Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 768
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банкына) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 768 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду (кредит 5918-КG, грант D147-КG) каржылоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 278 буйругу менен жактырылган.
Долбоорду иштеп чыгуунун максаты сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу болуп саналат:
- Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө тоют өндүрүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү жана идентификацияны өткөрүү, ошондой эле фермерлерге инвестициялык колдоо аркылуу көмөктөшүү;
- коңшу өлкөлөргө (Россияга, Казакстанга) сүт азыктарын экспорттоо потенциалын жакшыртууга көмөк көрсөтүү;
- сүт азыктарын өндүрүүдө адистештирилген фермерлердин кирешесин көбөйтүү жана жаңы жумушчу орундарын түзүү.
Долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун фермерлеринин дареметинин бекемделишин жана сүт азыктарын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылат. Долбоорду ишке ашырууда гана эмес, ал аяктагандан кийин да фермерлерге өндүрүлгөн сүт азыктарын өндүрүштүк сатуу чынжырына катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бул Долбоор Макулдашуунун шарттарына ылайык түздөн-түз бенефициарлардын сүт багытындагы мал чарбасынын практикасындагы билимдерди жана көндүмдөрдү алууга жана тереңдетүүгө, анын ичинде зарыл болгон ресурстарды демонстрациялоо жана өз убагында киргизүүгө көмөктөшүү, кызмат көрсөтүүлөр жана жабдуулар, тоют камдоо жана сактоо пландары, мал көбөйтүү жана ден соолугун сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле иштетүүчү ишканалар менен рыноктук байланыштарды чыңдоо аркылуу өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоордун жалпы наркы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эсебинен каржылана турган 5 миллион АКШ долларын түзөт. Бул Долбоордун биринчи фазасы, ал үч жылдын ичинде ишке ашырылат. 5 миллион АКШ долларынын 2,25 миллион АКШ доллары - грант жана 2,75 миллион АКШ доллары - кредит.
Кредиттик бөлүк 6 жыл жеңилдетилген мезгилди кошкондо, 38 жылдык мөөнөткө берилет, пайыздык ставка - жылына 0,75 пайыз.
Каржылык шарттарда алынган алдын ала эсептөөлөргө ылайык, карыздын грант-элементинин учурдагы мааниси 53,49% түзөт, бул көрсөткүч жаңы тышкы карыз алуулардын жол берилген жеңилдик деңгээлине шайкеш келет, ал болсо мамлекеттин тышкы карыз алуулар саясатына ылайык келет. Республикалык бюджет тарабынан тең каржылоо каралган эмес.
Долбоор Макулдашуунун шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кредиттик багытты башкаруу бөлүмү аркылуу ишке ашырылат.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык терс кесепеттерге алып келбейт.