Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 822
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 822 токтому менен жактырылган
Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго (мындан ары - Протокол) Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган.
Протоколдун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
Протокол Макулдашуунун жана юридикалык техниканын айрым позицияларын тактоого, ошондой эле ЖККУга жана анын туруктуу түрдө иш алып барган жумушчу органдарына жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган.
Протокол Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашылган.
Мөөнөттүн чектелгенине жана жогоруда аталган Протоколдун долбоорунун Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында болуп өткөн ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына киргизилгендигине байланыштуу 2012-жылдын 18-декабрындагы № 23-31/69 кат менен Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевдин Протоколдун долбооруна кол коюуга макулдугу алынган. Мында 1969-жылдын 23-майындагы Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын 7-беренесине жана 2014-жылдын 24-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Президент эл аралык келишимдерге атайын ыйгарым укуктарсыз кол коёт.
Аталган Протоколду ратификациялоо зарылдыгы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин жашыруун маалыматты сактоону камсыздоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө болгон өз ара умтулуусу менен түшүндүрүлөт.
Протоколду ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.