Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 835
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 835 токтому менен жактырылган |
2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорунун максаты жайыт комитеттеринин кирешелеринин өсүшүнө жана жайыттарды натыйжалуу башкарууну жогорулатууга көмөктөшүүдө турат.
Долбоор төмөнкүдөй компоненттерден турат:
1-компонент. Мал чарба продукциясынын кошумча нарк тизимин өнүктүрүү.
2-компонент - Мал чарба продукциясынын кошумча нарк тизимин каржылоо.
3-компонент - Кыргызстандын мал чарбачылыгынын санитардык системасын модернизациялоо.
4-компонент - Долбоорду башкаруу.
Макулдашуунун шарттары боюнча:
- МФСРдин кредитинин суммасы: 12,7 млн. АКШ доллары (9,39 млн. карыз алуунун атайын укугу);
- МФСРдин грантынын суммасы: 12,7 млн. АКШ доллары (9,39 млн. карыз алуунун атайын укугу;
- кредитти берүү мөөнөтү: 40 жыл;
- жеңилдетүү мезгили: 10 жыл;
- пайыздык ставка: жылына 0,75 %.
Финансылык шарттарга жараша жасалган баштапкы эсептөөлөр боюнча карыздын грант-элементинин учурдагы мааниси 58,1%ды түзөт, бул тышкы карыз алуунун жаңы тышкы карыз үчүн жеңилдетүүнүн жол берилүүчү деңгээлине туура келет жана мамлекеттик саясатына ылайык келген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1,6 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кошо каржылоосу долбоорду ишке ашырууда алынуучу салыктар менен жыйымдарды төлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын операциялык чыгымдарынын айрым бөлүгүн төлөөгө жумшалат. Макулдашууну ратификациялоо башка финансылык чыгымдарды, ошондой эле финансы-экономикалык терс кесепеттерге алып келбейт.
Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендерлик, экологиялык жана коррупцияга каршы кесепеттерге алып келбейт.
Жалпысынан "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоору жакшыртылган технологияларды колдонуунун жана кеңейтилген мал чарбачылыгынын; айыл чарбалык жана тамак-аш продукциясынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуунун; мал чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүүнүн жана жаныбарлардын санитардык системасын жакшыртуунун; кыйла ири өлчөмдөгү жана узак мөөнөттүү кредиттерге кеңири мүмкүндүк берүүнүн натыйжасында рынокто маркетингдик байланыштарды түзүүдө коюлган максаттарды жана милдеттерди аткарууга жетүүгө, рынокторго чыгууну кеңейтүүгө, экологиялык туруктуулукка жана социалдык стабилдүүлүккө жетишүүгө мүмкүндүк берет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин финансы; экономика; тышкы иштер; юстиция министрликтери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү; бюджет жана финансы; эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 329-б буйругу менен жактырылган, Макулдашууга 2017-жылдын 21-августунда кол коюлган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.