча топтолот.
22. Башкы тескөөчүнүн бюджетинин программалык түзүмдүк негизги бюджеттик программалар боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү оор болгон бөлүмдөрдүн функцияларын камтыган "Пландоо, башкаруу жана тескөө" стандарттык программасы чагылдырылат. Мындай программаны ишке ашыруу башка программаларды ишке ашырууну координациялоочу жана уюштуруучулук таасир көрсөтөт.
23. "Пландоо, башкаруу жана тескөө" программасына: башкы тескөөчүнүн жогорку жетекчилиги; финансылык кызмат; мониторингге жана контролдоого жооп берген бөлүк, адам ресурстарын башкаруу, эл аралык мамилелер, юридикалык кызмат, ички аудит; коомчулук менен байланыш боюнча кызмат, пресс-катчылар, көмөкчү кызматтар жана башкалар кирет. Бул программага башкы тескөөчүнүн борбордук аппараты тарабынан жүргүзүлгөн бардык чыгымдарды киргизүүгө жол берилбейт. "Пландоо, башкаруу жана тескөө" программасы үчүн ушул Нускаманын 3-кадам "Бюджеттик чараларды аныктоо" стандарттык бюджеттик чаралар тизмеси каралган.
24. "Пландоо, башкаруу жана тескөө" программасы бюджеттик программалардын тизмесинде биринчи көрсөтүлгөн жана 001 деген кодго ээ.
25. Бюджеттик программа так жана кыска түзүлүп, конкреттүү, жеткиликтүү, белгиленген натыйжага жетишүүгө арналып, сектордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн тышкы керектөөчүсүнө багытталат. Максаттарды түзүү максаттарды ишке ашырууга байланышкан иш чөйрөсүндө кесиптик билимге ээ болбогон адамдардын аны түшүнүүсүн татаалдаштырган атайын терминдерди камтыбоого тийиш.
26. Ар бир бюджеттик программа үчүн күтүлгөн натыйжа аныкталат, ал кыска, түшүнүктүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдеги пландык көрсөткүчтүн маанисин көрсөтүү менен түзүлөт. Бир бюджеттик программа өлчөнгөн коомдук мааниге ээ натыйжага жетишүүгө багытталат.
27. Түзүлгөн бюджеттик программалар "Программалык негиздеги бюджет долбооруна карата түшүндүрмө катка" жана "Бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү" таблицасына ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча киргизилет. Таблицаны толтурууда атайын графада программалык бюджеттик классификациянын коддоруна тийиштүү бюджеттик программалардын коддору көрсөтүлөт. Программалык бюджеттик классификациянын коду жок болгон учурда бюджеттик программа, кийин ага белгиленген тартипте код ыйгаруу үчүн "жаңы программа" катары көрсөтүлөт.
§ 3-кадам. Бюджеттик чараларды аныктоо
28. Бюджеттик чаралар улуттук стратегиялык/программалык документтин жана/же сектордук стратегиялык, программалык документтердин алкагында чаралар/иш-чаралар менен өз ара байланышта болууга жана туруктуу өнүгүүнүн артыкчылыктарын эске алуу менен түзүлүүгө тийиш. Бюджеттик чараларды түзүү программанын максаттарына жетүү ыкмаларын аныктоо жана программаларды башкы тескөөчүнүн түзүмдүк бөлүктөрү менен байланыштыруу үчүн зарыл.
29. Бюджеттик чараны ишке ашыруу жоопкерчилиги башкы тескөөчүнүн түзүмдүк же ведомстволук бөлүктөрүнө жүктөлөт. Бюджеттик программаларды жана чараларды ишке ашыруу үчүн түзүмдүк бөлүктөрдүн жоопкерчилиги төмөнкү форма боюнча аныкталат:
Бюджеттик программанын/чаранын аталышы | Жооптуу түзүмдүк бөлүктөр |
1-программа. Программанын аталышы | |
1.1. Чаранын аталышы 1.2. Чаранын аталышы | Бюджеттик чараны ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү бөлүктөрдүн тизмеси келтирилет. Эгер бир бөлүк бир нече бюджеттик чараны ишке ашырууга катышса, анын жанындагы кашаада чаранын наркын аныктоодо пайдаланылган катышуу пайызы көрсөтүлөт |
2-программа. Программанын аталышы | |
2.1. Чаранын аталышы |
|
2.2. Чаранын аталышы |
|
30. Башкы тескөөчүнүн аймактык органдар бөлүмү ар кандай бюджеттик программаларга/чараларга байланышкан бир нече функцияны аткарса алардын иши бир бюджеттик чара түрүндө көрсөтүлөт.
31. Программалардын алкагында бюджеттик чараларды системалаштыруу жана аларды администрациялык бөлүктөр арасында бөлүштүрүү үчүн ушул Нускаманын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн "Бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү" таблицасын пайдалануу зарыл.
32. "Пландоо, башкаруу жана тескөө" программасы үчүн жооптуу кызматкерлер жана/же бөлүмдөр менен бюджеттик чаралардын төмөнкү стандарттык тизмеси колдонулат:
1) жалпы жетекчиликти уюштуруу (жетекчилердин, алардын катчыларынын жана жардамчыларынын конкреттүү программага кирбеген иши). Жетекчинин орун басары бир бюджеттик программаны ишке ашырган бөлүмдү тескесе, анда бул орун басардын иши "Пландоо, башкаруу жана тескөө" программасына эмес, так ушул бюджеттик программага кирет;
2) финансылык менеджментти жана эсепке алууну камсыздоо (финансылык жана бюджеттик бөлүктөрдүн иши);
3) адам ресурстарын башкаруу (персоналды башкаруу кызматынын иши);
4) укуктук колдоо (юридикалык кызматтардын иши);
5) тышкы байланышты жана коомчулук менен байланышты колдоо (эл аралык кызматташтык, коомчулук менен байланыш бөлүктөрүнүн, пресс-катчылардын иши);
6) ишти уюштуруу жана камсыздоо кызматы (уюштуруу-техникалык бөлүмдөрдүн, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын, ж.б. иши);
7) мониторингди, талдоону жана стратегиялык пландоону камсыздоо (ички аудит, коррупцияга каршы аракеттенүү, стратегиялык пландоо жана талдоо боюнча бөлүмдөрдүн иши);
8) региондук деңгээлдеги жалпы координация (башка программаларга тийиштүү болбогон 5 адамга чейин сандагы региондук бөлүмдөрдүн иши).
33. Ушул Нускаманын 32-пунктунда саналган стандарттык бюджеттик чараларды ишке ашырган айрым бөлүктөр болбогон учурлар, мындай чаралар башкы тескөөчүнүн программалык бюджетинде чагылдырылбоого тийиш.
34. Бюджеттик чара аны ишке ашырууга жооптуу башкы тескөөчүнүн бөлүктөрү же ведомстволук уюмдары тарабынан ушул Нускаманын 3-тиркемесинде келтирилген формада сыпатталууга тийиш жана программалык бюджеттин долбоорун топтоого жоопкерчиликтүү жумушчу топтун мүчөлөрүнө берилет.
35. Иштин артыкчылыктуу багыттарына тиешелүү, кошумча каржылоону талап кылган бюджеттик чара ушул Нускаманын 3-тиркемесинде келтирилген формада "жаңы чара" белгиси менен сыпатталат жана тийиштүү негиздеме менен программалык бюджеттин долбооруна карата өзүнчө тиркеме менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
36. "Жаңы чара" белгиси программанын ичинде артыкчылыктар өзгөргөндө же башка бюджеттик чаралар боюнча үнөмдүн эсебинен башкы тескөөчүнүн бюджетинин ичиндеги каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен жаңы чара пландалган учурларда көрсөтүлөт.
37. Ушул же тигил программадагы бюджеттик чаралардын тизмесинин өзгөрүшү тиешелүү негиздеме менен коштолот. Бюджетти түзүүнүн мурдагы циклинде берилген бюджеттик чаралар ушул Нускаманын 3-тиркемесинин тийиштүү графасында "колдонуудагы" катары белгиленет.
38. Бюджеттик чараны сыпаттоодо анын улуттук жана стратегиялык/программалык документтер жана/же сектордук стратегиялык жана программалык документтер менен өз ара байланышы көрсөтүлөт.
§ 4-кадам. Бюджеттик программалардын жана чаралардын наркын аныктоо
39. Башкы тескөөчүлөр боюнча контролдук цифралар бюджеттик программалар боюнча бөлүнгөн. Бюджеттик программалар боюнча чыгымдарды эсептөө ар бир программанын алкагында бюджеттик чаранын наркын аныктоо менен башталат.
40. Бюджеттик чаранын наркы (бюджеттик чыгымдардын жылдык суммасы) аны мазмунуна көз каранды болот. Чаралардын кеңири таралган түрлөрү төмөнкүлөр:
- бюджеттик программаны/чараны ишке ашырууга багытталган айрым бөлүктүн же ведомстволук уюмдун функцияларын топтоо. Мындай учурда чаранын наркы бул бөлүктү (ведомстволук/аймактык бирдиктер) операциялык чыгымдардын (кызматкерлердин эмгек акысы, товарларды. жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу, пайыздар, субсидиялар, гранттар, социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр, башка чыгымдар) категориялары боюнча аныкталган күтүү чыгымдарынан жана финансылык жана финансылык эмес активдер жана милдеттенмелер менен операциялар боюнча чыгымдардан турат;
- дайыма кайталанган иш-чаралар учурунда бюджеттик чаранын наркы бул иш-чараларды өткөрүү чыгымдарынын пландалган жылдык сметасына жараша аныкталат;
- инвестициялык долбоорлор боюнча бюджеттик чаранын наркы пландалган мезгилге долбоор боюнча чыгымдардын сметалык наркына жараша пландалат. Түзүлгөн активдерди күтүүгө кеткен учурдагы чыгымдар долбоор аяктагандан кийин мындай активдерди пайдаланууга тиешеси бар бюджеттик чаралар эске алынууга тийиш.
41. Бюджеттик чара бир нече түзүмдүк бөлүктөр тарабынан жүргүзүлгөн учурда чаранын наркы бюджеттик чараны ишке ашырган бардык бөлүктөр боюнча жалпы чыгымдардын суммасын камтыйт. Бир нече бюджеттик чараларды ишке ашырууга бир түзүмдүк бөлүк тартылган учурда бул түзүмдүк бөлүктү күтүүгө чыгымдар бул же тигил чараны ишке ашырууда бул бөлүктү (пайыздар менен) тартуунун пропорциялык деңгээлинде бул бюджеттик чаралардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Мындай пропорциялар функциялык талдоонун натыйжасында чыгарылат.
42. Инвестициялык долбоорлорду жана туруктуу сатып алууларга кирбеген бюджеттик чаралардын наркын эсептөөдө мындай чараны ишке ашырууга жооптуу бөлүктөрдү күтүү чыгымдарынын пландалган чоңдугу бааланат.
43. Бюджеттик чаралар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй түрдөгү чыгымдар категориялары боюнча аныкталат:
1) "Кызматкерлерге эмгек акы төлөө" категориясы боюнча чыгымдар конкреттүү бюджеттик чараны ишке ашырууга тартылган башкы тескөөчүнүн бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин штаттык санына жараша эсептелет.
2) "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу" категориясы боюнча бюджеттик чара боюнча чыгымдарды эсептөө үчүн пландалган жалпы сумманы бул бюджеттик чараны ишке ашыруудагы салымга ылайык функциялык талдоонун натыйжаларынан улам административдик бөлүктөр боюнча пропорционалдуу түрдө бөлүү зарыл. Ошол эле учурда транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар бул бюджеттик чараны ишке ашырууга тартылган башкы тескөөчүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн балансындагы автомашиналардын санына жараша эсептелет. Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу чыгымдары бул бюджеттик чаралардын алкагында пландалган иш-чараларга же сатып алууларга жараша бюджеттик чаралар боюнча бөлүнөт. Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу чыгымдарынын пландык суммасы ар бир бөлүм боюнча өзүнчө эсептелбеген учурда, анда жалпы сумма бул бюджеттик чараларды ишке ашыруу салымына ылайык функциялык талдоонун натыйжаларына жараша администрациялык бөлүктөр боюнча пропорциялуу бөлүү зарыл.
3) "Пайыздар", "Субсидиялар", "Гранттар", "Социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр", "Башка чыгымдар", "Финансылык эмес активдер", "Финансылык активдер", "Милдеттенмелер" категориялары боюнча чыгымдар мындай чыгымдар ишке ашырылган бюджеттин алкагында чагылдырылат.
44. Каржылоо булактары жана жылдар боюнча эсептелген бюджеттик чаралардын наркы "Каржылоо булактары боюнча бюджеттик чара" таблицасына ушул Нускаманын 3-тиркемесинде келтирилген форма боюнча киргизилет.
45. Чыгымдар категориясы жана финансылык эмес активдер менен операциялар боюнча бюджеттик программалар жана чаралар боюнча чыгымдар ушул Нускаманын 4-1 жана 4-2-тиркемелеринде келтирилген "Чыгымдар категориясы жана финансылык эмес активдер менен операциялар боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын наркы" формасы боюнча деталдуу берилет. 4-1-тиркемеге кезектеги бюджеттик жылга бюджеттик каражаттар үчүн толтурулат; 4-2-тиркеме кезектеги бюджеттик жылга башкы тескөөчүнүн атайын эсептеринде топтолгон каражаттар үчүн толтурулат.
46. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдуу мезгилге ар бир бюджеттик чаранын наркы "Бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү" таблицасына киргизилет, анын формасы ушул Нускаманын 1-тиркемесинде келтирилген. "Бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү" таблицасына төмөнкү маалыматтар да киргизилет:
- мурда жылдагы бюджеттик чара боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар;
- учурдагы жылдагы ар бир бюджеттик чара боюнча бекитилген/такталган чыгымдар.
47. Бюджеттик программалардын наркын эсептөө бюджеттик чаралар боюнча чыгымдарды суммалоо аркылуу жүргүзүлөт. Эсептөөлөрдүн натыйжалары ушул Нускаманын 1-тиркемесинде келтирилген "Бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү" формасы боюнча таблицага жана ушул Нускаманын 2-тиркемесинде келтирилген "Каржылоо булактары боюнча бюджеттик программалар" формасы боюнча таблицага киргизилет.
§ 5-кадам. Натыйжалуулук индикаторлорун аныктоо
48. Натыйжалуулук индикаторлору ар бир бюджеттик программа жана ар бир бюджеттик чара үчүн өзүнчө аныкталууга тийиш.
49. Натыйжалуулук индикаторлору маалымат булактарын, өлчөө бирдигин, базалык жана максаттуу маанилерин көрсөтүү менен төмөнкүлөр үчүн аныкталат:
- бирден үчкө чейинки сандагы бюджеттик программа;
- бирден бешке чейинки сандагы бюджеттик чара.
50. Программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлору ушул Нускаманын 3-тиркемесинде келтирилген "Бюджеттик чара боюнча натыйжалуулук индикаторлору" формасы боюнча таблицага жана ушул Нускаманын 1-тиркемесинде келтирилген "Бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү" формасы боюнча таблицага ылайык берилет.
51. Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлорун аныктоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык аныкталат.
§ 6-кадам. Жыйынды маалыматты жалпылоо жана берүү
52. Программалык бюджеттердин долбоорлорун түзүүдө башкы тескөөчүлөр бюджеттик программанын кодун (код ПР), бюджеттик чаранын кодун (код МЕ), демилге кодун (код ИН) кошкондо ушул Нускаманын 1-тиркемесинин бардык графаларын толтурат.
53. Бюджеттик программалардын/чаралардын коддору программалык бюджеттик классификацияга ылайык аныкталат. "Пландоо, башкаруу жана тескөө" программасы бюджеттик программалардын тизмесинде 001 коду менен биринчи көрсөтүлөт.
54. Жаңы бюджеттик программаларга/чараларга коддор белгиленген тартипте программалык классификацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу берилет.
55. Демилге коду улуттук артыкчылыктардын бюджеттик программалар/чаралар менен байланышын чагылдырат. 4 демилге коду бар: (0), (1), (2) жана (3), мында:
(0) - бул бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруу башкы тескөөчү жөнүндө жободо белгиленген функциялар топтомуна ылайык жүргүзүлөөрүн билдирет;
(1) - бул программа/чара (же ал үчүн пайдаланылган натыйжалуулук индикаторлору) улуттук стратегиялык/программалык документтин артыкчылыктарынын бирине ылайык келээрин билдирет;
(2) - бул программа/чара сектордук стратегиялык, программалык документтердин артыкчылыктарынын бирине ылайык келээрин билдирет;
(3) - бул программа/чара бул багыттагы каржылоону караган ченемдик актыга ылайык жүргүзүлөөрүн билдирет.
Эгерде бюджеттик программа/чара бир эле учурда демилгелерге жана (0), (1), (2) жана (3) таандык болсо, анда демилге коду көрсөтүлөт (1).
56. "Программа менеджери" графасында башкы тескөөчүнүн бөлүгүндөгү кызмат орду, б.а. бул бюджеттик программаны ишке ашырууга жооптуу адам көрсөтүлөт.
57. "Жооптуу ведомство/бөлүк" графасында башкы тескөөчү жана бюджеттик программаны/чараларды ишке ашырууга негизги жоопкерчиликтүү болгон (кошо аткаруучулардан айырмаланып) бөлүк көрсөтүлөт.
58. "Кошо аткаруучу" графасы эгерде программаны ишке ашырууга тартылган башкы тескөөчү негизги аткаруучу болуп саналбаганда толтурулат.
5. Программалык негиздеги бюджеттерди кароо тартиби
59. Программалык бюджеттердин долбоорлору жана башкы тескөөчүнүн натыйжалуулук индикаторлору башкы тескөөчүнүн (болсо) коомдук кеңешинин өкүлдөрүн кошкондо жыл сайын 25-июлдан кечиктирилбеген мөөнөттө коомдук талкууга алынууга тийиш.
60. Сот системасынын программалык бюджет долбоорун талкуулоо жыл сайын 25-апрелден кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
61. Коомдук угууларды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча башкы тескөөчүлөр коомдук талкуунун протоколун, программалык бюджетти коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды эсепке алуу матрицасын түзөт.
62. Программалык бюджеттин долбоорун кароодо башкы тескөөчү бюджеттик программанын/чаранын артыкчылыктарын баалайт, ал эки баалоонун орточо маанисин аныктоо аркылуу аныкталат: башкы тескөөчүнүн жеке баалоосу жана башкы тескөөчүнүн (болсо) коомдук кеңешинин, эксперттик жана илимий коомчулуктун жалпыланган баалоосу. Бюджеттик программанын/чаранын артыкчылыктарын баалоо аны ишке ашыруу, ошондой эле башкы тескөөчүнүн бюджеттик программаларын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун толук ишке ашыруу мезгилине пландалган бюджеттик программалардын/чаралардын максаттуу индикаторлоруна ийгиликтүү жетүү болжолуна жараша жүргүзүлөт. Артыкчылыкты баалоо ушул Нускаманын 64-пунктунда аныкталган критерийлерге ылайык жүргүзүлөт.
63. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзгөн башкы тескөөчүлөр боюнча кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын кароодо жүргүзүлгөн баалоо пайдаланылат.
64. Бюджеттик программалардын/чаралардын артыкчылыктарын баалоо төмөнкү критерийлерди колдонуу менен ишке ашырылат:
1) бюджеттик программалардын/чаралардын максаттарынын жана индикаторлорунун улуттук стратегиялык/программалык документтин артыкчылыктарына ылайыктуулугу (ылайык эместиги - 0 балл, улуттук стратегиялык/программалык документке ылайыктуулугу - 5 балл);
2) бюджеттик программалардын/чаралардын максаттарынын жана индикаторлорунун сектордук стратегиялык жана программалык документтин артыкчылыктарына ылайыктуулугу (ылайык эместиги - 0 балл, сектордук стратегиялык жана программалык документке ылайыктуулугу келет - 5 балл);
3) бюджеттик программанын/чаранын актуалдуулугу программалардын/чаралардын сектордо болгон проблемаларды чечүүгө ылайыктуулук деңгээлин аныктаган ылайыктуулуктун жогорку деңгээли 5 балл, жарым жартылай ылайыктуулук - 3 балл, ылайык эместик - 0 балл менен бааланат);
4) программанын өткөн мезгилдеги натыйжалуулугу өткөн мезгилдеги максаттуу индикаторлоруна жетүү даражасын эске алат (жогорку даража - пландуу көрсөткүчтөргө 100% жетишүү - 5 балл, орто даража - пландуу көрсөткүчтөргө объективдүү себептер боюнча 50 жана андан ашуун пайызга жетишүү - 3 балл, натыйжасыздык - пландуу көрсөткүчтөр аткарылган. эмес же 50 пайыздан аз аткарылган - 0 балл);
5) экономикалык салым, экономикалык өнүгүүдө бюджеттик программаны/чараларды ишке ашыруунун күтүлгөн салымын аныктайт (олуттуу салым - 5 балл, анча-мынча салым - 3 балл, таасир этпеген салым - жооп "колдонулбайт");
6) социалдык салым, социалдык өнүгүүдө бюджеттик программаны/чараларды ишке ашыруунун күтүлгөн салымы, ошондой эле калктын аз камсыз болгон жана социалдык-аялуу катмарындагылардын жашоосуна (балдар, улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, оор турмуштук кырдаалдагы адамдар) же ар кандай жыныстагы адамдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган пландуу таасир (жогоркусу - 5 балл, ортончусу - 3 балл, таасир этпегени - жооп "колдонулбайт");
7) экологиялык салым, айлана-чөйрөгө программалардын/чаралардын таасирин баалайт (оң таасир - 5 балл, терс таасир - минус 1 балл, таасир этпегени - жооп "колдонулбайт");
8) башкы тескөөчүнүн бюджеттик программасынын комплекстүүлүгү бюджеттик программаны аткаруу боюнча бюджеттик чаралардын жана иш-чаралардын негиздүүлүгүн аныктайт (иш-чаралар планы бюджеттик программанын максаттарына өз убагында жана толук жетүүнү камсыздайт - 5 балл, иш-чаралар планы бюджеттик программанын максаттарына жарым-жартылай жетүүнү камсыздайт - 3 балл, иш-чаралар планы жок - 0 балл).
65. Бюджеттик программанын/чаранын артыкчылыгын баалоо ушул Нускаманын 64-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерди кароо санына бөлүнгөн баллдын жалпы суммасы эсебиндеги аныкталган мааниге жараша түзүлөт. "Колдонулбайт" баасы менен критерийлер программанын/чаранын артыкчылыгын эсептөөдө эске алынбайт. Кыйла көбүрөөк балл алган бюджеттик программалар кыйла артыкчылыктуу деп эсептелет.
66. Башкы тескөөчүнүн программалык бюджеттеринин долбоорлору, бюджеттик программалардын/чаралардын артыкчылыктарын баалоо башкы тескөөчүнүн жетекчилери тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин каралат жана жактырылат.
67. Программалык бюджеттердин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирилбеген мөөнөттө берилет.
68. Сот системасынын программалык бюджетинин долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирилбеген мөөнөттө берилет.
69. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башкы тескөөчүнүн программалык бюджеттеринин долбоорлорун ушул Нускаманын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Бюджеттик программалардын жана чаралардын ылайыктуулук индикаторлорун аныктоо боюнча нускаманын талаптарына ылайыктуулугун карайт жана баяндалган талаптарга ылайык келбеген учурда программалык бюджеттин сунушталган долбоорун башкы тескөөчүгө толуктап иштеп чыгууга кайтарат.
70. Башкы тескөөчү программалык бюджеттин долбоорун программалык негизде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен толуктап иштеп чыгат. Башкы тескөөчүнүн программалык бюджетинин толукталып иштелип чыккан долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал толукталып иштөөгө берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде берилет.
71. Бюджеттик ассигнованиелердин пландалган көлөмү өзгөргөн учурда, программалык бюджеттин долбоору башкы тескөөчүлөр тарабынан оңдолуп түзөтүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үч жумуш күндүн ичинде берилет.
72. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган артыкчылыктуу программалардын/чаралардын тизмесин башкы тескөөчүлөр тарабынан берилген программалардын/чаралардын артыкчылыктарын баалоону эске алуу менен түзөт.
73. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттен каржыланган башкы тескөөчүлөрдүн программалык бюджеттеринин берилген долбоорлорун топтоону камсыздайт. Бардык башкы тескөөчүлөрдүн программалык бюджеттеринин долбоорлору кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдуу мезгилге республикалык бюджеттин долбооруна карата өзүнчө тиркемеде түзүлөт жана кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жана жактыруусуна киргизилет.
74. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдуу мезгилге бюджеттик программаларды ишке ашырууга бюджеттик ассигнованиелерди бөлүү республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык аныкталат.
6. Башкы тескөөчүлөр тарабынан программалык бюджеттерди аткаруу тартиби
75. Башкы тескөөчүлөр бюджеттик программаларды аткаруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-таблицага ылайык форма боюнча программалык бюджетти иштеп чыгуу стадиясында иштеп чыгат.
1-таблица.
Бюджеттик программаларды аткаруу боюнча иш-чаралар планы
Программалардын/чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Тартылган кызматкерлердин саны | Каржылоо булактары | Каржылоо суммасы(*) | Күтүлгөн натыйжалар |
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
(*) Иш-чараларды аткаруу жооптуу аткаруучулардын кызматтык милдеттенмелерине кирген учурда "Кызматтык милдеттенмелердин алкагы" бул графада көрсөтүлөт.
76. Бюджеттик программалар/чараларды ишке ашырууга натыйжалуу мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыздоо максатында башкы тескөөчүлөр республикалык бюджет жөнүндө тийиштүү мыйзам бекитилгенден кийин 10 (он) күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө иш-чаралар планын бекитет.
77. Башкы тескөөчүлөр Иш-чаралар планы бекитилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө маалымат үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
78. Башкы тескөөчүлөрдүн программалык бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө бир программанын ичинде экономикалык классификация боюнча 5 пайызга чейинки чекте каражаттарды кайра бөлүштүрүү укугуна ээ болот.
79. Программалык негизде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү республикалык бюджет жөнүндө тийиштүү мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүүдө жүргүзүлөт.
80. Иш-чаралардын жооптуу аткаруучулары Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жана бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруунун жетишилген натыйжалары жөнүндө отчетту отчеттук жарым жылдан жана жылдык мезгилден кийинки эки айдан кечиктирбестен түзөт. Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чейин башкы тескөөчүнүн жыйындарында каралат.
81. Отчеттор төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) отчеттук мезгилде жетишилген конкреттүү натыйжаларды;
2) бюджеттик программалар/чаралар индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетүү жөнүндө маалыматты;
3) белгиленген мөөнөттө аткарылган жана аткарылбаган иш-чаралардын тизмесин (себебин көрсөтүү менен);
4) бюджеттик программаларды/чараларды аткаруудагы жүрүшүнө таасир этүүчү факторлорду талдоону жана программаларды/чараларды ишке ашырууга таасир этүүчү тобокелчиликтерди сыпаттоону;
5) бюджеттик ассигнованиелерди жана иш-чараларды аткарууга башка каражаттарды пайдалануу жөнүндө маалыматтарды;
6) программалык бюджеттеги сунушталган өзгөрүүлөр, бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруу формаларын жана методдорун өзгөртүү, конкреттүү программаларды/чараларды ишке ашырууга адам жана материалдык ресурстарды кыскартуу (көбөйтүү) жөнүндө маалыматты;
7) программаларды/чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоону;
8) программаны колдонууга багытталган максаттуу топторго карата жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын таасирин талдоону.
82. Бюджеттик программаларды ишке ашыруу мониторингинин натыйжаларын аткарууну жана алдын ала кароону координациялоо башкы тескөөчүнүн жетекчилиги тарабынан милдеттенмелерди бөлүштүрүүгө ылайык жүргүзүлөт. Ички аудит бөлүмдөрү (болсо) башкы тескөөчүнүн программалык бюджетин аткарууга дайыма мониторинг жүргүзөт жака бюджеттик программаларды/чараларды жана иш-чаралар планын аткарбоонун коркунучтары жөнүндө жетекчиликке өз убагында маалымат берет.
83. Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттор башкы тескөөчүнүн жетекчилери тарабынан бекитилет.
7. Башкы тескөөчүлөрдүн жетекчилеринин жоопкерчилиги
84. Башкы тескөөчүлөрдүн жетекчилери:
1) бюджеттик программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугу, максаттуу индикаторлорго жетишүү, ошондой эле бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетүүсү жөнүндө отчеттордун тактыгы үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
2) башкы тескөөчүнүн бюджеттик программаларын/чараларын аткарууну жана бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетүүсү үчүн түзүмдүк/ведомстволук жана аймактык бөлүктөрдүн жетекчилерине жоопкерчилик жүктөөнү регламенттештирген ведомстволук актыны бекитет;
3) программалык бюджетти аткарууну уюштурат, анын аткарылышына дайыма мониторинг жүргүзөт, башкы тескөөчүнүн программалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат жана индикаторлордун максаттуу маанилерине жетүү үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
4) бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоону жүргүзөт;
5) бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчетту карайт жана бекитет.
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага 1-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программалардын жана чаралардын СТРУКТУРАСЫ
20__ - 20___-жылдардагы___________________ _________________________________________ (башкы тескөөчүнүн толук аталышы)
Башкы тескөөчү (башкы тескөөчүнүн толук аталышы) _______________________________________________
Код ПР | Код МЕ | Код ИН | Бюджеттик программалар/Бюджеттик чаралар | Программанын менеджери | Жооптуу ведомство/ Бөлүм | Кош аткаруучу | Каржылоо (программалар/чаралар боюнча) (миң сом) | Натыйжалуулуктун индикаторлору | Ченөө бирдиги | Базалык жыл | Максаттуу маанилер | ||||||||
жыл X-1 | жыл X | жыл X+1 | жыл X+2 | жыл X+3 | жыл X-1 | жыл X | жыл X+1 | жыл X+2 | жыл X+3 | ||||||||||
001 | 0 | Пландоо, башкаруу жана тескөө Программанын максаты: Башка программаларды ишке ашырууга координациялоочу жана уюштуруучу таасирлер | Бардык программалар боюнча эмгек акыга чыгымдардын суммасына карата 001 Программа боюнча эмгек акыга чыгымдардын катышы | % |
|
|
|
|
| ||||||||||
001 | 01 | 0 | Жалпы жетекчиликти камсыздоо | Калктын ишениминин индекси | коэф. |
|
|
|
|
| |||||||||
001 | 02 | 0 | Финансылык менеджментти жана эсепке алууну камсыздоо | Бюджетти эреже бузууларсыз аткаруу пайызы | % |
|
|
|
|
| |||||||||
001 | 03 | 0 | Адам ресурстарын башкаруу | Эмгек талаш-тартыштары боюнча утуп алган сот процесстеринин үлүшү | % |
|
|
|
|
| |||||||||
001 | 04 | 0 | Укуктук колдоо | Утуп алган сот иштеринин алардын жалпы санына карата катышы | бирд/бирд |
|
|
|
|
| |||||||||
001 | 05 | 0 | Тышкы байланыштарды колдоо жана коомчулук менен байланышуу | Министрликтердин/ведомстволордун жалпыга маалымдоо каражаттарында жакшы мааниде чагылдыруулардын саны | бирд. |
|
|
|
|
| |||||||||
001 | 06 | 0 | Иштерди уюштуруу жана камсыздоо кызматы | Борбордук аппараттын кызматкерлеринин жалпы санынан камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин үлүшү | % |
|
|
|
|
| |||||||||
001 | 07 | 0 | Мониторинг, талдоо жана стратегиялык пландоону камсыздоо |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
001 | 08 | 0 | Региондук деңгээлде жалпы координациялоо |
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
Программалардын аталышы Программанын максаты | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | Натыйжалуулук индикаторлору (Программалар боюнча максаттуу индикаторлор) |
|
|
|
|
|
| ||||||||
Бюджеттик чаралардын аталышы | Натыйжалуулуктун индикаторлору (чаралар боюнча максаттуу индикаторлор) |
|
|
|
|
|
| ||||||||||||
Бюджеттик чаралардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||
Бюджеттик чаралардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||
Программанын аталышы Программанын максаты | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | Натыйжалуулуктун индикаторлору (Программалар боюнча индикаторлор) |
|
|
|
|
|
| ||||||||
Бюджеттик чаралардын аталышы | Натыйжалуулуктун индикаторлору (чаралар боюнча индикаторлор) |
|
|
|
|
|
| ||||||||||||
Бюджеттик чаралардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||
Бюджеттик чаралардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||
БАРДЫГЫ (контролдук цифралар) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
|
| |||||||||||||
Кыскартуулардын тизмеси:
X жыл | - | кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджетти аткаруу, бюджеттин долбоорун түзө турган жана карай турган учурдагы жыл. |
X-1 | - | учурдагы бюджеттик жылдан мурда болуп өткөн жыл. |
X+1 жана X+2+X+3 жылдар | - | кезектеги бюджеттик жыл жана болжолдонуучу мезгил. |
Код ИН | - | демилгелер коду: (0) бул чараларды жана программаларды ишке ашыруу башкы тескөөчү жөнүндө жободо белгиленген функциялардын топтомуна ылайык ишке ашырыла тургандыгын билдирет; 1) бул программалар жана чаралар (же ал үчүн пайдаланылуучу натыйжалуулуктун индикатору) улуттук стратегиялык/программалык документтердеги артыкчылыктардын бирине толугу менен дал келерин жана/же стратегияларда чагылдырыларын билдирет; (2) бул программа жана чара секторалдык стратегиялык/программалык документтердеги артыкчылыктардын бирине же башкы тескөөчүнүн иш аракеттер планына дал келерин билдирет; (3) бул программа жана чара ушул багытты максаттуу каржылоону караган ченемдик актыларга дал келерин билдирет. |
Код ПР | - | программанын коду. |
Код МЕ | - | чаранын коду. |
Башкы тескөөчүнүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
|
|
Финансылык бөлүмдүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага 2-тиркеме |
Форма
Каржылоо булактары боюнча бюджеттик программалар
Башкы тескөөчү (башкы тескөөчүнүн толук аталышы) _______________________________________________
год Х+1
миң сом | |||||||||||||
Код ПР | Программанын аталышы | Бюджеттик каражаттар | Бюджеттик инвестициялар | Атайын эсептерге топтолгон каражаттар | БАРДЫГЫ | ||||||||
бардыгы | анын ичинде | бардыгы | анын ичинде | бардыгы | анын ичинде | ||||||||
эмгек акы фонду | товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | финансылык эмес активдер менен операциялар | мамлекеттик инвестициялар (тышкы каржылоо) | мамлекеттик инвестициялар (ички каржылоо) | эмгек акы фонду | товарларды жана кызмат көрсөтүү-лөрдү пайдалануу | финансылык эмес активдер менен операциялар | ||||||
001 | Пландоо, башкаруу жана тескөө | 0,0 | |||||||||||
Бюджеттик программалардын аталышы | 0,0 | ||||||||||||
Бардыгы (контролдук цифралар) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||
жыл Х+2
миң сом | |||||||||||||
Код ПР | Программанын аталышы | Бюджеттик каражаттар | Бюджеттик инвестициялар | Атайын эсептерге топтолгон каражаттар | БАРДЫГЫ | ||||||||
бардыгы | анын ичинде | бардыгы | анын ичинде | бардыгы | анын ичинде | ||||||||
эмгек акы фонду | товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | финансылык эмес активдер менен операциялар | мамлекеттик инвестициялар (тышкы каржылоо) | мамлекеттик инвестициялар (ички каржылоо) | эмгек акы фонду | товарларды жана кызмат көрсөтүү-лөрдү пайдалануу | финансылык эмес активдер менен операциялар | ||||||
001 | Пландоо, башкаруу жана тескөө | 0,0 | |||||||||||
| Бюджеттик программалардын аталышы | 0,0 | |||||||||||
Бардыгы (контролдук цифралар) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||
жыл Х+3
миң сом | |||||||||||||
Код ПР | Программанын аталышы | Бюджеттик каражаттар | Бюджеттик инвестициялар | Атайын эсептерге топтолгон каражаттар | БАРДЫГЫ | ||||||||
бардыгы | анын ичинде | бардыгы | анын ичинде | бардыгы | анын ичинде | ||||||||
эмгек акы фонду | товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | финансылык эмес активдер менен операциялар | мамлекеттик инвестициялар (тышкы каржылоо) | мамлекеттик инвестициялар (ички каржылоо) | эмгек акы фонду | товарларды жана кызмат көрсөтүү-лөрдү пайдалануу | финансылык эмес активдер менен операциялар | ||||||
001 | Пландоо, башкаруу жана тескөө | 0,0 | |||||||||||
| Бюджеттик программалардын аталышы | 0,0 | |||||||||||
Бардыгы (контролдук цифралар) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||
Башкы тескөөчүнүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
|
|
Финансылык бөлүмдүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага 3-тиркеме |
Форма
Бюджеттик чараларды баяндоо
Бюджеттик уюм | Башкы тескөөчүнүн толук аталышы | ||||
Программа | Чараларга тиешелүү бюджеттик программанын коду жана аталышы | ||||
Бюджеттик чаралар | Бюджеттик чаралардын коду жана аталышы | ||||
Жооптуу бөлүмдөр | Бул бюджеттик чараларды ишке ашыруунун алкагында каржылануучу башкы тескөөчүнүн бөлүмдөрүн жана ведомстволук мекемелерин көрсөтүү | ||||
Статус |
| колдо бар чаралар |
| жаңы чаралар | статустун сол жагындагы тик бурчтукту галочка менен белгиле |
Чараларды кыскача баяндоо | 2-3-сүйлөмдөрдө менен чаралардын мазмунун баяндоо (Орто мөөнөттүү мезгилге бул чаралардын алкагында пландалуучу кызматтар жана иш-чаралар, долбоорлор. Эгер бул жаңы бюджеттик чара болсо, анын максатка ылайыктуулугуна негиз келтирилүүгө тийиш). | ||||
Өкмөттүн артыкчылыктары менен байланыш | Демилгелердин коду: Секторду өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын жана стратегияларынын аталышын коюу, аны аткаруу бул бюджеттик чара менен макулдашылат | ||||
Каржылоо булактары боюнча бюджеттик чара
Бюджеттик чаранын коду жана аталышы
(миң сом)
Жылы | Бюджеттик каражаттар | Бюджеттик инвестициялар | Атайын эсептерге топтолгон каражаттар | БАРДЫГЫ | ||||||||
бардыгы | анын ичинен | бардыгы | анын ичинен | бардыгы | анын ичинен | |||||||
эмгек акы төлөө фонду | товарларды жана кызматтарды пайдалануу | финансылык эмес активдер менен операциялар | мамлекеттик инвестициялар (тышкы каржылоо) | мамлекеттик инвестициялар (ички каржылоо) | эмгек акы төлөө фонду | товарларды жана кызматтарды пайдалануу | финансылык эмес активдер менен операциялар | |||||
X+1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 0,0 |
год X+2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 0,0 |
год X+3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 0,0 |
Бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулуктун индикаторлору
Бюджеттик чаралардын коду жана аталышы
Натыйжалуулуктун индикаторлору | Маалымат булактары | Ченөө бирдиги | Базалык жыл жыл X-1 | Максаттуу мааниси | |||
жыл X | жыл X+1 | жыл X+2 | жыл X+3 | ||||
1. Натыйжалуулуктун индикаторлор |
|
|
|
|
|
|
|
Бюджеттик чараларды ишке ашырууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
|
|
Финансылык бөлүмдүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага 4-1-тиркеме |
Форма
Кезектеги бюджеттик жылга экономикалык классификациялар (атайын эсепке топтолгон каражаттар) боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын наркы
Башкы тескөөчү (башкы тескөөчүнүн толук аталышы) ________________________________________________
Код ПР | Код МЕ | Бюджеттик программалар/Бюджеттик чаралар | Жооптуу ведомство/бөлүм | Штаттык сан | Кызматкерлердин эмгек акысы | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | Пайыздар | Субсидиялар | Гранттар | Социалдык жөлөкпулдарды төлөө | Башка чыгымдар | Финансылык эмес активдер | Финансылык активдер | Милдеттенмелер | БАРДЫГЫ |
001 |
| 21 | 22 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 31 | 32 | 33 | ||||
001 | 01 | Пландоо, башкаруу жана тескөө | |||||||||||||
001 | 02 | Жалпы жетекчиликти камсыздоо | |||||||||||||
001 | 03 | Финансылык менеджментти жана эсепке алууну камсыздоо | |||||||||||||
001 | 04 | Адам ресурстарын башкаруу | |||||||||||||
001 | 05 | Укуктук колдоо | |||||||||||||
001 | 06 | Тышкы байланыштарды жана коомчулук менен байланышты колдоо | |||||||||||||
001 | 07 | Ишти уюштуруу жана камсыздоо кызматы | |||||||||||||
001 | 08 | Мониторинг, талдоо жүргүзүүнү жана стратегиялык пландоону камсыздоо | |||||||||||||
Программанын аталышы | |||||||||||||||
Бюджеттик чаралардын аталышы | |||||||||||||||
Бюджеттик чаралардын аталышы |
Башкы тескөөчүнүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
|
|
Финансылык бөлүмдүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага 4-2-тиркеме |
Форма
Кезектеги бюджеттик жылга экономикалык классификациялар (атайын эсепке топтолгон каражаттар) боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын наркы
Башкы тескөөчү (башкы тескөөчүнүн толук аталышы) __________________________________________________
Код ПР | Код МЕ | Бюджеттик программалар/Бюджеттик чаралар | Жооптуу Ведомство/бөлүм | Штаттык сан | Кызматкерлердин эмгек акысы | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | Пайыздар | Субсидиялар | Гранттар | Социалдык жөлөкпулдарды төлөө | Башка чыгымдар | Финансылык эмес активдер | Финансылык активдер | Милдеттенмелер | БАРДЫГЫ |
001 | 21 | 22 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 31 | 32 | 33 | |||||
001 | 01 | Пландоо, башкаруу жана тескөө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
001 | 02 | Жалпы жетекчиликти камсыздоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
001 | 03 | Финансылык менеджментти жана эсепке алууну камсыздоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
001 | 04 | Адам ресурстарын башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
001 | 05 | Укуктук колдоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
001 | 06 | Тышкы байланыштарды жана коомчулук менен байланышты колдоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
001 | 07 | Ишти уюштуруу жана камсыздоо кызматы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
001 | 08 | Мониторинг, талдоо жүргүзүүнү жана стратегиялык пландоону камсыздоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
Бюджеттик чаралардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
Бюджеттик чаралардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкы тескөөчүнүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
|
|
Финансылык бөлүмдүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | кол тамгасын чечмелөө |
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 5-тиркеме |
Форма
Программалык негизде бюджеттин долбооруна түшүндүрмө кат берүү форматы
Программалык негизде бюджеттин долбооруна түшүндүрмө кат төмөнкү талаптарга ылайык түзүлөт:
1) сектордун/тармактын кыскача сыпатталышы (2-3 абзац);
2) Секторду башкарууда жана өнүктүрүүдө башкы тескөөчүнүн ролун кыскача сыпаттоо (1 абзац);
3) Сектордун стратегиялык максатын кыскача жана конкреттүү сыпаттоо менен чечмелөө (1 абзац);
4) Сектордун негизги милдеттеринин тизмеси (башкы тескөөчүнүн) кыскача сыпаттоо менен (1-2 абзац);
5) бюджеттик программалар/чаралар багытталган негизги көйгөйлөрдү сыпаттоо менен сектордогу/тармактагы учурдагы кырдаалды кыскача талдоо;
6) бюджеттик программалардын тизмеси;
7) Орто мөөнөттүү мезгилде күтүлгөн натыйжаларды, программанын максатын сыпаттоону камтыган бюджеттик программаларды сыпаттоо, программалык бюджеттик классификациянын кодун көрсөтүү менен ар бир программанын ичинде бюджеттик чаралардын тизмеси, күтүлгөн натыйжанын көрсөткүчүнүн мааниси (8-10 абзацтан көп эмес);
8) Мурдагы бюджеттик циклдерде каралгандарга салыштырганда тийиштүү жылдын көрсөткүчүнөн 3%дан жогору бюджеттик ассигнованиелердин көлөмүн өзгөртүү тууралуу маалымат;
9) бюджеттик программаларды/бюджеттик чараларды тандап алуу себептерин негиздөө менен бюджеттик ассигнованиелердин көлөмү өзгөргөн/сакталып калган учурда аларды каржылоо 3%дан ашык көбөйүп/азайган бюджеттик программаларды жана бюджеттик чараларды санап атоо.
Башкы тескөөчүнүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | колду чечмелөө |
|
|
|
Финансылык бөлүмдүн жетекчиси | ___________________ | _______________________________ |
| колу | колду чечмелөө |
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 6-тиркеме |
Программалык бюджеттин долбооруна тиркелүүчү документтердин ТИЗМЕСИ
Программалык негиздеги бюджеттин долбооруна түшүндүрмө кат.
1-тиркеме. Жыйынды таблица "Бюджеттик программалардын жана чаралардын структурасы".
2-тиркеме. Жыйынды таблица "Каржылоо булактары боюнча бюджеттик программалар".
3-тиркеме. Ар бир бюджеттик чара боюнча стандарттык форма "Бюджеттик чаранын сыпатталышы", "Каржылоо булактары боюнча бюджеттик чара" жана "Бюджеттик чара боюнча натыйжалуулук индикатору" таблицалары менен.
4-1-тиркеме. Экономикалык классификация боюнча бөлүштүрүүдө бюджеттик программалардын жана чаралардын наркы (бюджеттик каржылоо).
4-2-тиркеме. Экономикалык классификациянын негизги беренелери боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын наркы (атайын эсепте топтолуучу каражаттар).
Бюджеттик программаларды аткаруу боюнча иш-чаралар планынын долбоору.
Башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик программаларынын/чараларынын артыкчылыктуулук баалары:
- ведомстволук баа;
- башкы тескөөчүнүн, эксперттик жана илимий коомчулуктун коомдук кеңешинин жалпыланган баасы.
Программалык бюджеттин долбоорун коомдук талкуулоонун протоколу.
Программалык бюджеттин долбоорун коомдук талкуулоо жыйынтыгы боюнча сын-пикирлер менен сунуштар эсебинин матрицасы.