Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 624
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы кырк төртүнчү абзац менен толукталсын:
"мониторинг - коомдук жайларда, басылмаларда жайгаштырылган, радиодогу жана телеберүүдөгү жарнактык материалдарды байкоо, чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуу системасы. Мониторинг фото жана видеобайкоо аркылуу жүргүзүлөт, текшерүү болуп эсептелбейт жана ушул Мыйзамдын талаптарынын бузулушун аныктоого багытталган,";
2) 16-беренесинин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Интернет" маалымат-телекоммуникациялык тармактарында алкоголдук ичимдиктерин жарнамалоого.";
3) 26-беренесинин 1-пунктунун биринчи абзацы "сакталышына" деген сөздөн кийин "жарнактык материалга мониторинг жүргүзүү аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|