Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 664
Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функциялардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана аларды аткаруу, ошондой эле Европа бирлигинин өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоону өстүрүү үчүн ВСП+ системасынын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жободо:
- 4-пунктунун 11-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- катталган экспорттоочулардын системасын (REX) администрациялайт, ошондой эле ушул системанын маалымат базасында ата мекендик экспорттоочуларды каттайт;
- өзүнүн демилгеси менен же импорттоочу тараптын компетенттүү органдардын суроо-талабы боюнча келип чыгуу жөнүндө декларацияда/арызда көрсөтүлгөн товарларды келип чыгуу шайкештигине верификациялайт, анын ичинде жеринде текшерүүлөрдү жүргүзөт;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |