Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 792
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 322-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
2) 1-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автомобиль жолдору тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
б) 3-бөлүгү "ченемдик" деген сөздөн кийин "укуктук" деген сөз менен толукталсын.
3) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү, оңдоону, күтүүнү камсыздоочу транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюмдарынын жана жол органдарынын автомобиль жолдорун башкаруусунун экономикалык, мыйзамдык негиздерин жана принциптерин, автомобиль жолдорунун менчик ээлеринин, ээлик кылуучуларынын жана пайдалануучулардын укуктарын, милдеттерин, ошондой эле жоопкерчилигин аныктайт.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы бардык автомобиль жолдоруна, бардык жол пайдалануучуларга, менчигинин формасына жана кайсы ведомствого баш ийгенине карабастан бардык жеке жана юридикалык жактарга таралат.";
4) 3-беренеде:
а) аталышындагы "көзөмөлдөнүүчү зонасы" деген сөздөр "боюндагы тилке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жол боюндагы тилке - автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкенин эки тарабындагы жер участоктору жана алардын чектеринде автомобиль жолунун өнүгүү келечегин эсепке алуу менен жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын, ошондой эле автомобиль жолун реконструкциялоонун, капиталдык оңдоонун жана эксплуатациялоонун, анын сакталышынын тийиштүү шарттарын камсыздоо максатында аларды пайдалануунун өзгөчө режими орнотулат.";
5) 4-беренеде:
а) 2-бөлүгүндөгү "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ведомстволук автомобиль жолдору транспорт, жол жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын оң корутундусу алынгандан кийин алардын менчик ээлеринин же ээлик кылуучулардын чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылса болот.";
7) 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Жеке автомобиль жолдору
Жеке автомобиль жолдору юридикалык жана жеке жактар тарабынан курулат жана алардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылат.
Жеке автомобиль жолдору транспорт, жол жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын оң корутундусу алынгандан кийин алардын менчик ээлеринин же ээлик кылуучулардын чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылса болот.";
8) 7-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 8-берененин 2-бөлүгүндөгү "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 9-берененин бүткүл тексти боюнча "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 11-берененин 1-бөлүгүндөгү "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 13-берененин бүткүл тексти боюнча "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 15-берененин 1-бөлүгүндө:
а) "бөлүнгөн тилке" деген сөздөр "жол тилкесинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мүлктүн таандыктыгы Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган укукту күбөлөндүрүүчү жана укукту белгилөөчү документтердин негизинде аныкталат.";
14) 18-берененин бүткүл тексти боюнча "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 19-берененин бүткүл тексти боюнча "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 22-берененин бүткүл тексти боюнча "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Автомобиль жолдорунун жерлерин пайдалануу тартиби
Автомобиль жолдорунун жерлери өзүнө жол органдарына автомобиль жолдорун куруу жана эксплуатациялоо үчүн, ошондой эле жолду эксплуатациялоочу кызматтардын нормалдуу иштешин камсыздоочу имараттарды жана курулмаларды, жолдогу жана жол боюндагы тейлөө объекттерин жайгаштыруу үчүн туруктуу жана убактылуу пайдаланууга, мунун ичинде ижара шартында берилген жолго бөлүнгөн тилкени жана жол боюндагы тилкени камтыйт.
Жолду тейлөөнүн объекттерине бөлүнүп берилген тилкенин чектеринде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын тейлөөгө арналган имараттар жана курулмалар кирет (автобустардын токтоочу пункттары, анын ичинде павильондор, транспорттук каражаттардын убактылуу токтоп туруусу үчүн аянттар, транспорттук каражаттар токтоп туруучу эс алуу үчүн аянттар, авариялык-чакыруу байланышынын түзүлүштөрү жана башка курулмалар).
Жол боюндагы тейлөөнүн объекттерине жолдун боюндагы тилкеде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын жолдо баратканда тейлөөгө арналган имараттар жана курулмалар кирет (мотелдер, мейманканалар, кемпингдер, техникалык тейлөө станциялары, май куюучу станциялар, тамактануу, соода кылуу, байланыш, медициналык жардам көрсөтүү пункттары, транспорт каражаттарын жуучу жайлар, жарнама каражаттары жана башка курулуштар).
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору ээлеген жерлер мамлекеттик менчикке кирет, бөлүнгүс болуп эсептелет жана жеке менчикке берүүгө болбойт.
Автомобиль жолдору ээлеген жерлер белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Автомобиль жолдорунун жерлери:
- жалпы пайдалануудагы - транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын карамагында болот;
- ведомстволук жана жеке - алардын ээлеринин карамагында болот;
- калктуу конуштарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү органдарынын карамагында болот.
Автомобиль жолдоруна таандык тилкенин жана жол боюндагы тилкенин жерлери жолду тейлөөнүн жана жол четиндеги тейлөөнүн комплексин өнүктүрүү, абаттоо жана жайгаштыруу үчүн гана пайдаланылат.
Автомобиль жолдорунун жерлерин пайдалануу долбоорлоо документтеринин, автомобиль жолдорун куруунун, оңдоонун жана пайдалануунун, жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелери менен талаптарынын ченемдеринин жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жагындагы улуттук стандарттардын негизинде аныкталат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна таандык тилкеде жана жол боюндагы тилкеде жолду жана жол боюндагы тейлөөнүн объекттерин өнүктүрүүнүн, абаттоонун жана жайгаштыруунун башкы схемасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Жолдогу жана жол боюндагы тейлөөнүн объекттерин жайгаштырууну долбоорлоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык шартка ылайык ишке ашырылат.
Автомобиль жолдорунун жерлеринде бул жерлерди пайдалануунун белгиленген тартибин бузуу менен орнотулган ар кандай конструкциялар, курулмалар жана имараттар мыйзамсыз деп таанылат жана автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан мыйзамда аныкталган тартипте, курулушту уруксатсыз ишке ашырган адамдардын эсебинен алып салынууга тийиш.
Автомобиль жолдорунун жерлерин уруксатсыз пайдалануу бул жерлерди мыйзамсыз пайдалануу учурунда коротулган өндүрүш чыгымдарын төлөбөстөн токтотулат.";
18) 24-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
19) 26-берененин 3-бөлүгүндөгү "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 27-беренеде:
а) бүткүл тексти боюнча "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "контролдонуучу зоналарда" деген сөздөр "жол боюндагы тилкелерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 28-берененин 1-бөлүгүндөгү "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 29-берененин 2-бөлүгүндөгү "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 301-берене менен толукталсын:
"30-1-берене. Автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча иштерди жылдык пландаштыруу
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча иштердин жылдык планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылууга тийиш.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча иштердин жылдык планына долбоорлоо документтери жана финансылык ырастоосу жок объекттерди курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону киргизүүгө тыюу салынат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү ушул Мыйзамдын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү улуттук стандарттарга ылайык келиши керек.";
24) 31-берененин бүткүл тексти боюнча "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25) 32-берененин бүткүл тексти боюнча "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 32-1-берене менен толукталсын:
"32-1-берене. Техникалык жөнгө салуунун объекттерине карата коопсуздук талаптары
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо долбоордук документтердин, ушул Мыйзамдын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү улуттук стандарттарга ылайык келиши керек.
Жолду куруучу материалдар жана буюмдар Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү улуттук стандарттарга ылайык келиши керек.";
27) 33-беренеде:
а) бүткүл тексти боюнча "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо жол-жоболору жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу, стратегиялык планга жаңы курулушту жана реконструкциялоону киргизүүнүн тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
28) 34-беренеде "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
29) 37-берененин 1-бөлүгүндөгү "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
30) 38-беренеде "транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "транспорт жана жол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
31) 39-1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
"Автордук көзөмөл - эксплуатацияга киргизилүүчү курулуш объектилеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык жана башка техникалык жактардан долбоордук чечимдерге ылайык экендигин контролдоо.
Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл - курулуш процессинде аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоорлук документтердин талаптарына ылайык келишин контролдоо.";
32) 6-1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 395-берене менен толукталсын:
"39-5-берене. Автордук жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жөнүндө жобо
Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте автордук жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти