Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 664, 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, 2020-жылдын 4-августундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин укугун улантуучу болуп саналат.
3. Агенттик инвестициялар, экспорт жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат. Агенттик өзүнүн ишинде түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине баш иет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Агенттик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомдоштук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракетте ишке ашырат.
6. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана кыргыз, орус жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар. Агенттик жарандык-укуктук мамилелерде өзүнүн атынан чыгат, жарандык-укуктук мамилелерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан чыгууга укуктуу.
7. Агенттик обочолонгон мүлккө, өзүнүн балансына ээ, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында жана банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептери бар, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарды сатып алууга жана сотто доогер жана жооп берүүчү болууга укуктуу.
8. Агенттиктин толук аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги";
- орус тилинде: "Агентство по продвижению и защите инвестиций Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "Investment Promotion and Protection Agency of the Kyrgyz Republic".
2. Агенттиктин максаттары
9. Агенттиктин максаттары Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, товарларды өнүктүрүүдө жана тышкы рынокторго илгерилетүүдө ата мекендик потенциалдуу жана иштеп жаткан экспорттоочуларга көмөктөшүү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Агенттиктин милдеттери
10. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- инвестициялык саясатты, инвестициялык активдүүлүккө дем берүү боюнча чараларды ишке ашыруу;
- экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомдоштуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын инвестициялык программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга жана коштоого байланышкан маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыздоо;
- инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына системалуу мониторинг жүргүзүүнүн негизинде өлкөнүн экономикасына тартылган чет өлкөлүк инвестицияларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, чет өлкөлүк капиталдар катышкан ишканалардын ишине, ошондой эле инвестор тарабынан инвестициялык милдеттенмелердин аткарылышына талдоо жүргүзүү, инвестициялык долбоорлордун өз учурунда жана натыйжалуу ишке ашырылышына тоскоол болгон факторлорду аныктоо, аларды чечүү үчүн ыкчам чараларды көрүү;
- белгиленген компетенциясынын алкагында экспортту өнүктүрүү боюнча программаларды жана пландарды аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүргүзүүдө келип чыккан инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;
- инвестицияларды, экспортту илгерилетүү жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Агенттиктин функциялары
11. Агенттик жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, экспорттоочулар жана Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү продукция жөнүндө, ошондой эле потенциалдуу инвесторлор, чет өлкөлүк импорттоочулар жана башка кызыкдар тараптардын арасында маалыматтарды жайылтат;
- чет өлкөлүк инвесторлорду издөөдө жана чет өлкөлүк инвесторлор менен келишимдерди түзүүдө ата мекендик ишканаларга көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду жана экспорттук контракттарды ишке ашырууга тартуу максатында потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлор жана импорттоочулар, ошондой эле ата мекендик ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышат жана байланыштарды түзүү боюнча чараларды көрөт;
- долбоорлордун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугунун, экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымынын негизинде чет өлкөлүк инвесторлордун инвестициялык сунуштарына экспертиза жүргүзөт;
- инвестициялык жана экспорттук саясаттын артыкчылыктарына жараша инвесторлорду жана чет өлкөлүк импорттоочуларды максаттуу издейт;
- эркин экономикалык зонанын иштешинин мамлекеттик саясатын ишке ашырат;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- инвесторлордун, инвестициялык долбоорлордун ата мекендик ишканалардын (иштеп жаткан жана потенциалдуу экспорттоочулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн) жана чет өлкөлүк импорттоочулардын маалымат базасын түзөт;
- "бирдиктүү терезе" принциби боюнча артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу инвесторлор менен өз ара аракеттенет;
- экспорттук рыноктор боюнча потенциалдуу жана иштеп жаткан экспорттоочуларга маркетингдик жана аналитикалык колдоо көрсөтөт;
- инвестицияларды илгерилетүү чөйрөсүндө мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- Европа бирлигинин Комиссиясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 2015/2447 аткаруучу регламентине ылайык экспорттоочулардын мүмкүнчүлүктөрүнө экспорттук диагностика жана баалоо жүргүзөт;
- Европа бирлигинин Комиссиясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 2015/2447 аткаруучу регламентине ылайык чет өлкөлүк импорттоочуларга ата мекендик продукциялар жөнүндө маалымат берет;
- ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товардык белгилерин илгерилетүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрөт;
- катталган экспорттоочулардын системасын (REX) администрациялайт, ошондой эле ушул системанын маалымат базасында ата мекендик экспорттоочуларды каттайт;
- өзүнүн демилгеси менен же импорттоочу тараптын компетенттүү органдардын суроо-талабы боюнча келип чыгуу жөнүндө декларацияда/арызда көрсөтүлгөн товарларды келип чыгуу шайкештигине верификациялайт, анын ичинде жеринде текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- инвестициялык талаш-тартыштын тараптарынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды уюштурат, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар, ошондой эле алардын кызмат адамдары жана өкүлдөрү менен потенциалдуу жана иштеп жаткан инвесторлордун өз ара аракеттенүүсүндө пайда болгон инвестициялык иштерди ишке ашырууда инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө консультациялык колдоо көрсөтөт;
- инвестициялар, экспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланыштуу консультацияларды, жыйындарды, семинарларды, форумдарды, көргөзмөлөрдү, соода миссияларын жана башка уюштуруучулук, маалыматтык, жарнамалык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 664 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, 2020-жылдын 4-августундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Агенттиктин укуктары
12. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- инвестициялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берүүгө;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илим-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- инвестициялык долбоорлор инвестициялык жана экспорттук ишти өнүктүрүүнүн максаттуу программалары боюнча каржылоо, кредит берүү, гарантияларды жана кепилдиктерди берүү үчүн келишимдик негизде кредиттик уюмдарды, фонддорду жана башка юридикалык жактарды белгиленген тартипте тартууга;
- иштерди аткарууга заказдарды жайгаштырууда мамлекеттик заказчы катары чыгууга;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга;
- бүтүмдөрдү өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте түзүүгө;
- жеке жана юридикалык жактар менен материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча белгиленген тартипте накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- кызматкерлерди конференцияларга, семинарларга жана башка, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагында өткөн иш-чараларга да катышуу үчүн командировкага жиберүүгө;
- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында, анын ичинде Агенттиктин каражатынын эсебинен окутууга;
- жеке жана юридикалык жактарды эмгек макулдашууларынын, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
- инвестициялык жана экспорттук стимулдарды түзүү, жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Агенттик өзүнө бекитилген мүлктү жана смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен сатып алынган мүлктү ээликтен ажыратып алууга же башка ыкмалар менен башкарууга укугу жок.
14. Агенттик келишимдик, кредиттик, эсептик, салыктык жана башка милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
15. Агенттиктин ишин директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине баш иет.
16. Агенттикте директордун орун басарынын кызматы каралат, ал Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.
17. Агенттиктин директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
18. Директордон жана директордун орун басарынан тышкары, Агенттиктин кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбейт.
19. Агенттиктин директору саясий мамлекеттик кызматты ээлеген жак болуп эсептелет. Агенттиктин директорунун орун басары мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналат.
20. Агенттиктин кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен белгиленет.
21. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин жалпы ишин жетектейт;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары жана уюмдары, чет мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде өз ыйгарым укуктарынын чегинде Агенттиктин атынан чыгат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге жана инвестициялык макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге кол коёт;
- белгиленген штаттык сандын чегинде Агенттиктин штаттык ырааттамасын жана түзүмүн бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде Агенттиктин кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына контролду уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарынан тышкары, Агенттиктин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Агенттиктин кызматкерлерине тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүнүштөрү, кызматтык нускамалары, кызматкерлеринин милдеттери жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттиктин ар жылдык иш планын бекитет;
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин мүлкүн жана каражаттарын белгиленген тартипте башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Агенттиктин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.
7. Финансылык жана чарбалык иши
22. Агенттик өз ишин жүргүзүү максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
- ыкчам башкаруу укугунда бекитилген мамлекеттин менчигиндеги мүлктү;
- финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объектилерди, өз ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин продуктулары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
23. Агенттиктин ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү Агенттиктин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
24. Агенттиктин финансы каражаттарынын булактары:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
- гранттык негизде алынган каражаттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
8. Корутунду жоболор
25. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
26. Агенттиктин ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.