Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 728
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Таллин шаарында 2017-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Таллин шаарында 2017-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Таллин шаарында 2017-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Таллин шаарында 2017-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу эстон тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 728 токтому менен жактырылган |
"Таллин шаарында 2017-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 88-б буйругу менен жактырылган. Макулдашуу 2017-жылы 10-апрелинде Таллин шаарында кол коюлган.
Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объектиси бар экинчи мамлекеттин субъектисине салык салуу боюнча макулдашкан мамлекеттердин ар биринин укугун чектөөнүн эрежесин аныктайт. Мында бул жоболорду ишке ашыруунун методдору салыктык укуктун мамлекеттик ички ченемдерин белгилейт.
Мындан тышкары, бул Макулдашуу бир мамлекеттин резидентин экинчи мамлекетте басмырлаган салык салуудан коргоо болуп саналат, салык салуудан четтөөгө же макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалыматты алмашуу аркылуу макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербейт.
Ушуга байланыштуу Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун каражаты болуп саналат, анткени салыктын кайсынысы болбосун бир өлкөдө салына турганына ишенүү менен чет өлкөлүк фирмалардын өлкөнү инвестиция алып келүүсүнө мүмкүндүк берет.
Макулдашууну ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.