Редакцияот 21.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 21-февралы № 106

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-январындагы № 21 "Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жоюлганына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-январындагы № 21 "Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С. Исаков