Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 256 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры № 779
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 18 жана 19-абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан чет мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган жана ким экендигин күбөлөндүргөн анык документтери болбогон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар аталган чечимдин негизинде аларды жиберүү тууралуу чет өлкөнүн компетенттүү органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы болгондо Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш ишин иликтөө же өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы чет мамлекет тарабынан канааттандырылган жана ким экендигин күбөлөндүргөн анык документтери болбогон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар аталган суроо-талаптын канааттандырылгандыгы тууралуу чет мамлекеттин компетенттүү органынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасына киришет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти