Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 713
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Рыспаев, А.Турсунбаев, А.Жутанов, Э.Байбакпаев, М.Исаков, У.Кыдыралиев, А.Кулбараков, А.Маматов, Н.Нишанов, И.Пирматов, А.Султанов, Ж.Турускулов, И.Чудинов, И.Сарсеитов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С. Исаков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 713 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Рыспаев, А.Турсунбаев, А.Жутанов, Э.Байбакпаев, М.Исаков, У.Кыдыралиев, А.Кулбараков, А.Маматов, Н.Нишанов, И.Пирматов, А.Султанов, Ж.Турускулов, И.Чудинов, И.Сарсеитов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген, азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралып жаткан "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын кабыл алгандан кийин айрым мыйзам актыларынын ченемдерин колдонуудагы мүмкүн болуучу карама-каршылыктарды болтурбоо максатында демилгеленген.
Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-беренесинин 31-пунктундагы "пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви" деген терминди "Жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлер" деген терминге алмаштыруу сунушталат.
Жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлер пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн инфратүзүмдүк объектилерди (жолдор, кампалар, калдык сактагычтар, электр өткөрүүчү линиялар, көчмө кыштак жана башкалар) куруу үчүн гана берилүүчү жерлер катары аныкталат.
"Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык калдык сактоочу жай - кен иштетүү өнөр жайынын радиоактивдүү, уулуу жана башка калдыктарын сактоого арналган атайын курулуштардын жана жабдуулардын комплекси.
Аталган Мыйзамдын 7 жана 8-беренелерине ылайык калдыктар бул максат үчүн атайын арналган, иштелип чыккан долбоорго ылайык мамлекеттик комиссия тарабынан эксплуатациялоого кабыл алынган сактоочу жерлерде гана сакталат жана көмүлөт.
Мында калдыктарды сактоого жана көмүүгө бөлүнгөн аймак катуу режимдеги аймак болуп эсептелет жана ал жерде чарбалык иштин эч бир түрүн жүргүзүүгө болбойт.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесине ылайык пайдалуу кендерди иштетүү жана жаңы инфратүзүмдүк объектилерди куруу үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилүүчү жер участоктору, өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринен жана өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынан башкалары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, жерлердин башка категориясына өткөрбөстөн (трансформациялабастан) берилет.
Демек, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жер участокторунун жердин тийиштүү категориясына которулбастан калдык сактоочу жайларды куруу үчүн пайдаланылышына алып келет, башкача айтканда, айыл чарба жерлеринде калдык сактоочу жайлар пайда болот.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 2-беренесинин төртүнчү абзацындагы "туюккаптар" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин жетинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесинин 3-бөлүгүн, эгер жер участогу жер казынасын пайдаланууга берилген болсо, андай жер участогун башка максатта пайдаланууга жол берүүчү ченем менен толуктоо сунушталып жатат. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесинин 3-бөлүгүнө ушундай толуктоо киргизилгендиктен мыйзам долбоорунун 2-беренесинин жетинчи абзацын алып салууну зарыл деп эсептейбиз.
Андан ары, мыйзам долбоорунун 4-беренеси менен кум-шагыл аралашмасын казып алууну Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 348 жана 349-беренелеринде иштин милдеттүү патент алуу зарыл болгон түрү катары белгилөө сунушталып жатат.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 348-беренесине ылайык, уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн милдеттүү патенттин негизинде салык төлөө ишкерликтин кызмат көрсөтүүчү түрлөрүнө гана каралган.
Андыктан, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталып жаткан кум-шагыл аралашмасын казып алууну ишкерлик жүргүзүп кызмат көрсөтүүнүн милдеттүү патенттин негизинде салык төлөөгө тийиш болгон тизмесине киргизүүнү белгилеп жаткан толуктоолор милдеттүү патенттин негизинде салык салуу режимин колдонуунун жалпы принциптерине туура келбейт.
Милдеттүү патенттин негизинде ишкерлик жүргүзгөн уюмдарга жана жеке ишкерлерге салык салуу системасында кирешеге карата салыктын, салык салынуучу берүүлөргө карата КНСтин жана соодага карата салыктын ордуна салык төлөө укугу каралган.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу бюджеттин орчундуу коромжу болушуна алып келет, бюджеттик олуттуу тартыш болуп жатканда ага жол берүүгө мүмкүн эмес.
Мындан тышкары, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кум-шагыл аралашмасы бар кендерди иштетүү (казуу) боюнча иш жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын негизинде жүргүзүлөт, ошондуктан жер казынасын пайдалануучу салык мыйзамдары менен белгиленген жалпы салыктардан тышкары жер казынасын пайдаланганы үчүн атайын салыктар менен төгүмдөрдү да төлөйт, тактап айтканда: жер казынасын пайдалануу салыгы (роялти, бонус), жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандыгы үчүн акы, ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфра түзүмдү өнүктүрүүгө жана кармоого 2 пайыз өлчөмдөгү чегерүүлөрдү, экологиялык төгүм жана рекультивациялоого төгүм, бул каражаттар бюджеттик мыйзамдарга, ченемдик укуктук актыларга ылайык бюджеттин деңгээлдери боюнча бөлүштүрүлөт жана максаттуу пайдаланылат.
Буга байланыштуу кум-шагыл аралашмаларынын кендерин иштетүүнү (казууну) иштин экономикалык түрүнөн милдеттүү патенттин негизинде жүргүзүлүүчү иштин түрүнө которууну ылайыксыз деп эсептейбиз. Кум-шагыл аралашмаларынын кендерин иштетүүнү милдеттүү патенттин негизинде жүргүзүлүүчү иштин түрүнө которуу республикалык бюджеттин да, жергиликтүү бюджеттердин да чоң жоготууларына алып келет.
Мыйзам долбоорунун текстин "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген ченем жаратуу техникасынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага шайкеш келтирүү керек деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорун жогоруда баяндалган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу максатка ылайыктуу деп эсептейт.