Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 852 токтому менен бекитилген |
2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасында (мындан ары - Программа) адамдын иммунодефицит вирусунан (мындан ары - АИВ-инфекциясы) пайда болуучу өнөкөт оорулардын жайылышын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаты, милдеттери жана негизги багыттары аныкталган.
Мамлекеттик түзүлүштөр, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан, Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясына чалдыгуу учурлары өсүүдө, алардын саны 2011-жылдан тартып 2016-жылга чейинки мезгилдин ичинде эки эседен ашык көбөйгөн. Эркектер, аялдар жана балдар арасында АИВ-инфекциясынын жайылуусу уланууда, аны менен негизинен эмгекке жөндөмдүү курактагы (20-49 жаштагы) адамдар ооруйт. АИВ-инфекциясынын жайылуусу өлкөдө экинчи - концентрацияланган стадиясында турат. Бул жагдай инфекция жугузуунун жогорку тобокелдик коркунучу келтирилген калктын негизги тобунун арасында артыкчылыктуу түрдө жайылышы менен байланышкан. Өлкөдө АИВ-инфекциясына калктын көпчүлүк бөлүгү чалдыгып, акыркы - башкы стадиясына өтүүнүн алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан иш-аракеттер жетишсиз бойдон калууда.
АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча милдеттер 2016-жылы аяктаган мамлекеттик программалардын алкагында ишке ашырылган эмес, бул жагдай программалык жана башкаруучулук тоскоолдуктар менен байланышкан. Атап айтканда АИВ-позитивдүү адамдарды жана калктын негизги тобунун өкүлдөрүн стигмага алуу жана басмырлоо кызмат көрсөтүүлөр каскадынын этабында бейтаптарды жоготууга, профилактикалоо программаларына катышуудан, тестирлөөдөн жана дарылануудан баш тартууга алып келет. Программаларды координациялоодогу көйгөйлөр, финансы каражаттарын натыйжасыз чыгымдоо фактылары, акыркы жыйынтыкка, башкача айтканда АИВ-инфекциясын жеңүүгө максаттын коюлбагандыгы; мониторинг жүргүзүү жана отчет берүү системасынын алсыздыгы сыяктуу маселелер жок эмес. Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга багытталган өлкөдө узак мөөнөттүү пландоо циклинин башталышын, эпидемиянын олуттуу көлөмгө айланышын алдын алуу боюнча өлкөнүн алдында турган милдеттердин тереңдигин жана маанилүүлүгүн эске алуу менен АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча улуттук чараларды комплекстүү стратегиялык өнүктүрүү зарыл.
Коомдук саламаттык сактоо позициясы боюнча жүргүзүлгөн иштер АИВ-инфекциясын профилактикалоого, АИВге чалдыккан адамдардын ден соолугун колдоого жана өмүрүн узартууга жөндөм түзөт, бул Кыргыз Республикасынын калкынын арасында ооруга жана өлүмгө дуушар болуу санын кыскартууга, ошондой эле аялдар жана балдар арасында
АИВ-инфекциясынын жаңы учурларын алдын алууга багытталган.
Жол картасында (5-тиркеме) ушул Программаны мамлекеттик каржылоого өткөрүү каралган. Программанын долбоору улуттук жана эл аралык эксперттер жүргүзгөн гендердик жана техникалык экспертизадан өткөн.
1. Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясынын эпидемиясынын учурдагы өнүгүү тенденциясына талдоо жана баалоо жүргүзүү
Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясынын жайылуусунун жогорку темпи байкалууда. 2011-жылдагы мезгилден тартып өлкө боюнча АИВ-инфекциясынын расмий түрдө катталган учурлардын жалпы саны эки эседен ашык көбөйгөн (2011-жылдагы 3270 учурдан, 2016-жылы - 7108 учурга чейин). ДСУ/ЮНЭЙДСтин баалоосу боюнча 2016-жылы өлкөдө АИВге чалдыккан 8307 адам (мындан ары - АЧА) болгон, бул расмий маалыматтарга караганда 1,6 эсеге көбүрөөк (5158). АИВге чалдыккан аялдардын саны 2,8 эсеге көбөйгөн (2011-жылдагы 802ден, 2016-жылы 2313 адамга чейин кумулятивдик). Эгерде 2011-жылы жаңы катталган АЧАнын санынан аялдар 30,7%ды түзгөн болсо, анда 2016-жылы 41,8% аялдар катталган (1-сүрөт).
1-сүрөт: 1996-2016-жылдары Кыргыз Республикасында жыныс боюнча АИВ-инфекциясын каттоо динамикасы
84,3% учурлары 20-49 жаш курактагы адамдардан аныкталган. Көрсөтүлгөн мезгилде 15 жашка чейинки курактагы 589 бала катталган. Балдардын көпчүлүгү өлкөнүн түштүгүндө 2007-2008-жылдары АИВге оорукананын ичинде жуктуруунун натыйжасында чалдыккан. АИВ-позитивдүү энеден АИВди балага жуктуруунун көрсөткүчү жалпы төрөлгөн балдардын санына карата 2011-жылдагы 5,5%га салыштырмалуу 2016-жылы 2%га азайган.
АИВ-инфекциясына чалдыгуу учурлары өлкөнүн бардык региондорунда катталган. АИВдин кыйла кеңири таралышы Ош шаарында байкалган - 1000 адамга 2,5 учурду түзөт; Чүй облусунда - 1,6; өлкө боюнча жалпысынан 1000 адамга - 0,85. Төрт облуста - Нарында, Ысык-Көлдө, Таласта жана Баткенде - АИВдин таралуу деңгээли төмөн болгондугу (1000 адамга 0,4) белгиленген.
АИВге байкоо жүргүзүүнүн бүткүл мезгилинде 1987-жылдан тартып 2016-жылга чейин 1578 адам, анын ичинде 69 бала көз жумган. Өлүмгө учуроонун негизги себеби АИВдин жана кургак учуктун айкалышкан инфекциясы болуп саналат, анын айынан АИВ менен СПИДдин кесепетинен көз жумган адамдардын жалпы санынан 37,6% же 585 адам каза болгон.
АИВ-инфекциясы өнүгүүнүн экинчи - концентрацияланган стадиясында турат. Ал инъекциялык баңгизаттарын колдонгон адамдардын (мындан ары - ИБКА) арасында АИВдин артыкчылыктуу түрдө жайылышы менен аныкталат, алар өлкөдөгү АИВ-позитивдүү жарандарынын жалпы санынан 48%ды түзөт (6736дан 3237). Баңгизаттарын колдонгон адамдардын арасында АИВге чалдыгуу жалпы калктын санына карата 33 эсеге жогору, ал 2016-жылы жалпы калктын 1000 адамына карата 0,12ге салыштырмалуу ИБКАнын 1000 адамына карата 7,1 адамды түзгөн. Ошону менен бирге жаңы аныкталган адамдардын арасында АИВди жыныстык жол менен жугузуу учурлары көбөйгөндүгү байкалган, бул көрсөткүч 2011-жылдагы 31,1%дан 2016-жылы 51%га чейин өскөн, ушул эле учурда АИВ-позитивдүү аялдардын саны да көбөйгөн. Ошентип тандап алынма изилдөөлөрдүн маалыматтарына ылайык, баңгизаттарын колдонгон адамдардын сексуалдык өнөктөштөрүнүн 5,1%ы АИВ-инфекциясына 2013-жылы чалдыккан, бул көрсөткүч өлкөдө АИВдин көпчүлүк учурда жыныстык жол менен жайылып жаткандыгын айгинелейт.
Баалоолорго ылайык калктын негизги тобу салыштырмалуу көп санын түзбөйт (1%дан азыраак), анын ичинде: 25000 ИБКА; 7100 - секс-жумушчулар (мындан ары - СЖ) жана 22000 эркектер менен сексуалдык мамиле түзгөн эркектер (ЭМЭ), алардын ичинен 11692 адам жеткиликтүү. Азыркы учурда АИВ-инфекциясы калктын жогоруда аталган тобунун арасында артыкчылыктуу түрдө концентрацияланган, бул аталган багыттар боюнча профилактикалык программаларды күчөтүүнү талап кылат.
2. Негизги жетишкендиктер жана проблемалар
2015-жылы Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программаны аткарууга орто мөөнөттүү баалоо жүргүзүлгөн. Ошондой эле АИВ-инфекциясы жаатындагы программаларга тартылган инвестицияларды баалоо боюнча отчет даярдалган. Бул Программа жогоруда аталган баалоолордун жана АИВ-инфекциясынын андан ары өнүгүшүнүн божомолуна жана кызмат көрсөтүүлөрдүн багытына, камтуу көлөмүнө жана финансылык чыгымдардын түзүмүнө жараша түзүлөт.
Мамлекеттик саясат
АИВ-инфекция жаатындагы мамлекеттик саясат көп сектордук мамилеге негизделген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программа; Кыргыз Республикасынын 2012-2018-жылдарга "Ден соолук" саламаттык сактоону реформалоонун улуттук программасы; ведомстволук ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программанын 17 милдетинен 10у коюлган максаттарга жеткен эмес. Бул жагдай стратегиялык мамиленин жоктугу, артыкчылыктуу багыттарды каржылоонун чектелгендиги, мониторинг жана баалоо системасынын начардыгы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк үчүн механизмдердин жоктугу менен байланышкан. АИВ-инфекциясынын жайылышын токтотуу үчүн эпидемиянын мүнөзүн, инфекцияга кыйла чалдыккан калктын тобун жана конкреттүү адамдын муктаждыктарын эске алуу менен программанын артыкчылыктуу бөлүктөрүн аныктоо зарыл. Улуттук чаралар эки багыт боюнча кайра каралышы керек: натыйжаларга жетүүгө багыт алуу жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү; бул натыйжалар үчүн аткаруучулардын ортосунда жоопкерчиликти так бөлүштүрүү.
Мамлекеттик саясатты координациялоо
АИВ-инфекциясын жеңүү маселелери боюнча министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом мекемелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин координациялоону жана оптималдаштырууну күчөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу АИВ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча өлкөлүк координациялык комитетинин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин (КСКК) ишине интеграцияланган.
Кыргыз Республикасынын АИВ-инфекциясы жаатындагы мыйзамдары эл аралык укук ченемдерине шайкеш келет жана профилактикалык программаларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт. Адам укуктары жана гендердик теңчилик боюнча эл аралык конвенцияларды аткаруу боюнча өлкөнүн улуттук жана альтернативдик отчетторуна улуттук мыйзамдардын ченемдерин сактоону жана негизги топко таандык адамдардын укуктарын бузууларын документтештирүү кирет. Отчетторго ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулары, атап айтканда мыйзамсыз кармоо, коркутуу, кемсинтүү жана зомбулук фактылары киргизилген. Мындай практика СЖ жана ЭМЭ менен байланышкан жаңы мыйзамдык демилгелер менен катары калктын негизги тобунун арасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча программаларды аткаруу үчүн тоскоолдук жаратууда
Стигма жана басмырлоо
АЧАга карата стигма жана басмырлоо, атап айтканда бейкапар мамиле кылуу, АВИ-статусу жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу АИВ менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү алууга негизги тоскоолдук болуп эсептелет. Негизги топтун өкүлдөрүнүн АИВге тестирлөөдөн; профилактикалоо жана дарылоо программаларына катышуудан баш тартуусу АИВдин жайылышынын уланышына, дарыланууга кеч кайрылууга, СПИДдин айынан өлүмгө учуроо санынын өсүүсүнө алып келет. Алсак, 2015-жылы АЧАнын 15,2%ы АИВ-инфекциясынын өтүшүп кеткен стадиясында катталган. Адамдар өзүнүн АИВ-статусунун ачыкка чыгып жайылып кетүүсүнөн коркуп, дарылануудан баш тартышат.
2-сүрөт. АИВге чалдыккан баңгизаттарын колдонуучу адамдарды дарылоо менен камтуу боюнча кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүү, 2015-жыл.
Каржылоо
АИВ-инфекциясы боюнча программаларды мамлекеттик каржылоонун көлөмү өткөн мезгилден бери негизинен персоналдын эмгек акысын жогорулатуунун эсебинен 40%га көбөйгөн. Калктын негизги тобу жана АИВ-инфекциясын дарылоо үчүн профилактикалык программалардын 95% көлөмүн камсыздоочу донорлордун каржылоосуна көз карандуулук сакталууда.
Кыргыз Республикасында АИВге жооп кайтарууда инвестицияларды оптималдаштыруу боюнча изилдөөнүн (2015-ж.) натыйжасында учурдагы каржылоо эпидемияны ооздуктоого жөндөм түзүп жаткандыгы белгиленген, бирок жетишсиз бойдон калууда. Бул каржылоо сакталган учурда АИВ эпидемиясынын акырындык менен өсүүсү жана АЧА санынын 2015-жылдагы 8100дөн 2020-жылга карата 10200 адамга чейин өсүүсү күтүлүүдө. Каржылоо токтотулган учурда 2017-жылдан тартып 2020-жылга чейинки мезгил аралыгында СПИДдин айынан 5600 адам каза болуп,
АИВ-инфекциясынын саны 8100дөн 28100гө чейин кескин өсүүсү күтүлөт. Башкача айтканда калктын негизги тобунун арасында дарылоого жана профилактикалоого көңүл буруу менен учурдагы чыгымдарды калтыруу 2015-2020-жылдардагы АИВ-инфекциясынын 18000 жаңы учурларынын алдын алууга жөндөм түзөт.
Калктын негизги тобунун арасында профилактикалоо
Отчетторго ылайык зыяндын деңгээлин төмөндөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен жарандык сектордогу жана абактагы 12598 баңгизаттарын колдонуучулар камтылган (анын ичинде 1472 аял). 1673 ИБКА апийим алмаштыруучу терапия боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн алган. Бирок процедуралардын татаалдыгынан жана өзүнүн статусун билүүдөн корккондуктан баңгизаттарын колдонгон адамдарды АИВге тестирлөөгө 155тен 538 күн жана аларды дарылоо башталганга чейин дагы жарым жыл кетет.
Диагностика
Калктын негизги тобун АИВге тестирлөө менен камтуу акыркы 2 жылда эки эсеге көбөйгөн. Бирок, баңгизаттарын колдонуучу адамдардын болжолдуу санынан 40%ы гана текшерилген. Калктын негизги тобунун жалпы үлүшү өлкө боюнча жалпысынан 2015-жылы АИВге тестирлөөдөн өткөн жалпы адамдардын санынан 3,1%ды түзгөн. Биожүрүм-турумду изилдөөгө ылайык өзүнүн АИВ статусун баңгизаттарын колдонуучу адамдардын 43,7%ы билген; 49,1% СЖ жана 20,6% ЭМЭ. Азыркы учурга чейин АИВге тестирлөөнүн ажырагыс курамы болуп саналган консультация берүү жөнгө салынган эмес. АИВ-позитивдүү адамдардын жарымынан аз бөлүгү (41,9%) зарыл болгон консультация алышкан, 16,9%ы АИВ-статусун билгенде эч кандай консультация алышкан эмес. Негизги топту тестирлөө менен камтууну көбөйтүүнүн натыйжасында АИВ-инфекциясын аныктоону жогорулатууга жана дарылоону эрте баштоого, өлкөдө АИВ-инфекциясынын андан ары жайылышын кыскартууга жөндөм түзүлөт.
Дарылоо
Кыргыз Республикасында АИВ-позитивдүү адамдардын өмүрүн сактоого, ошондой эле АИВдин жайылышын чектөөгө жөндөм түзүүчү антиретровирустук терапия колдонулат. АРТнын камтуусу 5 эсеге көбөйгөн: 2011-жылдагы 510 адамдан 2016-жылы 2668 АЧАга чейин. Адамдарды 12 ай бою үзгүлтүксүз дарылоо 78,8%ды түздү, ал эми дарылоонун натыйжалуулугу, башкача айтканда вирусту басуу - 58,4%ды түздү. Бирок, АИВге чалдыккан адамдарды дарылоо менен начар камтуу (катталгандардын санынан 51,7% жана болжолдуу сандан 26%), ошондой эле дарылоонун жакшы натыйжа бербегендиги профилактика жана тестирлөө менен талаптагыдай камтылбагандык катары өлкөдө АИВ-инфекциясынын андан ары жайылышын токтотууга жөндөм бербеген факторлор бойдон калууда.
Жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды (мындан ары - ЖЖЖИ) дарылоо жана сексуалдуу репродуктивдүү ден соолук боюнча кызматтарды көрсөтүү эл аралык донорлор тарабынан каржылануучу бир нече долбоорлор менен чектелген. Алар калктын муктаждыгын камсыздабайт. Ошону менен бирге, сифилистин жогорку жайылуу деңгээли сакталууда. Алсак, биожүрүм-турумду изилдөөнүн маалыматтары боюнча 2016-жылы текшерүүгө алынган адамдардын арасында баңгизаттарын колдонуучу адамдардын 13,9%да сифилистин антителолору аныкталган; СЖнын 25,1%нда жана ЭМЭнин 10,8%нда.
АИВге чалдыккан балдар
АИВ-инфекциясына чалдыккан балдар менен байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин контролунда турат. Балдарды дарылоо менен камтуу жогорку деңгээлде камсыздалган, ал 2016-жылы 80,2%га жеткен. Бирок 2010-жылдан тартып 39 АИВ-позитивдүү бала өлүмгө учураган, бул балдар АИВ-инфекциясынын өтүшүп кеткен стадиясында кеч аныкталгандыгы менен байланышкан.
АИВге чалдыккан балдар өзүнүн АИВ-поизитивдүү статусун билдирүү жана кабыл алуу менен байланышкан психологиялык колдоого муктаж.
Саламаттык сактоо секторунун иштери
Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программаны аткаруунун мезгилинде дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр биринчи медициналык-санитардык жардам уюмдарынын деңгээлинде шаардагы жана айыл жериндеги калк үчүн жеткиликтүү болуп эсептелет. АИВ-инфекциясынын маселелери медицина кызматкерлерин үзгүлтүксүз даярдоонун бардык курстарынын программаларына киргизилген. АИВ-инфекциясын диагностикалоо жакшыртылды, стандарттуу операциялык жол-жоболор иштелип чыкты, сапатты ички жана тышкы контролдоо, заманбап изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн лабораториялардын жабдуулары модернизацияланды. Медициналык процедуралардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү жана чараларды өркүндөтүүгө олуттуу маани берилген. Бирок, иш-чаралардын көпчүлүгү донорлордун колдоосунда ишке ашырылып келген, бул жагдай донордук каржылоо токтотулган учурда алардын туруктуулугуна кепилдик бербейт. Кадрлардын тез-тез алмашып туруусу жетишилген натыйжаларды жоготуу коркунучун туудурат. Саламаттык сактоону жетишсиз каржылоо медициналык процедуралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптагыдай чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат, бул медициналык шаймандардын жетишсиздиги менен байланышкан жана оорукананын ичинен инфекция очогунун кайрадан пайда болуу коркунучун түзүшү мүмкүн. Дары-дармек препараттарын жабдууларды жана реактивдерди жеткирүү, ошондой эле аларды ташуу жана сактоо маселелери чечилген эмес, бул мамлекеттик каржылоого өткөрүүдө жабдуулар менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
3. Программанын максаты жана милдеттери
Программанын максаты: 2030-жылга карата Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү багытындагы этап катары 2015-жылга салыштырмалуу 2021-жылга чейин АИВ менен шартталган ооруга жана өлүмгө учуроонун санын 50%га кыскартуу аркылуу
АИВ-инфекциясынын жайылышын мүмкүн болушунча кыскартуу.
Программанын милдеттери:
1. Өзгөчө калктын негизги тобунун арасында АИВ-инфекциясынын жаңы учурларынын санын 2015-жылга салыштырмалуу 2021-жылга карата 50%га кыскартуу.
2. АИВге чалдыккан адамдардын 90%ы өзүнүн АИВ-статусу жөнүндө кабардар болуусун камсыздоо.
3. АИВге чалдыккан адамдардын 90%ын антиретровирустук терапия менен (мындан ары - АРТ) камтуу жана 2021-жылга карата АРТ алган адамдардын 90%да вирусту басууга жетишүү.
4. Энеден балага АИВди жугузуу үлүшүн 2%дан азыраак деңгээлге чейин кыскартууга жетишүү, натыйжада 2021-жылга карата ал толугу менен жоюлат.
5. Калктын негизги тобуна жана АЧАга АИВ менен байланышкан кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик уюмдарда стигманын жана басмырлоонун деңгээлин жокко чыгаруу.
6. АИВге чалдыккан адамдарга жана калктын негизги тобуна карата дискриминациялоочу практикалардын, мыйзамдардын жана башка ченемдик актылардын санын жокко чыгаруу.
7. 2021-жылга карата 50% чейин АИВ-инфекциясын профилактикалоо жана дарылоо программаларын каржылоонун мамлекеттик үлүшүн акырындык менен көбөйтүүнүн эсебинен
АИВ-инфекциясына каршы аракет көрүү чараларын координациялоону жана туруктуу каржылоону камсыздоо.
4. Программанын артыкчылыктары
Көңүл буруңуздар! Бул Программада 4-бөлүк эки жолу кездешет. Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
1. Калктын негизги тобунун өкүлдөрү - 90% эркек жана аялдар үчүн АИВди комплекстүү профилактикалоого жана тестирлөөгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.
2. Эркектер, аялдар жана балдар үчүн "АИВге чалдыккан бардык адамдарды дарылоо" принциби боюнча АИВ-инфекциясын дарылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.
Артыкчылыктуу багыттар калктын негизги тобунун жана АИВдин жайылышы 33 эсеге, өлкөнүн калкына салыштырмалуу тиешелүү түрдө 50 эсеге жогору болгон алардын жыныстык өнөктөштөрүнүн арасында АИВди концентрациялоо менен аныкталат. АИВди профилактикалоо жана тестирлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр, дарылоо, кароо жана колдоо көрсөтүү менен камтууну кеңейтүү аркылуу АИВди андан ары жугузуунун алдын алууга, АИВди балдарга жугузуу коркунучун азайтууга жөндөм түзөт.
5. Программанын стратегиялык багыттары
Көңүл буруңуздар! Бул Программада 5-бөлүк эки жолу кездешет. Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
2021-жылга карата коюлган максатка жана милдеттерге жетүү үчүн үч стратегиялык багыт боюнча максаттуу иш-аракеттер көрүлөт. Мындай мамиле комплекстүү медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде максималдуу натыйжалуулукту камсыздоого, саламаттык сактоо секторунун ишин башка мамлекеттик ведомстволор жана кызматтар, мамлекеттик эмес сектор жана АИВ-инфекциясына тиешеси бар адамдардын коомдоштуктары менен макулдашууга, ошондой эле эл аралык техникалык жана финансылык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатууга жөндөм түзөт.
1-стратегиялык багыт. Калктын негизги тобу үчүн диагностикалоо, дарылоо, кароо жана колдоо боюнча кардарга багытталган кызмат көрсөтүүлөр пакетин камсыздоо
1.1. Калктын негизги тобуна сапаттуу профилактикалык кызматтарды көрсөтүү
Өлкөдө АИВдин андан ары жайылышынын алдын алуу үчүн шприцтерди алмашуу, апийимдик алмаштыруу терапия программасынын камтуусу баңгизаттарын колдонгон адамдардын, анын ичинде камактагылардын болжолдуу санына карата 90%га чейин кеңейтилет (12460тан 22500 адамга чейин, анын ичинде 2500 адам алмаштыруучу терапияны алышат). АИВ-инфекциясын жана ЖЖЖИ профилактикалоо менен 90% СЖ (3480ден 6390 адамга чейин), 75% ЭМЭ жана трансгендерлер (3300дөн 16500гө чейин адам) камтылат. Негизги көңүл ушул топтордун жаш өкүлдөрү менен иштөөгө бурулат.
Бул кызмат көрсөтүүлөр өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан саламаттык сактоо уюмдары менен кызматташтыкта берилет. Негизги топтун бардык АИВ-позитивдүү өкүлдөрү дарылоо программаларына коштоп жиберилет, ал эми жаңы аныкталган бардык АЧАларга профилактикалоо программаларына коштоо сунушталат. Ошондой эле жарандык жана абактык жардам көрсөтүү системаларынын ортосунда программаларды улантуу иши жөнгө салынат.
1.2. АИВге ыктыярдуу консультация алууга жана тестирлөөгө жеткиликтүүлүктү уюштуруу
АИВге консультациялоо жана тестирлөө калктын негизги тобунун (45390 адам) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен АИВ-инфекциясы боюнча клиникалык протоколдор менен каралган адамдардын 90%ын камтуу үчүн кеңейтилет. Андан ары саламаттык сактоо уюмдарына социалдык коштоо менен өкмөттүк эмес уюмдардын базасында АИВге тестирлөө жана консультациялоо кеңейтилет, ошондой эле АИВге өзүн-өзү тестирлөө киргизилет. АИВ жуктуруу коркунучу келтирилген адамдарга контакт түзүлгөнгө чейин жана андан кийин профилактикалоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
1.3. АИВ-инфекциясы боюнча клиникалык протоколдорго ылайык АЧАны дарылоо, кароо жана колдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү
Антиретровирустук терапия 2021-жылга карата АИВге чалдыккан эркектер, аялдар жана балдар, анын ичинде эркиндигинен ажыратылган жерлерде аныкталгандардын 90%дан кем эмес санына берилет (2015-жылдагы 2109 адамдан 2021-жылга карата 8644 адамга чейин). Кургак учукту жана башка мүмкүн болуучу инфекцияларды өз убагында аныктоого жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулат. Дарылоого мониторинг жүргүзүү, дарыланууга аракет кылууну калыптандыруу, кароо жана колдоо, ошондой эле паллиативдик жардам көрсөтүү боюнча программаларды кеңейтүү аркылуу дарылоонун натыйжалуулугу жогорулайт жана АИВди жугузуу коркунучу азаят.
1.4. Аялдар жана балдар арасында АИВ-инфекциясын жеңүү
Энеден балага АИВди жугузууну профилактикалоо бала төрөөгө жөндөмдүү курактагы бардык АИВ-позитивдүү аялдарды АИВ боюнча дарылоону эрте дайындоону жана кош бойлуулук учурунда профилактикалык дарылоону талап кылат. Жубайлардын бири АИВ-инфекциясына чалдыкпаган үй-бүлөлөрүн пландоо, ошондой эле аялдарга жана жүрүм-турум коркунучу бар үй-бүлөлөргө негизги көңүл буруу менен кош бойлуу аялдарды АИВге тестирлөөдө консультациялоо программалары боюнча иштер күчөтүлөт. Программалардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ымыркайларды АИВге эрте тестирлөө балдар арасында АИВ-инфекциясын жоюуга алып келет.
АИВге чалдыккан балдар мамлекеттик социалдык колдоо менен камсыздалат. Аларга АИВ-позитивдүү статус ачуудан мурда психологиялык колдоо жана АИВге чалдыккан өспүрүмдөр үчүн улуттук жана региондук программаларга катышуусун камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүлөт. Бул иштер медициналык кызматкерлердин, кесипкөй психологдордун жана жарандык сектордун кызматташуусунда ишке ашырылат.
2-стратегиялык багыт. 2021-жылга карата Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча чараларды күчөтүү үчүн саламаттык сактоо системасын чыңдоо
Комплекстүү медициналык тейлөөнүн ар түрдүү этаптарында кызмат көрсөтүүлөрдү децентралдаштыруу жана интеграциялоо концепциясы жеке багытталган, жеткиликтүү жана комплекстүү кызматтарды көрсөтүүнү камсыздайт, натыйжада калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жана майнаптуулугу жогорулайт. Бул улуттук, облустук жана жергиликтүү деңгээлде; жарандык жана пенитенциардык сектордо кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
2.1. Саламаттык сактоо системасында АИВ-инфекциясы жаатында иштерди натыйжалуу башкарууну жана координациялоону камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык борбору АИВге тестирлөө менен камтуудан, профилактикалык программаларды уюштуруудан баштап АИВ-инфекциясын дарылоону эрте баштоого жана анын натыйжалуулугуна жетүүгө, башкача айтканда вирусту азайтууга чейин АИВ менен байланышкан үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык этаптарын координациялоону камсыздайт. АИВ жугузуу коркунучунда турган калктын тобун профилактикалоо жана дарылоо менен камтууну жогорулатуу үчүн ченемдик укуктук база, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын кадрдык потенциалын калыптандыруу, каржылоо жана уюштуруучулук өнүктүрүү маселелери өркүндөтүлөт.
СПИД борборлорун башкарууну жакшыртуу жана маанисин жогорулатуу үчүн СПИД кызматы оптималдаштырылат; майнаптуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн анын ишин каржылоо механизмдери өркүндөтүлөт.
2.2. Стратегиялык маалыматты чогултууну жана талдоону жакшыртуу
Мониторинг жана баалоо системасы Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү максаттарынын индикаторлору менен синхрондоштурулат. Маалыматты чогултуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашылган же бекитилген отчеттуулук формалары боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттуулук системасына ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик статистикалык отчеттуулук формалары жеке саламаттык сактоо уюмдарына жана эл аралык уюмдардын долбоорлоруна маалымат берүү үчүн негиз болуп калышы керек, алар отчет берүү мөөнөттөрү, ошондой эле индикаторлор боюнча синхрондоштурулушу керек. Мамлекеттик программанын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы тиркелет (4-тиркеме).
Натыйжаларга жетүүнү талдоо үчүн улуттук жана эл аралык эксперттер, ошондой эле жарандык коом уюмдары жана калктын негизги тобунун коомдоштуктары тартылат, алар берилген отчеттордун объективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн маалыматтарды тандап алып, салыштырып турушат. Ушул максат үчүн эл аралык эксперттер жүргүзгөн тышкы серептер жана баалоолор колдонулушу мүмкүн.
Учурдагы маалыматтык системаларга талдоо жүргүзүү жана бирдиктүү жөнөкөйлөтүлгөн маалыматтар базасы түзүлөт, ал саламаттык сактоонун маалыматтык системасы менен бириктирилет. Улуттук мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасынын маалыматтык агымдары, жооптуу адамдары жана уюмдары, ошондой эле анын иштөөсүнүн административдик жана финансылык механизмдери аныкталат.
АИВдин дары-дармектерге туруктуулугун көзөмөлдөө жана эртерээк алдын алуу көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү механизмдери АИВге тестирлөө жана АИВ-инфекциясын дарылоо менен алектенген бардык кызматтардын ишине интеграцияланат. АИВ-инфекциясын лабораториялык шарттарда диагностикалоонун сапатын ички жана тышкы контролдоо камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускамаларды бекитүү жөнүндө" токтому менен каралган медициналык жардам көрсөтүүдө коопсуздук чараларын камсыздоо бардык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат, ал эми мониторинг жүргүзүү Департамент, инфекциялардын алдын алуу борборлору жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул оорукананын ичинен АИВди жугузуунун жана башка кандан өтүүчү башка инфекциялар менен ооруунун алдын алууга жөндөм түзөт.
Кыргыз Республикасы АИВди жеңүү боюнча чараларды жана региондук программаларды ишке ашыруу боюнча ар жылдык эл аралык отчеттуулук системасына катышуусун улантат.
Калктын негизги тобунун санын мезгилдүү баалоо жана бул топтордогу инфекциянын жайылышына мониторинг жүргүзүү эпидемиянын абалын баалоо жана кыйла артыкчылыктуу багыттар боюнча иш-чараларды оптималдаштыруу үчүн негиз болуп саналат.
Мониторинг жана баалоо боюнча республикалык, облустук жана райондук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин потенциалы бекемделет, ошондой эле СПИД кызматын жана АИВ-инфекциясы боюнча бирдиктүү электрондук тармакка кошулуу үчүн биринчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарын техникалык жабдуу жакшыртылат.
2.3. АИВ-инфекциясы менен байланышкан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
Биринчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарын АИВге байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр боюнча борбордон ажыратуу, лабораториялык-диагностикалык базаны жакшыртуу айылдардын жана чакан шаарлардын калкы үчүн комплекстүү жана адамдардын муктаждыктарына багытталган жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт, натыйжада АИВ-инфекциясын профилактикалоо жана дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн башка саламаттык сактоо кызматтар менен бириктирүүгө жөндөм түзүлөт. Айкалышкан инфекцияларды, биринчи кезекте кургак учукту өз убагында аныктоого жана дарылоого, ошондой эле сектуалдык жана репродуктивдүү ден соолукту чыңдоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул үчүн саламаттык сактоо системасында мамлекеттик социалдык заказ киргизилет жана өкмөттүк эмес уюмдардын отчеттуулук формалары аныкталат. Мульти-дисциплинардык команда принциби боюнча кызмат көрсөтүүлөр кеңейтилет жана институциялаштырылат.
АИВ-инфекциясын жана АИВ менен байланышкан ооруларды диагностикалоо жана дарылоо боюнча улуттук колдонмолор жана протоколдор; калктын негизги тобу үчүн кызмат көрсөтүүлөр стандарттары; өкмөттүк эмес уюмдардын базасында шашылыш тестирлөө жана өз алдынча тестирлөө кайра каралат.
АИВ-инфекциясын, ошондой эле мүмкүн болуучу инфекцияларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медикаменттерди, реактивдерди, жабдууларды үзгүлтүксүз берүү камсыздалат; дары-дармек каражаттарын сактоо, ташуу жана бөлүштүрүү системалары жакшыртылат. Дары-дармек каражаттарын сатып алуу жана жеткиликтүүлүгүн жөнгө салуучу, анын ичинде эл аралык уюмдар аркылуу сатып алууну караштыруучу ченемдик база өркүндөтүлөт. Өз учурунда бул Кыргыз Республикасынын жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесин туруктуу жаңылоону, АИВ менен байланышкан ооруларды дарылоо үчүн заманбап препараттарды жана диагностикалоо каражаттарын өз убагында каттоону талап кылат.
Дипломдук жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү программалары жаңыртылат, заманбап окутуу методдору, анын ичинде on-line окутуу; вебинар, каскаддык жана практикалык окутуу ыкмасы киргизилет. Окутууга болгон муктаждыкты электрондук пландоо, ошондой эле билим берүү сапатына жана алынган билимди практикалык колдонууга мониторинг жүргүзүү аркылуу билим берүү программаларынын натыйжалуулугу жогорулатылат. 90% медициналык адистер, анын ичинде орто медициналык кызматкерлер АИВ-инфекциясы жана чектеш проблемалар жаатындагы практикалык окутуу менен камтылат.
3-стратегиялык багыт. Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү үчүн жагымдуу экономикалык, укуктук жана социалдык шарттарды түзүү
3.1. Стигманын жана басмырлоонун деңгээлин азайтуу, коомдун АЧАга жана калктын негизги тобуна карата толеранттуулугун жогорулатуу
Калктын негизги тобуна жана АЧАга карата стигманын жана басмырлоонун деңгээлин азайтуу профилактикалоо жана дарылоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктүн тоскоолдуктарын алып салат. Бул үчүн АИВге чалдыккан адамдарга жана негизги топторго карата стигманын индекси бааланат, ошондой эле стигманын деңгээлин азайтуу боюнча коммуникациялык стратегия иштелип чыгат жана киргизилет. Адамдардын, АЧАнын жана негизги топтун укуктарын камсыздоо активисттерди окутуу, консультация берүү жана сырттагы юристтердин жана адвокаттардын укуктук коштоосу аркылуу камсыздалат, ошондой эле ушул топтордун укуктук абалына мониторинг жүргүзүү максатында адам укуктарынын бузуулары документтештирилет. Коомдук лидерлердин кеңири катышуусунда жана басма сөз, электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен адвокациялоо кампаниялары өткөрүлөт.
3.2. Адам укуктарын сыйлоо, гендердик тең укуктуулук жана басмырлабоо принциптеринде улуттук мыйзамдардын ченемдерине ылайык АИВ боюнча программалардын аткарылышын камсыздоо
Негизги топтор жана АИВге чалдыккан адамдар үчүн үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү жана жалпы камтууга жетишүү үчүн АИВ-инфекциясы жана чектеш проблемалар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын баалоо, ошондой эле алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлөт. Гендердик тең укуктуулук жана гендердик зомбулукту жеңүү маселелери АИВ жаатындагы бардык программалардын курамдык бөлүгү болот.
АИВ-инфекциясынын укуктук аспекттери, стигма жана басмырлоо маселелери укук коргоо органдарынын, Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун, прокуратура жана сот органдарынын кызматкерлерин кесиптик даярдоо боюнча окутуу программаларына киргизилет.
3.3. Программаны координациялоо жана башкаруу
АИВ-инфекциясына каршы аракеттенүү боюнча улуттук чараларды жалпы координациялоо, анын ичинде министрликтердин, ведомстволордун, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүүсү КСКК тарабынан жүзөгө ашырылат. КСКК жылына бир жолу Программанын натыйжаларына жетүү боюнча негизги аткаруучулардын отчетторун угат, өткөрүлгөн иш-чаралардын, аларды каржылоо көлөмдөрүнүн жана механизмдеринин майнаптуулугун баалайт.
Программаны оперативдүү башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин алдындагы АИВ/СПИДке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча комитет аткарат. Кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн аталган Комитеттин курамына жарандык сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, АИВ-позитивдүү адамдар жана кургак учук менен ооругандар кирет. Комитет жоопкерчилик чөйрөсүнө ылайык Программанын ар бир аткаруучусун жылына 2 жолудан кем эмес, зарылдыгына жараша андан көбүрөөк угуп турат.
Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - Программанын аткаруучулары аны ишке ашыруу боюнча жеке пландарын, индикаторлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын аткарылышын жана учурдагы эсепке алуу жана отчеттуулук системасынын аткарылышын контролдоону камсыздайт. Ар бир ишке тартылган түзүмдө бул багытты координациялоо үчүн жооптуу адам дайындалат жана буйрук менен маалыматтарды чогултуу, талдоо жана текшерүү системасы бекитилет. Отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жыл сайын берилет. Мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде билим берүү системасынын, социалдык коргоо, укук коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүү камсыздалат.
2019-жылы орто аралык этапта улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде бардык кызыкдар тараптардын Программаны ишке ашырууга кошкон салымын баалоо менен Кыргыз Республикасы жетишкен прогресс алдын ала каралат.
Программаны тышкы баалоо көз карандысыз эксперттик топтун катышуусунда 2021-жылы жүргүзүлөт. Анын жыйынтыктары 2022-2027-жылдарга - кийинки мезгилге жаңы программаны иштеп чыгуунун негизине киргизилет.
3.4. АИВ боюнча программаларды ишке ашырууга жарандык сектордун жана негизги топтун коомдоштугунун жана АЧАнын катышуусун кеңейтүү
АЧАнын социалдык, юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө, жүйөлөштүрүүчү маалымдоого жана психологиялык колдоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү кардарларды программаларда кармоого жана дарыланууга аракет көрүүгө жөндөм түзөт. Коомдоштуктун кызмат көрсөтүүлөр менен камтууну жогорулатуусу жана бул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча потенциалы биргелешкен иш-аракеттердин, чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуунун, ченемдик документтерди иштеп чыгуунун жана окутуунун жүрүшүндө жогорулатылат. Бул иштер Программанын бардык иш-аракеттеринде камтылган багыт катары жүзөгө ашырылат.
3.5. АИВ-инфекциясына каршы аракеттенүү жана жеткиликтүү каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды каржылоо
Каржылоо биринчи кезекте түздөн-түз кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде негизги топтун арасында диагностикалоого, дарылоого, профилактикалык программаларга башкаруучулук жана административдик чыгымдарды кыскартуу менен багытталган жеткиликтүү ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүү артыкчылыгынан келип чыгат.
Каражаттарды алууга жана чыгымдоого мониторинг жүргүзүү күчөтүлөт. Калктын негизги тобунун коомдоштугу жана АИВ-позитивдүү адамдар, жарандык сектордун өкүлдөрү жана көзөмөлчүлүк кеңештер ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга контролдоону камсыздоо процессине тартылат. Программаны ишке ашыруу үчүн маанилүү шарт болуп мамлекеттик каржылоону, анын ичинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарын кеңейтүү, ошондой эле тышкы финансылык жана техникалык жардамды тартуу боюнча иштерди активдештирүү саналат.
4. Күтүлүүчү натыйжалар жана прогресстин көрсөткүчтөрү
Көңүл буруңуздар! Бул Программада 4-бөлүк эки жолу кездешет. Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Индикатор | 2015 базалык | 2017 | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 максаттуу | Комментарий |
1000 адамга карата АИВ-инфекциясы менен ооруу | 0,16 э/а 0,23/ 0,08 | 0,14 | 0,12 | 0.11 | 0,11 | 0,10 | Эсептик маалыматтардын негизинде (ДСУ/ЮНЭЙДССПЕКТРУМ программасы боюнча) аныкталат |
ИБКА арасында 1000 ИБКАга карата АИВ менен ооруган адамдар | 5,9 э/а 5,6/0,3 | 5,3 | 4,7 | 4,1 | 3,5 | 2,9 | |
СПИДдин айынан өлүмгө учуроо, 1000 калкка карата | 9,0 (73/ 8100) | 8,5 | 7,5 | 6,5 | 5,5 | 4,5 | |
% антиретровирус-тук терапия (АРТ) алган өзүнүн статусун билген АЧА |
|
|
|
|
|
|
|
% вирустук абалы аныкталбаган АРТ алган АЧА | 49% |
|
|
|
| 90% |
|
% АИВ-инфекциясын вертикалдуу жуктуруу учурлары | 2,4% | 2,3 | 2,0% | 2,0 | 2,0 | <2% |
|
% АИВге тестирлөөдөн өткөн жана өзүнүн статусун билген калктын негизги тобунун өкүлдөрү |
|
|
|
|
|
| Биожүрүм-турумдук изилдөөлөрдү жүргүзүүдө индикатор аныкталат. 2016-жылдагы изилдөөлөрдүн баштапкы маалыматтары. Максаттуу көрсөткүчтөр 2019-жылдын маалыматтары боюнча бааланат |
- ИБКА | 14,5% |
|
| <10% |
| <10% | |
- СЖ | 2% |
|
| <5% |
| <5% | |
- ЭМЭ | 6,7% |
|
| <6% |
| <6% | |
- камактагылар | 11,5% |
|
| <7% |
| <7% |
5. Жагымдуу өбөлгөлөр
Көңүл буруңуздар! Бул Программада 5-бөлүк эки жолу кездешет. Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Программаны ишке ашыруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөр төмөнкүлөр болуп саналат:
- 1997-жылдан тартып төрт мамлекеттик программаны ишке ашыруу тажрыйбасы;
- АЧА жана калктын негизги тобунун укуктарын камсыздоочу мыйзамдар;
- саламаттык сактоо системасында, башка министрликтерде жана ведомстволордо ченемдик укуктук базанын, инфраструктуранын жана даярдалган адистердин болушу;
- АИВ менен байланышкан программаларга жарандык сектордун, АЧА коомдоштуктарынын жана калктын негизги топторунун түздөн-түз катышуусу;
- эл аралык донорлордун техникалык жана финансылык колдоосу.
6. Тобокелдиктер
Программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктер:
- АИВ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун (мындан ары - Глобалдык фонд) жана башка донорлордун гранттарынын каржылоосун кыскартуу (токтотуу), ошондой эле каражаттардын чектелгендиги жана профилактикалык программаларды мамлекеттик каржылоо механизмдеринин жоктугу менен байланышкан АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча программаны жетишсиз каржылоо АЧА жана калктын негизги тобун кызмат көрсөтүүлөр менен камтуунун токтотулушуна же кыскарышына алып келиши мүмкүн;
- АЧА жана калктын негизги тобуна карата стигманын жана басмырлоонун жогорку деңгээли, ошондой эле АИВге чалдыккан адамдарга жана калктын негизги тобуна, өзгөчө алардын жаш өкүлдөрүнө карата мыйзамсыз укук колдонуу практикасынын өтө көп кайталанышы ушул Программанын өлкөдө АИВ менен ооруунун, анын кесепетинен өлүмгө учуроонун жана андан ары жайылышын кыскартуу боюнча негизги максаттарына жана милдеттерине жетүүгө тестирлөө, профилактикалоо жана дарылоо программаларына катышуудан баш тартуудан жана калктын негизги тобунун жеткиликтүүлүгүнүн жоктугунан мүмкүндүк бербейт;
- товарларды жеткирүүдө, дарылоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө, профилактикалоодо, кароодо жана колдоодо үзгүлтүккө учуроолор жетишсиз каржылоо жана/же Глобалдык фонддун грантынын принциптүү реципиентин алмаштыруу учурунда профилактикалоо жана дарылоо менен байланышкан иштин маанилүү багыттарын токтотуп коюшу мүмкүн;
- чектелген каржылоо шарттарында ачык эмес чечимдерди кабыл алуунун кооптуу практикасы каражаттарды өзүнчө уюмдардын же топтордун кызыкчылыгында далилдик базасы менен такталбаган натыйжасыз жана чыгымга учуратуучу иш-чараларга бөлүштүрүүгө алып келиши мүмкүн.
7. Ресурстук камсыздоо
Программаны ишке ашыруу менен байланышкан иш-чаралар министрликтердин жана административдик ведомстволордун колдоосу; эл аралык уюмдардын финансы жана техникалык жардамы менен камсыздалат.
Финансылык чыгымдарды талап кылган иш-чараларды ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын, донордук жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка финансы каражаттарынын эсебинен камсыздалат. Программанын жалпы бюджети 3358510 (үч миллион үч жүз элүү сегиз миң беш жүз он) сомду түзөт, алардын ичинен мамлекеттик булактан жана гранттардан 2284242 (эки миллион эки жүз сексен төрт миң эки жүз кырк эки) сом суммасына каржылоо такталган. Бюджеттин тартыштыгы 32%ды түзүүдө.
Донордук каржылоонун кыскаруусуна байланыштуу мамлекеттик каржылоого этабы менен өтүү боюнча жол картасы иштелип чыккан (5-тиркеме). Эл аралык каналдар аркылуу дары-дармек каражаттарын жана реактивдерди сатып алууну уюштуруу боюнча ченемдик базаны кайра кароо мамлекеттик каржылоого натыйжалуу өтүүнүн милдеттүү шарты болуп калат. Өтүүнүн маанилүү этабы болуп АЧА жана калктын негизги тобу үчүн профилактикалоо, тестирлөө, кароо жана колдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө өкмөттүк эмес уюмдарды жана коомдоштуктарды тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин базасында мамлекеттик социалдык заказдын системасын өнүктүрүү болуп саналат.
Жаңы донорлорду тартуу боюнча чаралар көрүлөт. Программанын деталдуу бюджети тиркелет (3-тиркеме).
8. Корутунду жоболор
Ушул Программа 2021-жылга карата АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча максаттарды ишке ашырууга багытталган. Программа аяктаган мезгилге карата АИВ-инфекциясынын жаңы учурларынын жана АИВдин кесепетинде өлүмгө учуроо санын 2015-жылга салыштырмалуу 50%га кыскартуу күтүлүүдө. Ушул Программаны ишке ашыруунун кыйыр натыйжалары катары эненин жана баланын өлүмгө учуроо санын, ошондой эле кургак учуктун кесепетинде өлүмгө дуушар болуу санын кыскартууга салым кошула тургандыгы күтүлүүдө. Балдар арасында АИВ-инфекциясынын жаңы учурларын алдын алууга өбөлгө түзүлөт. Программа азыркы учурда калктын негизги тобунун арасында профилактикалоо жана АИВ-инфекциясын дарылоо программаларын 95%га чейин камсыздоочу донордук каржылоону тартуу үчүн узак мөөнөттүү каражат катары колдонулат.