Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 825
Республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу чыгымдоо жана финансылык тартипти бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартибин белгилейт.
2. Бюджеттик ссудаларды берүү тартиби
3. Жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын ичинде эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча, тамак-аш продуктуларын, медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, социалдык төлөмдөргө жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча биринчи кезектеги чыгымдоолорун каржылоодо жергиликтүү бюджеттерде финансылык кыйынчылыктар болгондо берилет.
4. Бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө маселени кароо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) дарегине жөнөтүлгөн бюджеттик ссуданын суралып жаткан суммасын көрсөтүп, төмөнкү документтерди тиркөө менен ишке ашырылат:
- тийиштүү мезгилге жергиликтүү бюджеттин кирешелерин аткаруу тууралуу маалыматтардын негизинде талдоо, ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча;
- тийиштүү мезгилге чыгымдардын бардык беренелери боюнча кредитордук карыз жөнүндө маалымат, ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемесине ылайык форма боюнча;
- мурда алынган келишимдик милдеттенмелер, ошондой эле тийиштүү мезгилге аларды тындыруу мөөнөтү жөнүндө маалыматтар, ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча.
5. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бир айдын ичинде каралат.
6. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө маселени оңунан чечүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун демилгелейт жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет.
7. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө маселе оңунан чечилбегенде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрылуу түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде ссуданы берүүдөн баш тартуунун себептери жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жазуу жүзүндө билдирет.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы документтердин тизмесин бербеген учурда, ушул жобонун 4-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө бул кайрылууну карабай коюуга укуктуу.
9. Жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда берүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
10. Жергиликтүү бюджетке бюджеттик ссуданы берүү ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык Бюджеттик ссуда жөнүндө келишимдин негизинде жүргүзүлөт, ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан кол коюлат.
Бюджеттик ссуда жөнүндө келишим 2 нускада, ар бир тарап үчүн бирден түзүлөт.
3. Бюджеттик ссудаларды берүү мөөнөтү жана бюджеттик ссудаларды максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик
11. Жергиликтүү бюджетке бюджеттик ссуда бюджеттик жылдын чегинде берилет.
12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик ссуданы максаттуу пайдалануу, аны өз учурунда кайтаруу үчүн жооптуу болушат.
13. Алынган бюджеттик ссуданы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башка максатка пайдаланганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
4. Бюджеттик ссудаларды кайтарып берүү
14. Бюджеттик ссуданы берүүнүн милдеттүү шарты болуп аны жергиликтүү бюджеттин эсебинен, келишимде чагылдырылган мөөнөттө тындыруу кепилдиги саналат.
15. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган бюджеттик ссуданы келишимде белгиленген мөөнөттө тындырбаган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик ссуданы кайтарып берүү мөөнөтү келген күндөн тартып 10 жумуш күн өткөндөн кийин тийиштүү жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн эсебинен республикалык бюджетке бюджеттик ссуда боюнча карыздарды кайтаруу жол-жобосун баштайт.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик кирешелерден түшүүлөрдүн үлүшүн бюджеттик ссуданын карызынын суммасын толук тындырганга чейин республикалык бюджетке алат.
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Тийиштүү мезгилге жергиликтүү бюджеттин кирешелерин аткаруу тууралуу МААЛЫМАТ
№ | Кирешелердин аталышы | Бекитилген киреше | Тийиштүү мезгилге такталган план | Тийиштүү мезгилге кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү | Четтөө (5-4) | Жылдын аягына чейин күтүлгөн аткарылышы | Четтөө (7-3) | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы: | __________________________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Финансылык бөлүмдүн начальниги: | _________________________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын начальниги: | _________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
Мамлекеттик салык кызматынын начальниги: | _________________________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Тийиштүү мезгилге кредитордук карыз жөнүндө МААЛЫМАТ
Аталышы | Жылдын башына карата карыз | Отчеттук мезгилдеги лимит | Иш жүзүндө эсептелгени | Иш жүзүндө төлөнгөнү | Четтөө | Отчеттук мезгилдеги карыз | |||||||
дебет | кредит | миң сом | куб. м, кВт, Гкал | миң сом | куб. м, кВт, Гкал | бардыгы | анын ичинде | миң сом (4-6) | куб. м, кВт, Гкал (5-7) | дебет | кредит | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы: | __________________________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Финансылык бөлүмдүн начальниги: | _________________________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын начальниги: | _________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Тийиштүү мезгилге эмгек акы боюнча кредитордук карыз жөнүндө МААЛЫМАТ
Аталышы | Жылдын башына карата карыз | Бир жылга лимит (миң сом) | Отчеттук мезгилге лимит (миң сом) | Иш жүзүндө эсептелгени | Иш жүзүндө төлөнгөнү | Четтөө | Отчеттук мезгилдеги карыз | ||||||||||
Бардыгы | Эмгек акы | Эмгек акыны жогорулатуу | Педагогикалык стаж | Оорукана баракчалары | Бардыгы | Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджет | (5-4) | (10-4) | ||||||||
Эмгек акы | Эмгек акыны жогорулатуу | Педагогикалык стаж | Оорукана баракчалары | ||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы: | __________________________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Финансылык бөлүмдүн начальниги: | _________________________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын начальниги: | _________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Мурда алынган келишимдик милдеттенмелер жөнүндө МААЛЫМАТ
Кредиттердин аталышы | Алынган кредиттер | Өтүнмө берилген күнгө карата тындырылган | Тындырылбаган сумма |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы: | __________________________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Финансылык бөлүмдүн начальниги: | _________________________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын начальниги: | _________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
Бюджеттик ссуда жөнүндө келишим № __________
Бишкек шаары |
| 20___-жылдын "___" _______________ |
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги __________________ Кыргыз Республикасынын Финансы министринин атынан, мындан ары "Ссуда берүүчү" деп аталуучу, бир тараптан,
жана _______________________________________________________________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы)
______________________________________________________________________________________ атынан
(жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин аты-жөнү)
экинчи тараптан, мындан ары "Ссуда алуучу" деп аталуучу, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
Келишимдин предмети
1. Ссуда берүүчү бюджетти аткаруу процессинде ссуда алуучунун пайда болгон финансылык кыйынчылыктарына байланыштуу
_____________________________________________________________ миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы берет.
(суммасы жазуу жүзүндө)
2. Ссуда каражаттары төмөнкүдөй максаттарга гана пайдаланылууга тийиш:
Максаты | Сумма (сом) |
_____________________________________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________________________________ (мисалы, эмгек акы боюнча карызды тындырууга жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүгө) |
|
Келишимдин шарттары
3. Ссуда максаттуу пайдалануу жана кайтаруу шартында берилет.
4. Ссуда берүүчү ссуда алуучудан тил катты, ссуданы камсыздоо кепилдигин жана ушул Келишимдин талаптарын тиешелүү түрдө аткарууну талап кылууга укуктуу.
5. Ссуда келишими боюнча акча каражаттары бир жолу бериле тургандай же бөлүп берилиши мүмкүн.
6. Ссуда талашсыз тартипте жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен тиешелүү жылдын 31-декабрынан кечиктирбей толугу менен тындырылат.
7. Ссуда алуучу тарабынан карыздын калган бөлүгү бир мезгилде жана мөөнөтүнөн мурда төлөнүшү мүмкүн.
8. Ссуда келишими карыз толук тындырылганга чейин колдонулат.
Ссуда алуучунун милдеттери
9. Ссуда алуучу алынган ссуданы ушул Келишимдин 2-пунктуна ылайык максаттуу багытталышы боюнча гана пайдаланууга милдеттүү.
10. Ссуда берүүчүнүн талабы боюнча өзүнүн төлөп берүү жөндөмү жана алынган ссуданын каражаттарын максаттуу пайдаланганы жөнүндө так маалыматты бериши керек.
11. Ушул Келишимдин 6-пунктунда каралган мөөнөттө ссуданы өз убагында кайтарып берүүнү камсыз кылышы зарыл.
12. Ссуда алуучу Ссуда берүүчүнүн талабы боюнча ар кандай финансылык маалыматты берүүгө милдеттенет.
Ссуда берүүчүнүн милдеттери
13. Ссуда берүүчү ушул Келишимдин шартында ссуда алуучуга _______________________________________________
(суммасы жазуу жүзүндө, миң сом)
суммасындагы ссуда берүүгө милдеттенет.
14. Ссуда берүүчү карыздын төлөнгөн бөлүгүнүн суммасына карызды өз убагында азайтууга милдеттенет.
Ссуда берүүчүнүн укуктары
15. Ссуда берүүчү төмөнкү учурларда ссуда берүүнү токтотуп коюуга укуктуу:
- ссуда алуучуда камсыздалбаган карызы болгондо;
- белгиленген тартипте Ссуда алуучуну төлөөгө жөндөмсүз деп жарыялаганда;
- ссуданы максаттуу багытында пайдаланбаганда;
- Ссуда алуучу тарабынан кредитти тариздегенде жана аны максаттуу жумшоодо жалган маалымат бергенде;
- бөлүнүп берилүүчү ссуда боюнча карызды тындыруу графигинин шарттары бузулган учурда. Ссуданын калган бөлүгү ссуданын мурдагы бөлүгү боюнча карыз жоюлганга чейин берилбейт.
16. Ссуда берүүчү Келишимдин шарттарын Ссуда алуучу талаптагыдай аткарбаган учурда төмөнкүдөй чараларды көрүүгө укуктуу:
- ссуда боюнча карызды токтоосуз төлөтүү максатында бюджеттик ссуданын мөөнөтүн кыскартууга;
- Казыналыктын эсебинде турган Ссуда алуучунун каражатынан төлөнбөгөн бөлүгүн талашсыз тартипте кайрып алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык жарандык-укуктук чараларды көрүүгө.
17. Кредит берүүнүн бардык мезгилинде Ссуда берүүчү Ссуда алуучунун финансылык абалын, ссуданын максаттуу пайдаланылышын жана анын камсыз болушун текшерүүгө укуктуу.
Тараптардын кайчы пикирлери жана талаш-тартыштары
18. Ушул Келишим боюнча бардык талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер алдын ала сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралат.
19. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр менен толуктоолор жазуу жүзүндө таризделүүгө жана тараптардын колу коюлууга тийиш.
Башка шарттар
20. Ушул Келишимге таандык бардык билдирүүлөр, арыздар, маалыматтар жазуу жүзүндө аткарылат жана жеке тапшырылса, жеткирилиши ырасталып телефакс же заказдык почта менен жиберилсе, алынды деп эсептелет.
21. Ушул Келишим эки нускада, тараптардын ар бирине бирден түзүлдү.
Тараптардын маалым даректери:
Ссуда берүүчү: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 |
| Ссуда алуучу: __________________________ __________________________ |
|
|
|
20___-ж. "___" _________________ |
| 20___-ж. "___" _________________ |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |
______________________________ (колу) |
| ______________________________ (колу) |