Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 токтомдоруна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-марты № 85
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаментке;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментине;
4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине;
5) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментине;
6) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго;
7) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборуна;
8) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесине;
9) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборуна;
10) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтуна;
11) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү Терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү Терезе" борбору" мамлекеттик ишканасына;
12) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасына.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржылануучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү Терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынан, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынан тышкары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоонун булагы республикалык бюджет болуп санала тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
1) ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 52 "Бажы союзунун алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5 жана 10-пункттары;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 364 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 469 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-октябрындагы № 685 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-октябрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5 жана 7-пункттары;
20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 "Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
26) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
27) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 459 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ