Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 токтому менен бекитилген |
Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорун аныктоонун тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Жалпы жоболор жана аныктамалар
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине ылайык башкы тескөөчүлөр тарабынан программалык негизде бюджетти түзүү үчүн бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорун аныктоонун тартибин белгилейт жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (мындан ары - башкы тескөөчүлөр) жайылтылат.
2. Натыйжалуулуктун индикаторлорун аныктоо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 86-беренесине жана ушул Нускаманын талаптарына ылайык ишке ашырылуучу Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын жана бюджеттерди программалык негизде даярдоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3. Натыйжалуулуктун индикаторлору пландалган натыйжаларга жетүүнүн даражасын же сектордун/тармактын конкреттүү абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдү билдирет. Натыйжалуулуктун индикаторлору сектордун/тармактын максаттарына жетүүсү боюнча багыттама катары же башкы тескөөчүнүн ишин баалоо критерийлери катары пайдаланылат.
2. Натыйжалуулуктун индикаторлорун аныктоонун критерийлери
4. Натыйжалуулуктун индикаторлорун (мындан ары - индикаторлор) аныктоого төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) улуттук стратегиялык/программалык жана/же сектордук стратегиялык жана программалык документтердин индикаторлору менен өз ара байланышы;
2) башкы тескөөчүнүн ыйгарым укуктарына жана компетенциясына, бюджеттик программага/чарага шайкеш келүү. Индикатор бюджеттик программаны/чараны жүзөгө ашырууну так жана бир маанилүү мүнөздөйт;
3) адекваттуулук. Индикатор бюджеттик программаны/чараны ишке ашыруунун бардык маанилүү аспекттерин камтыйт;
4) бул индикатор боюнча маалыматты топтоо мүмкүндүгү. Тандалып алынган индикатор мамлекеттик же ведомстволук статистиканын алкагында иликтенет;
5) маалымат топтоонун үнөмдүүлүгү. Маалымат топтоо процесси эмгекти көп талап кылбайт жана өтө кымбат эмес;
6) маалыматтардын салыштырмалуулугу. Индикаторлордун маанилерин салыштыруу жана жылдар боюнча динамикада башка өлкөлөрдүн окшош көрсөткүчтөрүнө жетүүгө сарптоолордун маанилерин салыштыруу мүмкүндүгү;
7) пайдалануучулар үчүн индикатордун түшүнүктүүлүгү. Индикаторлорду аныктоодо техникалык терминдер колдонулбайт. Индикатор спецификалуу болсо жана индикаторду түшүнүү үчүн аны эсептөө методикасы маанилүү болсо, тийиштүү баяндама тиркелет;
8) сапаттуу өзгөртүүлөрдү чагылдыруу. Индикатор бюджеттик программаларды жана чараларды ишке ашыруунун натыйжасында сектордо жүргүзүлгөн сапаттуу өзгөртүүлөрдү чагылдырат;
9) индикатордун белгиленген маанилеринин негизделиши. Индикаторлордун максаттуу маанилери төмөнкүлөрдү эске алуу менен белгиленет:
- өткөн мезгилдер үчүн индикатордун маанилерин;
- болгон тенденцияларды сактоо болжолу менен мурдагы мезгилдер үчүн индикатордун иш жүзүндөгү маанисин салыштыруу аркылуу түзүлгөн индикатордун максаттуу маанисинин деңгээлин негиздөөнү;
- тышкы факторлордун таасир этүү тобокелдиктерин баалоону;
- өнүккөн өлкөлөрдөгү окшош көрсөткүчтөрдүн, эл аралык рейтингдердин жана өлкөлөр арасындагы салыштыруу үчүн колдонулуучу башка көрсөткүчтөрдүн маанилерин.
10) индикаторлордун жана каржылоо көлөмдөрүнүн өз ара байланышы. Бюджеттик чаралардын индикаторлорунун максаттуу мааниси тийиштүү жылга каралган каржылоо көлөмдөрүн эске алуу менен белгиленет. Индикаторлордун максаттуу маанилеринин жана каржылоо көлөмүнүн ортосунда катыш болбосо, башкы тескөөчү түшүндүрмө берет;
11) объективдүүлүк. Башкы тескөөчүнүн аракетинин/аракетсиздигинин натыйжаларын бурмалоо аркылуу индикаторлордун максаттуу маанилерине жетүү сектордогу кырдаалдын реалдуу начарлашына алып келбеши керек;
12) уникалдуулук. Индикаторлор ар бир бюджеттик программа жана ар бир бюджеттик чара үчүн өзүнчө аныкталат.
3. Индикаторлор жөнүндө маалымат берүү
5. Ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык тизмеде баяндалган тескөөчү багыттар боюнча туруктуу өнүктүрүү индикаторлору башкы тескөөчүлөр тарабынан колдонулат.
6. Ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык "Пландоо, башкаруу жана тескөө" бюджеттик программасы жана ага кирген бюджеттик чаралар үчүн Стандарттык индикаторлор пайдаланылат.
7. Ар бир индикатор үчүн төмөнкүлөр берилүүгө тийиш:
1) учурдагы бюджеттик жылдан мурдагы жылга базалык маанилер;
2) учурдагы бюджеттик жылга күтүлүүчү максаттуу маанилер;
3) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге болжолдуу максаттуу маанилер. "Пландоо, башкаруу жана тескөө" бюджеттик программасынын/чаранын индикаторлорунун болжолдуу максаттуу маанилери көрсөтүлбөйт. Бул индикаторлорго иш жүзүндөгү маанилер келтирилет.
8. Индикаторлор жөнүндө маалыматта чен бирдиги жана маалымат булагы көрсөтүлөт.
|
| Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорун аныктоонун тартиби жөнүндө нускамага 1-тиркеме |
Программалык негизде бюджеттерди түзүү үчүн туруктуу өнүктүрүүнүн индикаторлорунун ТИЗМЕСИ
№ | Индикаторлордун аталышы | Чен бирдиги | Маалымат булагы | Жооптуу орган |
1 | Жакырчылыктын расмий чегинен тышкары жашаган өлкөлөрдөгү калктын үлүшү, жынысы жана курагы боюнча бөлүү менен | % | УСК | ЭСӨМ |
2 | Аз камсыздалгандык боюнча жөлөкпул алуучу (БМКЖП) өтө жардылардын үлүшү | % | УСК | ЭСӨМ |
3 | Энелердин өлүмгө учуроо коэффициенти | Кош бойлуулуктун, төрөттүн жана төрөттөн кийинки мезгилдеги абалдын кабылдашынан 100 миң аман-эсен төрөгөндөргө карата каза болгон аялдардын саны | УСК | ССМ |
4 | Квалификациялуу медициналык кызматкерлер кабыл алган төрөттүн үлүшү | % | УСК | ССМ |
5 | Балдар өлүмүнүн коэффициенти | тирүү төрөлгөн 1000 балага | УСК | ССМ |
6 | Ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү | жаңы төрөлгөн 1000 балага | УСК | ССМ |
7 | Отчеттук жылдын аягына каттоодо турган АИВ-инфицирленген оорулуулардын саны | саны | УСК | ССМ |
8 | Аймак боюнча төрөлүүнүн суммалык коэффициенти | 1 аялга карата балдар саны | УСК | ССМ |
9 | 18 жашка чыга элек келиндердин төрөт коэффициенти | Тиешелүү курактык топтогу 1000 аялдын төрөтү | УСК | ССМ |
10 | Жылына кургак учук оорусуна чалдыгуу | 1000 миң адамга карата | УСК | ССМ |
11 | Калктын гепатит В оорусуна чалдыгуусу | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
12 | 100000 адамга карата баңги затка көз карандылык ооруларынын отчеттук жылда алгач байкалган учурунун деңгээли | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
13 | 100000 адамга карата алкоголго көз карандылык ооруларынын отчеттук жылда алгач байкалган учурунун деңгээли | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
14 | Калктын бронхиалдык астма менен оорусу | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
15 | Дем алуу органдарынын оорулары | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
16 | Жугуштуу ичеги-карын инфекцияларына чалдыгуу | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
17 | Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учуроо | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
18 | Залалдуу шишик ооруларынан өлүмгө учуроо | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
19 | Дем алуу органдарынын ооруларынан өлүмгө учуроо | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
20 | 15 жаштан 49 жашка чейинки курактагы үй-бүлөнү пландоо боюнча муктаждыктары заманбап методдор менен канааттандырылган үй-бүлөлүү аялдардын пайыздык үлүшү | % | СМ | ССМ |
21 | Аз кандуулукка чалдыккан кош бойлуу аялдардын үлүшү | % | ССМ, УСК | ССМ |
22 | 15 жашка (12-14 жаш) чейинкилердин төрөтү (1000 аялга бул курактык топтогу төрөгөндөрдүн саны) | 1000 миң аялга карата | УСК | ССМ |
23 | 15-19 жаштагылардын төрөтү (1000 аялга бул курактык топтогу төрөгөндөрдүн саны) | 100 миң аялга карата | УСК | ССМ |
24 | 100 000 калкка көмүртектин кычкылынын токсиндүү таасиринин натыйжасында өлүмгө учурагандар | 100 миң адамга карата | УСК | ССМ |
25 | 24-35 ай курактагы балдардын эмдөөгө толук камтылышы | Адам | УСК | ССМ |
26 | Калктын жан башына медициналык кызматкерлердин саны | 10 миң адамга дарыгерлердин саны | ССМ | ССМ |
27 | Электр энергиясы жеткиликтүү болгон мектептердин үлүшү | % | УСК | БИМ |
28 | Окуу максаттары үчүн Интернетти пайдаланган мектептердин үлүшү | % | УСК | БИМ |
29 | Окуу максаттары үчүн компьютер менен камсыз болгон мектептердин үлүшү | % | УСК | БИМ |
30 | Майып-окуучулар үчүн адаптацияланган инфраструктура жана материалдар жеткиликтүү болгон мектептердин үлүшү | % | УСК | БИМ |
31 | Ичүүчү суу менен камсыз болгон мектептердин үлүшү | % | УСК | БИМ |
32 | Минималдуу жабдылган өзүнчө дааратканасы бар мектептердин үлүшү | % | УСК | БИМ |
33 | Колду жууш үчүн базалык каражаттар менен камсыздалган мектептердин үлүшү | % | УСК | БИМ |
34 | Мугалимдердин үлүшү: а) мектепке чейинки мекемелерде, б) башталгыч мектептерде, в) кенже орто мектепте жана г) жогорку орто мектепте | % | УСК | БИМ |
35 | Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү | сом | ЭСӨМ | ЭСӨМ |
36 | Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул менен камтуу | адам | ЭСӨМ | ЭСӨМ |
37 | 15-28 жаш курактагы аялдар арасында жалпы жумушсуздуктун деңгээли | % | ЭСӨМ, УСК | ЭСӨМ |
38 | 15-28 жаш курактагы эркектер арасында жалпы жумушсуздуктун деңгээли | % | ЭСӨМ, УСК | ЭСӨМ |
39 | 15 жаш жана андан жогору калктын жумушсуздук деңгээли | % | ЭСӨМ, УСК | ЭСӨМ |
40 | Аялдар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли | % | ЭСӨМ, УСК | ЭСӨМ |
41 | Эркектер арасындагы жумушсуздуктун деңгээли | % | ЭСӨМ, УСК | ЭСӨМ |
42 | Жалпы жумушсуздуктун деңгээли | % | ЭСӨМ, УСК | ЭСӨМ |
43 | Эркектердин жашоо узактыгы | жаш | ССМ, УСК | ССМ |
44 | Аялдардын жашоо узактыгы | жаш | ССМ, УСК | ССМ |
45 | Электр энергиясы менен камсыздалган калктын пайыздык үлүшү | % | УСК | ӨЭЖМК |
46 | Жыйынды ИДПга жана өсүү темпи боюнча пайыздык катыштагы ИДПга туризмдин түздөн-түз салымы | ИДП карата % | УСК | ММТМ |
47 | Айыл чарба багытындагы жерлер | миң га | УСК | АЧТММ |
48 | Сугарылуучу жер аянты | миң га | УСК | АЧТММ |
49 | Таш көмүр жана лигнит казып алуунун көлөмү | миң тонна | УСК | ӨЭЖМК |
50 | Чийки мунай зат алуунун көлөмү | миң тонна | УСК | ӨЭЖМК |
51 | Мамлекеттик токой фондунун жалпы көлөмү | миң га | УСК | Токой агенттиги |
52 | Токой менен жабылган мамлекеттик токой фондусунун аянты | миң га | УСК | Токой агенттиги |
53 | Токойду калыбына келтирүү | миң га | УСК | Токой агенттиги |
54 | Мамлекеттик токой фондуна бак-дарактарды отургузуу | миң га | УСК | Токой агенттиги |
55 | Өзгөчө корголуучу табигый аймактарга бак-дарактарды отургузуу | миң га | УСК | Токой агенттиги |
56 | Мамлекеттик токой фондунан жана өзгөчө корголуучу табигый аймактардан тышкары токойлорго бак-дарактарды отургузуу | миң га | УСК | Токой агенттиги |
57 | Аңчылык жерге бак-дарактарды отургузуу | миң га | УСК | Токой агенттиги |
58 | Стационардык булактардан атмосфераны булгоочу заттардын бөлүнүшү | тонна | УСК | Токой агенттиги |
59 | Булганган агынды сууларды жердин үстүндөгү суу объекттерине коё берүү | млн куб. м. | УСК | Токой агенттиги |
60 | Табигый улуттук парктардын жана коруктардын аянты | миң га | УСК | Токой агенттиги |
61 | Табигый улуттук парктардын жана коруктардын өлкөнүн жаппы аянтындагы үлүшү | % | УСК | Токой агенттиги |
62 | Өзгөчө корголуучу табигый аймактардын аянты | миң га | УСК | Токой агенттиги |
63 | Браконьерлик же мыйзамсыз жүгүртүү объектиси болуп саналган жапайы жаныбарлардын үлүшү, соода жүргүзүлүүчү түрлөрү үчүн | % | УСК | Токой агенттиги |
64 | Айбанаттардын корголуучу түрүнүн саны | бирдик | УСК | Токой агенттиги |
65 | Канаттуулардын корголуучу түрүнүн саны | бирдик | УСК | Токой агенттиги |
66 | Өсүмдүктөрдүн корголуучу түрүнүн саны | бирдик | УСК | Токой агенттиги |
67 | Аңчылык жаныбарларынын популяциясынын саны | бирдик | УСК | Токой агенттиги |
68 | Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна карата пайыздык катышта карызды тейлөөгө чыгымдар | % | ФМ | ФМ |
69 | 100000 адамга карата адамдарды сатуу курмандыктарынын саны | бирдик | УСК | ИИМ |
70 | Түз чет өлкөлүк инвестициялардын кириши | АКШнын млн. доллары | ЭМ | ЭМ |
|
| Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорун аныктоонун тартиби жөнүндө нускамага 2-тиркеме |
"Пландоо, башкаруу жана тескөө" бюджеттик программасынын/чаралардын СТАНДАРТТЫК ИНДИКАТОРЛОРУ
№ | Бюджеттик программа/чара | Индикаторлор | Чен бирдиги | Маалыматтар булагы | Аныктоо ыкмасы |
1 | 001 программасы: Пландоо, башкаруу жана тескөө | Министрликтин/ведомствонун борбордук аппараты боюнча эмгек акыга чыгымдардын суммасына карата 001 программасы боюнча эмгек акыга чыгымдардын катышы | % | Ведомствонун программалык бюджети | Министрликтин/ведомствонун борбордук аппараты боюнча эмгек акы чыгымдарынын жалпы суммасына карата 001 программасы боюнча 4-тиркеменин таблицасынан "эмгек акы" мамычасындагы суммага катышы эсептелет |
| чаралар: |
|
|
|
|
1.1 | 001.01 Жалпы жетекчиликти камсыздоо | Калктын ишеним индекси |
| Улуттук статистика комитети | Индикатор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын ишеним индекси жөнүндө жобого ылайык эсептелет |
1.2 | 001.02 Финансылык менеджмент жана эсепке алууну камсыздоо | Бюджетти мыйзам бузуусуз аткаруунун пайызы | % | Башкы тескөөчүнүн жеке маалыматы, Эсептөө палатасынын акты | Министрликтин жылдык бюджетинин жалпы көлөмүнөн мыйзам бузууларды аныктоонун үлүшү (%) эсептелет. Көрсөткүч 100% менен ушул үлүштүн ортосундагы айырманы түзөт |
1.3 | 001.03 Адам ресурстарын башкаруу | Эмгек талаштары боюнча уткан сот процесстеринин үлүшү | % | Башкы тескөөчүнүн жеке маалыматы, текшерүү акты | Эмгек талаштары боюнча уткан сот процесстеринин (Ү) эмгек талаштары боюнча сот процесстеринин жалпы санына (X) катышы эсептелет. (Х/Ү*100%) |
1.4 | 001.04 Укуктук колдоо | Уткан сот иштеринин (Ү) алардын жалпы санына (X) катышы - Х/Ү | бирд./бирд. | Башкы тескөөчүнүн жеке маалыматы | Уткан сот иштеринин (Ү) саны жана алардын жалпы саны (X) эсептелет. Индикатор "Х/Ү" эки цифра менен берилет |
1.5 | 001.05 Тышкы байланыштар жана коомчулук менен байланышты колдоо | Башкы тескөөчү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) чыккан оң эскертүүлөрдүн саны же ведомствонун web-ресурсуна жарыяланган материалдардын саны | бирдик | ЖМК алынган маалымат же башкы тескөөчүнүн жеке маалыматы | Басма, теле-радио жана веб-ЖМК жарыяланган башкы тескөөчүнүн ишин оң өңүттө жазган материалдардын жалпы саны эсептелет же ведомствонун веб-ресурсунда жарыяланган макалалардын, жаңылык материалдардын жана документтердин жалпы саны эсептелет |
1.6 | 001.06 Ишти жана камсыздоо кызматын уюштуруу | Башкы тескөөчүнүн борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жалпы санынан камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин үлүшү | % | Башкы тескөөчүнүн штаттык расписаниеси | ТТП, КТП, МТ бөлүмдөрүнүн, иш кагаздарын жүргүзүү, авточарба жана күзөт кызматкерлердин штаттык саны эсептелет. Башкы тескөөчүнүн борбордук аппаратынын жалпы штаттык санынан алынган кызматкерлер санынын үлүшү (% менен) эсептелет |
1.7 | 001.07 Мониторинг, талдоо жана стратегиялык пландоону камсыздоо | Индикатор башкы тескөөчү тарабынан аныкталат |
|
|
|
1.8 | 001.08 Региондук деңгээлде жалпы координациялоо | Индикатор башкы тескөөчү тарабынан аныкталат |
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси
ФМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
АЧМ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
ЭСӨМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
ӨЭЖМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикаллык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
УСК - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
КЧКТЧМА -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
СФ - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
ММКФ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
ИДП - ички дүң продукт
АИЖВ - адамдын иммундук жетишсиздик вирусу
АҮСЖ - балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк-пул
ИН - демилге
МТ - маалыматтык технологиялар
БЧ - бюджеттик чара
КТП - кичи тейлөө персоналы
ФСНБ - орто мөөнөттүк мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары
ПР - бюджеттик программа
БЧОС - бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиялары
ТТП - техникалык тейлөө персоналы
ЫМО - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган