Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 623
"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Бюджеттин туруктуулугун узак мөөнөттөргө камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине киргизүү үчүн бюджеттеги тартыштыктын өлчөмү жана мамлекеттик карыздын деңгээли боюнча максаттуу сандык көрсөткүчтөрдү камтыган бюджеттик эрежелерди иштеп чыксын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 142581872,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 162849001,3 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 20267129,2 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 20267129,2 миң сом суммасында каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2019-2020-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2019-жылга кирешелер боюнча болжол - 142129843,4миң сом суммасында, 2020-жылга - 144558985,7 миң сом суммасында;
2) 2019-жылга чыгымдар боюнча болжол - 162339315,3 миң сом, 2020-жылга - 164013299,9 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 20209471,9 миң сом суммасында, 2020-жылга - 19454314,2 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-2020-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2019-2020-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин жана 2019-2020-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5, 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2018-2020-жылдарга мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2018-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2900000,0 миң сом суммасында бекитилсин жана аларды жана мурунку мезгилде каралган 2018-жылдарга түзүлгөн тизмекте бекитилген курулуш объекттерин алардын артыкчылыктарын эске алуу менен бүткөрүүгө багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 350000,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2018-жылы - 500000,0 миң сом суммасында, 2019-жылы - 600000,0 миң сом, 2020-жылы 700000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардамдар боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча жүргүзүлсүн.
2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлгөндүгүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелер боюнча чыгымдарга каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишке ашыруу сунушталсын.
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгер Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна жана/же буйругуна ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизүүгө чейин булактарын көрсөтүү менен кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча каржылоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен айына бир жолудан ашык эмес киргизүүгө.
8-берене.
2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Буга чейин облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2018-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Буга чейин облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1 жана 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2018-жылга төмөнкүлөрдөн түшкөн чегерүүлөрдүн ченемдери белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн салык агенти төлөөчү киреше салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин карамагына 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (роялти; алтын, мунай зат, газ сыяктуу стратегиялык пайдалуу кеңдерден тышкары) алардын иштелип чыккан орду (жайгашкан жери) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын (бонустар) пайдалануу үчүн салыктан - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалпы мамлекеттик салыктарды алардын болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.
11-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 9-тиркемеге ылайык 2018-жылы - 231044,5 миң сом, 2019-жылы - 229006,3 миң сом, 2020-жылы - 276214,0 миң сом суммасында камсыз кылынсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттери үчүн теңдөө гранттарынын өлчөмдөрү 10-тиркемеге ылайык чыгашалардын 1850000,0 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2019-2020-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө гранттарынын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөө трансферттеринин биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
4. Республикалык бюджеттен теңдөө трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартат.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жер салыгы боюнча базалык коюмдарды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечим кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү ушул Мыйзам менен бекитилген 2018-2020-жылдарга теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбей тургандыгы белгиленсин.
13-берене.
Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2018-жылга - 1662,0 сом, 2019-жылга - 1737,0 сом, 2020-жылга - 1815,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кайтарым негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз учурунда кайтарбаган жана аларды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жибергенде аларды кыскартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдары жоопкерчилик тартууга негиз болуп саналат.
2. Бюджеттик мекемелерге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, казына системасынан четтеп атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Аталган тартип бузулганда, атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
15-берене.
Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
17-берене.
1. 2018-2020-жылдарга министрликтердин жана административдик ведомстволордун программалык бюджети 11-тиркемесине ылайык жактырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор 11-тиркемеге ылайык бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарым жылдык отчетторду берүүгө милдеттүү.
18-берене.
Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан ашык эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган, мында биринчи өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна учурдагы жылдын 1-июлунан кечиктирилбей киргизилүүгө тийиш болгон бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдын жоболорун аткарууну камсыздасын.
19-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти