Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 817
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Е.Г.Строкова, Г.С.Молдобекова, Ч.А.Турсунбеков, И.Ш.Өмүркулов, А.Э.Самигуллина, У.Б.Примов, Д.Д.Бекешев, А.А.Карашев, О.М.Артыкбаев, И.А.Маннанов, А.М.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутунду жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С. Исаков |
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Е.Г.Строкова, Г.С.Молдобекова, Ч.А.Турсунбеков, И.Ш.Өмүркулов, А.Э.Самигуллина, У.Б.Примов, Д.Д.Бекешов, А.А.Карашев, О.М.Артыкбаев, И.А.Маннанов, А.М.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Ушул Мыйзамдын долбоору менен "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-пунктун "и" пунктчасы менен толуктоо каралууда, ага ылайык пенсия курагындагы жана иштебеген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине 20 жылдан 25 жылга чейин мугалим катары иш стажы болгондо дайындалган пенсиянын өлчөмүндө, 25 жылдан ашык стажы болгондо дайындалган пенсиядан 1,5 эсе өлчөмдө үстөк акы белгилөө сунушталууда.
Мында Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык каралып жаткан Мыйзамдын долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 1 млрд. 140,0 млн. сом кошумча каражат бөлүп берүү талап кылынаарын белгилейбиз.
Ушул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттин чыгымдарынын өсүшүнө алып келет.
Муну менен бирге Мыйзамдын долбооруна финансы-экономикалык негиз жана эсептер, ошондой эле каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар берилген эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин кабыл алынат.
Өз кезегинде орто мөөнөттүү келечекте республикалык бюджеттин дайыма жана олуттуу дефицитинде жогоруда аталган максаттарга 1 млрд. 140,0 млн. сом кошумча каражатты табуу кыйын экендигин белгилейбиз.
Кыргыз Республикасында пенсиялык камсыздоо социалдык камсыздандыруу принциптерине негизделе тургандыгын белгилөө зарыл. Билим берүү системасынын кызматкерлерине башка камсыздандырылган адамдар менен бирдей камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө аларга "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияларды дайындоого мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында бирдей укук берет.
Акыркы жылдары ырааттуу түрдө пенсиялардын көлөмүн жогорулатуу боюнча чаралар көрүлдү. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматына ылайык республика боюнча мугалимдердин пенсияларынын орточо өлчөмү жыл сайын болуп туруучу индексацияны эске алуу менен 8471 сомду түзөт, ал эми республика боюнча пенсиялардын орточо өлчөмү 5078 сом.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт. Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. Орточо эмгек акынын чоңдугунун жана индексациянын алдындагы календарлык жылы калыптанган керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо шарты болуп саналат.
Бирдей бөлүштүрүү системасынын шарттарында бир категориядагы адамдарга жеңилдиктерди берүү башка камсыздандырылган адамдардын укуктарын чектөөгө алып келет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.