Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 106 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-январы № 21
Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы № 286 "2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) түзүлсүн.
2. Мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик дирекция Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү мезгилине карата түзүлөөрү белгиленсин.
4. Мамлекеттик дирекция бир жумалык мөөнөттө:
- Мамлекеттик дирекциянын жетекчилиги дайындалгандан кийин Мамлекеттик дирекциянын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Мамлекеттик дирекцияга акча каражатын издеп тапсын жана каржылоону жүргүзсүн;
- Мамлекеттик дирекцияны кармоого финансылык каражатты карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Мамлекеттик дирекция үчүн зарыл болгон маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде беришсин;
- Мамлекеттик дирекциянын ишине зарыл болгон көмөк көрсөтүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Мамлекеттик дирекцияны зарыл болгон жай менен камсыз кылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |