Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 729
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 148-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-1-беренеде:
расмий тилдеги текстте "и иностранным юридическим лицам, за исключением кайрылманов" деген сөздөр "за исключением кайрылманов, и иностранным юридическим лицам" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигине кыймылсыз мүлк объекттерин өткөрүп берүүгө байланышкан жарандык-укуктук бүтүмдөр жараксыз деп эсептелет, ал эми мындай бүтүмдүн негизинде өткөрүп берилген мүлккө укукту каттоо жокко чыгарылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын универсалдуу укук мурастоо тартибинде өткөн кыймылсыз мүлкүнө менчик укугу бир жылдын ичинде ажыратылууга тийиш.";
2) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында болушу
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын чегинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болушу, жашап турушу, иш жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте ишке ашырылат.";
3) 8-беренеде "мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр "кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1996-ж., № 6, 80-бер.; 1998-ж., № 6, 226-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
283-статьянын 1-бөлүгү "Жер кодексинде" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактары тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6, 226-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
545-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында кыймылсыз мүлктү жалдоо жөнүндө мүлктүк келишим милдеттүү мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.".
4-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугу;".
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1998-ж., № 7, 229-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 44-беренеде:
3 жана 4-бөлүктөрү "Ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "1771-1," деген цифралар менен толукталсын;
2) 67-статьянын 6-бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "177-1" деген цифралар менен толукталсын;
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 177-1-берене менен толукталсын:
"177-1-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында кыймылсыз мүлккө менчик укугун мамлекеттик каттоо
(1) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын кыймылсыз мүлккө менчик укугун мамлекеттик каттоо, -
эсептик көрсөткүчтүн эки миң өлчөмүндө айып салуу менен жазаланат.
(2) Ошол эле жосун адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча жасалса, -
бир жылга эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, кызмат адамы жасаган жосундар кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу жана шалаакылык катары квалификацияланышы мүмкүн эмес.".
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 26-статьяда:
3-бөлүгү "чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 177-1-беренеси менен каралган кылмыштарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
4-бөлүгү "кылмыштар" деген сөздөн кийин "анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 177-1-беренеси менен каралган кылмыштар" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 163-берененин 2-бөлүгү "(Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясынын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүгү)," деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин ", 177-1-статьясы" деген сөздөр менен толукталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2017-жылдын 10-февралы, № 19-20) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 210-1-берене менен толукталсын:
"210-1-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында кыймылсыз мүлккө менчик укугун мамлекеттик каттоо
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын чет өлкөлүк юридикалык жактардын кыймылсыз мүлккө менчик укугун мамлекеттик каттоо, -
V категориядагы айып салуу менен жазаланат.
2. Ошол эле жосун адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча жасалса, -
I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, кызмат адамы жасаган жосундар кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу жана шалаакылык катары квалификацияланышы мүмкүн эмес.".
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2017-жылдын 15-февралы, № 23-28) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
153-берененин 2-бөлүгү "(Жазык кодексинин 182-беренеси,)" деген сөздөрдөн кийин "менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 210-1-беренеси)" деген сөздөр менен толукталсын.
9-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти