Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 772
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо:
- 7-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагындагы долбоорлордон тышкары эл аралык гранттык жана техникалык жардамды тартуу жана пайдалануу маселелерин белгиленген тартипте жалпы координациялайт;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |