КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-декабры № 787
Аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочуга жана сурдокотормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакынын өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочуга жана сурдокотормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакынын өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочуга жана сурдокотормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакынын өлчөмү жана тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочуга жана сурдокотормочуга (мындан ары - котормочу) төлөнүүчү материалдык сыйакынын өлчөмүн жана төлөө тартибин аныктайт.
2. Аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочулар аткарган иши үчүн материалдык сыйакы алууга укуктуу.
Сыйакы акчалай түрдө төмөнкү өлчөмдөрдө төлөнөт:
- иш күндөрү - учурдагы жылдын тиешелүү кварталындагы жашоо минимумунун 6 пайызы;
- дем алыш жана майрам күндөрү - учурдагы жылдын тиешелүү кварталындагы жашоо минимумунун 10 пайызы.
Жашоо минимуму статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан квартал сайын эсептелинет.
3. Ушул Жобонун 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө котормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакы бир суткада сегиз сааттан ашпаган иши үчүн төлөнөт.
4. Котормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакыны карызкор же болбосо өндүрүп алуучу төлөйт. Эгерде материалдык сыйакыны өндүрүп алуучу төлөсө, анда, сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарда аныкталган тартипте, материалдык сыйакынын жалпы суммасы карызкор тарабынан өндүрүп алуучуга төлөнөт.
5. Котормочуга материалдык сыйакыны төлөө, аткаруу документи өндүрүшүндө турган сот аткаруучунун токтомунун негизинде накталай же болбосо накталай эмес акча каражаттары түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Котормочуга материалдык сыйакыны төлөө, аткарган иши аякталган күнү же болбосо андан кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.