Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-ноябры № 725
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 4, 244-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-абзацы "денонсациялоонун" деген сөздөн кийин ", ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуунун" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
- "эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери - мамлекеттердин эр аралык коомдоштугу тарабынан четтөөгө жол берилбеген ченемдер катары таанылган эл аралык укуктун ченемдери.";
3) 4-главасынын аталышы "сактоо жана аткаруу" деген сөздөрдөн кийин ", эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-берене менен толукталсын:
"35-1-берене. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине каршы келген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин таануу
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими бүт бойдон же эл аралык укуктун колдонулуучу ченемдерине ылайык эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине каршы келген бөлүгү таанылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти