Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 765
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2014-жылдын 18-июлу, № 56) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо жана пайдалануу тартибин укуктук регламентациялоо саналат.
2. Биометрикалык маалыматтарды чогултуунун, иштетүүнүн, сактоонун жана пайдалануунун максаттары:
1) укук бузуулардын алдын алуу, токтотуу жана жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчилик колдонуу;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, алуу жол-жоболорун жеңилдетүү;
3) инсанды идентификациялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү.".
2) 6-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Биометрикалык маалыматтар базасында камтылган биометрикалык маалыматтарды коргоо ушул Мыйзамга, жеке мүнөздөгү маалыматтар, электрондук башкаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Биометрикалык маалыматтар базасынан дайындарды, маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясында, жеке мүнөздөгү маалыматтар, электрондук башкаруу, мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жүзөгө ашырылат. Субъекттердин биометрикалык маалыматтары жөнүндө маалыматты берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3) 7-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалымат алуу жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамга жана ушул Мыйзамга ылайык биометрикалык маалыматтардын субъектисинин макулдугу болгондо жүзөгө ашырылат.
2. Биометрикалык маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалыматты алуу сот адилеттиги жүргүзүлгөн жана соттук актыны аткарган учурларда гана, ошондой эле улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, ыкчам издөө ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Ушул Мыйзам расмий кол коюлган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти