Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябры № 753
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган "Ачык маалыматтар боюнча иш-аракеттер планы" долбоорун ишке ашырууга карата, Грант TFSCB № 0A5660, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган "Ачык маалыматтар боюнча иш-аракеттер планы" долбоорун ишке ашырууга карата, Грант TFSCB № 0А5660, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган "Ачык маалыматтар боюнча иш-аракеттер планы" долбоорун ишке ашырууга карата, Грант TFSCB № 0А5660, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган "Ачык маалыматтар боюнча иш-аракеттер планы" долбоорун ишке ашырууга карата, Грант TFSCB № 0A5660, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банкка) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жал-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 753 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган "Ачык маалыматтар боюнча иш-аракеттер планы" долбоорун ишке ашырууга карата, Грант TFSCB № 0А5660, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган "Ачык маалыматтар боюнча иш-аракеттер планы" долбоорун ишке ашырууга карата, Грант TFSCB № 0А5660, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу кат Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине шайкеш келет.
Долбоордун максаты башкаруунун заманбап статистикалык потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана пилоттук ачык маалыматтар массиви менен толтурулган ачык маалыматтар улуттук платформасын түзүү жана ушул маалыматтарды алуу жана колдонуу боюнча калктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында коштоочу иш жүргүзүү жолу менен Кыргыз Республикасында маалыматтарды биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу болуп саналат.
Долбоор төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:
A бөлүгү. Ачык маалыматтар порталы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ачык маалыматтар порталын модернизациялоо жана жакшыртуу үчүн колдоону жана ачык маалыматтарга байланышкан ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде тармактык мыйзамдарды жана мыйзамдык актыларды, ошону менен бирге жүргүзүлүп жаткан саясатка ылайык талап кылынган тактоолорго жана иш-аракеттерге экспертиза менен бирге кайра карап чыгууну камсыз кылуу.
B бөлүгү. Ачык маалыматтардын мазмуну
Ачык маалыматтар пилоттук программасын иштеп чыгууну жана чечим кабыл алууга жооптуу жактардын жана маалыматтарды үзгүлтүксүз ачып берүүнү жана жаңылоону, анын ичинде зарыл болгон координациялык жана институттук механизмдерди камсыз кылуу үчүн, ошону менен катар жарандар менен мекемелердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу аракетинде маалыматтарды колдонууну камсыз кылуу үчүн айрым мекемелердеги маалыматтык технологиялар менен иштеген жактардын квалификациясын жогорулатуу боюнча жумуштарды күчөтүүнү камсыз кылуу.
C бөлүгү. Ачык маалыматтарга суроо талап
Бир катар массалык жана маалыматтык иш-чараларды, мелдештерди жана хакатондорду өткөрүү аркылуу ачык маалыматтарды колдонуу боюнча катышуучу бенефициарлардын маалымдуулугун жана квалификациясын жогорулатуу үчүн колдоо.
D бөлүгү. Долбоорду башкаруу жана потенциалды өнүктүрүү
Долбоорду башкаруу, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо, пландоо жана бюджеттөө, ошондой эле Долбоорго финансылык аудит жүргүзүү үчүн окутуу жана өсүүчү операциялык чыгымдарды, товарларды, консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн долбоордун аткаруучусуна берүү.
Макулдашуу катка ылайык төрт жүз элүү миң АКШ долларынан (450000 $) (Грант) ашпаган өлчөмдө грант бөлүп берүү сунушталган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу каттын долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 460-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашуу катка Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол койгон.
Аталган Макулдашуу катты ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоо талап кылынбайт.